, 15.07.08 - 10-бет: "Кыргыз Туусу" басма сєз борборунда...№52, 15.07.08-ж.
  Түркияда уул, кыздары барлардан
карылар үйүндө жашагандар сейрек экен

"Кыргыз Туусу" басма сөз борборунда
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн КАСЫМБЕКОВ:
"Мен үч доорду көрдүм"
Жакында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков өмүрлүк жубайы Элмира, уулу Асылбек болуп ТҮРКСОЙ жана Евразия жазуучулар союзунун дүйнөлүк бирдигинин чакыруусу менен 75 миллион калкы бар Түркия мамлекетиндеги окурмандарынын жолугушуусуна барып келди. Бул расмий сапарынан кийин Баатыр, жазуучу өткөн жуманын акырында "Кыргыз Туусу" гезитинин басма сөз борборунда журналисттер менен басма сөз жыйынын өткөргөн. Ал тууралуу гезитибиздин өткөн санында кыскача билдирүү жарыяланганы маалым. Ал эми бүгүн сиздер Төлөгөн Касымбековдун журналисттердин суроолоруна берген жооптору менен кеңири тааныша аласыздар.

- Төлөгөн Касымбекович, Түркияга кандай себеп менен бардыңыз?
- ТҮРКСОЙ деген уюм бар, анын негизги максаты - бардык түрк элдеринин маданияты менен искусствосун биргелешип өнүктүрүү. Бул өтө чоң уюм. Дүйнөдө 200 миллиондон ашык түрк элдери бар эмеспи. Алардын тарыхы, тили, дили бир, ошондуктан аларды түбү бирге элдер дейт. ТҮРКСОЙ уюму мына ошол элдерди кучагына камтыйт. Ошол уюмдун жетекчилиги мени чакырып, чыгармачылыгымды баалап, атайын сыйлыгын тапшырды. Анан Евразия жазуучулар союзунун дүйнөлүк бирлигине мүчөлүккө кабыл алышты, мурда бизден Чыңгыз Айтматов гана мүчө болгон экен. Менин барып келген жөнүм ушундай.
- Китептериңиз түрк тилине которулуп жатат деп уктук?
- Ооба. Алар "Сиздин китептериңизди эки ирет түрк тилине котордук" дешти. "Сынган кылычты" "Есуан", "Кырлан кылыч" деген ат менен Садетин Көш деген жигит которуптур. Жолугушууда миңдеген окурмандар, студенттер кол тамга жаздырып алып кетип жатышты. Анкарадан жарыкка чыккан адабий журналга да жарыялашыптыр. Мен өзүм да күткөн эмесмин, түрк элинин калың катмарына менин чыгармаларым терең сиңгени үчүн ыраазы болдум.
- Ошончолук чоң урмат менен чакырылган расмий жолугушууда келечектүү кандай иш-чаралар айтылды?
- Бул туурасында сөз башында учкай айтылды, түрк дүйнөсүнөн чыккан чыгаан таланттардын чыгармаларын жарыкка чыгаруу, котормолорун алып чыгуу, деле адабият менен маданияттын ар тараптуу кызматташтыгы аркылуу өсүп-өнүгүү, негизги келечектүү максаттын башатында турат.
- Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгы кызыктырганын байкадыңызбы?
- Албетте, кызыккандыгы үчүн чакырып жатышат да. Эмне үчүндүр биздин чыгармачыл союздар менен байланыш жок экен, эгер болсо алар колдон келген жардамын аяй турган эмес. Мени он жылдан бери сурамжылап дарегимди таппай жүргөнүн айтышты, даректи берип коюш кыйынбы? Биздикилер иштегиси келишпейт да. Айтматовдой алп тааныткан адабиятыбыз турса, кантип кызыгышпасын. Айтмакчы, адегенде эле мага жердеши катары Чыңгыз Айтматовдун ааламдан өткөнүнө аза кайгысын тең бөлүшөбүз деп, бүтүндөй кайгыруу менен көңүл айтышты. Демек, түрк окурмандарынын чоң маданияты, алардын кыргыз жазуучуларын абдан сыйлагандыгы ушундан эле көрүнөт. Биздин жазуучулардын ар муундарынан чыккан жазуучуларды, мисалы, Асан Жакшылыковду сурашты, мен дагы көрүнүктүүлөрүн атадым, чыгармачыл байланышта болууну айтышты.
- Бизге салыштырмалуу китеп окурмандарынын айрымасы бар бекен?
- Албетте, бар. Алардын китепти абдан кадырлап, сыйлагандыгы көрүндү. Кандай жаңы китеп чыкса дагы алып окуп, аны мүмкүнчүлүгүнө жараша өз турмушунда сабак катары пайдалангандыктарын айтышты. Китепти маңдайына тийгизип өөп, сыйынып, көкүрөгүнө бекем кысып жүрүшөт экен. Мени бул көрүнүш абдан толкундандырды.
- Сиз 75 жылдык мааракеңизде чыгармаларыңыздын тандалма жыйнагын түзгөн 7 томдугуңузду жарыкка чыгарууну айттыңыз эле, ошол ишиңиз кандай болуп жатат?
- Ал буйруса 8 томдук болуп жарык көргөнү жатат. Басмада терилип, даярдалуунун үстүндө. Ушул жылдын сентябрь айында колго тийип калар.
- Өзүңүздүн башыңыздан өткөн турмуш жөнүндө роман жазып жатканыңызды уктук эле, качан колго алып окуп калабыз?
- Буюрса ал "Өткөн өмүр, көргөн күн" деген ат менен жазылып жатат. Бул өтө кызык боло турган. Себеби мен үч доорду көрдүм, ошондуктан мында менин башымдан өткөн окуялар- дегеле биздин элдин башынан өткөн окуялар. Анткени бир караганда, жалгыз эле адамдын өмүрү эмес, жалпы элдин өткөн мезгили катары кабыл алууга болот. Жакынкы эле жылдарда окурмандардын колуна жетет деп айтсам болот.
- Замандаш, калемдештериңиз Темиркул Үмөталиевдин 100 жылдыгы, Жунай Мавляновдун 85 жылдыгы белгиленгени жатат. Сиздердин ар бириңиздердин өмүр таржымалыңыздар, чыгармачылык чыйырыңыздардан бери адабиятыбыздын тарыхы десек болот. Ушундай замандаштарыңыз тууралуу эскерүүлөрдү жаздыңызбы?
- Албетте, жазылган. Замандаштарымдын турмушка, коомго мамилесине карата ар кимисинин өзүнүн бейнесин чагылдырган эскерүүлөр турмуштан алынып жазылган. Анын ичинде дегеле бирөөнү мактап, же бирөөнү жамандаган сөз жок.
- Түркия мамлекетинде жазуучуларга кандай кам көрүлөт экен, мисалы, китептерин чыгарууда же жеке турмушунда мамлекет тарабынан колдоо барбы? Бар болсо биздин жазуучулардын турмушу менен салыштырганда кандай болду экен?
- Жогоруда мен айткан ТҮРКСОЙ элге-журтка кызмат кылган мыкты деген жазуучуларын дүйнөгө дүңгүрөтүп көтөрөт, жалаң кадыр-сыйдын үстүндө. Мындай урматка жалаң эле жазуучулар эмес искусство адамдары, жалпы эле чыгармачыл чөйрө бөлөнгөн. Жазуучуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү салтка айланган экен. Жашоо-турмушуна, чыгармачылык менен иштөөсүнө кам көрүлгөн. Китептеринин жарык көрүшүн мамлекет өзү каржылайт. Бирок бир жери бар, эгерде элге-журтка алынып, окурман катмарына терең сиңген чыгармалар болсо, мамлекет өзү чыгарат экен. Бизде жазуучулар союзу мамлекеттен сыртта калган, ошон үчүн көрүнүктүү иши жок, жазуучу-акындар өз күнүн өзү көрүп жүрүшөт.
- Сиздин чыгармаларыңыздын негизинде кино тартууну сунуш кылыштыбы?
- "Сынган кылыч" романы боюнча теарда сахналаштырылган чыгарма жаратышаарын айтышты. Буюрса, октябрь айында Анталияга чакырышты, ошого даярдоону убада кылышты.
- Кыргызстанда да мындай максатта иш-чаралар болгонбу?
- Быйылкы жылы "Сынган кылыч" жана "Курманжан датка" боюнча кино тартылууга сунуш болуп, маданият жана маалымат министрлиги аркылуу өкмөттөн акча каралгандыгы тууралуу айтышкан. Азырынча акча түшө элек.
- Төлөгөн агай, кыргыз адабиятында көптөгөн классикалык чыгармаларды жараттыңыз, автор катары жүрөгүңүзгө жакыны кайсы деп айтаар элеңиз?
- Адам турмушунда өзүнүн көргөн балдарынын бирөөнү экинчисинен ашык көрбөйт. Каны-жаныңан туулган балаң. Мен жазган кичинекей чыгармаларым "Жетим", "Туулган жер" дегенден баштап тарыхый романдар, эң аягы кыргыз элинин саясый турмушу, он алтынчы жылдагы окуяга чейинки жазгандарымды карап, ошонун бардыгы көкүрөккө жат болуп, жүрөгүңө жакын болуп калат экен. Ошон үчүн бөлүп айта албайм.
- Сиз мааракеңиз жакындап калганына байланыштуу жаңы эмгек жаратуудасызбы?
- Бул суроого мен жогоруда айткан "Өткөн өмүр, көргөн күн" аттуу эки томдон турган мемуардык романымды айтсам болот. Ошону бүтүрүүгө аракет кылып иштеп жатам, Кудай ден соолук берсе, бүтүрөм.
- Түркияга барган сапарыңыздан чыгармачылыктан башка дагы кандай таасирлерди алдыңыз?
- Түркиянын абдан өнүккөнүнө күбө болдум. 1992-жылдан бери бара элек болчумун. Адам таң каларлыктай эле өсүшкөн экен. Шаарлары чоң, кайсы тармагынан караба жетишкени көрүнүп турат. Тоолордун беттеринен бери үйлөрдү салганы сонун көрүнөт. Менин суктанганым - эл ушунчалык көптүгүнө карабай бирин-бири адам катары, тууган катары, дос катары сыйлашканы болду. Алгач Стамбулдан консулдуктун кызматкерлери өздөрү тосуп алышты. Мен эми жазуучу катары бул шаардын аталышында Истанбол, анан Станбол дегендин кайсынысын айтып жатышат болду экен деп изилдеп көрсөм, Станбол экен. Стан деген сөз илгертен адам баласы жашаган жер дегенди билдирет экен. Абдан чоң шаар болуптур. Интеллигенциясы менен ар дайым чогуу болгондуктан, өскөнү байкалды.
- Окурмандардан сырткары кандай жолугушуулар болду?
- Жолугушуулар көп эле болуп жатты. Анкарада дагы болдук. Ошондо мен өзүмдүн демилгем менен, андагы карылар үйүндө жолугушууда болуп, биздеги карылар үйү менен салыштырып карадым. Алар бардык шарты менен толук камсыз болгон. Карылар үчүн Түркия бейиш жасап койгондой эле сезилди. Ар бирине өзүнчө үй берилген, бөлмөлөрү жаркырайт, каалагандай шарты бар. Таң калыштуусу биздегидей, же башка элдердегидей уул, кыздары болуп туруп карылар үйүнө баргандар өтө аз санда. Андагы карылар үйүнө бала-чакасы жок, жалгыз калган тагдырга туш болгондор гана барат экен. Атайын барган соң белек тапшырдык, алар да бизди сыйлашты. Эми мен бул жердеги карылар үйүнө барып, алардын эстеликке берген белегин тапшырып, жолугушуп келейин деп жатам.
Өзүм жетим болуп өсүп, далай кыйын күндөрдү баштан өткөргөн соң, балдар үйүнө барып көрөйүн деп атайын анда дагы болдум. Балдарга таттуу, эстеликке белек-бечкек алып бардык. Багар-көрөрү жок жетимдер үчүн курулган шарт андан бетер сонун экен. Мамлекеттик деңгээлдеги балдар бакчасынан айрымасы жок. Баарынан дагы балдарга берилип жаткан билим, тарбия жогорку деңгээлде экендиги сезилди.
- Түркияда жашаган кыргыздар, студенттер менен да жолугуштуңузбу?
- Жолугуштум, билимдүү, маданияттуу жаштарыбыздын өсүп жатканына кубандым.
- Рахмат, Төлөгөн агай, сизге чыгармачылык ийгиликтер менен бакубат өмүрдүн узак дөөлөтүн тилек кылабыз.

Даярдаган Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Маданият жана маалымат министри Султан РАЕВ:

"Сулайман-Тоо - дүйнөлүк мураска айланат!"
(Башы 1-бетте)
Комитеттин талабы боюнча маданият министри же Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү касиеттүү тоо тууралуу маалымат берип, анын чындап эле ыйыктыгын айгинелеп бериш керек экен. Мен ошол милдетти аркалап, касиеттүү ыйык тообуз тууралуу кенен маалымат бердим. Чоочулаганым, шарт боюнча ошончо кишинин экөө эле ынанбай койсо же тизмеге кирүү үчүн он критерийдин бири эле дал келбей калса, сунушубуз четке кагылмак. Багыбызга жараша бардыгы оң жагына ооп, бардыгы жакшы пикирлерин билдирип, колдоп беришти.
Өзүңүздөр билгендей, Дүйнөлүк мурастардын катарында Фудзияма тоосу, Каяс тоосу… сыяктуу беш гана ыйык тоо болгон болсо, ошолордун катарында биздин Сулайман-Тообуз кирип жатат.
- Эмне үчүн "Ыйык тоо" деген номинацияны тандадыңыздар? Дагы кандай номинациялар болуш керек эле?
- Бул номинация биз үчүн өтө маанилүү! Анткени, тарыхый эстеликтер катары киргизсек деле болмок, бирок тарыхый эстеликтер көп. Ал эми "Ыйык тоо" деген ат, биринчиден, анын затына жарашып турат. Экинчиден, бул туризмди тартууга чоң салым кошот. Ыйык тоону көрүү үчүн, ага сыйынуу үчүн туш тараптан адамдар келишет эмеспи.
- "Ыйык тоо" үчүн ат салышкан, же болбосо бул маселе талкууга коюлган тарыхый күн кайсыл күн болуп калды?
- Жыйын он күнгө созулуп, ар бир күнү бир нечеден объект каралды. Ал эми биздин Сулайман-Тоо 10-июлда кароого кирип, жыйынтык жемиштүү болду да, жыйындын чечими менен 2009-жылы Испанияда өтө турган акыркы турга сунуш кылынды. Кудай буюрса, ошол күнү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биздин ыйык тообуз дүйнөлүк тизмеге кошулат.
- Айтканыңыз келсин! Бизде дагы кандай объекттердин дүйнөлүк тизмеге катталууга мүмкүнчүлүгү бар?
- Негизи биздин жерибиз кут даарыган жер. Баласагынды, Өзгөн мунарасын, Шах Фазилди, Ысык-Көл аймагын сунуштадык. Булардын дүйнөлүк мурастардын тизмесине кириши, албетте, мамлекетибиздин аброй-зоболосун арттырат. Экинчиден, эгерде ошол тизмеге өтүп калсак, ар биринин абалын жакшыртуу үчүн жылына