, 01.07.08 - 12-бет: Наркомандарды мажбурлап ..№48, 01.07.08-ж.
  Наркомандарды мажбурлап дарылаганга медиктердин
укугу да, мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү экен

Өткөрүп берүү тастыкталган эмес
Гезиттин 2008-жылдын 5-майындагы № 32 санына жарыяланган "Ишкерлерге бут тоскон айыл өкмөт башчы өзү ким?" деген макалада Узун-Кыр айыл өкмөтү тарабынан жерди бөлүп берүү чечими берилбей жаткандыгынын себеби аныкталды. Ал "Би-Старт" ЖЧКсы менен "Алга" АЧКсынын ортосундагы үлүш эсебиндеги имараттар менен курулуштарды өткөрүп берүү нотариалдык жактан бекитилген эмес. Эки чарбанын ортосундагы келишимдин анык экени тууралуу 2008-жылдын 28-апрелинде Чүй облустук сотуна кайрылышкан.
Бул иш азыр токтотулган. Себеби, Г.С.Айдарбеков "Алга" АЧКсындагы өзүнүн мүлкүн бөлүп берүү боюнча Ысык-Ата райондук сотуна кайрылган. Райондук сот 2007-жылдын 29-январындагы чечиминин негизинде "Алга" АЧКсындагы мүлккө арест койгон. Бул иш каралгандан кийин гана эки чарбанын ортосундагы келишим нотариалдык жактан аныкталат. Натыйжада айыл өкмөтү мүлк үлүштөрдүн эсебинен берилген имараттар менен курулуштар жайгашкан жерлерди бөлүп берүү боюнча чечимин чыгарат. Андан кийин гана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы кыймылсыз мүлккө справкаларды жана техникалык паспортторду бере алат.
Жогоруда айтылгандай, сот иши аяктагандан кийин жыйынтыгы билинет.
А.БАЙМОНКОЕВ,
Чүй облусунун мамлекеттик
администрациясынын аппарат жетекчиси




Козголгон сунуштар туура
Мен өзүм журналист болгондугумдан "Кыргыз Туусу" гезитин үзбөй окуймун. Анткени, ал кыргыз элинин төл гезити. Калктын калың катмарына терең сиңип калган маалымат каражаттарынын эң күчтүүсү.
Жакындан бери ушул гезиттин беттеринен журна-листтер Турду Жыргалбеков, Папан Дүйшөнбаев, Ажымукан Түркмөнов жазган макалаларында Бишкек
шаарындагы айрым райондорго биздин белгилүү инсандарыбыз Турдакун Усубалиевдин, Апсамат Масалиевдин, Чыңгыз Айтматовдун ысымдарын берүү жөнүндөгү сунуштарын, маселелерин козгошкон. Бул макалаларды окугандан кийин менин да ар-намысым, делебем козголду.
Аты аталган журналисттерибиз, окумуштууларыбыз туура маселелерди көтөрүп чыгышкан. Эмне үчүн өз намысыбызды коргобой, баалабай туруп, башка бирөөлөргө жан тартабыз. Же биздин аталган инсандарыбыздын эмгеги, урматы, элдүүлүгү, камкордугу алардан кем бекен? Жок, кем эмес. Ашса ашат, алардын жүргүзгөн иштеринин натыйжасы далилдеп турбайбы. Кимдин кандай экенин коомдун, элдин баалашы тарыхый чындык экендиги анык.
Айталы, Турдакун Усубалиевдин Кыргызстандын Компартиясынын биринчи катчысы болуп жыйырма беш жылга жакын эле кандай сонун иштегендигинин өзү күбө да. Бир республиканы мынча убакыт башкаруу, өлкөнү алга жылдыруу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ошол жылдардын ичинде республикабыздын эл чарбасы канча өзгөрүп, канча ийгиликтерди алып келди. Ал 90 жашка чыккандыгына карабастан, азыр дагы коомдук ишке активдүү катышат. Ошондуктан анын ысмын борбордогу райондордун бирине берүүгө татыктуу деп эсептеймин.
Ал эми Апсамат Масалиев жөнүндө болсо, ал киши Исхак Раззаковдой таза иштегендигин айтканыбыз оң. Ал кайсы кызматта болбосун берилгендикте, коммунисттик принципте эмгектенди. Бирөөлөрдү таза иштөөгө үйрөттү. Жакындарына, тууганчылыкка берилген жок. Иштин көзүн терең билген, сылык, өз убагында талап кылып, иштин жыйынтыгын сурап, алдыга жылдырууга багыт берген көзөмөлдүү ишмердүүлүгү менен элге жаккан мамлекеттик, коомдук ишмер болучу.
Чыңгыз Айтматов тууралуу айтканыбызда, бул өзгөчө дүнүйөлүк масштабга таанылган адам. Анын 170 мамлекетте, 176 тилде чыгармалары которулуп, 60 миллиондон ашык санда чыгармаларынын басылышынын өзү эле даанышмандыктын, акылмандыктын, көркөм сөздүн устаты экендигин айгинелеп турат.
Кыскасын айтканда, мен жогорудагы журналисттердин көтөргөн маанилүү маселелерине, сунуштарына кошуламын. Муну бүтүн кыргыз калкы толук колдойт деп ойлойм.
Расулберди МАМЕТОВ,
журналисттер кошунунун ардагери, Ош облусу,
Кара-Кулжа району




Улуу инсандардын эмгектери татыктуу эскерилсе...
"Кыргыз Туусу" гезитинин № 28 санындагы журналист Папан Дүйшөнбаевдин "Биринчи май, Свердлов бизге Т.Усубалиев менен Ч.Айтматовдон да кымбатпы?" деген макаласына карата эл арасында кайчы пикирлер пайда болуп жатат.
Акын Дөлөев аталган гезиттин № 35 санында борбор калаабыздын үч районуна Усубалиев, Масалиев, Айтматовдун ысымдары ыйгарылса чынында эле туура болот эле деген оюн билдирет. Буга улай белгилүү журналист Мырзакат Тыналиев "Аттарын калтыралы дебей, алардын эмгегин баалайлы" деген өзүнүн каршы пикирин билдирди.
Бул маселе боюнча мен өз оюмду айта кетейин. Тарых барактарына кайрылсак, 1863-жылдан тартып Россия империясы менен биргелешип жашап келдик. Эскерте кетейин, орус көчмөндөрү менен кыргыздардын ортосунда кан төгүлгөн пикир келишпөөчүлүктөр да болуп келди. Көп элдин, ошондой эле кыргыздардын бактысын ачкан 1917-жылы Октябрь революциясы орноткон Совет бийлиги болбодубу.
И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев сыяктуу адамдар кыргыз эли үчүн эбегейсиз эмгек сиңиришкенин эч убакта танууга болбойт. Улуу инсандардын ысмы түбөлүк даңазаланып калыш үчүн алардын сиңирген эмгектерин чагылдырган чыгармаларды жазып, музейлерин жасаш керек. Ошондо гана алар кийинки муундардын эсинде калат.
Усубалиев жөнүндө бир аз эскерте кетейин. Бул киши Союз кулардан мурунураак заңгыраган Өкмөт үйүн салдырды. Союз кулагандан тартып Кыргызстандын Россияда сакталган алтындарын өзүбүзгө алалы деп бир нече жолу А.Акаевге кайрылган. Бул суроо оң жагына чечилип калса, Кыргызстан карызы жок мамлекет болуп калбайт беле. Ушул тапта Балыкчы, Кара-Кече темир жолунун курулушуна демилгечи болуп жүрөт.
Жер-суулардын, айылдардын, көчөлөрдүн, шаарчалардын аттарын өзгөртүү мода (өнөкөт) болуп баратат. Тигилерден биз тыңыраакпыз деген адамдар, райондук, облустук жетекчилер менен жең ичинен сүйлөшө коюшуп, арагын алып, малдарын союшуп, тегерегин тойгузуп, аталарынын ысымдарын жер-жерлерге, мекемелерге койдуруп жатышат. Натыйжада өз ара пикир келишпөөчүлүктөр, ушактар чыгып жатканын угуп эле жүрбөйбүзбү.
Бир мисал. Эстүү-баштуубуз деген кошоматчылар Талас шаарына Акаеванын атасы Дүйшөндүн монументин койдуртушкан. Тагдырга байланыштуу 2005-жылы март көңтөрүшү болгон түнү экинчи тараптагылар монументти трактор менен түрттүрүп салышпадыбы. Эгерде, эмгеги туура бааланган инсан болсо мындай болбойт эле.
Өткөн кылымдын башында Жумгалдын болушу Мырзабек биринчилерден болуп Чаекке бак тиктирип, тамдарды салдырган, анда "там тирүүнүн көрү турбайбы, боз үйдөн өтөөрү жок" деген кыргыздар болуптур. А 1916-жылы орустун жазалоочу отряддары менен тил табышып, элин үркүндөн сактап калган. 1932-жылы Мырзабек эл душманы деген жалаага кабылып, Украинага айдалат.
Ушул күнгө чейин Мырзабектин үйлөрү, сейил бактары райондук оорукана болуп турат. Дарылангандар Мырзабек атабызга чоң рахмат, тиги жайда бейиштин төрүндө болсун дешип ичинен келме келтиришет.
Айтайын дегеним, Мырзабектин улуу инсан экенин белгилеп, жок дегенде Чаек айылынын бир көчөсүнө анын атын берип же Мырзабек атындагы оорукана деп коюшса болмок. Муну ойлогон эстүү-баштуу аксакалдар жана эл башчылар жок. Алардын баары эле жогоруда айткандай шарттагы сүйлөшүүнү күтүшөт окшойт.
Надырбек ЖУМАНАЛИЕВ,
Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик
техникалык университетинин профессору




Жылыга токтом - жылбаган бойдон
же кеч боло электе баңгизатка каршы чечкиндүү күрөштү баштоо керек
Балакеттүү баңги маселеси эгемендикке чыккан
кийинки жылдардын ичинде жалпы өлкөнүн көйгөйүнө айланганын, "Ооруну
жашырсаң-өлүм ашкере кылат" абалына алып
келгенин баңги заттарынан улам келип чыкканын
кылмыш далилдери
дааналап тастыктап турат.
Ысык-Көл облустук ички иш-
тер башкармалыгынын расмий маалыматына таянсак, 2000-2007-жылдарда жалпысынан 3679 киши сот жообуна тартылса, өткөн 2007-жыл ичинде эле баңги соодасы менен 196 кылмышкер кармалып, алардан 178914 грамм баңги заты адам өмүрүнө айыккыс залал келтире туган оор, кечиримсиз кылмыштын далили катары алынып жок кылынган.
Мындай кылмыштуу ишке эне деген ыйык атты алып жүргөн аялзатынын көбүрөөк аралашып баратканы андан бетер коркунучтуу. Былтыр кендир талаасынан баңги затын даярдап жүргөн 13 кыз-келин кармалса, быйыл жыл башынан бери эле баңги затын сатып жүргөн 7 аялзатына кылмыш иши козголду.
Баңги бизнеси менен кармалгандардын жаш курагын талдап, салыштыра келгенде; өткөн жылдагы колго түшүрүлгөн-195, быйыл жыл башынан берки 91 "бизнесмендин" теңине жакыны-35, теңинен көбү 40-50 жаш курагына чейинкилер экендиги эртеңки келечегибизден кооптондурат.
"Эмне себептен мындай жолго бардың?" деген суроого дээрлик көпчүлүгү: "Жумушсуздуктан, оор турмуштун азабынан" деген жоопторду беришет. Анысы түшүнүктүү… Бирок, алардын ичинен: "Өзүм пайдаланып жүрөм" дегендери да бар. Кээси кылмышын жеңилдетеби деген ойдо калп айтса, кээсинин кебинде чындыгы да бар экендиги турмушта байкалып жүргөндүгү да бекеринен эмес.
Алар негизинен 20-35 жаштагылар. Демек, дагы бир нар көтөргүс көйгөй, бул баңги баш-наркомандар. Адис медиктердин айтымында баңги затын алгач тамекидей тартып, ансыз жаны кыйналып, кара куурайдын кулу болуп калгандар Ата Мекен, улут намысын коргомок түгүл, жеке же үй-бүлөлүк жашоо-турмушун да ойлобой, жөн эле жашап жүргөн тирүүлөй өлүк караанга айланат. Ал эми алардан жаралган тукум соо болобу? Бул да өтө бүдөмүк маселе.
Андай азаптуу дартка чалдыккандар арабызда эле жашап жүрөт. Аларды баягыдай тергеп-тескеген бирөө жок. Ар кимиси өзүнүн жекече тиричилиги менен эле алек. Бейтапканаларда нарколог-врач адистери андайлардын эсебин алган болушат. Мажбурлап дарылаганга медиктердин укугу да, мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү экен.
Биринчиден, буга
чейин жедеп калыптанып; Көлдүн Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу аймактарындагы айылдарда өскөн кендир талааларын өз-өзүнчө ээлеп (өзгөчө Ак-Суу, Түп райондорунда) плантацияларга айландырып алган жер аянттарындагы баңги өсүмдүктөрүн химик адистери сунуштагандай амин-тузун пайдаланып таптакыр жок кылуу керек. Болбосо жылыга кабыл алган токтом, чечимдерди аткарган болушуп, жыл сайын жай мезгилинде аймактарга атайын акчалар бөлүнүп, "баланча киши тартылып, баланча гектар жердеги кара куурай чабылып, баланча тонна баңги заты өрттөлүп жок кылынды" деген сыяктуу маалыматтарды тийиштүү мекеме-уюмдарга жөнөтүп коюп тынчып, жогору жактагыларды да тынчытып отуруп калабыз. Кайрылып сураган, анын калп-чынын тескеген эч ким жок.
Ал эми аймактардан жиберилген маалыматтарды чогултуп салыштырып талдаганда 2007-жылы облус боюнча жалпысынан жапайы кендир жылыга өсүп чыгат деген 2877,39га жер аянтынын 411,55 гектары механикалык,1280,2 гектары химиялык жол менен , ал эми 811,24 гектарын 504 киши чаап жок кылынды деп жазылган. Демек, ар бир чалгычыга 1,6дан 7,2 гектарга чейинки жер аянты туура келип атканы анча ынанымдуу эмес. Экинчи жагынан ал жерлер быйыл толук чабылган күндө келеркиде кайра өсүп чыгып атпайбы. Эгерде химиялык жол менен быйыл биротоло тыйпыл кылбасак, жогорудагы көрүнүш мындан ары деле жыл сайын кайталана бериши шексиз.
Экинчиден - азыртан , баңги затына аралашкан айылдардын ар бир тургунун талдоого алып, баңгиликке көз карандыларын даана аныктагандан кийин бардыгын жалпы мамлекеттик камкордукка алып, дароо дарылоодон өткөрбөсөк, кечиримсиз кырсыктарга кептелип калышыбыз толук мүмкүн экендигин кийинки он-он беш жылдын жыйынтыгындагы опурталдуу окуялар ачык-айкын эскертип турат.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"