, 11.07.08 - 3-бет: Улуттук ири џч фильм- џч жылда...№51, 11.07.08-ж.
  Айтылуу Алай ханышасы аталган Курманжан датканын өмүр
жолуна арналган биринчи көркөм тасма үч жылда тартылып бүтөт

Улуттук ири үч фильм- үч жылда
9-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев белгилүү кыргыз кинорежиссеру Нурбек Эгенди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы, кыргыздардын тарыхы тууралуу "Сынган кылыч", "Курманжан датка" жана "Курманбек баатыр" аталышта тартыла турган улуттук ири кинодолбоорлор болгон үч фильмди жаратуу боюнча иштин жүрүшүнө кызыкты.
Нурбек Эгендин айтуусунда, Алай ханышасы аталган Курманжан датканын өмүр жолуна арналган биринчи фильм үч жылда тартылып бүтөт. Азыркы күндө уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 4,5 млн. АКШ доллары керек, анын 68%ын кыргыз тарап, ал эми калган 32%ы эл аралык кинематография фонду тарабынан каржыланат. Кинорежиссер, долбоорду ишке ашырууга башка тараптардын катышуусу тартылган фильмдин андан аркы прокаттык айлануусу менен байланыштуу маселелерди чечүү ишине өбөлгө болот деп белгиледи. "Эгемендүүлүк алгандан кийинки 15 жылда, элдик бийлик келгенге чейин мамлекет тарабынан кыргыз кинематографиясына көңүл бурулбай келген. Акыркы эки-үч жылдан бери киноискусство тармагы жаңы жашоо баштап отурат. Биз кино өндүрүшүбүздүн мындан аркы өнүгүшүнө байланыштуу маселелер мамлекет башчыбыздын деңгээлинде чечилип жатканына терең ыраазыбыз. Бул бизге чыгармачылык кошумча шык берет", - деди Н. Эген.
Президент, мамлекет өсүп келе жаткан муундардын тарбиясына - жалпы маданияттын, анын ичинде киноискусствонун өнүгүшүнө өзгөчө маани берет деп айтты. "Кыргыз элинин тарыхы тууралуу фильм жаратуу жарандарыбыздын Ата Мекенге болгон атуулдук жана сүйүү сезиминин өсүшүнө өбөлгө болот. Бул кинодолбоорлорду жаратуу - мезгил талабы. Ошондуктан мамлекет анын ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүшү керек. Ушул жылдын август-сентябрь айларында долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн каражат бөлүнөт", -деди К.Бакиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле улуттук киноискусствону жана жалпы маданиятты өнүктүрүүнүн кээ бир актуалдуу маселелери талкууланды.

С.ОРОЗОБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Кино өнөрүнүн таасири чоң
8-июлда, Өкмөт Үйүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол республиканын кино өнөрү ишмерлери менен жолугушту.
Жолугушууда кино өнөрү тармагынынын учурдагы олуттуу маселелери талкууланып, өз ара пикир алышуу болду.
Жолугушууда идеология маселеси да талкууланып, Мамлекеттик катчы бул багытта кино өнөрү ишмерлери менен тыгыз иштей тургандыгын билдирип, коомчулукка, элге алынып кете турган идеологияны түптөөдө мамлекет кино ишмерлеринин жардамына муктаж экендигин айтты.
"Сиздер чыгармачылык менен иштеген адамдарсыздар. Андыктан, бардык ой-пикир, сунуштарыңыздарды айтыңыздар. Биз чогуу, биргеликте көп маселелерди чечсек болот", - деди мамкатчы.

А.Болотов




Жаңы толкунда - жаш ырчы
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык, жаш аткаруучулардын "Жаңы толкун-2008" эл аралык конкурсунун финалына катышууга даярдык көрүү иш чараларын өткөрүүгө жардам көрсөтүү максатында финалга чыккан конкурсант Өмүрбек Жанышовго (псевдоними - Омар) 80 000 сом суммасында бир жолку каржылык жардам көрсөтүлдү.
Конкурстун тарыхында бул конкурска биринчи жолу Кыргызстандан аткаруучу катышмакчы. Конкурс үстүбүздөгү жылдын 23-28-июлунда Юрмала шаарынын "Дзинтари" концерттик залында өткөрүлөт. Учурда Омар - Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин 1-курсунун студенти.

Мэр 17-июлда шайланат
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Бишкек шаарынын мэрин шайлоо боюнча буйрукка кол койду. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамынын 38-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда өткөрүлөт. Президенттин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкерлерди көрсөтүү боюнча Президенттин өкүлү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Бишкек шаардык кеңеши менен бирдикте өлкөбүздүн мыйзамына ылайык шаардын мэрин шайлоону өткөрүү тапшырылды.

Өз маалыматыбыз




  Каяша

Кыргызстанды кимдер жээришет?!
же "Белый парустагы" Ормон опуза шовинизм жыттанбайбы?..
(Башы 1-бетте)
Кыскасы, алар республиканын бүт тармагында мамлекеттин тең укуктуу атуулу катары кызмат өтөп жатканын, республиканын премьер-министрлик кызматын аркалаган орус насилиндеги атуул КМШ өлкөлөрүнүн биринде да жок экенин, ал гана эмес, аларда Кыргызстандагыдай орус тили официалдуу тил катары мамлекеттик тилдин милдетин аткарбай турганын, эне тили бирден бир мамлекеттик тил болуп иштеп жатканын, Россияга көчүп кетүүнүн бирден бир себеби экономикалык гана муктаждыктан экенин эмне үчүн жууткусу, эмне үчүн аларды көргүсү, уккусу келбейт газетанын кабарчысы менен анын башкы редактору.
Көрсө, макаланын ушундай мааниде жазылышынын атайын максаты бар экен. Ал газетанын ошол эле төртүнчү бетинде жарыяланган баш редактору Авдееванын "Ормон опузасынан ачык байкалды. Айталы, күзгө жакын Россия Президенти Кыргызстанга келет. Ошого байланыштуу улуттук кадр маселесин дагы да козутуп, баягы эле ашмалтайы чыккан жепен ыкманы колдонуу менен өз кызыкчылыктары үчүн упай топтоо аракети тура.
Авдеева айым "Ормон опузасын" ачык эле мындайча билдирет: "В Ташкент лететь, по мнению российских лидеров, пока незачем. Потому как Москва в нем не сомневается. Этот партнер умеет держать слова и обладает исключительной выдержкой - в отличие от прочих. А вот весьма вероломное поведение Астаны и Бишкека беспокоит Москву. Ожидается, что разговор во время визита к нам пойдет в самых жестких тонах. Нам, по мнению Российских лидеров, давно пора отвечать за свои слова и выполнять свои обещания".
Авдеева айымдын ачууга мынчалык алдырышынын чоо-жайы көрсө, биздин саясаттын АКШ векторуна тиешелүү жагдайынан (Ташкентке сүймөнчүк артуунун себеби да) чыгып жатыптыр. Канткенде да бул абдан эле аша чапкандык, бардык жагынан алганда да. Россия Президентинин Кыргызстанга алдыдагы визитинин саясый-экономикалык чоң маанисин шовинисттик маанайга буруп, жарыя айтуу саясат оюну болгонуна карабай канчалык кооптуу экенин, бул - дос мамиледеги өз ара кызыкдар, кызматташ эки мамлекеттин, өтмө-катар аралашкан эл-журтунун ич-арасына, өлкө башчыларынын Бишкектеги жолугушуусуна канчалык көлөкө түшүрөрүн айтпаса да түшүнүктүү.

Бекбай АЛЫКУЛОВ,
ардагер журналист

Редакциядан: Мындан бир-эки жыл мурда "Кыргызстан мамлекет катары жашоого алсыз, жок болуп кетүүчү өлкө экенине алыста жатып алып "пайгамбарлык кылгандар чыкты эле. Эми ал арабызга келип, коомдук пикирди жаратууга аракет кылып, Баш мыйзам менен бышыкталган мамлекет аталышын жокко чыгаргысы келип, улуттар аралык араздашууга от жагып жатканын кандай түшүнсө болот? Ау-у, Баш прокурор барсыңбы!?




Кыргыз Баатыры-
"Кыргыз Туусунда!"
Өткөн сандарыбыздын биринде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Төлөгөн Касымбеков үй-бүлөсү менен Түркия мамлекетине учуп кеткендигин айтканбыз.
Түркиядан учуп келгенден кийин Т.Касымбеков жана анын жубайы Элмира айым 10-июлда "Кыргыз Туусу" гезитинин басма сөз борборунда бул сапардын маани-маңызы, карым-катнашынын себеби жана ал жактан алган таасирлери, эки мамлекеттин келечекте биргелешип иштей турган адабий, маданий деңгээлдеги максаттары тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө жыйын өткөрдү.
Ошондой эле кабарчылардын ар кыл темадагы суроолоруна жооп берип, учурда кандай чыгармалардын үстүндө иштеп жаткандыгы, андан сырткары КР Улуттук жазуучулар кошуну менен Түркия жазуучуларынын ортосундагы окшоштуктар менен айырмачылыктар, ж.б. ушул сыяктуу темада маани-маңыздуу маек куруп берди.
Бул тууралуу кенен маалыматты гезитибиздин кийинки санында окуйсуздар.

Жыпар ИСАБАЕВА, Д.МЕЙМАНОВ (фото),
"Кыргыз Туусу"



Жаныш Бакиевдин фондусунун жардамы
Жаныш Бакиев жетектеген коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча фонду ар кандай кайрымдуулук акцияларын өткөрүп келүүдө.
Жакында фонд Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешине 200 миң сом акча бөлдү. Кеңештин төрагасы, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов бөлүнгөн каражаттын алгачкы бөлүгүн борбор калаанын Октябрь районунун аймагында жашаган согуштун майыптарынан, жалгыз калгандарынан жана оорукта иштегендерден он сегиз адамга 500 сомдон тапшырды.
Борбор калаанын калган райондорунда жашашкан материалдык шарттары оор ардагерлерге да 500 сомдон акча жакында таркатылмакчы.
Бакай ЧИЛТЕГИН