, 17.06.08 - 12-бет: Суу чарбасындагы бараандуу иштер...№44, 17.06.08-ж.
  Суу өмүрдүн булагы

Суу чарбасындагы бараандуу иштер
Баратали Туранович Кошматовду суу чарбасынын жылдызы десек жарашат. Анткени, бул адамдын басып өткөн жолу суу чарбасында абдан өрнөктүү жана көлөмдүү, татаал жана сыймыктуу келип, суу чарбасына тийиштүү болгон бардык тармактарды камтыйт. Дегеним, ал райондук, облустук суу чарбасынын начальниги, ПМКнын жана тресттин башкаруучусу, министр (Суу чарба Департаменти мурда суу чарба министрлиги болчу), Айыл жана суу чарба министринин орун басары кызматтарын өтөдү. Суу чарбасынын бардык тепкичтерин басып өткөн мындай адам азырынча суу чарба тармагында жок. Мындан тышкары, райондун акими, облус губернаторунун орун басары губернатору да болуп иштеди.

Б.Кошматов 1974-жылы Тажик Республикасынын Дүйшөмбү шаарындагы айыл чарба институтун тажик тилинде аяктап, инженер-гидротехник деген кесипке ээ болот. Ошондон баштап, алган кесиби талап кылган иштерди абийирдүүлүк менен аткарууга баш оту менен киришет. Алгач эмгек жолун Тажикстандын Вахш шаар тибиндеги посёлокто долбоорлоо тобунда ага инженер болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Баткендеги Төрт-Күл курулуш мекемесинде прораб, улуу прораб болуп, Кыргызстандагы ири жана татаал объектилердин бири болуп саналган аталган суу сактагычын курууга түздөн-түз активдүү катышкан.
Натыйжада, эң алыскы Баткен чөлкөмүндө 9000 гектар дың жер өздөштүрүлүп, жаңы төрт совхоз уюшулган.
Кийин 1985-1987-жылдары "Ошмелиоводстрой" трестинин Төрт-Күл ПМКсынын начальниги болуп турган чакта, Баткен жергесине жети насостук станция курдуруп, дагы 1000 гектардан ашык жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жетише алган. Бул ат көтөргүс эмгек эмеспи!
Бул жерде айта кетчү дагы бир нерсе, Төрт-Күл ПМКсында иштеп турганда эмгектери элге үлгү болуп, кийин Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ирригатор жана эмгек сиңирткен куруучу наамдарга татыктуу болгон, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган инсандар - Асан Кожомкулов, Калкаш Батырканов менен үзөнгүлөш болуп, алардын тажрыйбаларын алып, бирге үзүрлүү иштешкен. Суу чарбасынын патриархтарынын бири, Москвадан билим алып, Ата Мекенге зор эмгек сиңирип, министр, вице-премьер-министр кызматына чейин жеткен М.Зулпуевден да таалим алган.
Мен Б.Кошматовду отуз жылга жакын билем. Мен Сузакта иштеп жүргөн мезгилде, ал Баткен райондук суу чарба башкармасын башкарчу. Ошондо эле ийкемдүү, өткүр, ойлогонун бербеген, ишке келгенде өжөр жигит көрүнгөн. Ошондуктан болсо керек, ал Москвага барып Исфара дарыясынан Кыргызстан алуучу сугат суусунун көлөмүн 2%дан 37%га чейин көтөргөн. Бул Баткен эли көптөн бери көксөгөн, бирок, аткарылбай келе жаткан көйгөйү эле. Бул өтө маанилүү ишти республиканын Суу чарба министрлигинин
кыйынмын деген адистери чече албай келишкен.
Б.Кошматов Ошоблсуучарбасында начальник, "Южводстрой" трестинде башкаруучу болуп турган убакта, түштүктүн суу чарбасын өнүктүрүүдө олуттуу маселелерди көтөрүп, аны аткарууга жүйөлүү себептер, фактылар менен далилдеп, орчундуу көптөгөн иштерди аткарды. Алсак, ар жылы облуста 100-120 км. суу түтүк курулуп, пайдаланууга берилип турду. Чолпон-Ата, Токтогул, Итагар Арпа-Тектир, Кара-Кулжа, Жаман-Адыр насостук станциялары жаңы курулуп, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен камсыз кылышты. Кара-Сууда Южный, Кадамжайда Бүргөндү, Баткенде Р-4, Р-5, Төрт-Күл, Лейлекте Айбек каналдары ишке киришип, миңдеген гектар жаңы жерлер өздөштүрүлдү.
Эли жыш, эмгекчил келген, жер, суусу аз берекелүү Фергана өрөөнүндө Өзбекстан жана Тажикстан менен вегетациялык мезгилде сугат суу бөлүнөт. Араван-Сай, Кара-Дарыя, Падшаата, Сох, Исфара жана башка дайраларынын суусун алуучулар болуп Өзбекстандын Анжыян, Наманган, Фергана облустары, Тажикстандын Ходжа-Абад облусу эсептелет. Бул өлкөлөр менен сугат суусун бөлүштүрүү дипломатиялык жолдорду - өтө сактыкты, аярлыкты, сөзмөрлүктү, калыс мамилени талап кылат. Мындай сапат жогоруда айтылып кеткендей Бараталы Турановичте бар. Ошондуктан өзбек, тажик туугандар менен ынтымакта болуп, өз ара пайдалуу иштер жүргүзүлгөн.
Бараталынын адамкерчилиги, жөнөкөйлүгү өзгөчө. Ал суу чарба Департаментинде иштеп турганда, адамдарга камкордугун, аяр мамилесин өз көзүм менен көрүп, өзүм күбө болгом. Мындан алты жыл мурун Панфилов районунан бир карыя келди, кабагы салыңкы, кабылдамада турган эле. Аны жадырап-жайнап тосуп алып, жетелеп барып орундукка отургузуп, сөзүн бөлбөстөн, арыз-муңун акырына чейин кунт коюп угуп, берген кагаздарын окуп чыгып, өзүнүн оюн жеткиликтүү түшүндүрдү. Анан ишти телефон менен райондук начальникке дайындап, орун басарына көзөмөлдөп турууну тапшырды. Чыкканда карыянын каш-кабагынан, шаңдуу сүйлөгөнүнөн, шайдоот басканынан анын абдан ыраазы болгондугу билинип турду.
Кыргыз элинин "Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет" деген макалы эң туура айтылган экен. Карыянын маселеси толугу менен чечилгенин кийин уктук. Буларды айтып отурганым, Баратали Туранович адамдык факторду бардыгынан өйдө коюп, адам бардыгынан улук экендигине жогорку баа бергендигинде. Ал көп жылдардан бери элди-жерди, жамааттарды башкарып келет, бул мезгилдин ичинде далай жарандарга жакшылык жасады.
Б.Кошматовдун ата-теги да эл башкарган, жер башкарган, бардар адамдардан болгон экен. 30-жылдардын каардуу капсалаңы аларды да каптап, алыскы Кавказга айдалышат. Мезгил өтүп, Ата Мекенге болгон сүйүү, сагыныч ашып-ташып, кусалык кур койбой, киндик кан төгүлгөн жерге кайра кайтууга мажбурлайт. Кошмат ата ал жакта каза болуп, сөөгү Кавказда калат. Ал киши үзүлүп бара жатканда: "Баткенге барбагыла, ага жакын жайгашып, ага-туугандарга катташып тургула", - деген экен. Анткени, чыккынчы, көрө албас кас адамдар көрбөсүн дегени го. Себеби, ал убакта репрессия залдары али кете элек кез экен. Ошондуктан, алар Тажикстанга келип туруп калышат. Б.Кошматовдун тажикче сүйлөп, тажикче окуп калганы ошол себептен.
Бул адам Суу чарба департаментинде да өтө жемиштүү иштеди. Атап айтканда, ирригацияга чет элдик инвестицияларды тартууга жетишти. Натыйжада, "Ирригациялык системаларды реабилитациялоо", "Ички чарбалык сугат", "Ташкын жүргөндө өзгөчө чаралар" долбоорлору ишке киришти. Мунун негизинде биринчи долбоор боюнча Орто-Токой, Киров, Папан суу сактагычтары ремонттолуп, Талас элинин көптөгөн жылдар бою көксөгөн максаты ишке ашып, Кара-Буура суу сактагычы курулуп бүтүп, учурда сугат суусун берип жатат. Мындан тышкары 27 ири ирригациялык система калыбына келтирилди.
"Ички чарбалык сугат" долбоору да эң зарыл, эң керектүү дол-боорлордун бири. Долбоор Суудан пайдалануучулар ассоциацияларын (СПА) түзүүгө багытталган. Анткени, алар мурдагы колхоз, совхоздор тейлеген ички чарбалык сугат тармактарын оңдоп, калыбына келтирип, дыйкандарды суу менен өз убагында жана керектүү көлөмдө камсыз кылуучу уюм.
Учурда республика боюнча 433 расмий СПАлар түзүлгөн. Алар 699 миң гектар сугат жерди тейлешет. Бул республикадагы жалпы сугат жерлердин 68%ы. СПАлар уюшулгандан бери дыйкандар арасында суу бөлүштүрүү, суу менен камсыз кылуу, суу эсеби, ички ирригациялык тармактарды ремонттоо иштери жакшыртылды. Ушунун негизинде өлкөнүн 2 миллиондон ашык айыл эли экономикалык жактан пайда көрүүдө.
"Ташкын жүргөндө өзгөчө чаралар" долбоору боюнча Көгарт, Тар, Араван-Сай, Сох ж.б. дайраларынын жээктери, суу алуучу башкы гидротехникалык курулмаларынын, плотиналардын сайдан суу келүүчү участкалары Рено матрастары (ичине таш толтурулган темир тор) жана жардырылган ири таштар менен бекемделип, ташкын суудан коргоо дамбалары курулду. Өйдөдөгү максаттарды камтыган "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу" долбоору жакынкы мезгилден бери иштей баштады. Мында да башкы деректердин салымы чоң.
Б.Кошматов илим-изилдөө, долборлоо институттарына суу чарбасына пайда келтире турган, жогорку натыйжалуу темалардын үстүндө иштөөгө катуу талап коюп жатат. Бир мисал. Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр магистралдык каналы топурака толуп, жыл сайын көптөгөн каражат сарпталып, экскаватор, бульдозорлордун күчү менен тазаланчу. Каналдан чыккан топурак каналдын жээгине батпай, тоодой болуп кеткен. Аны кайра дагы тазалоо үчүн топуракты нечен ирет улам ары ыргытпаса, тазалоого мүмкүнчүлүк болбой калган. Азыр туура түзүлгөн долбоордун негизинде жаңы тундурма курулуп, каналды шиленди-чөгүндүлөрдөн жууп-тазалоо ыкмасы колдонулуп, жыл сайын тазалоо токтотулду. Бул ишке жыл сайын жумшалган 1 миллион сом үнөмдөлдү.
Суу чарба тармагынын өнүгүп-өсүшүнө бардык жагынан далалат жасалып, Б.Кошматовдун демилгеси жана катышуусу менен Кыргызстандын суу чарбасынын энциклопедиясы түзүлүп, жакында жарыкка чыкканы турат. Мындан тышкары, суу чарбасынын эмблемасы иштелип чыгылып, төш белги түрүндө жасалганы жатат.
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө да көп көңүл бөлүнүүдө. Кыргыз тили классы уюштурулду. Кээ бир аймактардагы суу чарба иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүдө.
Кошматов Бараталы Турановичти сөзгө тартсак, мындай деди:
- Жашоо-турмушта суунун ролу зор. Марксизмдин классиктеринин бири Ф.Энгельс "Суусуз жашоо жок", кыргыздар "Суу сыйлаган зор болор, сыйлабаган кор болор", же "Эл башы болгончо суу башы бол" деп эң туура баа беришкен. Акыркы жылдары дүйнө жүзүнүн элдерин таза суу менен камсыз кылуу өтө оорлошуп бара жатат. Израилде ичүүчү суунун баасы тамак-аш продуктуларынын баасынан жогору турат, ал өлкөдө сугат сууну үнөмдөө иретинде алма бактарды, айыл чарба өсүмдүктөрүн тамчылатып сугаруу (суу жер алдындагы түтүктөр менен берилет) ыкмасына өткөн.
Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери коңшу өлкөлөргө сууну товар түрүндө сатууга аракет жасап жатат. Бирок, бул иш жакшы натыйжа бере элек. Казакстан гана мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин оңдоого каражат бөлүп берүүдө.
Сугат жана ичүүчү таза сууну биз коңшу мамлекеттерге сатуубуз керек. Алар бизге нефтини, газды деле кымбат баада сатып жатышпайбы. Биз эмне үчүн сууну бекер беришибиз керек. Суу Араб, Түштүк-Чыгыш Азия, Африка өлкөлөрүнө талапка ылайык, аба жолдору же жер үстү менен экспорттолушу керек. Дүйнөлүк практикада бир нече мамлекеттерди аралап өткөн нефть түтүктөр бар эмеспи. Эмне үчүн суу түтүктөрү менен мөлтүр кашка суубузду башка өлкөлөргө берүүгө болбосун. Бул үчүн көп аракет жасап, инвестицияларды тартыш керек. Дипломатия керек.
Б.Т.Кошматовдун мындай жакшы ойлоруна жашыл жарык жанып, ишке ашуусуна тилектешпиз.
Алмамбет ЖАМГЫРЧИЕВ,
суу чарбасынын
отличниги, ардагер




  Кыштын камын азыртан көрө башташты

Быйыл окуучулар, студенттер жайкы каникулга тараган мезгилден баштап мектептерди, окуу жайларды
оңдоп, актап, сырдагандан тышкары кышка даярданууга өтө чоң маани берилет.
Анткени, быйыл Токтогул
суу сактагычында суунун көлөмү аз. Ошондуктан, экономикабыздын тармактарын жана калкыбызды 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн атайын токтому чыккан. Ушул токтомду аткаруу максатында Билим берүү жана илим министри И.Болжурова министрдин орун басарлары, тийиштүү башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринен турган такай иштөөчү штаб түздү. Аталган штаб ай
сайын жыйынында билим берүү обьекттеринин күзгү-кышкы
даярдыгынын жүрүшүн карап, бул жөнүндө өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине дамамат маалымдап турушат. Билим берүү обьекттерин күзгү-кышкы мезгилге
даярдоо үчүн жоопкерчилик ЖОЖдордун ректорлоруна, мектептердин директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлгөн.
Ч.АЛЫБАЕВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты

Улуттук
Филармония - эл арасында
Бекер концерт көрүүгө белендениңиз
Кыргыз Республиканын Президентинин демилгеси менен 2006-жылдан баштап Улуттук филармониянын чыгармачылык жамааты республиканын аймактарын кыдырып, концерттерди бере баштаган.
Бул иштин жүрүшүндө об-
лустардын жана райондордун жетекчилери артисттерди мейманкана жана тамак-аш менен камсыз кылууну моюндарына алышкан. Топто 30-35 адам бар. Ошондой эле концерт өтүүчү жайды даярдашкан эле. Ал эми барып келчү автоунаа менен Президенттин иш башкармалыгы камсыз кылган.
Ошентип, 2006-жылы Жалалабад, Ош, Баткен облустарында концерттер берилген. 2007-жылы болсо ШКУнун иш чарасы өткөндүгүнө байланыштуу мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бүгүнкү күндө Улуттук филармониянын администрациясы мурунку демилгени колго алууда. Буга чейин айылдарды чакан топтор гана кыдырып концерттерди берип жүрүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси М.Ч.Садыркуловдун колдоосунун натыйжасында, облустардын губернаторлорунун кийлигишүүсүнөн улам 2008-жылдын 2-июлуна чейин Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарын Улуттук филармониянын чыгармачыл өнөрпоздору кыдырып элге концерттерди тартууламай болду. Ага Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов жетекчилик кылат. Концерттин баары бекер өткөрүлөт. Эки, эки жарым
сааттык концерт эч кимди кайдыгер калтырбайт.
Чолпон КАРЫМШАКОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты