, 08.07.08 - 6-бет: Маанилџџ маек...№50, 08.07.08-ж.
  Маанилүү маек

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратанынын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Рахмат АМИРАЕВ:
"Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө мыйзамдык база жетиштүү"
- Рахмат Убайдуллаевич, Мамлекет башчысы сиздердин алдыңыздарга койгон милдеттер кандай аткарылууда? Атап айтканда, республикада кылмыштуулук менен күрөшүүнүн абалы тууралуу кеп козгосоңуз?
- Президент Курманбек Бакиев алдыга койгон милдеттерди Өкмөттүн аппараты, анын ичинде биздин бөлүм план ченемдүү жана ырааттуулук менен аткарууда. Өткөн жылы, Өкмөттүн чечимине ылайык, ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында уюмдашкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыктар түзүлгөн болучу. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, ички иштер органдарынын оперативдүү жана аймактык бөлүмчөлөрү үчүн 100дөн ашуун автоунаа сатып алууга каражат бөлүнгөн.
Ички иштер министрлигинин башчылыгына Молдомуса Конгантиев келгенден бери иш кыйла жанданганын айта кетүүгө тийишмин. Алсак, ички иштер органдарында моралдык климатты жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Өкмөт менен бирдикте аймактык органдардын ишин жакшыртуу жагынан олуттуу иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын ардагерлери менен иштөө жолго коюлуп, алар жаштарга өз тажрыйбаларын үйрөтүүдө. Министр өзү республиканын дээрлик бардык аймактарында болуп, жер-жерлердеги абалды өз көзү менен көрүп, тийиштүү иш-чараларды көрүүдө. Натыйжада, бардык айыл өкмөттөрүндө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча коомдук борборлор түзүлдү. Ошондой эле, ишке аксакалдар, коомчулук кеңири тартылып, кылмыштуулуктун азайышын шарттоодо.
- Сөзүңүзгө аралжы, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мыйзамдык база жетиштүүбү жана алар иштеп жатабы?
- Жалпысынан алганда, республикада кылмыштуулук менен күрөшүү жолго коюлуп калды десем болот. Анткени, сиз суроо бергендей, кылмыштуулук менен күрөшүү жагынан мыйзамдык база жетиштүү жана жемиштүү иштеп жатат. Алсак, Ички иштер министрлиги тарабынан "Уюмдашкан кылмыштуулукка каршы аракеттер жөнүндө", "Административдик жоопкерчилик жөнүндө КР кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна берилген.
2008-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында уюмдашкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү жана 2009-2011-жылдарда укук бузуулардын алдын-алуу боюнча мамлекеттик программалардын долбоорлору Өкмөттүн кароосуна берилген.
- Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жагынан айрым фактыларга токтолсоңуз?
- Үстүбүздөгү жылдын 20-майынан 15-июнуна чейин республикада жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттер алкагында "Нелегал-2008" деген аталыштагы комплекстүү оперативдик-алдын алуучулук иш-чара өткөрүлдү. Кылмыштардын бетин ачуу жалпысынан жакшырды. Атап айтканда, өткөн жылдын беш айында 62,5% кылмыштын бети ачылса, быйыл ушул эле мезгилде 63,3%ы ачылды. Кылмышты иликтөө жагынан 5228 кылмыштын бети ачылды, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 4612 болучу. Мындай көрсөткүчтөр Бишкек, Ош шаарларына, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарына мүнөздүү.
Ошону менен бирге, коомдук жайларда, көчөлөрдө жасалган кылмыштардын саны көбөйгөнүн да айта кетүүгө тийишмин. Мисалы, өткөн жылы коомдук жайларда 1585 кылмыш жасалса, быйыл алардын саны 1648ге жетти. Кылмыштар көбүнчө Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Ош облустарында катталды.
Ошондой болсо да, киши өлтүрүү фактылары азайганы байкалууда. Тактап айтканда, былтыр беш айда 153 киши өлтүрүлсө, быйыл бул көрсөткүч 132 болуп калды.
- Рахмат Убайдуллаевич, баңги бизнеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, жол кырсыгы боюнча кылмыштар тууралуу эмне айта аласыз?
- Баңги бизнеси менен күрөшүүдө да оң натыйжалар бар. Маселен, өткөн жылы беш айда кылмыштын бул түрү боюнча 791 кылмыш иш козголсо, быйыл 676 болду. Анча көп болбосо да, алга жылуу бар. Мындай жагдай, Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарына таандык.
Республикада өткөн жылы 720 кызматтык кылмыштын бети ачылса, быйыл 465 кызматтык кылмыштын бети ачылды. Башкача айтканда, кызматтык кылмыш да азаюуда. Мындай азаюу Талас облусу, Ош жана Бишкек шаарларынан тышкары бардык региондордо байкалууда.
Жол, транспорт кырсыктарына келе турган болсок, алар 8%га азайды же 1612ден 1483кө чейин түштү. Натыйжада өлгөндөрдүн жана жабыр тарткандардын саны азайды. Жол кырсыгы Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында азаюу жагына турукташып баратат. Кырсыктар негизинен мас абалында машина айдоодон, өтө эле ылдам жүрүүдөн болууда.
- Сиз жетектеген бөлүм өзгөчө кырдаалдар жагын да тейлейт экен. Эми ушул багытта сөздү улантсаңыз?
- Ооба, бул жагын да биз тейлейбиз. Белгилүү болгондой, өткөн жыл аягында жана үстүбүздөгү жылдын башында түштүк аймактарда болгон жер титирөөдөн, селден жана суу ташкындарынан кыйла үй-бүлөлөр жабыр тарткан. Андан кийин Тоң, Манас, Панфилов райондорунда катуу шамалдан да кыйла үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнүн чатыры бузулган.
Ушундай жагдайга байланыштуу жабыркагандарга жардам берүү боюнча Өкмөттүн буйругу чыгып, жабыркагандар үй курдуруп алууга каражат бөлүнгөн. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, жардамдар берилип жатат. Ошондой эле, гуманитардык жардамдар келүүдө. Айрым эмгек жамааттары бир күндүк эмгек акысын жабыр тарткандарга берүүдө. Кыскасы, кырсыкка кабылгандар жалгыз калышпады. Жалпысынан калкыбыз жардамын аяган жок. Кудай буюрса, кыш түшкөнгө чейин үй куруп, кирип алышат жана жаңы конуш тоюн тойлошот деп ойлоймун.
- Суу ташкындарынан жана селден болгон зыяндын өлчөмү канча жана жабыркаган үй-бүлөлөргө кандай жардамдар берилүүдө?
- Өткөн май-июнь айларында болгон селден жана суу ташкындарынан калктуу конуштарга, айдоо аянттарына, автожолдорго, көпүрөлөргө, сугат тармактарына олуттуу зыян келтирилди. Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнөн эки киши курман болду.
Жалпысынан алганда 2511 турак-жай жабыр тартты, 148 үй жана чарбалык курулуш жашоого жараксыз болуп калды, ири мүйүздүү 345 бодо мал, 3 жылкы, 2520 кой, эчки өлдү. Жалпысынан бул кырсыктан 210 млн. сомдук зыян келтирилди.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар, Айыл чарба, Транспорт жана коммуникациялар, саламаттык сактоо министрликтеринин жана жергиликтүү мамадминистрациялардын күчтөрү тартылды.
Ошондой эле, Ош облусуна 220 миң, Жалал-Абадга 100 миң, Баткенге 253 миң литр күйүүчү-майлоочу материалдар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилди. Жалпысынан алганда, аталган министрлик тарабынан 30 млн. сомдук жардам көрсөтүү пландаштырылууда. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 10 миң даанадан ашуун шифер берилди.
- Баса, жашоого жараксыз үйлөрдө жана коркунучтуу аймактарда жашагандарды коопсуз жерлерге көчүрүү жагынан абал кандай?
- Ооба, бул маселени чечүү кыйла кыйын. Аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, үстүбүздөгү жылдын 16-июнуна чейин 7000ден ашуун үй-бүлөгө сертификаттар берилди. Анын ичинен 1558 сертификат жер титирөөдөн жабыркагандарга бөлүштүрүлдү. Сертификаттардын ордун толтуруу, кайтарымсыз жардам үчүн калкка 286 млн. сом берилди.
Айта кетүүчү нерсе, жашаган жери коркунучтуу болсо да, көнүп калган жеринен кеткиси келбегендер да кездешет. Андыктан алардын арасында түшүндүрүү, ынандыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
- Айтмакчы, ар адамда ар мүнөз демекчи, жардамга жарыбай, же кайрымдуулуктан түшкөн каражаттын бөлүштүрүлүшүнө нааразы болгондор да бардыр?
- Албетте, эл болгондон кийин болбой койчу беле. Кыскасы, нааразы болгондор да жок эмес. Негизинен алар акча каражатынын өз убагында берилбегенине даттанышат. Ооба, аларды да түшүнсө болот. Анткени, убакыт учкан куш демекчи, чындыгында эле ары-бери дегиче кылычын сүйрөп кыш да жетип келет эмеспи. Ким эле кычыраган кышта үй-жайсыз калгысы келсин. Андыктан алардыкы да туура деп ойлоймун.
Бирок, алар да мамлекет көрүп жаткан камкордуктарды туура түшүнүүлөрү керек. Балким, айрым жерлерде кемчиликтер кетсе кетип жаткандыр. Чындыгында бардыгы эле, сыдыргыга салгандай тегиз жакшы деп айтуудан алысмын. Ошондой болсо да, сабырдуулук керек. Болор-болбос кемчиликтерге кейип, чачты агарта берүүнүн зарылдыгы жок. Анткени, бул маселе мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиевдин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө турат. Кандай дооматтар болсо да тез арада каралып, чечилип жатат. Бул иште жергиликтүү бийликтерге чоң роль таандык. Алар жакшы иштеген жерде иш да жакшы, нааразылык да жок деп айтар элем.
Андан тышкары, кайрымдуулук каражаттарды бөлүштүрүүдө да калпыстыктар болушу мүмкүн. Эгер андайлар болсо, сөзсүз жоопкерчиликке тартылышат. Көптүн көзү көрөгөч демекчи, көпчүлүктөн эч нерсени жашыра албайсың, эртедир-кечтир "былыктар" калкып чыгат. Андыктан, дагы кайталап айтайын, жергиликтүү бийликтер кара кылды как жарган калыс болушу зарыл. Антпесе, ишенимден кетип, элден чыгып каларын алар көңүлдөрүнө бекем түйүшү абзел.
- Кыргызстандын жарандарын паспорт менен камсыздоо жагынан дооматтар жокпу?
- Дооматтар жок деп айтуу кыйын. Бирок, дооматтардын көпчүлүгү арыздар, документтер туура толтурулбагандан улам болууда. Мисалы, 2005-жылдын 12-декабрынан 2008-жылдын 20-июнуна чейин 1,5 миллиондон ашуун арыз берилсе, 145 миңге жакыны ар кандай себептерге байланыштуу кайтарылып берилген.
Ал эми, үстүбүздөгү жылдын 8-январынан 20-июнуна чейин 400 миңден ашуун арыз түшүп, алардын 365 миңге жакыны паспорт алышкан. Жалпысынан жарандарыбызды паспорт менен жабдуу жаман эмес.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Президент кол койгон мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
* * *
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасына мамлекеттик карызын реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашууга карата 2008-жылдын 15-январында Ташкент шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
* * *
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Ташкент шаарында 2007-жылдын 2-ноябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Юридикалык жактарды каттоого өзгөртүүлөр
Өкмөт Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги юстиция министрлигинин 2003-жылдын 3-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин органдарынын юридикалык жактарды, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн катташынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругуна жана юстиция министрлигинин 2001-жылдын 25-июлундагы "Кыргыз Республикасынын расмий толук жана кыскартылган аталышына көрсөтүүлөрдү юридикалык жактардын аталыштарына кошуунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" буйругун чыгаргандыгын билдирет. Буйрук 2008-жылдын 2-июнундагы "Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөгнүндөгү" мыйзамына ылайык чыгарылган.
Р.Жетигенов