, 27.06.08 - 7-бет: ТИМ билдирет...№47, 27.06.08-ж.
  ТИМ билдирет

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн биримдиги жолунда
КРнын тышкы иштер министри Э.Карабаев Түркия-Кыргызстан достук тобунун жетекчиси Ибрахим Хасгур башында турган Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын делегациясын кабыл алды.
Жолугушууда Э.Карабаев Парламенттер аралык ассамблеяны түзүү боюнча Анталья шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык кеңешинин жыйыны ийгиликтүү болгонун белгиледи. ТИМ жетекчиси соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин мындан ары да улантуу зарылчылыгына токтолуп, түркиялык ишкерлерге Кыргызстанда иштөөгө жагымдуу шарттардын бар экендигин билдирди.

Чехия ишкерлерине - Кыргызстан жөнүндө
23-июнда Прага шаарындагы У.Черчилль атындагы Жогорку экономика мектебинде Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн иш-чара өттү.
Кыргызстандын Чехиядагы жана Германиядагы
элчиликтери биригип, Чехиянын ишкер чөйрөсүнө Кыргызстан жөнүндө кеңири маалыматты кабарлады. Анда эки өлкөнүн ишкерлери менен кызматташуунун жолдору, өлкөбүздөгү инвестициялык шарттар, салык мыйзамынын өнүктүрүлүшү, капитал салуунун артыкчылыктуу тармактары, инвестдолбоорлордун тизмеси, ошондой эле КРнын министрликтери менен ведомстволорунун кызматташуу боюнча сунуштары айтылды.
Иш-чарага КРнын Чехиядагы ардактуу консулу П.Кмет, Чехиянын Соода палатасынын КМШ боюнча мүчөлөрү-ишкерлер, Чехиянын соода жана өнөр жай министрлигинин, инвестиция жана ишкердикти колдоо агенттигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын соңунда чехиялык ишкерлерден көптөгөн суроолор түштү. Аларды интернеттик жана мобилдик байланыш, валюта алмаштыруу, виза, кичи жана орто бизнестин өлкөбүздөгү деңгээли, пиво жана минералдуу суу өндүрүшүнүн жагдайы, текстиль өнөр жайын инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрү кызыктырды.

Германия элчиси элине кайтты
Министр Э.Карабаев дипломатиялык вазипасын аяктап жаткан Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси К.Гревлихти кабыл алды.
Министр жемиштүү ишмердиги үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан үчүн дайым кадыр-барктуу дипломат болуп кала берерин белгиледи.
ЖККУ - коопсуздук кепили
Министр Э.Карабаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Н.Бордюжа менен жолугуп, ЖККУ алкагында кызматташуунун тышкы саясый координациялоо механизмдерин өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
ТИМ жетекчиси уюмдун аймактык коопсуздукту сактоодогу ролунун зор экенин, өлкөбүз анын курамында ишмердигин жүргүзүүгө мындан ары да кызыкдар экенин айтты.
Назира КЕРИМОВА




  Маанилүү маек

КРнын Өкмөтүнүн Жогорку
Кеңештеги өкүлү Мырза КАПАРОВ:
"Бюджетке кирбеген суроо-талаптын аткарылышы кыйын"
- Мырза Кулматович, сиз аркылуу өкмөт түзүмдөрүнө депутаттар протоколдук тапшырмаларды абдан көп беришерин Жогорку Кеңешке ак-кредитацияланган журналисттер көрүп жүрөбүз. Ал тапшырмаларды аткарууга Өкмөттүн канчалык реалдуу мүмкүнчүлүгү бар?
- Парламенттин 90 депутаты, 12 комитети бар экенин жакшы билесиздер. Эми Конституцияда белгиленип тургандай мыйзам долбоорлорун биринчиден Президент, андан кийин депутаттар жана өкмөт киргизет. Андан тышкары сейрек учуроочу дагы бир норма бул 300 миң жаран кол коюп, сунуштаган мыйзам долбоору парламентке багышталып, ошол элдин атынан депутаттар аны карайт. Муну эскертип жатканым, учурда парламент тарабынан кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлорунун 70-80 пайызын өкмөт сунуштап жатат. Ошондуктан мыйзамдардын сапаты, убагында
даярдалып кабыл алынышы бул өкмөт тарабынан чечилиши керек. Ушул себептүү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү деген түзүмү иштейт. Мен жетектеген ушул түзүмдө орун басар, эксперт сыяктуу алты адис эмгектенишүүдө. Мисалы, бүгүн өкмөттөн Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоору келип түштү дейли. Парламент төрагасы аны тийиштүү тармактык комитетке дароо жөнөтөт. Комитетте ал мыйзамга оң чечим чыгарылса, анан ал палата талкуусуна киргизилет. Ошол мыйзамдардын убагында кабыл алынышына аракет кылуу - биздин милдет. Тартиби ушундай.
Жылдын башында биз министрликтер, мамлекеттик агенттиктер менен биригип, "Өкмөттүн мыйзам чыгаруучулук иштеринин планы" деген токтом кабыл алганбыз. Ошондо кайсы министрлик же агенттик канча мөөнөттө мыйзамды даярдап, ал өкмөттүн чечими менен ЖКга сунушталары жазылган. Маселен, 2008-жыл ичинде, жылдын төрт чейрегине бөлгөндө өкмөт түзүмдөрү жалпысынан 120га жакын мыйзам долбоорлорун киргизишибиз керек. Ошондуктан мыйзамдарды даярдоо, алардын убагында кабыл алынышына аракет кылуу биздин негизги милдеттерибиздин бири. Дагы бир багытыбыз, ЖКнын токтомдорун, депутаттардын суроо-талаптарын аткаруу. Быйыл 1-январдан баштап, 17-июнга чейин ЖК 25 токтом кабыл алып, аткаруу үчүн бизге, Өкмөткө жөнөтүптүр. Биз анын 17сине жооп бериппиз. 6 токтомунун аткаруу мөөнөтү келе элек. 2 токтомуна маалымат жөнөттүк. Мен парламенттин сессиясында да депутаттарга эскертип келатам. Тилекке каршы бардык токтомдорду аткарууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок. Себеби, депутаттар койгон маселелердин, алган чечимдердин көбү акча каражатына келип такалат. Өзүңүз жакшы билесиз, мамлекеттик бюджет январь айынын башында кабыл алынган. Ал бюджеттен башка акчалай каражатты табуу өтө кыйын. Жөнөкөй мисал. Эгер, республикалык бюджетте мектеп курулушуна каралган акчаны башка бир пландашылбаган жол курулушуна которо албайсың да, туурабы? Эми биз депутаттарга түшүндүрүүгө канчалык аракет кылсак деле, алар бизге акча каражатын талап кылган суроо- талаптарды бере беришет. Мына үстүбүздөгү жылдын январь айынан 17-июнга чейин депутаттардан бизге 489 суроо-талап түшүптүр. Ушунун баарын биз алып, министрликтерге же обладминстрацияларга жөнөтөбүз. Алардан кайра депутаттарга жооп алып беребиз. Мен жогоруда айткандай, депутаттарга дайыма эскерткендей - баары келип эле каражатка такалат. Бул иштерге өзүңүз Жогорку Кеңештин сессиясы менен жыйындарына көп келген журналист катары күбөсүз. Январь айында кабыл алынган бюджетке жакынкы күндөрү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорду өкмөт парламентке алып келди. Ушул күндөрү ал парламенттин тийиштүү комитеттеринде каралып жатат. Республиканын башкы бюджетинде азыраак өзгөртүүлөр болот. Түштүк жергесинде былтыркы декабрда жер титирөө болуп өттү. Бузулган мектептер, клубдар, жабырланган эл бар. Кээ бир социалдык курулуштарды кыш түшө электе бүтүрүү керек дегендей. Эми бул объектилерге кошумча каражат каралбагандан кийин, бюджетке өзгөртүү киргизүү үчүн Өкмөттүн токтомун парламентке жөнөткөнбүз. Мындай жагдайды депутаттар деле абдан жакшы түшүнүшөт. Бирок алардын күчү трибунада. Биз эл өкүлдөрүнүн суроо-талаптарын аткарганга максималдуу аракет кылабыз. Ошондуктан ЖКдагы Өкмөттүн өкүлүнүн негизги эки милдети бар. Биринчиден, мыйзамдарды даярдап, параламентке жөнөтүү жана ЖКдан убагында кабыл алынышына кам көрүү. Экинчиден, ЖК тарабынан кабыл алынган токтомдордун, протоколдук тапшырмалардын, депутаттык суроо-талаптардын аткарылышына аракеттенүү. Биз министрликтер менен көп иш алып барабыз. Алардын юристтери менен иштешебиз. Министрликтердин статс-катчылары Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ишинин карым катышта иштешине жооп берүүсү
боюнча атайын өкмөттүн чечими кабыл алынган. Алар менен айына, кварталына бир ирет чогулуш өткөрүп өз ишибизди тактап, аныктап алабыз. Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн дагы бир багыты ЖКнын аппараты менен тыгыз иштөө.
- Сиз мөөнөтүнөн мурда тарап кеткен параламенттин учурунда да, партиялык тизме менен келген азыркы төртүнчү чакырылыштын депутаттарынын тушунда да өкмөттүн парламенттеги өкүлү катары иштеп кала бердиңиз. Айрымалары кандай экен?
- Үчүнчү чакырылыштагылардын азыркы депутаттардан негизги айырмасы округдардан шайланып келгендерден тышкары, алар көп маселелерди саясатташтырып жиберишчү. Премьер-министрди, министрлерди кереги жок нерселерге деле " тез келсин!" деп иштетпей чакыра беришчү. ЖКнын регламенти боюнча айына бир ирет Өкмөттүк күн өткөрүлүшү керек болсо, алар эки-үч күн "Келсин!" деп чакырып жатып калышчу. Өкмөт башчысы менен министрлерди жумуштарынан алагды кылган учурлар көп эмес беле. Азыркы чакырылышта мындай обу жок чакыруулар дээрлик жокко эсе.
Мурдагы парламент менен азыркы жаңы парламенттин дагы бир
айырмачылыгын сиздер да жакшы билесиздер. Конституция боюнча Премьер-министрди басымдуу көпчүлүк добуш алып шайланып келген партия сунуштайт. Учурдагы мисалдан алсак "Ак жол" фракциясынын сунушу менен өкмөттүн башчысы шайланды. Андыктан ак жолчулардын өкмөт менен бирдей жоопкерчилиги бар. Чурулдаган саясаттын кесепетинен өкмөт даярдап жиберген эң керектүү мыйзам дол-боорлору айлап, атүгүл жылдап каралбай жата берчү.
Азыр андай эмес, бир мисал: "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзам долбоору" күн тартибиндеги эң орчундуу маселе эле. Өкмөт апрель айында парламентке жиберген болчу. Аны дароо комитеттерден, фракциялардан карап, палатага чыгарып, кошумча ой-пикирлерин киргизүү менен жактырып кабыл алып беришти. Мөөнөтү
боюнча керектүү мыйзамдар дээрлик кечиккени жок.
- Депутаттардын бюджет бекип калгандан кийин акча каражатына барып такалган протоколдук тапшырмаларды сизге жаздыра бергендерин кандай деп түшүнсөк болот?
- Алар суроо-талаптарды койгондо мага жазып алсаңыз дешет. Мен аларга өзүңөр жазып бергиле деп жүрбөймүнбү. Эми ушуга тийиштүү эки мыйзам бар. Биринчиси, Жогорку Кеңештин регламентине, экинчиси ЖКнын депутатынын статусуна туура келет. Ал мыйзамдын экөөндө тең депутаттар сессияда, парламент жыйындарында сүйлөгөн сөзүн суроо- талап катарында өкмөткө, министрликтерге, мамлекеттик агенттиктерге багыштаса, ал өзүнүн колун коюп жөнөтүүгө тийиш экендиги жазылып турат. Себеби, ал жөн эле сөз эмес, а расмий документ.
Депутаттардын суроо-талаптарында кайсы маселе көтөрүлгөнүн, аны ким чечерин, качан чечерин, карап туруп тийиштүү министрликтерге, агенттиктерге же обладминистрацияларга жөнөтөбүз. Жогорудагы мен атаган эки мыйзамда көрсөтүлгөндөй, депутаттын суроо талабына аткаруу бийлигинин тиешелүү түзүмү бир айдын аралыгында жооп берүүгө тийиш. Биздин бөлүм жоопту алып, анын негизинде кайра депутатка жооп жазабыз. Азыр республикалык жана жергиликтүү эки бюджет бар. Эгер депутат койгон суроо-талап эки бюджеттин бирөөнө да киргизилбесе, ал он кайталанып айтылса деле ишке ашпасын ачык эле айтып жүрбөймүнбү.
- Айрымдарын республикалык бюджетке өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү каралганда чечсе болобу?
- Каражатка байланыштуу нерсени жалгыз мен айтып жеткирип, аны Каржы министри өзү киргизе албайт. Өкмөт 21 мүчөсү бар коллегиалдуу орган. Республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн тийиштүү бир министрлик атайын токтом даярдайт. Аны Өкмөт өзүнүн отурумунда кабыл алат.
- Депутаттар мектептердин курулушуна, жайкы оңдоолоруна, окуучулардын каникулдук эс алуусуна каражат бөлүнүүсү кечеңдеп жатат деген кине коюшууда. Бул тууралуу сизде кандай маалыматтар бар?
- 2008-жылдын ичинде республика боюнча 103 билим берүү мекемелеринин курулуштары жүргүзүлүшү керек болсо, ага 801 млн. сом каралган. Капиталдык курулуштардын биринчи траншы 1-июнда которула баштады. Экинчи траншы июль айында, үчүнчүсү августта бериле баштайт. Ал эми окуучулардын жайкы эс алуусуна өкмөт 5 млн. сом бөлгөн. Ал каражаттар 19-июндан баштап которулууда.
Маектешкен
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"