, 24.06.08 - 8-бет: Боордош менен маек.№476, 24.06.08-ж.
  Боордош менен маек

Аврор Каримов:
"Чыкем улутун сүйгөн Кудайга жакын болот дечү эле"
- Аврор ага, коңшу жашап, бири-бирибизди сыртыбыздан жакшы эле билгенсиген менен ушул суроону Сизге узатпай коё албайм. Өзбекстанда жашаган кыргыздардын жашоосу кандай, тынч-аман жакшы турасыздарбы?
- Салт боюнча амандашып алмай салты бар эмеспи, ошол кааданы сактаганыңа ыраазымын карындашым. Статистикалык маалымат боюнча 300 миңден ашык кыргыз жашайт. Жашоо-шартыбыз бирдей элебиз. Жүдөп же улутчулдукка барып, рухий кыйналып калганыбыз жок. Сен кыргыз, биз өзбек деген кеп жок. Улуттардын көптүгүнө карабай бардыгы бир улуттай, ага-ини болуп жашашат. Президентибиз Ислам Каримов баш болуп бул маселеге абдан тыкыр маани берип карайт. Эч бир улуттун укуктары бузулушуна жол бербейт.
- Сиздин бул жолу тарыхый Мекениңизге келишиңиз башкача болуп калды. Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатууга келип отурасыз. Угаар менен эле аттандыңыздар да.
- Ооба, бул жактан жазуучулар союзунан телефон чалышты. Дароо Кыргыз маданий борборунун аксакалдарына "Чыңгыз Айтматов ааламдан өтүптүр" деп кабарладым. Баары барабыз дешти. 8 киши аттанып чыктык.
- Чыңгыз Айтматов менен качан, кандай шартта таанышкансыз?
- Залкар жазуучу менен маданий байланышыма 30 жылдан ашты. Маданийби же искусство жаатында болобу, гезит чыгарабызбы Чыңгыз Айтматов менен сүйлөшүп, ачылышына катыштырып өткөрчүбүз. Жеке кантип таанышканымды айтсам, 1968-жылы студент кезим эле, жаш кыргыз балдар менен Фрунзе шаарына келдик. Университеттин студенттери менен таанышканда "Чыңгыз Айтматовдун кеңсесин көрсөтүп койгулачы, китебин көп окудук, өзүн көргүбүз келет" дедим. Алар бизди Ч.Айтматов иштеген жерге ээрчитип келишти. Чыкебиз иш ордунда экен. Мен өзүмдү өзбекстандык кыргызмын деп тааныштырдым. Жакшы кабыл алды. Жумушу чачтан көп болсо да, бир саат убактысын бөлдү. Өзбекстанда кыргыздар кандай, китептер барбы, жазуучулар союзу менен байланышыңар барбы деп сурады. Кыргыз китептери бул жактан барат, Сиздин чыгармаларыңыздын дээрлик 80 пайызын Ибрагим Гафуров деген жазуучу которуп жатат деп айтып бердик. "Кызыл жоолук жалжалымды" "Сарви комат дилбарым", "Жамийланы" "Жамийла", "Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөттү" "Сахылда жүгүряткан алапар", "Плаханы" "Күндө" деп которду. Биздин айткандарыбызды угуп, силер менин китептеримдин баарын окуйт турбайсыңарбы деп кубанды. Окумак турсун, жаңы китебиңиз качан чыгат деп күтүп турабыз дедик. Биздин, элдин Чыңгыздын чыгармаларына болгон ысык ышкыбоздугун билдирдик. Менин бул чоң жазуучу менен жүзмө-жүз биринчи жолугушканым эле. Ушундан биздин карым-катнашыбыз уланып кетти. Өзбекстанга канча жолу келсе, ошончо жолу тосуп алып, кайра узатып койчубуз. Бул кишини дипломатиялык корпус кабыл алчу, башка жолугушуулар болчу, ал учурда ал Борбордук Азияда элдердин маданий ассамблеясын түзүп, ага караштуу "Борбордук Азия мамлекеттеринин маданияты" деген гезит чыгарттырды. Кыскасын айтканда Чыке Өзбекстанга канча келсе
дайыма чогуу болгонбуз.
- Көп жылдан бери камыр-жумур жылуу мамиледе болгон кишиден айрылганда оюңузга алгач эмне түштү?
- Арман. Чыкеме ичим ачышып жатканы бул киши тарыхый жумуштарынын аягына чыкпай калды. Мен Чыкенин үйүндө болгондо сүйлөшүп жүрчү элек. 2 чоң китеби бүтпөй калды. Жарымдап калды эле. Өзү тууралуу кино тартылып жаткан. Кайтыш болгонун укканда ушуга катуу кайгырдым.
- 30 жыл аз мезгил эмес го. Айтматовдун чыгармачылыгынан тышкары мүнөзүн,
ой-санаасын жакшы билген болсоңуз керек. Сиздин байка-
шыңызча кандай инсан эле?
- Абдан кичипейил адам эле. Ар бир жолугушуусунда адамгерчилик касиетин кашкайта көрсөтүп турчу. Жоопкерчиликти өзүнө алчу эле. Сүйлөшкөндө өзү сүйлөй бербей адамдарды кунт коюп угуп отурчу. Сен туура, сен туура эмес айтып жатасың деп да айтчу эмес. Өтө билимдүү адам ошондой болот экен. Адамга жагымдуу сапаттары көп эле, санап отуруу мүмкүн эмес.
- Сиз менен аздыр-көптүр болсо да купуя сырын бөлүшкөнбү?
- Өтө гумандуу адам экен. Мындай адам сырын айта бербейт. Мына Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга сөз менен же көрүнүш менен аралашып койбойсузбу дегендерге жооп берген эмес. Көрсө, абдан терең киши тура. Кечээ мүрзөгө коюп жатканда карапайым чалдар менин жанымда турушту, бирөө "Чыкем бул Кудайдын инсаны экен. Кыргызстанда ушунчалык өйдө-ылдый сөздөр, окуялар болду. Бирин сындап, бирин мындай деген жок. Убакыт муну ордуна коёт, убакыт дарылайт деп койчу эле. Кабылан жигит экен", - деп айтып отурушту.
Мен айта кетейин, Президент К.Бакиев Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу аземин эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Путин Ельцинди жогорку деңгээлде акыркы сапарга узатып, элден алкыш алса, Курманбек Бакиевге да эл алкыш айтып кетти. Мен да кол берип, ушундай бийик, мыкты уюштурганы үчүн чын пейилден чыккан ыракматымды айта алдым. Биз муну Өзбекстанга айта барабыз. Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да аябай жакшы чагылдырып турушту. Бизде мектепте окутула турган "Өзбек тили, адабияты" окуу китебинде "Чет элдик жазуучулар" деген бөлүмүндө Ч.Айтматов биринчи болуп берилген. Өзбекстанда Ч.Айтматов тууралуу окуулар дагы күчөтүлөрүнө ишенем.
- Балдары, бир туугандары тууралуу жазуучунун бирин-экин кебин уккансызбы?
- Бир сөзүн эстейм. Кызы Ширин Көлдүн Түп районунда төрөлгөн жигитке турмушка чыгыптыр. "Кызым Ширинге ыраазымын. Эмне үчүн дегенде немиске же башка улутка чыккан жок. Башка элге кетип калган жок. Өзүнүн Ата Мекенинде калып, кыргыз урпагына турмушка чыкты" деген канааттануу сөзүн уккан элем. Кечээ кудалар, Шириндин кайнатасы менен чогуу болдук. Элдарды көрдүм, абдан сулуу жигит болуптур. 10 жашында атасы менен Ташкентке келгенде көрдүм эле.
Карындашы Люция каза болгондо мага "эртең саат 10до коюлат" деген телеграмма барды. Түндөп машинаны учурта айдап отуруп, жетип келдик. Келип, көп элдин ортосунда туруп калсам, мени көрө коюп жанына чакыртты. Орун жок болсо да мени менен келген бир аксакалды ошол жерге батырышты. Ошондо Чыкем 45 минут сөз сүйлөгөн. "Карындашым Люция дүйнөгө келгенде ата-энем аябай сүйүнүшүптүр. Үч уул удаа жарык дүйнөгө келгенде энем артымда кыз калса деп арман кылган экен. Ал кезде атам обкомдо иштеген. Үчүнчү уулдун аты Рева болуп калганы кыз болот деп күтүшкөн экен. Кудай берип, андан кийин Люция төрөлөт. Атам "экөөнүн атын кошсок революция болот. Нагима, экөөбүз революция жасадык " деп айтыптыр деп айтканы эсимде. Муну мурда эч кимибиз билчү эмеспиз, уккан жок элек.
- Чыгаан жазуучубуз Өзбекстанга көп барган экен. Ушундай сапарларында Сиз күбө болгон бөтөнчө окуялар барбы?
- Бир күлкүлүү окуя болгон. Чыкем Ташкентке келгенде узатып койчубуз дебедимби. Бир жылдары Чымкенттин обкомунун секретары Чыкемдин мааракесин белгилөөгө чакырып калды. Чымкент менен Ташкенттин ортосу бир сааттык жол. Бул кишинин "Мерседес" машинасы ал жакты көздөй зуулдап баратат. Биз ичиндебиз. Бир жерден ала таягын көтөрүп ГАИ токтотуп калды. Айдоочу буга кенедей көңүл бурбай айдап кете берди. Ал машинасын от алдыргыча бир топ жерге узап кеттик. Болбой эле артыбыздан кууп отуруп жетип, алдыбызды тороп токтотту. Эмнеге токтобойсуңар деп жини келип алган. "Биз Сиздин таягыңызды көрдүк. Бирок, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду узатып баратабыз. Биздин күткөнгө убактыбыз жок. Бизди Өкмөт күтүп жатат. Сиз неге мынча кууп келдиңиз?",- дедим. Анда ал "Автограф алып калайын деп эле" деп жатпайбы. Чыкем анын дептерчесине бажырайта кол коюп берди. Жолду ката муну эстеп күлүп барганбыз.
Чыкем жөнүндө айта берсе сөз көп. Эгемендиктен кийин Жызакта кыргыздар жашаган 25-партсьезд атындагы совхоз "Манас" болуп аталды. Аты өзгөргөндө Чыңгыз Айтматовду чакырып, ак боз ат мингиздик. Элдин тарыхый, руханий байлыгы болгон атты туура коюпсуңар деди. 3 миң бала окуган кыргыз мектепте жолугушуу болгондо "тилди унутпаптырсыңар, эне тилин унуткандар маңкурт болот. Биз андайга барбайбыз. Өзүнүн улутун сүйгөн адамдар Кудайга жакын болот, турмушта чоң ишеним менен жашашат, чоң деңгээлге жетишет. Ишеним бул - адамдын генератору",- деп көкүрөк сыймыктантып, көңүлдү көккө көтөргөн касиеттүү сөздөрүн айтып кетти эле. Улуу гуманист, чыгаан жазуучубуздун ар бир сөзү, чыгармаларында айтылган ар бир ой бизге алдыда жол көрсөткөн жарык болуп берет.
Кош бол, Чыңгыз ага, жаткан жериңиз бейиштин төрү болсун! Арбагыңыз Сизди тааныган жалпы элдерди колдоп жүрсүн! Сиздин чолпон жылдыздай жаркытып калтырган руханий мурасыңыз урпактарга нур болуп чача берсин. Элесиңиз дайыма жүрөгүбүздө.

- Угушубузга караганда залкар жазуучубуз Манастын 1000 жылдыгынан кийин ал жакта жашаган боордошторубузга сыйлыктарды өз колу менен тапшырган экен…
- 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгында жакшы кызмат көрсөткөн өзбекстандык туугандарга Кыргыз Өкмөтүнүн 17 сыйлыгын алып барган Чыкени 50 жазуучу менен Жызакка алып бардым. Жызакта өзбек, кыргыз дебей дүркүрөп күтүштү. Чоң залга чогулган эл ордунан турушуп, ыйлап тосуп алышты. "Чыңгыз Айтматовдун өңүн көрөр бекенбиз" деп зарлаган аксакалдар көп эле. Алар Чыңгызды көрсөттүң дешип мага ыраазы болушуп, "эми өлүп кетсек арманыбыз жок" деп жатышты. Президент И.Каримов Ч.Айтматовду "Достук" ордени менен сыйлады. Ал эми 75 жылдыгында Баатырга тете албан кызматтары үчүн орденин берди. Биз бул мааракени белгилегенге Өзбекстандан 55 киши болуп келгенбиз. Өзбекстандын мамлекеттик катчысы менен жазуучулар союзунун төрагасы келишип, ушул орденди тапшырышкан. Чыкемди Өзбекстанда тааныбаган, билбеген киши жок.

Биз Чыкемди замандын заманасынын пайгамбары деп эсептейбиз. Бүткүл дүйнөгө кыргызды таанытты. Митингде Мухтар Шаханов айтпадыбы, "дүйнөдө эки Чыңгыз өттү, бири кылыч менен элди кырып, таптап өткөн болсо, экинчиси жыгылып калган, кулап калган элдердин көкүрөгүн өйдө көтөртүп, калеми менен бүтүн дүйнөнү каратып алды" деп. Мен муну Чыңгызга берилген чоң баанын бири деп ойлойм. Бейиштей кооз жери, айкөл эли бар кыргыздан Чыңгыздай адамдар чыгарына ишенем.

Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"