• №49, 01.07.08.





Ааламга кеткен сөз кайдан башталат?
Жакындан бери редакциябызга элдин ынтымагы, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн кабатырланган окурмандарыбыз көп кайрылууда. Алардын айрымдары "Аалам" гезитинин акыркы сандарына жарык көргөн макалаларды көтөрүп келишип, ушул боюнча пикирибизди айталы дешет. "Ааламдын" жазганы боюнча азыркы бийлик орундарын жалаң Түштүктөн чыккан адамдар ээлеп алышыптыр. Басылманын кызыкчылыгына ылайык атайын тизме да берилиптир. Ушул тизмени окугандан кийин автобуста, базарларда Түндүк-Түштүк деп акыйнек айтышкандар да көбөйгөнүн редакциябызга телефон чалып айтып жатышат. Андай кайрылуу каттардын айрымдарын гезитибиздин № 44-санына ("Ынтымакты ыдыратып, бөлүп-жаргандар ооздукталабы?" деген аталыштагы ноокаттык Муктар Бостонбаевдин кайрылуусу) жарыялаган элек. Бирок, андан бери да "Аалам" басылмасы басыгын токтотпой, бөлүп-жаруу, карама-каршы коюу таскагын улантууда. Андыктан биз бүгүн редакциябызга келип түшкөн каттардын, макалалардын арасынан Б.Баймат уулунун макаласын тактык үчүн окурмандарга жеткирели дедик.

Мамлекеттин кадрдык саясаты кандай жүргүзүлүп жатат?
"Аалам" гезити а дегенде алмустактан беркини жазчу. Анан Медетбеков Шамшыбек сатып алгандан бери гезитте чоң реформа болуп өттү сыягы, андагы кадрдык тазалоодо "Ааламга" түштүктөн бирөө да батпай калганы ырас. Анан бу Шамшыке баштаган топ өз башындагы төөнү көрбөй түндүк-түштүк маселесин үзгүлтүксүз козгоп, элди экиге бөлүп-жарганы акылга сыйбайт. "Аалам" гезитинин (27.06.2008) №60-санында "Куштун кош канаты сынабы" деген аталышта бир бетти толтуруп, эч уялбай чоң кичигин аралаштыра жалаң түштүктөн чыккан мамлекеттик кызмат адамдарынын тизмесин бериптир. Тактоо иретинде биз да сиздердин назарыңыздарга азыркы учурда мамлекеттик кызматта иштеп жаткан түндүктүк азаматтардын тизмесин сунуштайлы деп турабыз. Шамшыбек Медетбеков мамлекеттик кызматта иштебей калса эле, аны жалпы түндүктүктөр иштебей калды деп түшүнүүгө болбостур. Мамлекеттин кадрдык реформасы кандай жүргүзүлүп жатканын бу тизме аркылуу байкап көрсөңүздөр болот. Эмоцияга алдырып ээлирип бараткандар болсо, бу тизмени кесип иш столуна коюп алса деле артыкбаш болбойт, улам карап жүрөгүн ылдыйлатып, канагат алып турганга. Анда көз чаптыралы:
КР Президентинин администрация башчысы Медет Садыркулов -Чүй облусу.
КР Президентинин администрация башчысынын орунбасары Замир Бекбоев - Нарын облусу.
КР Президентинин мамлекеттик кеңешчиси Токтокүчүк Мамытов -Ысык-Көл облусу.
КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов - Талас облусу.
Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча КР Президентинин атайын өкүлү Асылбек Айдаралиев - Ысык-Көл облусу.
КР Премьер-министри Игорь Чудинов - Бишкек шаары.
КР Премьер-министринин орунбасары Искендербек Айдаралиев -Талас облусу.
КР Премьер-министринин орунбасары Элмира Ибраимова - Чүй облусу.
КР Премьер-министринин аппарат жетекчиси-министр Мурат Исмаилов - Бишкек шаары.
КР Премьер-министринин аппарат жетекчисинин орун басары Мелисбек Сатыбеков - Нарын облусу.
КР Премьер-министринин кеңешчиси Султан Медеров - Бишкек шаары.
КР Премьер-министринин пресс-секретары Айбек Султангазиев - Нарын облусу.
(Уландысы 4-бетте)















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan