, 01.07.08 - 5-бет: 7 миллионго жакын америкалыктар...№48, 01.07.08-ж.
 7 миллионго жакын америкалыктар
өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет

Кыргызстан БУУнун комиссиясында төрагалык кылат
Кечээ республиканын тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Аскат Бешимовдун Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Европалык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аткаруучу катчысынын орун басары Паоло Гаронна менен жолугушуусу болду.Тараптар Кыргызстанда ЕЭКтин биргелешкен өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндөгү сунушту талкуулашты. ЕЭКтин өкүлү кыргыз тарапка Кыргызстандын 2009-жылы бул комиссияда төрагалык кылышынын мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды. Кыргыз тарап БУУнун ЕЭК менен өз ара пайдалуу маселелер боюнча жигердүү кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди.

ОБСЕнин иштеп
жаткан төрагасы Бишкекке келди
ОБСЕнин иштеп жаткан төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубба башчылык кылган Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун делегациясы Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Кыргызстандын ТИМинин билдиргенине караганда иш сапар ОБСЕнин иштеп жаткан төрагасынын уюмга мүчө өлкөлөргө жыл сайын келишинин чектеринде ишке ашырылууда. А.Стубба Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев, тышкы иштер министри Эднан Карабаев жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.
Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандын ОБСЕ менен кызматташтыгынын деңгээли жана келечектери, өз ара аракеттенүүнүн ар кандай багыттары боюнча бир катар долбоорлорду жана мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу болот.

Өрүк, өрүк дегенде кызыл өрүк
Баткен облусу өзүнүн өзгөчө өрүктөрү менен да атагы алыска маалым болуп келет. Бүгүнкү күндө өрүк мурдагы жылдарга салыштырмалуу мол болуп, учурда түшүмдү жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө.
Азыр өрүктүн килограммы 14 сомдон сатылууда. Учурда эрте бышчу 500 тонна өрүк сатылды. Кошумчалай кетчү нерсе, буга чейин облустун дыйкан-багбандары 3 жыл мурда өрүктөн 600 миллион сом киреше алып келишкен. Ал эми быйылкы жылы экономисттердин болжолунда облус элинин кирешеси 900 миллион сомго жетери айтылууда. Баткендин байлыгы болгон өрүк жемишин облустагы соода муниципалдык ишканасы жана жеке ишкерлер сатып алып, сыртка ташууда.

Башкысы - сапатын арттыруу
"Ак Жол" элдик партиясынын Талас облустук бөлүмүнүн жыйыны өткөрүлүп, аталган партиянын облустук бөлүмүнүн координатору Ж.Туржанов тогуз ай ичинде партия тарабынан аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Андан соң баяндаманы талкулоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Г.Куликова мурдагы бийликтин учурундагыдай партияга мүчөлүккө мажбурлап киргизбестен, алардын идеялык көз караштарына маани берип, партиянын курамын сапаттык жактан толуктоого көңүл бурууга чакырды. Э.Назаралиев "Ак Жол" партиясынан шайланган депутаттар жер-жерлердеги элет жерине байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүү боюнча жигердүү аракеттерин көрсөтүшсө болор эле деген оюн билдирди.
Жыйындын соңунда партиянын активдүү мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин ыраазычылык каттары, "Ак Жол" партиясынын жана Талас облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Орусия биринчи телеканалы
кыргыз тасмасын көрсөтөт
Нурбек Эгендин "Сеть" аттуу көп сериялуу тасмасы бүгүндөн тарта көрсөтүлө баштамакчы. Хакерлер же компьютердик бузукулар тууралуу бул фильмге орусиянын бир топ белгилүү актерлору тартылган. 12 сериядан турган бул фильм 8 айда тартылып, ага 2,5 миллион доллар сарпталган. Нурбек Эгендин "Аталар керээзи" аттуу алгачкы көркөм тасмасы эл аралык бир катар кинофестивалдарда ар кандай сыйлыктарга татыганы белгилүү.

ТЭЦ карызын төлөбөсө, бишкектиктер муздак суусуз калат
"Бишкек ТЭЦи карыздарын төлөмөйүнчө Бишкек шаарына муздак суу берилбейт" - деп билдирди "Бишкексуу каналы" ишканасынан. Жер астынан суу сордурган насосторду жана калган бардык жабдууларды мезгили менен оңдоп турууга каражат керек. Бирок, ТЭЦтин жетекчилиги зарыл каражатты бербей жатат. Ушуга байланыштуу резервуарларда суу түгөнүшү мүмкүн жана жыйынтыгында Бишкекке суу берүү токтотулмакчы.

Кыргыз артисине - жогорку сыйлык
Екатеринбургда өткөн эл аралык "Коляда-PLAYS" театралдык фестивалында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турганбүбү Бообекова "Кымбатым" аттуу моноспектаклинде ойногон ролу менен "Аялдардын эң мыкты ролу" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу спектаклдин режиссеру Шамил Дыйканбаев билдирди.
Анын айтымында, бир саатка созулган сценада жалгыз ролду аткаруу менен Т.Бообекова күйөрмандардан тартып, сынчылардын эң жогорку баасына татыган. "Кымбатым" аттуу моноспектаклде Т.Бообекова таштап кеткен баласынын жоругуна, кылган кадамына түшүнбөгөн эненин ролун аткарган. Спектаклдин аякташы менен толгон-токой суроолор, жакшы сын-пикирлер айтылган.
Фестивалга Россиянын эң мыкты 26 театрынан тышкары, Украина, Англия, Финляндия ж.б. мамлекеттердин алдыңкы театрлары катышкан. Буга чейин фестиваль 1994-жылы өткөрүлгөн.

Аскердик полигон башчысы камалды
Ош шаардык соту Коргоо министрлигинин түштүк аскер тобуна караштуу окуу-машыгуу борборунун башчысы Исмаилжан Махаматалиевди камоого санкция берди. 27 жаштагы капитан Махаматалиев кызматтык милдетине шалаакы мамиле жасап, бир нече адамды өлүмгө дуушарланткан деп айыпталууда. Коргоо министрлигинин өкүлү болсо тергөөчүнүн айыбын четке кагууда.

Алыска баруучулар - айланма жол менен
Бишкек-Кемин автожолу менен түз өтүүчү транзиттик жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалар эми мындан ары Бишкек-Кант-Токмок-Кемин айланма автожолу менен ары-бери каттай турган болду. Мындай чечим жол кыймылынын коопсуздугун жана жолдун автоунааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Жол кыймылын жогорудагыдай кылып өзгөртүү республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды деле талап кылбайт.

Жергиликтүү соодагерлер кытайлык ишкерлерге нааразы
Ош облусундагы Карасуу базарынын соодагерлери Кытай жарандарынын ишкерлик кылуусуна чектөө коюуну, керек болсо бардыгын депортациялоону өтүнүп бийликке Кайрылуу жолдошту. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар жана Кытайдын Оштогу өкүлчүлүгү талаптын жүйөөсүздүгүн белгилешүүдө.

Айтматовдун жаркын элесине арналды
Баткен облустук музыкалык-драма театрында Ч.Айтматовдун "Бетме-бет" повестинин негизинде режиссёр Каныбек Дүйшөналиев койгон спектакль болду. Ал залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды. Спектаклге жалпы эле Ч.Айтматовдун талантына таазим эткендер чакырылды.
Театрдын директору, Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун айтымында, "Айтматовдун жылы" деп жарыяланган бул жылы Баткен облустук мамлекеттик музыкалык-драма театрынын чыгармачыл жамааты Улуу жазуучунун 80 жылдык юбилейин белгилөөгө чоң даярдык менен камылга көрүшкөн.

Чегарадан мыйзамсыз өтүштү
Өзбекстандын аскер кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районундагы Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Барак айылынын аймагынан коммерсанттар түшкөн автоунааны кубалашып, Кыргызстандын чегарасынан мыйзамсыз өтүшкөн.
Милициянын билдиргенине караганда, аскердик кийимчен Өзбек Республикасынын белгисиз аскер кызматкерлери "Деу-дамас" маркасындагы автоунаа менен Өзбекстандын эки жараны отуруп бараткан ушундай эле маркадагы автоунааны кууп жөнөшкөн. Алдын-ала болжолдоолор боюнча коммерсанттар 20 мүшөк күрүч алып баратышкан. Мыйзамсыз өткөндөрдү токтотуу максатында асманга ок атылган.

Жабыр тарткандарга жардам
Москванын өкмөтү январда жер титирөөдөн жапа чеккен Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөткөн. Гуманитардык жардамга азык-түлүктөр, өтө керектелүүчү буюм-тайымдар, палаткалар, кичине балдардын кийимдери, эмеректер, жылыткычтар жөнөтүлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 113 тоннадан ашуун.

Зимбабве президенти ант берди
Роберт Мугабе өлкөнү башкаруу мөөнөтүн дагы беш жылга узартты. Анын алдында Зимбабвенин бийлик өкүлдөрү президенттикке жападан жалгыз талапкер Мугабе шайлоочулардын сексен беш пайыздан ашуун добушун алганын кабарлашкан. Оппозиция лидери Морган Цвангираи шайлоо мыйзамсыз өткөнүн белгилөөдө. Ал бийликтин кысмагынан улам шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткан. АКШ мамлекеттик катчысы Кондализа Райс болсо дүйнөнүн ири өлкөлөрүн Зимбабвеге карата катаал чараларды көрүүгө чакырды.

Негиздүү күнөө коюлду
Россиянын тышкы иштер министрлиги полномочиесин жогорулаткандыгы үчүн БУУнун башкы катчысына күнөө койду. Анын билдирүүсүндө Косоводо БУУнун миссиясын карап чыгуу боюнча БУУнун башкы катчысынын сунушу бул крайда эл аралык жарандык катышууну камсыз кылуу боюнча өзүнүн полномочиесинин чегинен чыгып кеткен.

Мусулмандар каттоодон өтүшөт
Үстүбүздөгү жылдын жай айларында америкалык социологдор менен укук коргоочулар АКШда жашашкан мусулмандарды каттоодон өткөрүүнү ойлошууда. Бир караганда жөнөкөй көрүнгөндүгү менен иш жүзүндө так маалыматты чогултуу татаал болоору шексиз. Расмий маалыматтарга караганда учурда мусулмандар АКШнын калкынын 0,6%ын түзөт. Кызыктуусу, 7 миллионго жакын америкалыктар өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет.

Көп улуттардын көйгөйү бир
Ханты-Мансийскиде финн-угор элдеринин V Бүткүл дүйнөлүк конгресси болуп өттү. Анын ачылыш аземине Россиянын Президенти Дмитрий Медведев катышты. Конгресс "Иденттүүлүк жана өзгөрүлмө дүйнө" аттуу ураандын астында өттү. Форумдун ишинде этносаясат жана укук, тил жана билим берүү, ден соолук, маданият, демография жана үй-бүлө өңдүү маселелерди талкуулоого негизги көңүл бурулду.

ОБСЕнин төрагасы чоң роль ойнойт
2010-жылы Казакстан ОБСЕнин төрагасы болуп этникалар аралык проблемаларды чечүүдө чоң роль ойношу мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Марат Таажин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин ОБСЕнин аз улуттардын иштери боюнча жогорку комиссары Кнут Воллобек билдирди.

"Кабар", "АКИпресс" агенттиктери, "Азаттык" радиосу
жана интернет булактары боюнча даярдалды.