• №52, 15.07.08.





  Маданият жана маалымат министри Султан РАЕВ:

"Сулайман-Тоо - дүйнөлүк мураска айланат!"
Өткөн сандарыбызда Сулайман-Тоонун дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирүү алдында турганын, Канаданын Квебек шаарында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин жыйыны чакырылып, ага Маданият жана маалымат министри Султан Раев баргандыгын билдиргенбиз.
Министр Канададан кайтып келери менен ат жалында маек курдук.
- Султан Акимович, жумурай-журт сизден касиеттүү Сулайман-Тоо тууралуу кандай кабар алып келди экен деп кулак түрүп турган убак, "жеңил барып, оор келдиңиз" бекен?..
Буюрса, абдан жакшы! Жумушчу са-парыбыз жемиштүү болду десем болот! ЮНЕСКОнун 32-сессиясына дүйнөнүн туш тарабынан 1400 адам катышып, 327ден ашуун объектти Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү же сунуштоо маселеси каралды. Сулайман-
Тоону биз мындан бир топ жылдар мурун "Ыйык тоо" катары сунуштаганбыз, ошондон кийин ЮНЕСКОнун эксперттери да келип, абдан изилдеп, таанышып кетишкен.

(Уландысы 10-бетте)




  Туристтерди көбөйтүү тейлөөдөн

Муз козголду же Чолпон-Атадагы улуттук ат оюндары жөнүндө
Ишембиде Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда улуттук оюндардын он бир түрү, тактап айтканда көк бөрү, бүркүт салуу, кыз куумай, балбан күрөш, тайган агытуу, эр оодарыш, жаа атуу, ат чабыш, тыйын эңмей, таш көтөрүү боюнча туристтерге жана эс алуучуларга арналган үч сааттык шоу программа өткөрүлдү. Анын демилгелүү демөөрчүлөрү Өкмөткө караштуу туризм боюнча мамлекеттик агенттик жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, ал эми түздөн түз уюштуруп аткаруучулары "Жолчоро", "Алга, Чолпон-Ата", "Бостери жаштары" коомдук фондулары болду.
Өкмөткө караштуу туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Т.Ч.Мамашев ат оюндарынан турган шоу программаны ачып жатып, мындан ары туристтердин, эс алуучулардын бош убактыларын көңүлдүү, мазмундуу өткөрүү үчүн агенттик жана жергиликтүү бийлик тарабынан мүмкүнчүлүктөгү бардык чаралар көрүлө тургандыгын билдирди.
Атап айтканда, 12-июлда бет ачары өткөрүлгөн Улуттук ат спорттук оюндарындай шоу программалар мындан ары туристтик сезон аяктагыча ар ишемби күнү өткөрүлүп турмакчы.
Мамагенттиктин директору Т.Мамашев өзү мойнуна алгандай, буга чейин туристтерге путевкаларды таратууга негизги басым жасалып келсе, эми мындан ары аларды тейлөөнү жакшыртууга, спорттук-маданий, экскурсиялык программаларды уюштуруу аркылуу бош убактыларын көңүлдүү, мазмундуу өткөрүүгө негизги басым жасалмакчы. Өлкөбүзгө келген туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. 2006-жылы 1,2 миллиондой турист келсе, өткөн жылы алардын саны 1 620 миңге жетти.

(Уландысы 15-бетте)