• №48, 01.07.08.





  Президенттин иш сапары

Намыс барда, ар барда, нарындыктар алдыда
"Эшигин көрүп төрүнө өт..."
Нарындыктар айтмакчы, бул аймакта жай мезгили өтө кыска, бирок кышы кыйла узак болот. "Жаңы эле жонубуз жылып келатканда эле күркүрөп күз кирип келет", - дешет тоолуктар.
"Багы жокко дагы жок" болуп, союз кыйрагандан кийин мал киндиктүү өрөөндүн кан жолдору да көп көйгөйдүн бири катары, кыйла талкалануу абалына келип калганын көрдүк. Жергиликтүү эл муну бир чети Бишкек-Кытай жол каттамында тынымсыз жүргөн жүк ташуучу автоунаалардан көрсө, бир чети канчалаган жылдар бою жолдор оңдолбой, кароосуз калганын айтышат.
Анткен менен улуу тоолордун арасында жашап, тоолор менен киндиктеш болгон үчүнбү, элеттин эли ысык-суукка чыдамкай, барга-жокко көтөрүмдүү, сабырдуу келишип, эртеңкисине ишеним, жакшы ниеттер менен жашашат. Ал эми Президенттин бу жолку келишин да нарындыктар жакшы жөрөлгө катары күтүп алышып, борбордук аянтта ажо менен көзмө-көз отуруп, олуттуу маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты.
Анан калса, ажо менен сүйлөшүп, атүгүл кол алышып, учурашып калууга ар бир тоолук куштар экени таң калыштуу деле көрүнүш эмес. Анткени, жомоктордо да айтылып жүргөндөй, элеттиктердин эзелки ырым-жырымында да хан менен кол алышкан адамдын иши оңолуп, жакшылык ыроолойт дешет. Тартип сакчылары канчалык аралыкты сактаганга аракет кылганы менен, Президент да элди трибунага - өзүнө жакын отурууга чакырып, жакындатып алды.
Жыйынды Нарын облусунун губернатору Ө.Суваналиев ачты.
Губернатор демекчи, Президент келгичекти баарлашуубузда нарындыктар жаңы губернатордун легендага айланган окуяларынын бир-экөөнү айтып беришти: "Бир кызыгы, айрым чиновниктердей болуп машинеге чалкалабай, жөө жүрөт экен бу! - дешет ичинде кири жок, ачык-айрым элеттиктер, - анан да галстугу жок эле кадимки карапайым адамдай эл аралап жүргөнүн көрөбүз. Бир жолу, жаңы келген кезинде го, таң эрте жөө кетип баратса бир балалуу аял ыйлап, көчөдө турат дейт. "Сиз эмне ыйлап турасыз?" - дейт губернатор. "Балам таң атканча ыйлап чыкты. Көрсөтөйүн десем бир да доктур жок, аптекалар бек..." - дейт аял. "Жүрүңүзчү!" - деп анан балалуу энени ээрчитип алып ооруканаларды өзү кыдырып чыгып, акыры чарчаганда: "Мен - губернатормун! Мобу баланы карап койгулачы!" - дейт бир жерге токтоп. Дароо анан шаардын дарыгерлерин чогултуп, тийиштүү чара көрөт!.."
Бул айтылгандардын канчалык деңгээлде калп же чын экенин билүүгө жетише алган жокпуз, бирок "Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей, жакшы сөзгө кубанбай кое албадык...




  Оңдолбогон кат

Президенттин камкордугун ким колдойт?
"Кыргыз Туусу" гезитине
Панфилов районундагы согуштун жана ооруктун ардагерлеринин атынан гезитке кайрылууга туура келди. Себеби, 2007-жылы биздин ардагерлер "Кыргыз Туусу", "Эркин-Тоо" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерин урматтуу Президентибиз Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен "Кыргызпочтасы" тарабынан бекер жазылып, жыл бою алган элек. Ал турсун мындай камкордукка ыраазы болуп, гезиттин бетинен Президентибизге алкыштарын билдиришти эле.
Тилекке каршы, "Кыргызпочтасынын" Панфилов райондук бөлүмү үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгына, гезитке жазылуу баасын ким төлөйт деген шылтоо менен биз берген ардагерлердин тизмесин алып, бирок жаза албайбыз деп жатышат.
Дегинкиси, учурда жалпы республика боюнча алганда деле согуштун жана ооруктун ардагерлери күндөн-күнгө азайып баратат. Азыркы кыйын кезең күндөрдө жок дегенде мамлекеттик гезиттерге бекер жаздырып койсо, төбөбүз көккө жетип калбайт беле. Ансыз да ар бир айылда санай келсе беш манжага толбогон ардагерлер калдык.
Ушинтип Президентибиздин ардагерлерге берген убадасы, көргөн камкордугу иш жүзүнө ашпай, аткарылбай калабы? Ошондуктан сиздерден өтүнүч, ушул маселени туура жагына оң чечип, карылардын суроосун канааттандырууга жардам берсеңиздер.

Ардагерлердин атынан
К.АСАНКУЛОВ,
Панфилов районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы
(Уландысы 2-бетте)




Европа чемпиону аныкталды
Көпчүлүк кыргыз футбол күйөрмандарынын Россиядан үмүтү чоң эле. Жарым финалга жеткен россиялыктарды күйөрмандар финалдан көрөөрүн элестетишкен. Бирок, андай болбоду.
Канчалык ич тызылдаганы менен Россия жана Түркия курама командаларынын жарым финалга жеткен кадамын дүйнө коомчулугу чоң ийгилик катары эсептешүүдө. Бул эки команданы өз Мекенинде мекендештери чоң салтанат менен тосуп алышты. 2008-жылдын Еврочемпионатында Россия менен Түркия тарыхый, татыктуу ордун тапты.
Ал эми финалга келсек, өзүңүздөр күбө болгондой, Германия менен Испания чемпиондук үчүн кыл чайнашты. Германиянын артыкчылык менен баштаган чабуулу оңдой берди болбоду. Оюндун 33-мүнөтүндө испан чабуулчусу Фернандо Торрес топ киргизип, чемпионатка чекит койду. Анткени, ушул бактылуу мүнөттөн кийин оюндун аягына чейин эсеп өзгөргөн жок. 44 жылдан кийин экинчи жолу Европа чемпиондугуна ээ болгон Испаниянын кубанычын айтпаңыз. Борбор шаары Мадридде, жалпы эле өлкө аймагында орошон салтанат. Эми бул майрам дагы канча күнгө уланат белгисиз.
Ошентип, бир чемпионатта Россияны эки жолу жеңген Испания Европа чемпиону болуп калды. Ал эми испандардын Вилла деген чабуулчусу төрт топ киргизип, чемпионаттын мыкты чабуулчусу аталды. Сырттан көз салган футбол фанаттары Европа чемпионатындагы мыктыларды таразалай баштады. Менмин деген футболдук клубдар оюнчуларга соодалашууну баштап жиберишти. Көпчүлүктүн көңүлүн бургандардын арасында россиялык чабуулчу А.Аршавин да бар. Айтор, чуру-чуусу жок, тынч өткөн бул чемпионаттын узун сабак талкуусу али алдыда окшойт. "Биз да ушундай чоң таймаштарда сыналсак кана" - деген кыргыз футбол күйөрмандарынын кыял-чабыты Ала-Тоону чарк айлана бийикте жүргөн кез.
Бакыт БЕРДАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"