, 11.07.08 - 10-бет: Ар бир тамчы суу дары менен алтынга айланууда...№51, 11.07.08-ж.
  Ар бир тамчы суу дары менен алтынга айланууда

Кургактыктан куураган каражыгачтыктар
Анарбайдын оптимизми
Аламүдүн районуна караштуу "Кара-Жыгач" айыл өкмөтүнүн аймагынын күн чыгыш тарабында Ысык-Ата районунун, күн батыш жагында райондош Көк- Жар айылынын эгин талаалары сууга маарып, өсүмдүктөр мыкты өсүп, көпкөк көлдөй толкуп турат. Ортодо, мурдагы атактуу "Ала-Тоо" совхозунун айдоо аянттары суунун тартыштыгынан саргайып күйүп, жер котур болуп турган кези.
"Кара-Жыгач" айыл өкмөтүнүн тургуну Анарбай Пардабаев ошол айыл өкмөтүнө караштуу жердин бир бөлүгүн Өзбекстандан көчүп келген дыйкандар менен чогуу иштетип, өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгына кол кабыш кылып келет. Өткөн жылы ал жерлердин көбү айдалбай, иштетилбей да калган. Мамлекет башчыбыздын азык-түлүк тартыштыгын азайтууга жасаган аракетине жан-дили менен күйөт. Өзү патриот. Өзбекстанда айдалбай калган жер болсо, сугарылбай куурап калган эгин талаа болсо ал жердин жетекчилерине катуу чара көрүлөөр эле деп күйгүлтүккө түшөт. Анын Кыргызстанга көчүп келгенине көп жыл болду. Аспирантураны аяктаганы менен илим жолун дыйканчылыкка алмаштырган. 7 баланын атасы. Быйыл да өз жерине буудай, бир бөлүгүнө жашылча-жемиштерди эккен. Быйылкыдай суу тартыштыгын ал 15-20 жылдык дыйканчылык турмушунда көргөн эмес.
4 гектарга жазында айдаган анын буудайы июлдун биринчи он күндүгүнө чейин бир эле жолу сугарылган. Эми чаңкаган бул алтын дан ар кай жерде ала-телек өсүп, бою кодоюп, алган машы сербейип, "айланайын, чычкан аке суу берчи?" - деп жалдырап турат. "Бул буудайың өзүн өзү актабай калды" - деп баштарын чайкашууда Анарбайдын кошуналары. Буга карабай А.Пардабаев ушул чаңкоо оорусу тийген буудайларына ыраазы. Себеби анысы жок дегенде кетирген чыгымдарынын жарымын кайтарып берүүгө жарамдуу. "Эптеп дагы бир жолу сугара койсом ушул буудайым мындан да чыйралып өсүп, өзөгү сууга толуп шириндигин арттырат эле. Дыйканга ширелүү дан алгандан артык дүйнөдө ыракат барбы!" - деп, ал күнгө күйгөн, өсүүсү токтоп бараткан буудайларынын башынан боору ооруп, аёо менен ойлуу сылап турду.
Анын 1 гектарга айдаган жүгөрүсүнүн узундугу 50 - 70 сантиметрден ашпай эргежээл болуп калыптыр. Кургактык кууратып, үч-төрт жөөк какырап котур болуп, анча-мынча жерге өскөн жүгөрүлөр кеселден кейпи кеткен сулууларга окшоп чачпактарын серпе албай кумсарууда. Буга да Анарбай ыраазы: "Чычкан аке суу бере койсо эле ооруга чалдыккан өсүмдүктөрдүн канышасы - жүгөрү суйкайып чыга келет. Бышпаса деле тоютка жарайт".
Тилекке каршы суу абдан тартыш. Күндүн да көзү катып жамгыр жок!
Демейде сайда ээн, барксыз жаткан сары суунун тамчысы дарыга, алтынга айланып кеткендиктен арендага алган 3,5 га жеринин, 50 сотыхына айдалган жашылча-жемишти, калган жерге эгилген пиязды күнгө кууратпоо үчүн суу таппай Ботобек Болоновдун (А.Пардабаевдин кошунасы) заманасы куурулууда. Ал кошунасы "Кожоевге суу эмне үчүн 6 күнгө берилди, мага эмне үчүн суу берилбейт?" - деген кыжаалат ой менен 4-5 км аралыкта жашаган Ала-Тоо айылындагы мурапка кетти. "Бензиндин 1 литри 1 доллар болуп турган учурда алыска барып келүү өзүнчө эле тозок" - деп нааразы болушту дыйкандар.
М.Лигайдын абалы башкалардыкынан кыйла оор экен. Ал 5 га жерди ижарага алып, анын 3,5ине пияз айдаптыр. Суунун жоктугунан анысы куурап калып, кетирген эмгегин кайтарып алуу үчүн пияз айдалган жерди коңторуп анын ордуна коон менен дарбыз сээптир. Дагы эле суунун тартыштыгынын кесепетинен коон-дарбыздардын өсүмү өтө начар болуп калган. Жерди иштетүүгө насыя алган 3,5 миң долларды кур талаага чачып жибербөө, карызын кайтарып төлөп берүүгө каражат чуктоо үчүн Ми-хаил асмандан жаанды, Алла-Тааладан күздүн узак болушун тилеп отурат. "Эгерде бул тилегим орундалса анда жарым жартылай болсо да жумшалган чыгымды кайтарып алат элем" - дейт ал.
"Кара-Жыгач" айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу кризиси ар бир дыйкандын айласын кетире баштаганда Р-21 суу бөлгүчүнөн суу алган каражыгачтыктар Чүй облусунун губернаторуна даттанып киришип, телекөрсөтүү аркылуу арыз-армандарын мамлекет башчысына
чейин билдиришкен. Облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү чабагандап келишип бул маселени жарым жартылай чечишип, тынчып жатып алышыптыр. Дыйкандардын айтымында, өткөн жылы суу тартыштыгы болгон учурда губернатор өзү кийлигишип Ысык-Ата - Аламүдүн райондор аралык каналдан жетиштүү деңгээлдеги суу бөлүштүрүп берген экен. А быйыл болсо өткөн жылдагыдай бекем тартип жок. Каналдагы 4 куб суунун жарымын ысыкаталыктар каражыгачтыктарга берүүгө милдеттүү болсо анын дээрлик бардыгын эле жыгып кетип жатышыптыр. Мына ушунун кесепетинен Р-21, Р-22 суу бөлүштүрүү жайларына өтө аз деңгээлдеги суу кое берилүүдө.
"Суу тартыштыгынын азабын тарткан дыйкандардын көйгөйүн толугу менен чечүүгө болот. Элдин айтымында мындан 20 жыл мурда азыркыдай кургакчылык болуптур. Ошондо каналдагы Р-21, Р-22 бассейндер Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү суу аркылуу толтурулуп, сугат толук камсыз кылыныптыр. Муну улуу
муундагы дыйкандар айтып жатышат" - деди А.Пардабаев. Анарбайдын бул оптимизми көпчүлүккө жакты.

Суу тартыштыгы, дыйкандардын таарынычы
Биз мындан 20 жыл мурда суу боюнча жасалган иштин учугун издеп эгин талаасынан 4 - 5 км. аралыктагы Ала-Тоо айылын көздөй жөнөдүк. Жарым жолдон Анарбайдын ак жоргосунун (жигулисинин) арткы буту жарылып, мага айыл өкмөтүнө 2 чакырымдай жөө барууга туура келди. Саат 16.35 экенине карабай Аламүдүн районуна караштуу "Кара- Жыгач" айыл өкмөтүнүн кеңсесин кара кулпу кайтарып туруптур. Чүй облустук мамадминистрацияга телефон чалып иш күнүнүн узактыгын сурасак 17.30га чейин иштейбиз деди.
Жашоо-турмуш быйылкы жыл каражыгачтыктарга жакшы тү-
шүм бербей турганын көрсөткөндөн кийин онго жакын арендачы дыйкандар куурап бараткан жерлерин таштап кетүүгө умтулушту. Губернатор суу болот деп түшүндүргөндөн кийин гана алар иштерин улантышты. Биз барганда "Кара-Жыгач" айыл өкмөтүнүн башчысы Табылды Ибаков отпуска алып Ысык-Көлгө кетиптир. Айылдаштарына суу бөлдүрүп беришке жасаган анын аракетинен деле майнап чыкпай жатыптыр. Суунун тартыштыгын жөнгө салуу үчүн министрлик, облустук жетекчилик биргелешип аракет кылбаса чечилчүдөй түрү жок.
Ал эми айыл өкмөтүнө дыйкандардын каалоосу, таарынычы эле мындай экен. Эптеп агып келген жылжыган сууну бөлүштүрүүчү атайын штабды түзбөй, чычкан акеден жалдырап сураган өйдөкү, ылдыйкы зонадагылардын башын бириктирбей, суу бөлүштүрүү ишине аксакал-көксакалдарды кошпой, сууну бөлүштүрүп берүүнүн так графигин бекитпей, "өрттөнүп кетүүчү" жагдай түзүлгөндө аны өтө ыкчам өчүрүүчү иш-пландарды жасабай Ысык-Көлгө кетип калыптыр. Мына ушундан улам Минара Асанова деген мурап кызы суу бер деген өтүнүчтөрдү каттап, жаман дептерине дыйкандардын аты-жөнүн баш аламан жазып, коркутканга эртелеп суу берип, жооштордун кезегин улам артты көздөй жылдырып, дыйкандар ачууга алдырып, куру талаага кеткен мээнетин кантип кайрууну билбей маң болуп турат.
Эми мурап кыз Минаранын азыркы абалы деле адам аягыдай экен. Ал бир кишиге суу берсе, аны экинчиси жыгып алса, бул эки тарап мушташса, милийса менен айыл өкмөтүнүн башчысы жок болсо, Ысык-Ата районунан алгыла деген сууну тиешелүү көлөмдө мурап кыз ала албаса, сугат ишин жалгыз жөнгө сала албаса, чууну баса албаса...

Мол сууну туура бөлүштүргөн киши жок
"Кара-Жыгач" айыл өкмөтүнө караштуу Р-22 суу бөлүштүрүү жайынан суу алуучу Анарбай Пардабаев суу салыгынын жарымынан көбүн жаз айында эле төгүп берип койгон. Михаил Лигай, Садыр Юсупов, дагы башка көптөгөн дыйкандар да жайда берилүүчү суулардын акысын жазында эле төлөшүптүр. Мына ушуга карабастан Аламүдүн райондук суу чарбасы суу пайдалануучулар менен түзгөн келишимин так аткарбай келе жатыптыр.
"Көк-Жарга" таандык Р-24 суу бөлүштүргүч жайынын бассейни сууга толтура экен. Мунун жанындагы кол менен жасалган асма каналда өтө тез ылдамдыкта көп көлөмдөгү суу ондогон километр аралыкка аңкилдеп жөн эле агып жатты. Мына ушул тез акма асма каналдагы суу №59, №60 суу түшүрмөлөр аркылуу мындан 20 жыл мурда Р-21, Р-22 каналдык бассейндерге куюлчу турбайбы. Ошондо азыркы суу кризисине туш болгон жерди иштеткен дыйкандар жашоонун булагына карк болушкан экен. Анарбайдын оптимизминин төркүнү ушул жерде жатыптыр. Эми каражыгачтыктар ушул асма каналдагы суу аркылуу каналдык бассейндерди толтуруп берүүнү, облустагы райондор аралык, Аламүдүн районундагы ички чарбалык сугат системаларынын ишин жакшыртып, натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылышууда.

Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Өткөндөн бир сабак

Эмне үчүн жүгөрүнү жеридик?
Эгиндердин ичинен эң түшүмдүүсү жүгөрү менен шалы экендиги дыйкандарыбызга белгилүү. Бул талаачылыктын терең турмушунда аныкталган Ата Мекендик согуш жылдарында өлкөбүздүн түштүгүндөгү сугат жерлүү райондорунда жүгөрү эгилген. Анткени, кылкандуу дан эгиндерине караганда түшүмү мол болгон.
1962-жылдан баштап, Ош облусунда жүгөрү эгүү күчөй баштады.
Өзгөн району ошол убакта Ош облусунда эң көп сүт өндүрүүчү, дан өндүрүүчү райондордун бири эле. Жакшы, өндүрүмдүү иштөөнүн натыйжасында кошуна тажикстандыктардан түшүм жагынан алда канча озуп кеткенбиз. Алдыңкы жүгөрү звенолору гектарына 130-160 центнерден дан, 650 центнерден жашыл масса алышып, "Яссы" совхозунун жүгөрүчүсү Жумакадыр Мойдунов Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Район эгин боюнча да, эт, сүт боюнча да облустагы алдыңкы районго жетишкен. Жетишкендиктин дагы бир себеби - жүгөрүчүлүк болгон.
Менин жүгөрү маселесине токтолгонумдун мааниси төмөндөгүчө: эмне үчүн жүгөрү эгүүнүн аянттары азайып кетти? Эмне үчүн ага маани берилбей калды? Менин байкашымча Өзгөн, Кара-Суу, Араван
райондорунда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун мурунку жүгөрү эгүүчү аянттары шалы өстүрүүгө көбүрөөк пайдаланып кетиптир. Күрүч өстүрүү да керек дечи, бирок жүгөрүдөй азык-түлүккө, тоютка, жемге анчейин эле жарабайт го. Дагы бир айта кетчү нерсе, суунун тартыштыгы жылдан жылга көбөйүүдө, ал эмес тоолордогу кээ бир булактар соолуп да калып жатпайбы. Ал эми шалы эгилгенден баштап бышканга чейин анын түбүндө суу үзүлбөй көлдөп туруш керек. Ал эми жүгөрүнү болсо үч жолу кандыра сугарсаң болот. Демек, сугарылуучу суу үнөмдөлөт эле.
Азык-түлүгүндө дандын тартыштыгын эске алып, жүгөрү аянтын көбөйтүүнүн зарылдыгы турат. Күн ысык тийчү Ош, Жалал-Абад облустарында жүгөрүнү эрте, же кеч айдоодон экиден түшүм алууга болот. Бул практикада колдонулуп келген. Деги эле жүгөрүнүн асылдуулугу чарбаларда союз убагында далилденип, иш жүзүндө аныкталган.
Менин оюмча, 2009-жылга эгин эгүүдө жүгөрүнүн аянтын көбөйтүп, жүгөрүгө болгон ма-милени калыбына келтирүү зарылдыгы турат. Ал үчүн айыл чарба министрлигинин адистери, райондун акимдери, дыйкан чарбаларынын жетекчилери ушул баштан колго алып, ар бир дыйканга планды жеткирип, анын аткарылышына такай көзөмөл жүргүзүүсү абзел.
Айыл-кыштактардагы адамдар муну түшүнүшү керек. Жүгөрү - бул эт, сүт, тоют, дан. Антпесек, азык-түлүктү калкка камсыз кылууда кыйынчылык болору шексиз.
Расулберди МАМЕТОВ,
ардагер журналист,
Ош облусу,
Өзгөн району