, 17.06.08 - 4-бет: Айтматовдун чыгармаларындагы...№44, 17.06.08-ж.
  Айтматовдун чыгармаларындагы
гуманисттик ойлор биримдикке чакырат

Казакстан Республикасынын
Мамлекеттик катчысы К.САУДАБАЕВ:
Улуу чыгармалары - өмүрүнүн уландысы
- Кыргыз-казак бир тууган деп, боордош кыргыз калкынын башына түшкөн бүгүнкү оор, азалуу жүктү бирге көтөргөнү келип отурабыз.
Чыңгыз Төрөкул уулу кыргыздын гана эмес, казактын да, маданий-руханий ааламын аскадай бийикке көтөргөн, элибиздин салт-адатын дүйнөгө таанытууда орток чыгармачылык парызын аткарган өтө көрүнүктүү инсан эле.
Улуу Ауэзовдун назарына жаш кезинен эле илинип, касиеттүү сөздүн кастарлуу байрагын, эки элге орток уул болуп, алардын салтанаты менен зоболосун көтөргөн жан эле. Сөз өнөрүнүн залкары, кызыл тилдин ардагы, маданиятыбыздын күлүгү эле.
Биз дүйнөлүк адабияттын алпы, зор калемгер, гуманист, таланттуу чыгармалары төрткүл дүйнөнүн төрт тарабына тегиз жеткен Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанабыз. Чыгармалары көзүнүн тирүүсүндө дүйнөнүн 160тан ашуун тилдерине которулган мындай жазуучу кылымда бир келер кубулуш. Ардактуу аганын көзү өткөндүгү ааламдагы окурмандардын кабыргасын кайыштырып олтурат. Учурунда алгачкы чыгармасы - "Жамийланы" казак жергесине кызындай узатып, казактар келиндей түшүрүп, калың казак окурмандарын кубанычка бөлөгөн Чыңгыз ага ошол учурдан баштап, казак эли менен бир жашап, бирге жүргөндөй өмүр сүрдү.
"Мен чет өлкөгө сапарга чыкканда ала жүрөр эки касиеттүү дүйнөм бар, бири - Манас, бири - Мухтар Ауэзов", - деп айткан агабыз акыркы деми бүткөнчө ошол баалуулуктарды ардактоодон танган жок.
Чыңгыз Төрөкул уулу казактын туңгуч Президенти Нурсултан Абиш уулу Назарбаевди тууган боорундай өзүнө тартып сыйлап, сырдашып өттү. Жакында эле ал Астанага атайын келип, эл-башыбыздын кабылдоосунда болуп, өзүнүн он жылдыгын белгилегени жаткан эл ордобуз - Астана жөнүндө жылуу пикирин билдирген эле.
Казакстан орток жазуучубуздун 80 жылдык юбилейин эл-башчыбыздын атайын тапшырмасы менен атап өтүүгө киришкен. Ал той - эки элдин руханий, маданий турмушундагы чоң той болот деп күтүлгөн. Амал жок, агабыздын ошол тойго жетпей өтүп кеткени кандай өкүнүчтүү. Казак элинин атынан, Президент Нурсултан Назарбаевдин атынан бир тууган кыргыз элине катуу кайгырган көңүл айтуубузду билдирүүгө Казакстандын бир топ интеллигенциясы, маданият менен өнөрдүн кайраткерлери, Чыңгыз аганын инилери атайын келдик.

"Өлдү дешке болобу, айткылашы,
Өлбөй турган артына сөз
калтырган" ,

- дептир улуу Абай атабыз. Өлбөй турган сөз, өчпөй турган казына калтырган Чыңгыз Төрөкул уулу Абай айткан бийиктен, өзү чыккан чокудан кийинки урпакка, бир тууган кыргыз-казак элине түбөлүк көз салып тура берет деп ишенебиз. Улут калемгеринин улуу чыгармалары эми анын түбөлүктүү өмүрүнүн уландысы болот. Асыл атанын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына, агаин-жекжаатына, миллиондогон окурмандарына, ушул жерге аза күтүп келген көпчүлүккө, боордош кыргыз элине чын жүрөктөн кайгырып, көңүл айтабыз.
Маркумдун топурагы торко, алды бейиш, арты кенч болуп, жаны жаннатта болсун. Кош, кымбаттуу боорубуз, аялуу агабыз!




Өзгөчө быйыл сактасак болмок
Мен Чыңгызды 1948-жылдан тарта билем. Ал учурда мединиститутта окучумун. Биринчи жубайы Керез абдан жакшынакай, татынакай кыз эле, күйөөлөп келип жүрдү. Биз ошондо таанышып, жакшы жолдош болуп кеткенбиз. Жолдошчулук мамилебиз абдан жакшы эле. Жеке өкүнгөнүм, быйыл аны өзгөчө сактасак болмок. Канчалык ден соолукта болбо, жаш курак баары бир өзүн сездирет. 80 деген оңой жаш эмес. Анын үстүнө жүрөгүнө операция жасаткан. Ушундай болгондон кийин жер-сууну кыдырбай койгондо жакшы болмок беле деп ойлойм. Бөйрөгү ооруп жүргөнүнө көп жыл болгон. Өзүн сактаса дагы бир топ жыл жашайт эле.
Мындай зор киши эми табылбайт. Абдан таланттуу адам болчу. Өлүмгө айла жок. Түбөлүк жашай албайсың. Жалпы эл кайрат кылыш керек. Кыргыз элинин уучу кур эмес. Болот, Чыңгыздай болбосо да башкалар чыгат. Үмүттү үзбөш керек.
Мамбет МАМАКЕЕВ,
академик, Кыргыз Эл баатыры




Ак тулпар кетти желеден
Адабият жүгүн көтөргөн,
Ала-Тоо элең куладың.
Асылды сиздей жоготуп,
Ата журт менен ыйладым.

Алп Адам өттү дүйнөдөн,
Адам жок ага күйбөгөн.
Чыкебиз менен кыргыз эл,
Дүйнөлүк тилде сүйлөгөн.

Ак тулпар кетти желеден,
Ак шумкар учту чегеден.
Токтогул акын айткандай,
Эми туулбайт сендей
энеден.

Абдымомун КАЛБАЕВ,
акын, Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү





Россия Кыргызстан
менен бирге аза күтүүдө
Александр АВДЕЕВ, Россия Федерациясынын маданият министри:
- Бүгүн оор күн, биз үчүн ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабияттын, кыргыз адабиятынын, орус адабиятынын гиганты, өзүнүн чыгармалары жана бейнелеген образдары менен XXI кылымдын келбетин жасаган адамды жерге берип жатабыз.
Ал адамзаттын бир туугандыгы, баарынан мурда орус-кыргыз бир туугандыгы идеясын бейнеледи, ал укуктук мамлекетти, жарандык коомду калыптандырган, адам укугун тебелөөгө жол бербеген XXI кылымдагы адамзаттын өнүгүү жолун алдын-ала айтып берди. Бүгүн Чыңгыз Айтматов жасаган бардык иштерге көз жүгүртсөк, биз аны дүйнөлүк цивилизациянын генийи деп айта алабыз.
Жыйырма жылга жакын биз дипломатиялык кызматта кесиптеш болдук. Биз катар иштедик, ал ажайып Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси, мен Россиянын элчиси катары. Терең эрудициялуу, акылман, адамзатына өз философиялык көз карашы бар ал Кыргызстандын эң алдыңкы өкүлү болду, мен айтар элем, биз бир мамлекеттин курамында болгон кезде, ал совет калкынын эң мыкты өкүлү болду. Ал азыркы замандын асыл ойлуу адамы эле.
Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн чыгармаларында Ата Мекенин, өз калкынын маданиятын, адамдын жан дүйнөсүндөгү жакшылыкты чагылдырып, көптөгөн адамдардын көзүн ачты.
Мен Россия калкынын сиздер менен бирге аза күтүп жатканын өзгөчө белгилеп койгум келет. Биз үчүн бул зор жоготуу, дагы бир жолу Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Анатольевич Медведевдин атынан терең кайгыруу менен Кыргызстан элине, маркумдун бардык жакындарына жана кадырлуу Мария Урматовнага аза күтүүбүздү билдирем.

Калтырган эмгектери түбөлүктүү
Бүткүл кыргыз жумурай-журту кабыргабыз кайышып, улуу, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовду жоготуп турган учурубуз. Бул, албетте, орду толгус зор жоготуу. Ч.Айтматовдун бүткүл дүйнө калкына калтырган эмгектеринин өмүрү түбөлүктүү болот деп ойлойм. Ушул аза күтүү күндөрүндө улуу жазуучубуздун үй-бүлөсүнө, туугандарына көңүл айтам. Аркасында калган урпактары, эл-журту Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүк жүрөктөрүнө сактарына ишенем.

Майрам ТИЛЕБАЛИЕВА,
"Даршайым" коомдук уюмунун төрайымы.




Боорубуз эзилип эле турабыз
Мен түбү таластык болом. Азыркы күндө Бишкектин четиндеги "Ак өргө" конушунда жашайм. Ошондуктан, бул кишини көп көргөн, китептерин көп окуган кишимин. Элден бир бөтөнчө кашкайып чыккан жан эле. Арты дагы жакшы болсун. Мен Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн Ата-Бейитке койгонуна абдан сүйүнүп турам. Анткени, бул өзү жаңылык. Жаңылык менен жүргөн кишинин өмүрү да жаңылык болот экен. Мындан ары атактуулар ушул жакка коюлат болуш керек. Ынтымак менен жүргөн киши эле, эл-журтубузга эсенчилик, тынчтык берсин.

Сыргак СООРОНКУЛОВ,
Бишкек шаары




"Мен өлгөн соң, мени жерден эмес,
окурмандарымдын жүрөгүнөн издегиле"
Мирзошохрух АСРОРОВ, Тажикстан Республикасынын маданият министри:
- Кыргыз калкынын улуу перзенти Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткан кабарын тажикстандыктар өтө кайгыруу менен кабыл алышты.
Адамга деген махабатка сугарылган, жакшылык менен жарыкка жол көрсөткөн Ч.Айтматовдун чыгармалары Тажикстанда сан жеткис окурмандарына ээ.
Жараткан тартуулаган анын кайталангыс таланты, кереметтүү калеми кыргыз калкын дүйнөнүн төрт кыйырына даңазалады. Чыңгыз Айтматов көркөм сөздүн улуу чебери жана гуманист иретинде Борбордук Азия элдеринин, биздин аймактын, анын ичинде Тажикстандын сыймыгы эле.
Бүгүнкүдөй азалуу күнү, чыгаан жазуучу менен коштошуп жатып, Тажикстан калкы бир тууган Кыргызстандын калкы менен бирге чоң кайгыруу менен аза күтүүдө. Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун, тажик элинин атынан маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтамын. Сегиз кылым мурда Чыгыштын улуу ойчулу Жалал-ад-Дин Руми "Туугандарым, мен өлгөн соң мени жерден эмес, окурмандарымдын жүрөгүнөн издегиле!" - деп айткан. Жазуучунун артында калган орошон мурасы ага түбөлүк жашоону, даңкты ыроолойт деген ишенимдемин.




Чыңгыз биздин туубуз эле
Чыңгыз Айтматов биздин туубуз болчу. Кыргыз эли, мамлекети дүйнө жүзүнө даңктуу уулубуз аркылуу таанылганын эч ким тана албайт.
Чындыгында Чыңгыз Төрөкулович дүйнөлүк масштабдагы даанышман инсан эле. Муну анын чыгармаларынын 170 улуттун тилине которулганы далилдеп турат. Анын чыгармаларындагы терең философиялык, гуманисттик ойлор элди биримдикке, жакшылыкка чакырып турат. Анын чыгармаларын биз жаш муундарды тарбиялоого пайдаланышыбыз маанилүү. Бул үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, бардык аймактарда анын чыгармалары аркылуу тарбия иштерин колго алсак жакшы болор эле.
Чынында анын философиялык ой толгоосунда чек жок. Буйрукчул, тоталитардык заманда кыргыздын тарыхы бурмаланып, ошол коомго ылайыкталып жазылып жаткан чакта, ал өзүнүн каармандары аркылуу элибиздин салт-санаасын, маданиятын, үрп-адатын ж.б. улутубузга тиешелүү нарк-насилдерди таамай чагылдырып, эскиртпестен, жаш муундардын эсине салып келген.
Орошон ойчул Чыкебиз эми түбөлүк жайына кетти. Ошондой болсо да, кыргыз эли, мамлекети жашап турган кезде ал эч качан унутулбайт. Анын чыгармалары боюнча тартылган кинолор, спектаклдер, искусство чыгармалары биз үчүн, дүйнө эли үчүн түгөнгүс кенч.
Биз анын чыгармалары аркылуу, аларды пропагандалоо аркылуу элдерди бириктиребиз. Ал үчүн, анын чыгармаларын мүмкүн болушунча окуу китептерине киргизип, өздүк-көркөм чыгармачылыкта пайдаланышыбыз абзел. Бул анчалык деле татаал иш эмес. Мисалы, мен мектепте окуп жүргөн кезимде "Гүлсарат" повестиндеги Танабайдын ролун ойногонмун. Чындыгын айтсам, ошондон кийин менин ишим оңолуп, жолум ачылганын жашыра албаймын.

Жумакадыр АКЕНЕЕВ,
окумуштуу, профессор




Токтогулдун нотасы атаган
Улуу жазуучу катары дүйнө тааныган Чыңгыз Айтматовду түбөлүк жайына узатуу азасынын күндөрү баарыбызга оор тийди. Көрсө өлбөс адам жок тура. "Артыбызда өлбөй турган эл калсын" деп Алыкул акын таамай жазгандай Чыңгыз аганын артында эли турганда аты өчпөй жашай берер касиетке ээ. Бир жолу Чыңгыз Айтматов чыгармачыл адамдар менен келип эл менен жолугушканда Токтогул Сатылгановдун айылына чейин келип боорунда быжыраган издери бар бийик тоону карап "Бул тоо улуу акын Токтогулдун нотасы турбайбы" деп айткан эле. Залкарлар залкарларды баалай билет, таанып билет деген чын.
Бакбү АБДИЕВА,
Токтогул райондук аймактык оорукананын директору



Кылымдар бою жашай берет!
Ала-Тоонун акылдуу кулуну Чыңгыз агадан ажыраганыбызды угуп, мен дагы өзбек элинин кайгыруу көңүл айтуусун ушул гезиттин бети аркылуу билдирип койгум келдди.
Кош, Чыңгыз ага!
Сиздин философияга бай чыгармаларыңыз кылымдар бою жашай берет!

Хайдарали УБАЙДУЛЛАЕВ,
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Түгөлбай Ата" сыйлыгынын лауреаты