, 01.07.08 - 3-бет: Токтогул суу сактагычынан суунун 60%ы жайында, 40%ы кышында агызылууга тийиш...№48, 01.07.08-ж.
  Токтогул суу сактагычынан суунун 60%ы жайында,
40%ы кышында агызылууга тийиш

Кызматташтык программасынын иши ийгиликтүү
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев БУУнун Башкы катчысынын атайын элчиси, Борбордук Азияда алдын-ала эскертүү дипломатиясы боюнча Аймактык борбордун директору Мирослав Енча мырзаны кабыл алды.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстан менен БУУнун маселелердин кеңири чөйрөсүндөгү, анын ичинде азыркы мезгилдеги чакырыктар жана коркунучтар боюнча кызматташтыктын маанилүүлүгүн, андан тышкары Президент 2005-жылдан 2010-жылга чейинки ПРООНдун кызматташтык программасын ишке ашыруу ийгиликтүү өтүп жатканын белгиледи. "Санкт-Петербург шаарында ушул айдын башында болуп өткөн Эларалык экономикалык форумда Кыргызстан глобалдуу экономикалык программаны түзүү демилгесин көтөрдү. Азык-түлүккө жана энергобулактарга баанын өсүшү менен байланыштуу, бардык өлкөлөр өзүндө анын терс таасирин сезип, дүйнөлүк экономикада проблемалар пайда болуп жатканда, бул программа БУУнун алдында, анын жетекчилигинде аракеттенүүсү керек", - деп белгиледи К.Бакиев.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы көмүлгөн уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу маселелерине токтолуп, көптөн бери бул маселе айланасында болгон сүйлөшүүлөр аягына чейин чыкпай келе жаткандыгын белгиледи.
Президент ошондой эле, Кыргызстандын кээ бир демилгелерин колдогондугу, атап айтканда 20-февраль Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү деп белгиленгендиги үчүн БУУга ыраазычылык билдирди. Андан тышкары мамлекет башчысы, Кыргызстан штаб-квартирасы Ашгабат шаарында жайгаша турган Борбордук Азия үчүн алдын- ала эскертүү дипломатиясы боюнча Аймактык борборунун түзүлүшү тууралуу чечимди толук колдой тургандыгын жана бул Борбордун эларалык терроризм, экстремизм, наркосоода менен күрөшүүдө өз салымын кошо тургандыгына ишенгендигин билдирди.
Мирослав Енча мырза өз сөзүндө, Борбордук Азия үчүн алдын-ала эскертүү дипломатиясы боюнча Аймактык борбор аймактагы өлкөлөрдүн колдоосу менен түзүлгөндүгүн жана бул Борбордун ишинин ийгиликтүү болушу көпчүлүк учурда бул өлкөлөрдүн мамилелерине жана көз караштарына байланыштуу экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия үчүн алдын-ала эскертүү дипломатиясы
боюнча Аймактык борбордун жана башка эл аралык уюмдардын чегинде кызматташтык жана эки тарапка тең пайдалуу арекеттерди көрүү маселелери талкууланды.
* * *
Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана Борбордук Азияда алдын-ала эскертүү дипломатиясы боюнча Аймактык борбордун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрү-
шүндө тараптар Борбордук Азия аймагында суу ресурстарын рационалдуу жана өз ара ыңгайлуу пайдалануу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакырыктар менен коркунучтардын алдын алуу жана эскертүү маселелерин, калдыктарды сактоочу жайлардын проблемаларын тал-куулашты.
И.Чудинов өлкөдөгү азыркы экономикалык кырдаал жөнүндө баяндап, бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле өлкөбүз да баанын өсүшүнө, инфляциянын деңгээлине туш болгондугун белгиледи. И.Чудиновдун айтымында Кыргызстан жетиштүү ачык экономикалуу өлкө болгондуктан, инфляциянын негизги үлүшү импорттоого таандык. Күйүүчү-майлоочу майлардын жана азык-түлүктөрдүн импортунун арбын көлөмү өз
таасирин тийгизүүдө.
Аймактык кызматташуу маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө И.Чудинов Борбордук Азиядагы алдын-ала эскертүү дипломатиясы боюнча Аймактык борбор суу ресурстарын пайдалануу маселесин оң чечүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын белгиледи. Өкмөт башчысынын айтымында, Кыргызстан суу-энергетикалык маселелерде толугу менен эл аралык нормаларга таянат. Буга ылайык өлкө Нарын дайрасынын төмөнкү агымы боюнча суунун жалпы көлөмүнүн 50%ын алууга тийиш.
Биздин суудан коңшу өлкөлөр да пайдаланары белгилүү. Мына ошондуктан Токтогул суу сактагычынан сууну коё берүүнүн эрежеси сакталууга тийиш. Суунун 60%ы жайында, 40%ы кышында агызылууга тийиш. Өкмөт башчысынын айтымында бул маселе жөнөкөй эмес, мына ошондуктан эл аралык эксперттердин катышуусу зарыл.
Жолугушуунун жүрүшүндө калдыктарды сактоочу жайлардын туудурган коркунучтарынын алдын алуу маселелери да талкууланды. Андан кийин тараптар Ооганстандагы кырдаалга көңүл бурушту. И.Чудинов Кыргызстандын ооган экономикасын калыбына келтирүүгө катышууга даяр экендигин билдирди.
М.АЛАГУШЕВ,
Сүрөттөрүн тарткандар
Э.БОЛЖУРОВ, С.АЙЫЛЧИЕВ



Сапардын жыйынтыгы боюнча тапшырма
30-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудиновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө
мамлекет башчысы өзүнүн Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча И. Чудиновго конкреттүү тапшырмаларды берди. Атап айтканда, Ат-Башы
ГЭСинин жумушчуларынын негизин ГЭСке жакын турган айылдардын тургундары түзөөрүн, алардын арасында жумушчулардын династиясы калыптангандыгын белгиледи. Алар айылды таза суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрүшкөндүгүн айтып, мамлекет башчысы Премьер-министрге аталган проблеманы чечүүгө тапшырма берди. Ошондой эле Президент, Игорь Чудиновго пландалган облустун ичиндеги жолдордун ремонтун жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө И.Чудинов мамлекет башчысы тарабынан мурда коюлган тапшырмалардын аткарылышы тууралуу Президентке маалымат берди.
М.САНЖАРБЕКОВ



Бийлик бутактары өз ара тыгыз иштешүүсү зарыл
30-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Президентинин администрациясынын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы өзүнүн Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын негизги жыйынтыктарына кыскача токтолду. Президент, Нарын шаарынын борбордук аянтында бир нече миң кишилердин катышуусунда болуп өткөн жолугушуу ачык жана маанилүү болгондугун белгиледи. Жергиликтүү жашоочулар өз сөздөрүндө негизинен жол ремонтуна, социалдык объекттердин, анын ичинде мектеп, ФАП жана башка курулуштарга байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Президент элден түшкөн кайрылууларды карап чыгып, текшерилишин жана көрүлгөн чаралар боюнча маалымдоосун тапшырды.
Ошондой эле мамлекет башчысы, бийликтин борбордук органдары мамлекеттик саясаттын жер-жерлерде ишке ашырылышы үчүн губернаторлор менен акимдерге ар тараптуу колдоо жана жардам бериши керектигин белгилеп, "Бийликтин жергиликтүү органдары жергиликтүү элдин чечүүнү талап кылган маселелерин ичинен билишет. Алар түздөн-түз тиешелүү чараларды көрүшү керек. Бул багытта бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары тыгыз иштешүүсү керек", - деди К. Бакиев.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле, кээ бир маселелер талкууланды.
Д.ЧОЛПОНБАЕВ




Терс көрүнүштөргө жол бербөө -жетекчилердин милдети
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун катышуусунда Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын кеңейтилген коллегиясы болуп өттү.
Коллегиянын ишине КРнын билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова, КРнын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө КРнын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын демилгеси боюнча диний жана миграциялык маселелер, ошондой эле жарандыкты алуу жаатындагы проблемалар жана кылмыштуулуктун абалы тууралуу маселелер каралды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы И.Исаков мындагы проблемалар улуттук мыйзамдардын талаптарын түздөн-түз аткарбоодон жана сактабагандыктан улам келип чыгып жатат деп белгиледи. "Мамлекеттик органдар жана жетекчи кызматкерлер терс көрүнүштөрдүн жаралышынын себептерин изилдеп, тиешелүү багыттар боюнча жөн гана статистикалык маалыматтарды берип тим болбостон, конкреттүү чараларды кабыл алууга өтүү керек", - деди И.Исаков.
Назира Керимова




Агенттикке жаңы жетекчи
30-июнда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу коррупциянын алдын-алуу боюнча улуттук агенттикке барып, анын жамаатына КРнын Президентинин жарлыгы менен дайындалган жаңы комиссар - Садыр Жапаровду тааныштырды.
Жаңы комиссарды жамаатына тааныштырып жатып Мамкатчы С.Жапаровдун өмүр баянына жана эмгек жолуна кыскача токтолуп өттү.
Агенттиктин мурдагы комиссары Р.Эралиев сөз алып, бир жарым жыл бирге иштеген жамаатына ыраазычылык билдирди. "Менин кызмат ордумдан бошотуп коюуну сураган арызымды кабыл алгандыгы үчүн КРнын Президентине ыраазычылык билдирем. Арыз жазуумдун себеби, ден соолугумду чыңдоо керек болду", - деп айтты.
Д.АЛТЫНБЕКОВ




Эрдик менен эмгектин баасы бар
30-июнда Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына ыйлайык, адамдарды сактап калуу учурунда жасаган тайманбас жана чечкиндүү аракеттери үчүн Кыргызстан кинематографисттер Союзунун мүчөсү, Кыргызстандын жаш кинематографисттер бирикмесинин президенти Болотов Нурбек "Эрдик" медалы менен сыйланды.
30-июнда Президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин бир топ кызматкерлерин каржы-экономикалык ишке сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Сыйлыкка татыктуу болгондор:
Абдыкаимов Октябрь, комитеттин ири салык төлөөчүлөргө контролдук кылуу боюнча башкармасынын начальниги; Ахунбаева Патыля, комитетинин Таш-Көмүр шаары боюнча башкармасынын уюштуруу-усулдук жана талдоо иштер бөлүмүнүн начальниги; Кан Ирина, комитеттин апелляцияларды карап чыгуу боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору; Мамбетшаева Бурулкан, комитеттин кирешелер башкармасынын салык төлөмдөрүнүн эсеби жана статистикасы бөлүмүнүн начальниги; Токтосунов Мамасадык, комитеттин Ош шаары боюнча башкармасынын салык карыздары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги; Шаршенов Аскарбек, комитеттин Чүй облусунун Москва району боюнча башкармасынын начальнигинин орунбасары.
30-июнда Президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир топ кызматкерлерин жаратылыш кырсыктарынын алдын-алууга жана алардын залакасын жоюуга жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Сыйлыкка татыктуу болгондор:
Дүйшөмбиев Темирбек, министрликке караштуу Бишкек шаарындагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармасынын өрткө каршы аскерлештирилген №3 бөлүгүнүн кароолунун начальниги; Жунусов Абдыкадыр, министрликтин Аскерлерди жана күчтөрдү даярдоо башкармасынын начальниги; Нурманбетов Сталбек, министрликтин Бишкек шаарындагы куткаруу кызматынын куткаруучулар тобунун командири; Садабаева Чынара , министрликке караштуу өнөр жайдын коопсуздугуна көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын тоо-кен жана кен эмес өндүрүштөрдөгү көзөмөл боюнча бөлүмүнүн мамлекеттик кен-техникалык инспектору; Шабалина Любовь, министрликтин өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана жоюу департаментинин өндүрүш жана долбоорлорду турмушка ашыруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары.