, 04.07.08 - 10-бет: КМШнын Бишкек саммитин утурлап...№49, 04.07.08-ж.
  КМШнын Бишкек саммитин утурлап

Эднан КАРАБАЕВ:
"Тышкы саясат тыныгуу билбейт"
Быйылкы жылдагы республикабыз үчүн чоң саясый окуя - КМШнын Бишкек саммити болуп калмакчы. Анын республикабыз үчүн саясый-экономикалык мааниси кандай?
Анан да быйыл Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы ассамблеясынын вице-төрагалыгына шайланды. Бул биздин республика үчүн кандай эл аралык маанидеги дивиденддерди бермекчи?
Акыркы мезгилде "Манас" аэропортундагы аскердик аба базасынын кеңейтилүүсү, анын республиканын түштүгүнө жайгаштырылуусунун максатка ылайыктуулугу боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Алар канчалык орундуу?
Мына ушул суроолор менен кабарчыбыз КРнын тышкы иштер министри Эднан Кара-баевге кайрылган.

- БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги 63-сессиясында Кыргыз Республикасын вице-төрагалыкка шайлашты. Бул биздин республика үчүн кандай мааниге ээ?
- Биринчиден, мындай жогорку деңгээлдеги кызмат биздин өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркынан кабар берет. Албетте, мында кадыр - баркты кандайдыр бир күч же бийлик катары кабыл албаш керек. Аброй, кадыр-барк - бул кандайдыр бир сапат, жетишкендиктерибиздин эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы. Бул жааттан алганда Кыргызстандын көрсөтө турганы, сунуштай турганы бар. Биздин жарандык коом демократиялык жаңылануулардын процессинде калыптанган, кийин демократиялык жана конституциялык реформалардын негизги катализаторуна айланды. Ошондуктан Кыргызстанда салттык жана европалык баалуулуктар симметриялык түрдө эриш-аркак иш алып барууга көмөктөшүп келишет.
Президент тарабынан көтөрүлгөн Өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясы боюнча демилгеси өзүнүн жыйынтыктарын берүүдө. Мамлекеттин бюджети эки эсеге жогорулады, айлык акы жана социалдык жөлөк пул 60%га жогорулады. Бардыгыбыз көрүп жаткандай, энергетика секторунда, тоо кен казып алуу, иштетүү, коммуникациялар тармактарында жаңылануулар, алга жылуулар болуп жатат. Бул жетишкендиктер эл аралык аренада бизге кадыр-барк, аброй алып келүүдө.
Дагы бир жагынан алганда Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы жогору баа да өзүнчө өзгөчө мааниге ээ. Бул биздин өлкө кызматташууга боло тургандыгын далилдеген өлкө экендигин, эл аралык маселелерди, мисалы, терроризм, наркозаттарга жана экологиялык кырсыктарга каршы күрөшүү маселелеринде өзүнүн салымын кошкон өлкө экендигин айгинелейт. Дегеле мындан ары өнүгүү үчүн өнөктөштүк жана мүмкүнчүлүктөрдүн чөйрөсү уламдан улам кеңейүүдө.
- КМШ өлкөлөрүнүн Бишкек саммитине карата кандай
даярдыктар көрүлүүдө?
- Даярдыктар октябрь айында Кыргызстан төрага болуп шайланган КМШ саммитинде бекитилген план боюнча жүрүп жатат. Ар бир министрлик, ведомствонун алдында өздөрүнүн милдеттери бар, алардын аткарылышы дайыма көзөмөлдө. Муну менен бирге КМШнын саммити - бул Шериктештиктин институттарынын ар кыл тармактарындагы бир жылдык иштери, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, ар кыл ведомстволордун жетекчилеринин жолугушуулары. Ушунун баары Кыргызстандын төрагалыгы менен өтөт.
Мына даярдыктар ушундай мүнөздө жүрүүдө. Саммиттин жүрүшү боюнча биз уюштуруу маселелери эле эмес (албетте, бул маселе дагы өзгөчө мааниге ээ), КМШнын өнүгүшүнүн Концепциясынын аткарылышына жана анын иш-аракеттер планынын ишке ашырылышына жооп беребиз.
- Бишкек саммитиндеги негизги маселе транспорт жана коммуникациялар тармагы боюнча экен. Бул Кыргызстан үчүн кандай мааниге ээ. Биздин өлкө үчүн пайдалуу долбоорлорго жетише алабызбы?
- Өткөн жылдын жыйынтыктары транспорт жана байланыш тармагы Кыргызстан үчүн пайдалуу экендигин көрсөттү. Бул көрүнүш биздин экономика үчүн бул тармактын канчалык маанилүү экендигинин далили. Эгерде объективдүү карасак, республикабыз транспорттук боштукта турган мезгилдеги көрүнүш. Президенттин өзү тран-спорт чөйрөсүнө өзгөчө маани берүүдө. Автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруу боюнча, авиабайланыштарды ачуу
боюнча, Европа кеңешинин аймактарында биздин авиа ташуучуларыбыздын учуусуна тыюу салууларды алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
КМШ боюнча алсак, Шериктештиктин алкактарында бирдей транспорттук мейкиндикти калыптандырууну божомолдогон Транспорттук саясаттын концепциясы кабыл алынды. Албетте, мындай мейкиндик соода маселелерин натыйжалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, Кыргызстан бирдиктүү аба мейкиндигин түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Мунун баары биздин өлкөнүн өнүгүшү, жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат.
- "Манас" аэропортундагы аскердик аба базасын кеңейтүү боюнча сөз жүрүп жатат. Мунун канчалык чындыгы бар жана мындай кеңейтүүнүн зарылчылыгы барбы?
- Бул темада республиканын жетекчилиги жана АКШнын өкүлчүлүктөрү өз пикирлерин айтып кетишкен. Башынан кеп базаны кеңейтүү эмес, кошумча инфраструктураларды калыптандыруу жөнүндө жүргөн. Бүгүнкү күнү баарын мурункудай калтыруу чечими кабыл алынды.
- Ошондой эле бул базаны республиканын түштүк тарабына көчүрүү тууралуу да айтышууда. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Базаны көчүрүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Бул айың кеп. Ал эми бул айыңды айткандар коопсуздукту камсыздоо керектигине таянса, мамлекет башчысынын чечими менен түштүккө улуттук коопсуздук системасы үчүн жоопкер мамлекеттик структуралардын көчүрүлгөндүгүн эске алышы керек. Коопсуздукка улуттун өзү, мамлекеттин өзү кам көрүп жаткандыктан улуттук коопсуздук деп аталат. Бул маселе чечилип жатат.
Маектешкен
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Аскердик интеграция да тереңдей берет
Көз карандысыз мамлекеттердин Шериктештигинин ушул жылдын 26-сентябрында Бишкекте өткөрүлө турган саммити жакындаган сайын мүчө өлкөлөрдүн министрликтеринин, ведомстволорунун өз ара биргелешип аракеттенүүлөрү да активдешүүдө. Акыркы эки айдын ичинде Бишкекте мүчө өлкөлөрдүн атайын жана коопсуздук кызматтарынын, маданият министрликтеринин жетекчилеринин жыйындары болуп өттү. Ал эми транспорт жана коммуникация министрлери сөздүн толук маанисинде ар эки айда жолугуп, саммитте каралчу маселелерди тактоого алууда.

Жакында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин (КМШ КМК) кезектеги 54-отуруму болду жана бул отурумда жыйырмадан ашык аскердик-саясый, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери каралды. Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан, Украина Республикаларынын, Россия Федерациясынын коргоо министрликтеринин жетекчилери катышышты.
Отурумдун катышуучулары Шериктеш мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнө тийиштүү болгон бир нече актуалдуу маселелерди талкууга алышты. Отурумдун жыйынтыгында КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрликтеринин оңдоо өндүрүштөрүндө курал-жарактарды жана аскердик техниканы оңдоону уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобосунун жаңы редакциясы кабыл алынды. Террорчулар аба кемесин басып алды (уурдап айдап кетти) деген маалыматты алгандан кийин КМШга мүчө мамлекеттердин аба чабуулунан коргонуу (АЧК) боюнча нөөмөтчүлөрдүн аракет кылуу тартиби жөнүндөгү жобосунун долбоору, КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аба кемелери менен болгон авиациялык окуяларды изилдөө жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусунун долбоору боюнча чечимдерди кабыл алышты.
Коргоо министрлери аскер жаатындагы интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен коргоо министрликтердин ортосунда аскердик-илимий маалыматтарды алмашуу системасын аба чабуулунан коргонуу көйгөйлөрүн изилдөө жаатында түзүү, архивдик кызматтардын өз ара аркеттенүүсүн уюштуруунун негизин бекитишти, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн сертификаттоо, метрология, стандартташтыруу жаатындагы макулдашылган саясатты жүргүзүү жана ченемдердин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу
боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуусуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярдоо чечимин кабыл алышты.
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 65 жылдыгын майрамдоого
даярдык көрүүнүн алкагында КМШга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн улуттук музейлеринин көргөзмө-конкурсун өткөрүү жөнүндөгү жобо бекитилди.
Отурумдун жүрүшүндө коргоо министрлери Координациялык комитеттин КМШ КМКнын аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча иш-аракетинин жыйынтыгын кубатташты. Анда 2010-жылга чейин КМШга мүчө мамлекеттердин аба чабуулунан коргоонун бириккен системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш чаралардын аткарылышы, 2009-жыл үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам даярдоо иш чараларынын бирдиктүү планы жана КМШга мүчө мамлекеттердин биргелешкен спорттук иш чараларынын келечектүү планы болгон.
КМШнын Коргоо министрлеринин кеңешинин отуруму иштиктүү, сый маанайда өтүп, пикир алмашуулар ачык жана сылык жүрдү. Коргоо министрлери көп тараптуу аскер жаатындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Мында белгилей кетчү нерсе, Шериктеш мамлекеттердин аскердик чөйрөсүндөгү интеграциялоо жолдорун издөөнүн маанилүү
жыйынтыктарынын бири болуп 1992-жылдын 14-февралындагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин коргоо министрлеринин кеңешинин (КМШ КМК) - Шериктештикке мүчө мамлекеттердин аскер курулушунун жана аскер саясатынын маселелери боюнча кеңештин мамлекет башчыларынын жумушчу органынын түзүлгөндүгү болуп эсептелет.
КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин Жобосуна ылайык коргоо министрлер кеңешинин мүчөлөрү болуп, бул Жобого мамлекет башчылары кол койгон Шериктеш мамлекеттердин коргоо министрлери болуп эсептелинет.
Отурумдун катышуучулары талкууланган маселелердин жыйынтыктары боюнча мааалымат жыйынын өткөрүшүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




А.Жапаров - бириккен штабдын жетекчиси
КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Бишкектеги отурумунан кийин Жамааттык коопсуздук келишиминин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өткөрүлүп, анда ЖККУнун куралдуу күчтөрүнүн бириккен штабынын жетекчисин шайлоо жөнүндө маселе каралды.
Б.Югай КРнын коргоо министринин орун басарлыгынан кеткендигине байланыштуу бириккен штабдын жетекчилигинен да бошотулуп, анын ордуна Жамааттык коопсуздук келишиминин башкы катчысы Н.Бордюжанын сунушу боюнча КРнын коргоо министринин орун басары, башкы штабдын жетекчиси болуп жакында дайындалган полковник А.Жапаров шайланды.
Бакай ЧИЛТЕГИН




Коллегиянын жыйыны
Оркойгон кемчиликтер, чечилбеген маселелер бар
Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук компьютердик гимназия таланттуу балдар менен иштөө
боюнча республикалык борбор катары милдетин кандай аткарып жатканын коллегиянын жыйынында карады.
Жыйында Президенттин жарлыгы менен 1997-жылы алдыңкы маалыматтык компьютердик технологияны өздөштүрүү жана окутуунун эл аралык стандарттарына жетишүү максатында түзүлгөн бул гимназия акыркы жылдарда таланттуу балдар менен иштешүүдө бир топ ийгиликтерге жетишип, окуучулардын окуу жана жашоо шарттарын, анын ичинде мугалимдердин иштөө шарттарын жакшырта алганы белгиленди. Бирок, таланттуу балдар менен иштешкен борбор катары ишмердигинде оркойгон кемчиликтер, чечилбеген маселелер бар. Муну министрлик түзгөн атайын комиссия аныктаган. Окуу процессинде пайдаланылган окутуу технологиясы материалдык жактан бекемделген эмес, анын үстүнө ал кадыресе мектептерде пайдаланылган технологиядан эч деле айырмаланбайт. Мугалимдердин айлыгы аздыгынан дасыккан мугалимдер бул гимназияга келип иштөөнү каалашпайт. Ошондуктан, коллегия УКГнын директоруна кызыкдар тараптар менен биргеликте жаңы
муундагы окуу пландарын жана жогорку татаалдыктагы жекече билим берүү программаларын иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле окутуунун алдыңкы технологиясын өздөштүрүү жана киргизүү боюнча иш планды иштеп чыгуулары зарыл. Муну менен катар УКГга таланттуу балдарды кабыл алуунун жаңы тартибин жана анын статусун аныктоону караган Улуттук компьютердик гимназиянын жобосуна жана уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген долбоор
даярдалууга тийиш. Албетте, УКГнын кызматкерлеринин айлык акысын жакшыртууга байланышкан сунуштар да даярдалышы керек. Ансыз атына заты төп келген ишмердикти жүргүзүү мүмкүн эмес.
Чынара АЛЫБАЕВА