, 15.07.08 - 12-бет: Дил маек...№52, 15.07.08-ж.
  Дил маек

Драматург, журналист
Кайрат ИМАНАЛИЕВ:
Кайрат Иманалиев жаш болсо да, драматург катары жамы журтубузга жакшы таанымал. Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын жана Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты. КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган. Учурда УТРКнын "Казына" адабий-драмалык башкы редакциясынын башкы редактору болуп иштейт.

"Биринчи примьерам өмүрүмдөгү эң бактылуу күн болгон
- Кайрат, учурда театр искусствосу дагы кайрадан жанданып, көрүүчүлөр жаңы нерсени күтүп жаткансыйт. Ал эми театрдын негизин драмалык чыгармалар түзөт эмеспи. Драматург катары жаңы чыгармалар менен изденип жаткандырсың.
- Драматургия эң бир татаал, көп түйшүктү талап кылчу жанр. Мен буга чейин "Курманжан датка", "Атаке баатыр", "Актриса" драмаларым менен драматур-гиялык жолумда салттуу болуп калган бир этаптан өттүм деп ойлойм. Эмки драмаларым башкача өңүттө жазылууга тийиш деп эсептейм. Анткени сиз айткандай көрүүчүлөр театрдан руханий азык алуу менен катар, жан дүйнөсүнө таасир калтыра турган жаңылык көргүсү келет. Ар бир жазган драмаңда элге айтайын деген оюң болушу керек. Ушул жагдайда эки жаңы пьеса жаздым. Биринчиси кыргыздын керемет касиети болгон манасчылык өнөр тууралуу притча-фантазиянын үстүндө иштедим. Учурда бул чыгарманы Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын аракети менен "Туңгуч" театрында сахналаштырып жатабыз. Бул чыгарманын бүгүнкү күндө зор мааниси бар. Анткени, "Манас" казса түгөнгүс, чексиз аалам. Ал кыргыз элине бекеринен энчиленген эмес. Ал эми аны жайылткан манасчылар жөн кишилер болбогон. Улуу манасчылар кыргыз элинин пайгамбарларындай улуу рухту урпактарга калтырган. Биз "Манастын" руху жана касиети менен уюткулуу журтубузду ынтымакка, биримдикке чакырып, өткөөл заманда улуттун улуу сапаттарынан үлгү алып, келечекке "кулаалы таптап куш кылган, курама курап журт кылган" Айкөл Манастын улуу изи менен багыт алалы деген тилекти айткыбыз келет.
Экинчи чыгармам бүгүнкү эле турмуштан алынат. Бирок, Адамзаты үчүн таасири бар деп ойлойм. Аны жакынкы күндөрү театрларга сунуш кылсамбы деп турам.
- Өткөн жыл сен үчүн ийгиликтүү жылдардан болду окшойт. Чыгармачылык кечең өттү, КРнын жаштар сыйлыгына, Т.Абдумомунов атындагы сыйлыкка ээ болдуң.
- Азыр эми ийгиликке кубанып, эс алып калчу учурда эмеспиз. Болгон күчүбүздү чыгармачылыкка арноого тийишпиз. Ырас, өткөн жылы Ош шаарында өткөн театр фестивалында "Актриса" драмам ийгиликке ээ болуп, Т.Абдумомунов атындагы сыйлыкка ээ болдум. Ошондой эле драмалык чыгармаларым үчүн жаштар сыйлыгын алдым. Бул сыйлыктар мен үчүн чоң жоопкерчиликти жаратты. Анткени, эл ишенип берип жаткандан кийин ишенимди актоо керек. Былтыр отуз жашка толуп, элиме чыгармачылык отчетту карып калганда бербей, жаш кезден баш-
тайын деп чыгармачылык кече өткөздүм. "Элден өткөн сынчы жок" дегендей элден айланса болот.
- Драманын өмүрү театр менен байланыштуу эмеспи. Спектаклдерди коюуда далай эле кызыктуу окуялар кездешсе керек.
- 2000-жылы Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев Нарын
театрына "Курманжан датка" драмамды коюп, Курманжан датканы залкар актриса Тамара Жумакаева ойноду. Спектаклдин премьерасы болуп, Бишкектен автор келет деп, аябай даярданып күтүшүптүр. Машинеден мен түшсөм Тамара эже "Автор келе элекпи?" - деп сурады. Замир Сооронбаев "Автор мына, эже" - деп мени көргөзсө таңгалып, сүйүнгөн. Мен анда 23 жашта элем. Тамара эже автор десе бир топко барып калган кишини элестетиптир. Ушул биринчи премьерам өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрүмдүн бири болгон. Ошондо жарыктык Сабира Күмүшалиева эже улуу башын кичүү кылып, атайын почтага барып, премьерам менен куттуктап, Нарынга телеграмма жибериптир. Сабира эже абдан кыраакы адам эле. Эже менен көп баарлаштым. "Кийин көзүм өтүп кетсе, мени көп эстээрсиң", - деп калаар эле. Азыр эже жөнүндө эскерүү жазып жатам.
- Залкар комузчулар Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова тууралуу да иликтеп, жазып жүргөн жайың бар эле.
- Кыргыз комузун дүйнөгө тааныткан, комуз үчүн жаралган айтылуу бул эки инсан тууралуу даректүү баянымды былтыр "Эгиз комуз кайрыгы" аттуу китеп кылып чыгардым. Китеп залкар комузчулардын талантын сыйлаган урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин колдоосу менен жарык көрдү. Ошондой эле "Тарых менен сүйлөшүү" драмалар жыйнагым да жарыкка чыкты. Быйылкы жылы кыргыз телевидениесинин 50 жылдыгына карата "Эфирдин көркү дикторлор" аттуу китебим басмага
даярдалып жатат.
- Драма жазуу, китеп жазуудан сырткары сенин негизги ишиң кыргыз радиосундагы ишмердүүлүгүң эмеспи. Баарын бирдей айкалыштырууда убактың жетеби?
- Кыргыз радиосуна келгениме 12 жылдын жүзү болду. Студент кезимде келип, эмгек жолумду баштагам. Ошондон тарта Кыргыз радиосу менин жашоом болуп калды десем болот. Көп эле айлыгы жакшы жерге жумушка чакырат. Жакшы эле кетейин дейм. Эмнегедир такыр Кыргыз радиосунан кете албайм. Анткени, радиожурналисттик ишим менен терең көнүшүп алдым окшойт. Кыргыз радиосунда "Каректеги элестер", "Театр дүйнөсүндө", "Инсан" уктурууларын алып бардым. Азыр деле жумасына 3-4 уктуруу алып барам. Аны мен негизги ишим деп эсептейм. Ал эми дем алуу учурумду жогоруда сиз айткандай драма, китеп жазууга жумшайм.
- Өткөндө радиодон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен кызыктуу маегиңди угуп калдык. Мындай маектер эртеңки тарых үчүн эң керек деп ойлойм.
- Туура айтасыз. Улуу инсандардын асыл ойлору келечекке сабак. Дүйнөнү дүңгүрөткөн, улутубуздун сыймыгы Чыңгыз ага менен болгон ошол маекти угуп олтуруп, көп сөздөрү азыр мага анын элине айткан керээзиндей сезилди. Атактуу инсандар менен маектер журналисттик кесибим аркылуу көп жазылды. Анткени ал эртеңки күнгө баа жеткис мурас. Айрыкча академик Кусеин Карасаевдин
маектеринин ар бир сөзү алтынга турат.
- Төрт жылдан бери Кыргыз радиосунун "Казына" башкы редакциясын жетектеп келатасың. "Казынада" кандай эмгектер жаралууда?
- Биздин редакция улуттук көркөм дөөлөттөрдү жайылткан, угуучуларга руханий азык тартуулаган, адабий процессти чагылдырган чыгармачылык топ. "Казынада" элдик оозеки чыгармачылыктан тартып, профессионал адабият дүйнөсү, маданият турмушу, тил саясаты, адеп-ахлах маселелери үзбөй чагылдырылууда. Кыргыз радиосу бул улуттук идеологиябыздын башаты. Андыктан элге идеологияны
жайылтууда "Казына" бардык күчүн жумшайт.
- Иш болгон жерде сын да болот эмеспи. Сын уккан учурлар да болобу?
- Албетте, ар бир ишке сын айтылбай койбойт. Туура сын адамды өстүрөт, такшалдырат, тарбиялайт. Тилекке каршы, туура сын гана айтылбастан, туура эмес сын да айтылып, чыгармачылыгыңа кедерги болбой койбойт экен. Мен колунан иш келген, иштин көзүн билген адамдардын сынын туура кабыл алам. Колунан кыйратып иш келбей туруп, акылдуусунуп асмандын башын сүйлөп, өмүр бою арыз менен интригадан башы чыкпаган адамдардын түрү бар. Мындай адамдар коомду чарчатат. Биз улуубуз кичүүбүздү жетелеп, жакшысына сүйүнүп, жаманын жолго салып, акыл айтып, колдогондо гана алдыга жылабыз. Көралбастык, ичи тарлык менен күн көргөн адамдар өмүрү жарыбайт.
- Ылайым чыгармачылыгыңа туура сын айтылып, калемиң такшала берсин. Драматург жана журналист катары дагы кызыктуу чыгармаларды жана кызыктуу радио уктурууларды күтөбүз.
- Рахмат.
Кайрат Иманалиев менин шакиртим. Кыргыз драматургиясынын келечеги. Ал 23 жашында коюлган "Курманжан датка" аттуу эң жакшы жазылган тарыхый драмасы менен эле көптү үмүттөндүрүп, бизди кубанткан. Анын жазган стили, окуя кура билүүсү мага абдан жагат. Тили бай, абдан жатык нукура тил байлыгы бар. Оюу терең. Бүгүнкү күндөгү чыгармачыл жаштарыбыздын ичинен эң көрүнүктүүсү, өсүп келе жаткан уулдарыбыздын бири. Мен аксакал драматург катары ага ак жол каалап, көптү күтөм.
Мар БАЙЖИЕВ,
КРнын эл жазуучусу, драматург

Кыргыз радиосунун бүгүнкү күнү жөнүндө сөз кылганда мен дароо Кайрат Иманалиевди айта алам. Анткени, бүгүнкү жаштардан улуу-кичүүнүн кадырына жеткен, ак-караны ажырата билген, деңгээли мыкты балдарыбыздын бири. Анын радиодо өзүнчө, эч кимде жок стили бар. Үнү коңур, кулакка жагымдуу. Биз анын ар дайым радиодон уктурууларын калтырбай угабыз. Канча көзү өтүп кеткен инсандарыбызды тирилтип тарыхка калтырып жатат. Канчабызды "Алтын казынага" жаздырды, телефильм тартты. Мен анын драмалык чыгармалары менен катар журналисттик ишмердүүлүгүн жогору баалайм.
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
КРнын Баатыры

Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Үн

Жай саратандын алгачкы бейшембисинин кереметтүү кечи...
Улут уңгусу, журт сыймыгы болгон филармониябыздын чоң залы...
Чылк үндөн бүткөндөй, өз тулкусун жалаң үрдөн күткөндөй, "сакадай бою - сары алтын" дээрлик, жылдызы жанган жигит улам эргий шаңшып, кумардан чыга күчөй таңшыйт.

Киндик каны касиеттүү көл жээгине тамса да, таасын талант, өлбөс өнөрүнүн аркасында жамы кыргыз журтуна жакшы таанылып, өз бала болуп калган, Атайдын 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн элдик, фольклордук чыгармалардын "Талас таңшыйт" эл аралык фестивалынын ГРАН-ПРИ сыйлыгынын - башбайгесинин ээси Бакыт Шатенов жеке концертин берип жатты.
"Сары-ой" жаңырып, "Ой, булбул" оболойт, "Алымкан", "Айнагүл" төгүлүп, "Күйдүм чок", "Эсимде" эшиле, "Үкөйүм", "Кымбатым" жаңырат. "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Нарындан жазган салам кат" сабалап, "Жаштар-ай", "Күлгүн жаш", "Өмүр" ырдалат. Тимеле түпөктүү Токоң, айтылуу Атай, алп Муса, борумдуу Боогачы, бейиши болгон Бектемир, Жумамүдүн, Абдылас, кадимки Жапар, Рыспай... кайрандар тирилип келе калгандай.
Комуз чертилип, кылкыяк тартыла, чогойно, чопочоор, сыбызгы үйлөнүп, комуз, жыгач комуз кагылат. "Камбаркан", "Сынган бугу", "Насыйкат", "Көкөйкести", "Саадак какты", "Дүйнөдөй"... кара күүлөр жазгы нөшөрдөй төгүлөт. Камбаркан, Карамолдо, Ыбрай, Мейилкан, Мыскал, Чалагыз, Бейшеке, Шекербек, Болуш, Нурак... өздөрү кирип келишкендей.
Канга бүткөн, жанга бүткөн өз өнөрүнүн аркасында төгөрөктүн төрт бурчун түрө кыдырып, кыргызды, кыргыз үнү менен кыргыз комузун тыягы - Жапан, Түркия, Дели, бу жагы - Москва, Париж, Лондонго чейин, андан ары
океандын артындагы - эки Америкага дейре тааныткан, айтылуу "Камбаркан" элдик-фольклордук ансамблинин, "Ордо-сахна" этно-театрынын комузчусу, көзгө басар солист-ырчысы Бакыт Шатеновдун жеке чыгармачылык концерти улам күүлөнө, күчүнө кирип улана берди...
Карамолдо атындагы акаде-миялык эл аспаптар оркестри коштоду аны.
"Камбаркан" этно-фольклордук ансамбли, "Ордо-сахна" этно-театры коштоду аны.
Мукам үн коштой, чебер чертмекчилик жылоологон кыргыздын ырчы-чоорчулук өнөрүнүн, комузчу-кыякчылык өнөрүнүн кылымдарга тете тарых-таржымалы көркөм тасмадай көз алдыга тартылып, үч саат бою шурудай тизиле агылып өттү.
Көзгө жаш тегерете, көмөкөй-көкүрөктү жарып чыгып кетчүдөй албуут сезимдерди ойноткон орошон талант, ойротто жок чеберчилик...
Бакыттын мейли ырчылык аткаруучулугунда болсун, мейли комузчулугунда болсун байкабай, көз кырынан кетирип, көңүл сыртында калтырып коюуга болбой турган, өтө сейрек кездешүүчү бир өзгөчөлүгү, тагыраак айтканда, артыкчылыгы бар тура. Ал кандай гана ырды ырдап, күүнү чертпесин көпчүлүк, айрыкча азыркы аткаруучулардай "мен ырдап жатам - уккула", "мен моминтип чертем - карагыла" дегендей, кантип да болбосун көрүүчүнүн көңүлүн өзүнө бу-рууга, эптеп да болсо "кол чабуу" жулуп алууга жандалбастабайт белем.
Бакыт бар дарамет, күчүн өзү аткарып жаткан чыгарманын жаралыш түпкүрүндөгү табигый кооздугун, ички маани-маңызын, лирикалык кейипкеринин образын, жандүйнөсүн ачууга умтулат белем?!. Ал сахнага чыкканда өзүн да, өзгөнү да унут калтырып, бу жалганда жалгыз өзү жана аткарылып жаткан ошол чыгарма гана калгандай тунуп, зүкүт чалгандай муюп ырдаганынанбы, залдагыларды дагы толук арбап алат экен...
Ошол кечтеги залда көңүлкош, кокус угуучунун жоктугу, ага дагы не бир кайталангыс гармония тартуулап, кереметтүү кооздук берип турду. Айтор, ошол эле сыйкырдуу кечтин өзүндө бала-акын Аалы Туткучов төгүп ырдагандай, бири "Атай атап", дагы бирлери "Мусакемдин өзү тура" дешсе, үчүнчүлөрү "Абдылас, Жапар белем" деп таңгалып-тамшаныша, Бакыттын өнөр-талантына жараша өз сый-урматтоолорун эбак эле ыйгарып берип койгон эл - көрүүчүлөр "кулак курчун кандыра", элдик ыр-күүлөргө карк тунуп, "баракелде", "көп жаша", "өмүрлүү бол, өркөнүң өссүн" дегендей демейки элдик сүрөөнгө ала олтурушуп, бир кумардан чыккандай болушту.
Бакыттын өзүнө гана мүнөздүү - "миң канаттуу" өнөр-таланты, түркүн түс, түмөн ыргактуу керемет үнү өз элин, өз жерин сыйлаган, анын өнөрүн аздек тутуп, урматтаган ар бир жандын жандүйнөсүндө жаңырып, булбул таңшык болуп турмагы анык...
Жумабек МЕДЕРАЛИЕВ