, 11.07.08 - 6-бет: Президенттин талабы кандай аткарылууда?..№51, 11.07.08-ж.
  Жол оңдоого 2007-жылы 1058 млн. сом каражат бөлүнгөн.
Эки жылда 1300 чакырым жол оңдолду

Президенттин талабы кандай аткарылууда?
Жол - турмуш күзгүсү
Быйылкы жылы өлкөбүз боюнча 100 км жолго жаңы асфальт төшөлүп, 800 км жол кайра оңдолот. 10 көпүрө курулат. Анын ичинде республиканын түштүк аймагында саясий жана экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык обьектилер да бар. Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов мамлекет башчысы К. Бакиевдин тапшырмасы менен түштүк аймактарда бүткөрүлүп жаткан автомобиль жолдорунун курулушу менен таанышып кайтты.
Министрдин иш сапары Баткен облусунан башталып, өтө маанилүү 4 обьект менен таанышты. Еврокомиссия тарабынан бөлүнгөн 6,5 млн. евронун эсебинен курулуп жаткан Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Чорку анклавдарын айланып өтүүчү жолдордун курулушунун темпи жакшы. Жол куруучулар бул жолду графиктен мурда тапшырганы турат. Узундугу 50 км болгон Пүлгөн-Бүргөндү автожолу асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Сох дарыясына курулган көпүрө ушул жылы пайдаланууга берилет. Республиканын бюджетинин эсебинен каржыланган автожолдордун курулушуна болгон көзөмөл да күчтүү. Өткөн жылы башталган Максат -Жаштык автожолунун курулушу улантылат.
Министр Ош облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Азия өнүгүү банкы тарабынан каржыланган Ош- Гүлчө, түркиялык компания куруп жаткан Гүлчө-Сопу-Коргон жана оңдоого муктаж Корул- Кара-Кулжа автомобиль жолдору менен таанышып чыгып, саатына 180 тонна асфальт чыгаруучу заводдо болду. Министрликтин инвестициялык долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча башкармалыгынын начальниги Курманбек Чимчиков баяндама жасады. Анын айтуусунда завод күнүнө 2000 тонна асфальт чыгарып жатат, бул жолчулар бир километр жолго асфальт төшөөгө үлгүрөт дегендикти билдирет. Узундугу 77 км келген Ош- Гүлчө автожолунун курулушу өткөн жылдын апрель айынан тартып башталган. Аны кытайлык "Чайна роуд-ХВRВСС" компаниясы куруп жатат. Азыркы учурда 58 км жолго асфальттын алдына төшөө үчүн калыңдыгы 20 см болгон майдаланган кум шагыл төшөлдү. Калганы да жакынкы айларда аяктап, 10 км жолго калыңдыгы 5 см болгон асфальт төшөлөт. Чыйырчык ашуусуна азырынча асфальт төшөлбөйт, анткени анын кыртышы жумшак келип, жыл сайын жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан азыр анын айрым бөлүгүнө гана сыноо катарында асфальт төшөлөт. Кийинки жылы асфальттын экинчи катмары төшөлөт. Азыркы учурда анын курулушунун 80 % дан ашыгы бүтүп калды.
Жетекчилер жол курулушунда иштеп жаткан 91 техниканын абалына, жумушчуларга түзүлгөн шартка кызыгышты. Техникаларга керектүү тетиктер, күйүүчү жана майлоочу майлар жетиштүү. Куруучулардын көпчүлүк бөлүгүн биздин өлкөнүн жарандары түзөт. Алар - инженерлер, мастерлер, айдоочулар жана катардагы жумушчулар. Айлык акылары өз убагында берилет. Түшкү тамак, алыстан келгендерге жатакана уюштурулган.
Жолдун сапатын финляндиялык "Финнроуд" компаниясы текшерип турат. Анын кеңешчиси И.Өсөровдун айтуусунда Кыргызстандын климаты кошумча иштерди пайда кылып, жол курулушуна керектүү түрдүү өлчөмдөгү темир-бетон жасалгалары талаа шартында жасалса да талапка толук жооп берет.
* * *
Министр менен губернатор Ош- Гүлчө- Сопу-Коргон, Корул- Кара-Кулжа автожолдору менен таанышып, аны оңдоо жана куруу боюнча пикир алышты. Иш сапардын аягында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Ош облусунун губернатору Аалы Карашовду да сөзгө тартышты.
- Ош-Сарыташ-Эркечтам жолу биздин гана облус эмес, мамлекетибиз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анткени, бул автожол бизди гана эмес, башка мамлекеттерди да кошуна Кытай өлкөсү менен кошуп турат. Түзүлгөн келишим боюнча жолдун курулушу 2010-жылдын аягына чейин бүтмөк. Бирок, мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин өтүнүчү боюнча алар жолду 2009-жылда аяктамакчы. Үстүбүздөгү жылы 64 км жолго асфальттын биринчи, кийинки жылы экинчи катмары төшөлөт. Жол курулушунун темпине өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Бизди кубанткан нерсе Сарыташ- Эркечтам жолун каржылоо маселеси чечилип, Сопу-Коргон-Сары-Таш автожолун каржылоо маселеси каралып жаткандыгы. Андан сырткары Сары-Таштагы чек арага жакын жерге терминалы менен соода базасын куруу пландаштырылууда. Учурдан пайдаланып, министрликтин аракети менен курулуп жаткан Ноокат районундагы Кулатов, Аравандагы Төө-Моюн айыл өкмөттөрүндөгү автожолдор үчүн аларга элдин атынан ыраазычылык сөздөрүбүздү айта кетсек туура болчудай. Жол пайдаланууга берилип калса, анын боюнда жашаган калкка тейлөө кызматтарын уюштуруу менен өз тиричилигин өткөрүүгө шарт түзүлөт.
* * *
Министр Нурлан Сулайманов өзүнүн кызматкерлери менен Жалал-Абад тарапка бет алганда, жол боюнда турган Манап Кадыров аттуу аксакал адам бизге кайрылды:
- Азыр кызыл кекиртектердин заманыбы, же пейилибиз бузулуп баратабы, негедир жасалган жакшы иштерге караганда ар кандай ушак-айың айткандар, алардын сөздөрүнө кулак төшөгөндөр бар, ага абдан кыжаалат болуп кетем. Кээде чыдай албай алар менен "Эй инсандар, мурдагы Президенттин тушунда мамлекетте канча жол оңдолгон, канча техникалар келген, кийинки 3-4 жыл ичинде анын саны канча болду, ошону эсептеп көрчү! же, эс тутумубуз ушунчалык кыскабы!" деп кер-мур айтыша кетем. Азыркы өткөн жол министри Нурлан Сулайманов окшойт. Каап, карылык да, басканым ушул болду! Жолугуп калсам, ага "Жол - жашоонун кан тамыры. Ага көз салып жаткан мамлекеттин башындагыларга ыраазы экендигимди элдин атынан айта бар" демекмин.
Калк - калыс тараза, кимдин ким экендигине өзүнүн баасын берип турат.

Т.АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Улуттук стратегия учур талабында

Жолдор - өлкөнү өнүгүүгө жетелейт
Транспорт жана коммуникациялар министри Н.Сулаймановдун түштүк жергесинде курулуп жаткан автожолдордун абалы менен таанышып чыгуусунан кийин бул багытта министрлик тарабынан жалпы республика боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иштерге аздап болсо да токтолуп өтүүнү туура көрдүк.
Учурда экономиканын бардык тармактарындагы обьекттерди ишке киргизүү, өлкөбүздүн каржылык жактан көз каранды эместигине жетишүү, жакырчылыктан чыгуу, дүйнөлүк энергетика, азык-түлүк тартыштыгынын кесепеттерин кескин кыскартуу жаңы экономикалык саясаттын өзөгүн түзүүдө. Ушул омоктуу милдеттерди аткарууга тез жеткирүүчү, экономиканын кан-тамыры болгон жол маселеси бар. Буга эгемендүүлүктүн алгачкы күнүнөн тартып таптакыр көңүл бурулбай, бюджеттен каражат бөлүнбөй калган эле. Мунун кесепетинен 1996-1997-жылдардан тартып республикабызда ар жыл сайын 200 чакырым жол кыйрап, керектен чыга баштаган. 2005-жылы 1000 чакырым жол жараксыз абалга келген. Мунун кесепетинен Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн эл аралык маанидеги транспорт коридорунун 72 пайызы начар абалга туш болгон. Өлкө ичиндеги 34 миң чакырым жол өтө жаман жагдайга кептелген. Республикабыздагы жүргүнчүлөрдүн, эл чарба жүктөрүнүн 95 пайызы жолдор аркылуу ташылгандыктан, начар жолдор экономикалык өсүшкө жолтоо боло баштаган. Мына ушундай оор абалдан чыгуунун жолун талдоого алып, өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолун аныктаган Президент 10-январдагы Жогорку Кеңешке кайрылуусунда ресурстардын жетишсиздигин эске алуу менен өлкөнүн базалык түзүмүн - жолдорду, коммуникацияны, энергетиканы, ирригацияны каржылап, алардын абалын жакшыртуу керектигин белгиледи.
Кыйын кырдаалды жөнгө салуу үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча 2007 - 2010-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясы КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Анда жол тармагын өнүктүрүүнүн айкын багыттары менен пландары көрсөтүлүп, эл аралык транспорт коридорлору менен ички жол тармагы боюнча мамлекеттик саясат аныкталган.
Жол тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясында төмөнкүдөй негизги артыкчылыктуу багыттар белгиленген: 1. Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык коридорлорду чет жактан инвестиция тартуу аркылуу оңдоо, абалын жакшыртуу, жаңыларын куруу. 2. Жыл сайын 1 миң чакырым жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп туруу. 3. Өлкөнүн жол каттамынын көз каранды эместигине жетишүү.
Начар жолдорду калыбына келтирүү иштери 2006 - 2007-жылдардан баштап жүргүзүлүп, эки жылда 1300 чакырым жол, 17 көпүрө оңдолуп, 8 жаңы көпүрө салынды. Он беш жылдын ичинде биринчи жолу жаңы асфальт-бетон катмарын коюу боюнча иштер жүргүзүлүп, өткөн жылы 45 чакырымдан ашуун жол бүткөрүлдү.
Жаңы стратегиянын негизинде "Өнүгүүгө карай жол" деп аталган Президенттик программа иштелип чыкты. Буга чейин жол системасын өнүктүрүү, абалын жакшыртуу боюнча мындай мамлекеттик документ болгон эмес. Анда жол тармагы менен жол чарбаларын өнүктүрүүнүн так иш-чаралары, багыттары бекитилген. Ушул программада жыл сайын 100 чакырымдан кем эмес жолду асфальт-бетон менен каптоо, 1 миң чакырымдык жолдун үстүнкү катмарын тегиздөө, 10дон кем эмес көпүрө куруу каралган. Буларды иш жүзүнө ашыруу үчүн жол тармагына 2005-жылы 195 млн. сом, 2006-жылы 410 млн. сом, 2007-жылы 1058 млн. сом каражат бөлүндү.
Жол курулуш техникалары 20 - 30 жылдан бери пайдаланылып келатат. Аларды жаңылоонун зарылдыгы эчак эле бышып жетилген. Техникалык паркты жаңылоого ар жыл сайын 250 млн. сомду кошумча бөлүү жагы каралган. Эми жаңы техникалар менен технологияларды колдонуу багытында чечкиндүү иш-аракеттер жүзөгө ашырылмай болду. Ушул жылы эле 120 даана жол курулуш техникалары сатылып алынганы жатат. Булар ишке кирсе өндүрүмдүүлүк кыйла жогорулайт. Жакынкы арада Чүй облусундагы - 263, Ош облусундагы - 197, Нарындагы - 63, Таластагы - 53, Жалал Абаддагы - 186, Баткендеги - 96, Ысык Көлдөгү 140 чакырым жол оңдоодон өткөрүлөт. Мунун натыйжасында республикабыздагы жолдордун сапаты кескин жакшырат деген үмүт бар.
2007-жылдын жарымына чейин Баткен облусунун тургундары ички, тышкы каттамдарды эркин жасай алышпай калган болчу. Жарандарыбыз коңшу мамлекеттердин чек ара, бажы кызматтарынын бөгөт коюшунан жапа чегип келишкен. Жол жана транспорт көз карандылыгын жоюу жаатында чечкиндүү иштер жасалып, Пүлгөн - Бүргөндү айланып өтмө жолу курула баштады. 50 чакырым келген бул жолду толук асфальттоо пландаштырылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автожолдордун сапатын жакшыртуу, транспорт тармагынын келечегин кеңейтүү жаатында алгылыктуу иштерди жасап жатат. Ал инвестицияны арбын тартуу максатында Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, эл аралык донорлор, бирикмелер менен кызматташууну жакшы жолго коюунун тынымсыз аракетинде. Мындан берекет кирип, 2006- 2007-жылдарда 130,7 млн.доллардык инвестициялык келишимге кол коюуга бул министрлик жетишти. Бул каражаттарга Тараз -Талас -Суусамыр авто жолу боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлүп жатат. Ош -Сары-Таш - Эркеч- Там жолун реабилитациялоо боюнча иштери башталды. Кочкорго асфальт-бетон заводу курулуп, Нарын облусундагы автожолдорду оңдоо, жабдуулар менен камсыздоо долбоору ийгиликтүү ишке ашууда.
Жол менен жол ишканаларын жакшыртууга багытталган комплекстүү иш-чаралар үзүрүн бере баштады. Өткөн эки жылда автожолдордун абалы кыйла оңолду. Асфальт-бетон менен камсыз кылуу 2005-жылга караганда 19 эсеге жакшырды. Ал эми жолдун үстүнкү катмарын тегиздөө, оңдоо мурдагы жылдагыга караганда 14 эсеге көп аткарылды. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жолдор 2005-жылга караганда 8 эсеге арбын оңдолду. Жаңы экономикалык саясат үзүрүн берип, экономикабыз өрдү таяп өсө баштады. Ошентип мамлекет башчынын министрликке койгон талабы кынтаюсуз аткарылууда.

Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"