, 08.07.08 - 11-бет: Кыргызстандын ЖОЖдорунда...№50, 08.07.08-ж.
  Кыргызстандын ЖОЖдорунда 234 миң студент бар,
анын 12 пайызы бюджет эсебинен окуйт

Бүгүнкү каарманыбыз - Нурбек Эген, кинорежиссёр.
1975-жылы Ноокат районунун Кырк-Көл айлында туулган. ГИКтин бүтүрүүчүсү, бир канча Эл аралык кинофестивалдардын лауреаты. Ал жараткан тасмалар: "Келиндер", "Бир күн илгери," "Жабык космос", "Санжыра", "Сырдуу белги", "Аталар мурасы", "Тор" (Сеть)…
Дүйнөлүк аренага айылдан аттанган
Капысынан, бирок чагылгандай тез ойгонгон умтулуу
Анда мен Оштогу физикаматематика боюнча тереңдетип окуткан Уркуя Салиева атындагы мектепте окуйт элем. А кезде, балким акча санаганга тың болсун дешчүбү, айрыкча түштүктүк ата-энелер балдарын эсеп-кысап, экономика жана дагы ушул сыяктуу тармактарда окутканды каалашчу, - дейт кинорежиссёр Нурбек Эген, - Бирок канчалык жакшы бааларды алганым менен, математикага шыктуу окуучулардан анчалык деле өзгөчөлөнчү эмесмин. Эмнегедир эле бул багытка жандүйнөм төшөлбөй жаткандай, анын ордуна кандайдыр бир нерсе көкүрөгүмдү өйүп, жок издеп жүргөндөй боло берчүмүн. Өзүмдө жүргөн ошол "жогумду" бир күнү анан, капысынан таап алдым да, анын чыгармачылыкка болгон эңсөөм, умтулуум экенин билдим!

Бул мындайча башталган.
10-класста окуп жатканыбызда Ош драма театрына алып барышты. Замир Эралиевдин "Чунак жигит" деген спектакли жүрүп жаткан экен, бул күн менин турмушума болуп көрбөгөндөй өзгөрүү, бурулуш жасап жиберди! Спектаклди бир башкача ырахаттанып, жыргап көрдүм. Аябай жакты, анан ичимден: "Мен мындан да жакшы жазып коём!" - дедим. Ошентип, эки күн сайын бирден "пьеса" жазып, көрсөтө берип агай-эжейлеримди тажаттым. Баары эле мактагансып коюшат. Бир күнү анан биологиядан окуткан агай (өзү да ыр жазып жүрчү): "Нурбек, сен адегенде китеп окубайсыңбы! Анан жаз!" - деп эки-үч китепти тизмектеп жазып берди. Эми эстесем, ошол китептерди ушунчалык сугалактана окупмун. Бат эле аягына чыгып койдум. Ырас эле китептин таасири укмуш экен, баягыдай болбой ички дүйнөмдө кандайдыр, аз болсо да өзгөрүү пайда болду. Бирок "жазмакөйлүгүм" ого бетер күчөдү. Аз эле аралыкта отузга жакын "пьеса" жазып таштадым! Ошого жараша мугалимдерге эле эмес, эми режиссёрлорго да алып барчу болдум. Эң акыркы барганымда тажадыбы: "Мунуң жакшы экен, таштап кетчи!" - деди режиссёр. Сүйүнгөнүмдү айтпа! Күндө сабактан тараганда келип, театрды сыртынан акмалап кетем. "Менин афишамды илишти бекен?" - деген үмүт да. Бир жума өттү, жок, эки жума өттү, жок! Акыры чыдамым жетпей режиссерго кирип бардым да: "Эмнеге менин пьесамды койбой жатасыңар?!" - десем: "Аны борборго жөнөтөбүз, ал жакта комиссия окуйт, анан алар уруксат берсе, акча которуу маселеси каралат, анан… анан…" - деп кеминде төрт жылдык убакытты айтып таштады! Оозум ачылды: "Ту-уй! Ошончо көппү?! Анда кереги жок, өзүм коём!" "И, коё аласыңбы?!" "Коё алам!" "Кой, анда!"

Ошондогу биз, ай!
Сабакка такыр эле көөнүм чаппай калды. Эси-дартымдын баары эле - театр, сахна!.. Репетиция болчу маалдарды да билип алгам. Ыгын таба коюп эле эптеп ошол жакка чуркайм. Мени кароолчудан бери
таанып да алышкан. Унчукпай киргизип жиберишет. Керек кезде бурчтан чыга калып көшөгөнү ача коюп, жаба коюп жараматтанмай…
Бир күнү анан өзүбүз да баштадык! Сахнага таптакыр шыгы, түшүнүгү да жок "математик" балдар уялып, күлкүлөрү келип, айтор кыйынчылык менен бир жарым ай дегенде даяр болдук да, мектепке коюп бердик. Театрдан да кишилерди чакырып койгом. Соңунда театрдын админстратору "Лимонад алып ичкиле!" - деп колдорубузга акча карматты да: "Театрга да келип ойноп бербейсиңерби?" - деди. Жандилибиз менен макул болуп, 25- май - "Акыркы коңгуроо" күнү театрда койдук.

"Артист - эки тал гүлдүн кулу!.."
Ошондон көп өтпөй эле Москвага - ГИКке конкурс жарыяланды. Мектептин экзамендерин да толук тапшырбай, шашкалактап борборго келдим. Ага чейинки ызы-чууну айтпаңыз. Атам: "Артист деген эки тал гүл менен арактын кулу!" - деп тилдеп, таптакыр каршы болот ( Анткенинде да жүйөө боло турган. Талантка, анча-мынча атак-даңкка манчыркап, ичип жүргөндөр бар эле да). Апам мага болушат. Акыры апам, артист таякем, мен үчөөбүз жөнөп калдык.
Жашым болгону он алтыда. Көкүрөгүмдө болсо: "Кыйынмын!" - деген ишеним бар. Ошого жараша, Кудай жалгап өтүп да кеттим. Бирок ал жылы союз тарап кетип, ошол өткөн боюнча эле эч жакка барбай, ордубузда кала бердик… Эптеп эле Ошко барбаштын амалын издеп, Искусство институтуна келсем, режиссерлук бөлүм жок экен, актерлукка өтүп кеттим.

"Ушинтип да окутасыңарбы?!"
Андан аркысы да кызык.
Көкүрөгүмдөгү чыгармачылыкка болгон балалык, жаштык эңсөө ушунчалык күчтүү белем, бир орунга сыйбайм. Бат-бат эле мен биле элек укмуштарды билип, бир нерсе жаратып жибергим келет! Бирок, баары эле мен ойлогондой болбой чыкты. Группада эң кичүүсү мен элем. Менден кыйла улуу, отуз жаштын тегерегиндеги байке-эже студенттер да бар. Мен үчүн күлкүмүштүүсү, ошолорго да балериналардын шымын, чешкасын кийгизип, колу-буттарын чойдуруп, ары бастырып, бери бастырып атып эле сабак бүтүп калат. Акыры чыдамым кетип: "Ушинтип да окутасыңарбы? Актёр деген китеп окуш керек! Чыгармаларды талдаш керек!" - деп "тарс" жарылып кеттим. Мени анан ректорго жөнөтүштү. Ал киши да: "Алар окутпаса, өзүң окубайсыңбы!" - деп колума эки китеп карматты. Карап көрсөм тишим өтпөйт - орусча. Жарым жыл жөн эле убакыт өтүп кеткенсиди. Бир күнү анан: "Кой, мендей "серёзный" кишиге минтип жүргөн болбойт!" - деп анан киносценарий жаза баштадым.

Эки эле күндө тартылган эң биринчи "кино"
Кудай берди болуп, баягы мени таасирленткен Замир Эралиев агайды таап алдым да, андан кантип таасирленгенимди, чоо-жайымды айтып: "Мен кино тартканы жатам!" - дедим. "Эмне менен тартасың?" - деди ал. "Видеокамера менен эле тарта берем!" "Сценарийиңди көрсөтчү!.." Барактап көрдү да, камера, оператор таап берди.
Ошол кезде Бек Борбиев абдан популярдуу эле. Ошону тартмай болдум. Концерт берип жаткан кези экен, Спорт сарайынынын артында күтүп калдым. Келатат! Утурлай бастым: "Бек байке, сизди киного тартайын дедим эле", - дедим. "Жүрү!" - деп өзү алдыга басып алды. Артында келатам. "Эмне кино?" - деп сурап коёт. "Сүйүү жөнүндө!" - дейм. Ал шашкалактап кийинип, гриммденип, анда-санда ар ким менен сүйлөшүп, кээде мага: "Анан?" - деп коёт. Мен артынан жүрүп, айтып жүрөм. Кеминде бир сааттан кийин: "Канча күн тартасың?" - деди. "Эки эле күн!" "Макул. Эки айдан кийин бошойм. Гастролго кетип жатам!" - деди. Ошондон тартып эки айга чейин Ош базарында соода кылган "мен оштукмун" деген туугандардын баарынан 5-10 сомдон чогултуп, каражат топтоп, камына баштадым.
Ошентип, эки айдан кийин "Жоолукчан" деген "кино" тартып ("Ак жоолукчан" деген ыры ошол киного жазылган), 9-микрорайондогу кинотеатрда эки-үч күн катары менен койгондон кийин эле, эмнегедир…. киши келбей калды…

Улуу максат…
улуу сапар… акыбет
Замир аганы да чакырган элем, ал болсо: "Нурбек, кино тартыш үчүн окуш керек! ГИКке бар!" - деди. Ошондон кийин жазгандарымды Жыргалбек Касаболотовго орусчалаттым да: "Кандай экен?" - десем ал: "Эми жакшы эле…" - деп койду. Замир ага да окуп көрүп: "Боло берет!" - деген болду. Ошентсе да тобокел деп жазганымды конкурска жиберип, артынан өзүм да Москвага жөнөп кеттим.
Москвада таанышым да жок эле. Кароолчу болуп иштеген кыргыздарды таап алып, алар менен жашап, жүк ташуучу болуп иштеп калдым. "ГИКке окууга келгем!" - десем баары мыйыгынан күлүшөт. Анткени орусча бир сөз билбейм. Бир күнү анан орундары алмашып, орустар менен иштеп калсам болобу. Эптеп-септеп сүйлөсөм окшошуп келатат. Мына эмесе деп анан ошолор менен иштешкенге суранып, калып калдым. Дикторлорду артынан кайталайм... Ушул күндөрү анан жакшы кабар келди! Жазгандарым конкурстан өтүп, мени ГИК экзаменге чакырып жатыптыр! Эптеп сураштырып жүрүп таап бардым да, бирок менин чаңкап жүрүп жеткен эңсөөмө шар кирип барууга даабай, сыртынан аңкая карап, эки-үч ирет айланып жүрүп акыры кирдим! Бейишке, жомокко киргендей эле болдум! Ичин кыдырып жүрүп, мени күткөн жерди да таптым!
Менин тагдырыма таптакыр бурулуш жасалды! Ардактуу агайым В.И.Хатиненко мени ишенбегендей карады да: "Эгерде буларды сиз жазган болсоңуз, окууга алалы деп чечкенбиз", - деди. Бирок комиссия менин жазганымдан күмөн санады. "Орусча жакшы сүйлөй албайм", - десем шеги ого бетер ырбап: "Анда муну ким жазды?" - деди. "Мен. Бирок орусчага досум которгон", - дедим. Эл комиссиянын алдына бир дептер, калем менен кирсе, мен килтейген сумке көтөрүп кирген элем: "Сумкеңде эмне бар?" - дешти. "Орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүктөр…" Күлүп жиберишти да, Хатиненко мага суроолорду жазып берет, мен артка барып алып аны кыргызча которуп, анан өзүмдүн жообумду орусча которуп, жазып чыгам. Ошентип, экзаменге он бирде кирип, кечки алтыда, бирок студент болуп чыккам. "Контракты төлөй алсаң эле, сени окууга алдык!" - дешти мага. "Төлөйм! Атам төлөп берет!" - дедим. Айткандай эле атам машинесин сатты! Жетпей калды! Бирок багым бар экен, Россияда атамдын
окуучусу чоң бизнесмен болчу, ошол агам жарымын төлөп, студент болдум!
Ал акча, ал кубанычым бир эле жылга жетти. Бир жылдан кийин экзамендерге кирбей калдым! Анткени окуунун акысы 2 миң 500 доллардан - 5 000 долларга кымбаттап, төлөй албай калдым. А бирок окууга келип, сабактарга катышууга уруксат беришти.
В.И.Хатиненко экөөбүз отуруп алып Кыргызстанга отуздан ашык кат жаздык. Эч кимден жооп болгон жок. Кароолчу болуп иштеп жүрсөм, бир күнү элчиликтен чалып: "Майрам Дүйшөновна издеп жатат!" - дешти. Келсем ал киши айтты: "Ельцин менен келишим түздүк, ГИКте биздин студенттер бекер окумай болушту. Ошонун ичинде сен да барсың!".
"Чыныгы тасмалар..."
Ошентип, мен үчүн билим
алуу менен чыгармачылыктын эң бактылуу да, түйшүктүү да күндөрү башталды. Орусиянын жана Европанын белгилүү таланттары менен иштешүүгө, чыныгы тасмаларды жаратууга мүмкүнчүлүктөрдү таптым. Окуумду бүткүчө "Бир күн илгери", "Жабык космос", "Санжыра" аттуу үч кино тарттым, фестивалдарга катыштым. ГИКтен кийин ОРТ телеканалынын заказы менен "Келиндер" көркөм тасмасы, андан кийин "Сырдуу белги", "Аталар мурасы" ("Сундук предков") кино тасмаларым жаралды. Ушулардан топтолгон акчага, 2005-жылы бүгүн сиздер Россиянын 1-каналы аркылуу көрүп жаткан "Сеть" көп се-риялуу көркөм тасма тартылды, - дейт режиссер.
Айтмакчы, Нурбектин артист болушуна убагында атасы (өзү химия, биология мугалими) каршы болсо, баласынын билим
алуусу үчүн кийин кайра тигинтип машинесин сатып, соңку убактарда да жандилинде кубаттап келет. Ага удаа эле кийинки эки уулу да режиссёрлук кесипти тандап алышкан. Айбек - Ошто телережиссер, үчүнчүсү Бакай - ГИКтин студенти.
Эмне үчүн
Нурбек "Манастын төрөлүшүн утурлады?.."
Учурда Нурбек "Манастын
төрөлүшүн утурлап" аттуу кино тартууну максат кылып турат.
- Буга кыргыздын ар кандай курактагы, ар кандай абал-шартта жашаган тогуз адамын тандап алдым, - дейт ал тууралуу каарманыбыз, - Мен канчалаган адамдар, анын ичинде жаштар менен жолугуштум да, келечек муундарыбыздын көбүнүн эмнегедир максатсыз экендигине зээним кейиди. Бул эртеңки келечек үчүн өтө коркунучтуу! Ошондон улам, кыргыз жаштарынын демин көтөрүү максатында ушул кинону тартууга белсендим.
Режиссёрдун айтымында кино бир эле Кыргызстанда эмес, Кытайда, Түркияда, Афганистан,
Алтайда, Тажиксанда, Казакстан, Өзбекстанда тартылат.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"
СҮРӨТТӨРДӨ:
Нурбек Эген "Тор" көп сериялуу көркөм фильмди тартуу учурларынан