, 01.07.08 - 8-бет: Бишкек - Ош жолун ким курдурган?..№48, 01.07.08-ж.
  Бишкек - Ош жолун ким курдурган?

Т.Кулатовбу, И.Раззаковбу, А.Сүйөркуловбу же Т.Усубалиевби?
Биз билебиз, Төрөбай Кулатовдун кыргызга кылган кызматы, синирген эмгеги эбегейсиз чоң. Бирок Бишкек-Ош жолунун курулушу 1953-жылы башталып 1965-жылы бүткөн. Бул кездерде Төрөбай Кулатов Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы болуп иштеп турган. Мындай чоң-чоң курулуш объектилерин курдуруу ал кишинин функциясына кирген эмес. Ал эми кээ бир жолдоштор бул жолдун курулушун ошол кездеги биринчи катчы Исхак Раззаковго таандык десе, айрым бир жолдоштор 1961-жылы бийликке келген бирин-чи катчы Турдакун Усубалиевге таандык деп жазат. Бул тарыхый так маалымат эмес.
Буга чейин чоң-чоң талаш-тартыштарды жаратып келген, кандын күрөө тамырындай болгон, түндүк менен түштүктү бириктирип турган узундугу 600-чакырым Бишкек-Ош жолунун курулушу кимге таандык экенине тактоо киргизүү иретинде сөзүбүздү улантмакчыбыз. Бул жөнүндө тарыхый так маалыматтарга таянсак, Абды Сүйөркуловичти кимдер гана билбейт. Ал Бишкек-Ош жолунун курулушу тууралуу ардактуу эс алууга чыккан учурунда гезиттерибиздин бирине жазуучу-публицист Мундузбек Тентимишев менен курган суроо-жооп иретиндеги маегинде төмөндөгүлөрдү эскерет:
- Сталин менен көрүштүңүз беле?
- Ооба, көрүшкөнүм бар. 1952-жылы КПССтин XIX-съездинде тыныгуу учурунда ага жакын туруп калып сөзүн угуп калгам. Дагы бир жолу И. Раззаков экөөбүз Сталиндин кабыл алуусуна жазылсак, баланча күнү кабыл алам деп макул болуптур. Айтылган күнү келсек катчысы Поскребышев "кабыл алалбайт, ооруп жатат" деп жооп берди.
- Анда эмесе Берияга жолукканыңызды айтып берсеңиз.
Анда 1953-жылдын башы эле. Кыргызстанда койдун санын 9 миллиондон 12 миллионго жеткизебиз деген маселе каралып калды. Аны өзүбүздө чечип алып, тийиштүү документтерди алып жекшемби күнү Москвага учуп келдим. Сталин ал күнү жок экен. Сураштырсам жогорку жетекчилерден Лаврентий Берия гана ишинде олтурат дешти. Жүрөктүүлүктүү кара, жаш кезде кайраттуу болот көрүнбөйсүңбү. Берияга, сизге бир маанилүү маселе менен келдим эле дедим. Ал дароо эле какты. "Биринчи катчыңар бутун сындырып алып ишинде жок экенин билесиз, жок дегенде анын ордунда болуп турбайсыңарбы. Бул жерде кармалбай тез учуп ке-
тиңиз" деди. Мен кыйылып маанилүү маселем бар эле десем: "Эмне, кете албайсызбы, жеткизип коёлубу" деп какшыктады. "Учуп кетейин анда Лаврентий Павлович", дедим ачуусун ырбатып албайын деп. Бирок ал күнү учканым жок. Саат түнкү 11лер чамасында СССР жеңил өнөр жай министринин орун басары Чистяковдо отурсам Берия телефон чалып калды.
- Уча элексизби?
- Уча элекмин. Дагы эле андан: "Кабыл алсаңыз экен өтө маанилүү маселем бар эле", деп көшөрүп өтүнүп туруп алдым. Ошентип, түн жарымында легендарлуу Берия Кыргызстандын кой чарбасына байланыштуу маселесин карап, муну Сталин чеччү маселе экен деп өзүнө алып калды. Экинчи маселе жол маселеси эле. "Бизде 6 облуста шоссе жолу жок ушунун курулушуна жардам бериңиз. Наркы 6 миллион сом" - дедим". А эмне үчүн 6 облуска куруу керек, а эмне үчүн 5 же 4 облуска эмес?" - деп кекээр үн катты. Берияга биздеги бийик тоо шартын, өндүрүш өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдүм, макул болду. "Өзүм Булганин жана Маленковдун атынан бул сунушуңузду колдойм" деп кол коюп берди. Төбөм көккө жетип сүйүнүп жүрөм, Фрунзеге кандай келгенимди билбейм. Ал убакта, Казахстан, Өзбекстандарда да, шоссе жолу жокко эсе болчу. Ошентип Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад тарапка кеткен автожолдору оңдоло баштаган, - деди экс-премьер.
- Абды Сүйөркулович, өкмөт башчысы болуп тургандагы сиз үчүн эң башкы окуяны эске салыңызчы.
- Ырас эскертип өттүңүз. Бул узундугу 600 чакырымга созулган Фрунзе-Ош жолу жана ага байланышкан менин аздыр-көптүр салымым. 1952-жылы эле, Сталин тирүү. Төө-Ашууну тешип, Суусамыр аркылуу тезинен жол салып өтүү демилгесин көтөрсөм Исхак Раззакович күмөн санап, колдоого албай койду. Себеби Фрунзе-Ош жолунун баштагы долбоорунда каралган эмес эле. Тоннелдин мааниси абдан зор эле. Өзүң ойлоп көрчү, падышалык Россия деле дал ушул түштүк-түндүктүн татаал жол шарттынын айынан аны бир нече бөлүккө бөлүп, Ош чөлкөмүн - Ферганага, Талас тарапты - Олуя Атага, Чүй, Нарын, Ысык-Көлдү - Жети-Сууга каратып койгон эмеспи. Демек эл чарбабыздын өнүгүшүнө жолдун мааниси аябагандай чоң болчу. Бир республикада жашап, минтип эки канатка бөлүнүп калуубуз келечектин талабына жооп бербей турган иш эле. Үч жыл катары менен Фрунзе, Кара-Балта, Суусамыр, Ош автожолдорун тездетип салуу маселесин Союздун алдына коюп жүрдүк. Министрлер Советинин төрагасы Г.М. Маленковго кат жазып, болгон далилдерибизди келтирип, акыры мени кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылдым. Кабыл алды. "Георгий Максимиллианович, - дедим ага жай түшүндүрүп, биз деген чек ара республикасыбыз, түштүктө Иркештам ашуулары аркылуу Кытай менен байланышып турабыз. Жолдун жоктугунан республика экиге бөлүнүп калды. Үч республика аркылуу өткөн темир жол байланышыбыз гана бар, жардам кылып коюңуз". "Долбооруңар барбы?" - деди Маленков. "Бар, бирок ага Госстройдун төрагасы Сокольников каршы. Ал үч чакырым тоннел казып өтүүнү стратегиялык мааниге ээ эмес, мал айдап өтүү үчүн гана жасалып жатат деп эсептейт. Биз ага макул эмеспиз" - дедим. Маленков жардамчысын чакырды. "Үч күндөн кийин атайын кеңешме өткөрөлү, тийиштүү кишилерди чакырыңыз" деп табыштады. Төө-Ашуу тоннелинин сметалык наркы 200 миллион сомго эсептелген. Чынында мындай чыгымды Кыргызстан өзү жалгыз көтөрө албайт болчу. Эмне болор экен деп бушайман абалда жүрсөм, Кудай жалгап мейманкананын оозунан Орто-Азия аскер округунун командачасы
И.П. Петров жолугуп калбаспы. "Мен силерди колдойм, кеңешмеге мени дагы чакыргыла",- деп көңүлүмдү жайлантып койду. Аталган күнү күткөндөй эле Госстройдун төрагасы долбоорубузга каршы болуп: "Мал айдап өтчү жол үчүн мынча чыгымга баруунун зарылчылыгы жок, бул жетик иштелбеген сунуш" деп чыкты. Ошондо И.П. Петров ордунан туруп, жолдун аскердик стратегиялык маанисин түшүндүрүп бергенде Маленков биз тарапка өттү. Эми жумушчу күчүн кайдан алабыз деген суроону койду. "Ички иштер кызматынын аскерлеринен бердириңиз" деди командачы. Маленков дароо Л. Берияга телефон чалып, анын макулдугун алды. Ошентип көптөн бери чечилбей жүргөн республиканын тагдырына тиешеси бар тарыхый максатка жол ачып келгенбиз. Фрунзе-Ош жолу 1965-жылы курулуп бүттү. Анын курулушуна катышканым үчүн өзүмдү аябагандай бактылуу сезем. Төө-Ашуу тоннели менин замандаштарымдын кыргыз элине калтырган аманаты. Аны элибиздин биримдиги, экономикалык бакубат турмушу үчүн көздүн карегиндей сактай көргүлө" - деп сөзүн бүтүрдү".
Мына өзүңүздөр күбө болгондой жогорудагы суроо-жооп иретинде берилген маалыматтар Абды Сүйөркуловичтин өз оозунан жазылып алынган так маалыматтар. Бир убактарда тарыхыбыз үчүн керек болуп калар деген максат менен бул улуу инсан менен атайын маек куруп кассетага жаздырып калганы үчүн Мундузбек Тентимишевге окурмандардын атынан чоң ыраазычылык билдиребиз. Кайрадан сөз учугун улап Сталин башында, Берия кашында турган катаал бийликтин, катаал заманында Москвага 3-4 жыл тынбай каттап, жеген кагуусуна ызаланып таштап койбой, баштаган ишин аягына чейин чыгарып, өзү башкы демилгечи катары замандаштары менен бирдикте Бишкек-Ош жолун 3 чакырым тоннели менен кошуп, артында калган урпактарына аманат катары таштап кеткен турбайбы. Жогорудагы ат көтөргүс эмгектерине карабай, акыркы 15-20 жылдардын ичинде жасаган эмгеги эле эмес, аты да аталбай калды. Айтсак Исхак Раззаков Кыргызстанга 1-катчы болуп дайындалган күндөн баштап, 10 жылга жакын аралыкта ортон колдой болгон үч азаматыбыз: Исхак Раззаков - 1-катчы, Абды Сүйөркулов - Совминдин төрагасы, Төрөбай Кулатов - Жогорку Кеңештин президиумунун төрагасы болуп иштеп келишкен. Анан кантип эле Абды Сүйөркуловичтин эмгеги унутулуп калышы мүмкүн.
Бул киши менен иштешип калган замандаштарыбыздын айткандарына караганда Кудай берген акыл-эси, табият берген нукура манаптыгы, кыргыз элинин санжырасын жик-жикке бөлүп, ата-жотосуна чейин так айта билген чоң санжырачы катары башкалардан айырмаланып турар эле дешет. Эми эмне демекчибиз. Аягында калкыбызга айтарыбыз, Кыргыз Өкмөтү, парламент жана жалпы коомчулук биригип, көзү өтүп кеткен улуу инсандын арбагы ыраазы болгудай кылып замандаштарынын катарына Абды Сүйөркуловичтин да айкелин тургузуп, анан Бишкек-Ош жолуна Абды Сүйөркуловичтин атын берсе, кыргыз эли Кыргыз Өкмөтүнө чоң ыраазычылык билдирер эле.
Ардагерлердин атынан даярдаган Бекботоев Сарым, Жалал-Абад шаары

РЕДАКЦИЯДАН: Албетте, Бишкек-Ош жолунун курулушун бир эле инсанга таандык катары маселе көтөргөн автордун пикирин урматтайбыз. Бирок, стратегиялык бул жолдун курулушу үчүн ошол кездеги республиканын башка жетекчилеринин да салымдары, ээлеген орду бар экени кашкайган чындык экени талашсыз.




  Айылда акысыз жардам арбууда

99 бала бакчага эмеректер,
49 мектепке 133,5 млн.сом
Москва районундагы Садовое айылындагы "Солнышко" балдар бакчасына 2 муздаткыч, балдар жатып уктай турган эмеректер, болоттон жасалган идиш-аяктар, балдардын акыл-эсин өнүктүрө турган комплекттер жана оюнчуктар жеткирилип, мотурайган бөбөктөрдү абдан сүйүнттү. Аларды сатып алууга "Жалпыга билим берүү" программасын тездетип ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча Каталитикалык фонддун (EFA-FTI) гранты жумшалды.
Ал эми бул билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Айылдык билим берүү" долбоору тарабынан ишке ашырылып жатат. "Солнышко" балдар бакчасынын жетекчиси Л. Полтавцева ыраазылыгын жашыра албай: " Көп жылдан бери мындай буюмдарга аябай муктаж болуп келдик эле. Бул татынакай буюмдарды, оюнчуктарды көрүп терибизге батпай сүйүнүп жатабыз",- деди.
Биринчилерден болуп мындай жардамга Баткен облусу ээ болгон эле. Облуска жалпы баасы 5 млн.сомдук балдар уктай турган эмеректер жеткирилген. Учурда ал аталган аймактын 28 мектепке
чейинки мекемелерине бөлүштүрүлүүдө. Нарын облусу жалпы баасы 3,5 млн.сомдук керебеттер менен шкафтарды алышты. Ал эми Чүй облусундагы мектепке чейинки 47 мекеме жалпы баасы 11,5 млн.сомдук балдар жата турган эмеректер менен жабдылат. Аталган жардамдардын жалпы суммасы - 20 млн.сом. Жалпысынан айтканда үч облустагы 99 мектепке чейинки мамлекеттик мекемелерге ушундай эмеректер тартууланат.
Мындан тышкары ушул гранттын алкагында аталган үч облустун 49 мектебинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталды. Алардын катарында Москва районунун Петровка, Кепер-Арык айыл өкмөттөрүнүн орто мектептери да бар. Бул жердеги мектептер тээ илгери курулса да 27 жылдан бери бир да жолу ремонт жасалбаптыр. Эми ушул мектептердин чатырын жаап бекемдөө, бетондоо, шыбоо ж.б. оңдоо-курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Маселен, Петровка айылындагы мектеп 300 орунга
ылайыкташтырылган менен мында 691 окуучу окуйт. Бул ыңгайсыздыкка имараттын урачудай болгон абалы кошул-ташыл болуп келген. Эми Каталитикалык фонд бөлгөн 2,7 млн.сомдун эсебинен мектеп толук оңдоодон өткөрүлөт.Ушундай эле иш-аракеттер Кепер-Арык айыл өкмөтүнүн Будёный атындагы орто мектебинде жүргүзүлүүдө.
Ал эми жаңы окуу жылынын башталышына карата жогоруда аталган үч облустун 99 бала бакчасына окуу эмеректери: парталар, китеп коюлуучу шкафтар, класстык такталар, мугалимдердин столдору жана отургучтар жеткирилип берилет. Бул эле эмес демекчи, үч облустагы баштапкы мектептерге, 300 билим берүү мекемесине окуу жана ашкана эмеректери берилет. Негизи эле ушул гранттын алкагында Баткен, Нарын жана Чүй облустарынын 49 мектебинде оңдоп-калыбына келтирүү иштери башталды. Ага 133,5 млн. сом бөлүнүүдө. Анын аркасында жаңы окуу жылында окуучулар жаркырата оңдолуп, сырдалган, эмеректери жаңырган класстарда окуп калышмакчы.
Чынара АЛЫБАЕВА