, 13.06.08 - 7-бет: Ч.Айтматовго 1962-жылы...№43, 13.06.08-ж.
  Ч.Айтматовго 1962-жылы
Лениндик сыйлык ыйгарылган

Ыйлап турат аккан жашын аарчыбай
киши түгүл китептердин барагы

Ысык-Көл форумунда айтылган…
Акыл-эсти жана жүрөктү бириктирели
Менимче, Чыңгыз Айтматов жазуучулардын, артисттердин, сүрөтчүлөрдүн катышуусу менен уюштурган формалдуу эмес, так чектөөлөрсүз өткөн жолугушуу ойлоонун традициялуу догмаларын бузуу, ядролук кылымда ойлоонун жаңы тибине өтүү үчүн адамзаттын акыл күч-кубатын топтоо зарыл болуп турган дүйнөлүк тарыхтын ушундай татаал мезгилинде болду деп ойлоймун.

Аугусто ФОРТИ, физик, Италия

Чындыкты бардыгы билиши керек
Мен чечен эмесмин. Өз оюмду жазып билдирүүгө көнүп калгамын. Ошондой болсо да ар түрдүү өлкөлөрдүн интеллектуалдарынын, искусствонун түрдүү тармактарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу шексиз керектүү жана пайдалуу экендигин толук ишеним менен айта алам. Ошондуктан, меймандостугу үчүн, Ысык-Көлдөгү сыяктуу сейрек кездешүүчү жыйында жолугушуп пикир алышууну уюштурган Чыңгыз Айтматовго, ал өкүлдүк кылган өлкөгө алкыш айткым келет. Ушул сыяктуу жыйындарды уюштуруучулар меймандардын алдына кандайдыр бир талаптарды коюп, аларга кысым көрсөткөн учурлар болот. Ал эми бизди Ысык-Көлдө меймандостук менен жакшы кабыл алышты, кысым көрсөтүүнүн эч кандай белгилери болгон жок.

Клод СИМОН,
жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты, Франция

Тынчтыктын жана чыгармачылыктын кылымы
Ушундай залкар адамдардын жолугушуусуна катышкандыгым үчүн өзүмү бактылуумун деп эсептейм. Көрүнүктүү жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун мени чакыргандыгына чоң кубанычта болдум, бул адамды мен көптөн бери урматтап келгем. Аңгемелешүү убагында ал өзүбүздүн талантыбызды жана жаңы ой жүгүртүү үчүн кандайча пайдалануу жөнүндөгү ой толгоолорго бизди шыктандырып турду. Ал бизди өзүнүн гүлдөгөн республикасы, анын меймандос калкы менен тааныштырды. Биздин бардыгыбыз Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарынын ардактуу жараны болуп калдык.
Афеверк ТЕКЛЕ,
сүрөтчү, Эфиопия

Келечек
Бири-бирибизди түшүнүүбүзгө үйрөнүүбүз үчүн жеке карым-катыштан артык эмне маанилүү боло алат? Эзелтен келе жаткан бул чындыкты биз ушул жерде, Чыңгыз Айтматовдун "тегерек столуна" чогулганыбызда бөтөнчө түшүндүк. Мындай диалогдордун татыктуу улантыла бериши өтө зарыл. Бул форумдун чыныгы маани-маңызы биз өзүбүздүн кооптуу мезгилибиз адамзаттын алдына коюлуп турган татаал маселелерди талкуулаганыбызда.
Глобалдуу маселелерди чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. Кылымдын, доордун, түбөлүктүүлүктүн проблемасы - бул согуш жана тынчтык проблемасы. Адамзат баласынын жашап каларлыгы же калбастыгы. Мен адамзат баласы жашап кала берет деймин.

Яшар КЕМАЛЬ,
жазуучу, Түркия




Кош, Чыңгыз!
Жүрөктү тытып, сыздаткан оор кайгынын салмагынан улам, алтын башка акыры бир өлүм бар экенин билсек дагы ишенгибиз келбей, чымчып топурак салганга колубуз барбай, минтип жылдызыбыз түшүп, канатыбыз жер чийип турган кез. Ооба, кутман жергебиз, кыргыз адабияты орду толгус жоготууга учурады. Эң бийик тирүү тообуз кулады. Кыргыз эли өзүнүн жүздөгөн кылымдык генийинен жараткан улуу уулун, бул жарыкка чанда бир келчү алп талантты жоготту. Биз кыргызды дүйнөнүн баардык булуң-бурчтарына чейин тааныткан, Манастан кийинки эле сыймыгыбыз, бүтүндөй өлкө үчүн арка-бел болгон Чыңгыз Айтматов аттуу асыл замандашыбыздан, залкарыбыздан, аялуу Чыкебизден эч бир ойлобогондо капысынан ажырап калдык. Элибиз анын даңктуу сексен жылдык мааракесине зор сүймөнчүлүк менен даярданып, анын өзүнө мындан аркы дагы жаркын каалоо-тилектер менен жашап жаткан учур эмес беле. Чыңгыз өзү Теңирим сүйгөн асылдыктардан кубат алып жашаган, акыл-кайраты тунук, мурункусундай эле балкайган бойдон, чыгармачылык толук күчүндө заңгырап турбады беле. Мындан бир жарым ай эле мурда биз аны менен жашоонун көп сырлары, эл-журт, учурдун жүрөктү өйгөн проблемалары, жазуучулар, келечектеги пландар тууралуу калемдеш катары, кыйышпас ага-ини катары бир топко чечилишип сүйлөшүп олтурбадык беле? Ошол биздин эң акыркы көрүшкөнүбүз экенин анда кайдан билдик. Бул бир арман…
Чыңгыз өзүн берген кыргыз топурагына, кыргыз элине, бүткүл адамзатка опол тоодой кызмат өтөдү. Бул жарыкка келген өзүнүн адамдык парзын, адамдык миссиясын ал ашыгы менен аткарды. Дүйнөлүк окурмандардын сүймөнчүгү, эң көп окулган алп сүрөткер Айтматовдун негизги темасы Адам - "Адам канткенде адам боло алат?" деген глобалдуу идея, өмүр бою тынчын алып келген түбөлүктүү суроо болчу. Ал өзүнүн уникалдуу чыгармачылыгында дал ушул идеяны лейтмотив кылып, адамдын рухий дүйнөсүн байытууга, жашоонун ак, таза жолун көрсөтүүгө тырышты. Өзүнүн бийик жарандык позициясынан туруп ал терең жана адамдарга ар дайым ойлонууга түрткү берген, бүткүл адамзатты тамшандырган жана жалпы элдик болуп кеткен ажайып каармандары аркылуу гумандуулуктун өлбөс салттарын, өзү дайым жактап келген чындыкты үйрөтүүгө аракеттенди.
Чыңгыздын өлүмү бүткүл дүйнө үчүн, дүйнөлүк адабият жана маданият үчүн оор жоготуу болду. Дүйнө доорубуздун дагы бир даанышман ойчулунан, улуу гуманист - улуу инсандан ажырады. Бирок Чыңгыз артында көөнөрбөс эстелик - качан да болсо эл сүйүп окуй турган мурасты, улуу чыгармаларды калтырып кетти. Адамзаты бар кезде алар эч качан унутулбайт.
Кош, Чыңгыз, боордошум, кош! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Кыргыз элиң сага ыраазы.
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
Кыргыз Эл акыны




Кош, Чыке...
Аалам кезип Айдай жалгыз жашады,
Күндөй күлүп тийди бизге атагы.
Өчпөйт деген бул өмүрдө калп экен
Анык тура чыккан күндүн батары.

Калкы үчүн канат болгон кан-жаны,
Чыгармага чырмалышкан ар таңы.
Жүрүп кетти атпай журтту дүйнөгө
Дүңгүрөткөн дүнүйөнүн залкары.

Шумкар эле шумкарларга теңегис,
Жазгандарын мезгил өлчөп ченегиз.
Бөксө толуп, кем бүтөлүп өзү эле
Атын уксак көккө жетчү төбөбүз.

Бирдей сүйүп тоону жана талааны,
Кудуреттей колдоп турчу карааны.
Ыйлап турат аккан жашын аарчыбай
Киши түгүл китептердин барагы...

Күндө окусаң күндө күлгүн, күндө жаш,
Чыкем жазган чыгармадай чыгарма аз...
Наамы барды тапса болоор, а бирок,
Өзүңдөйдү эми кыргыз табалбас.

Эл багар уул уктайт дешет ээрде,
Ээк кагып келди туулган жерине...
"Кош, Чыке..." деп айтканга тил барса да
Жүрөк барбайт... Ошентсе да: "Кош, Чыке..."

Анатай ӨМҮРКАНОВ




Айтматовдун ийгилиги -
турмушту мыкты билгендигинде
Луи АРАГОН: "Жамийла" дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян".
* * *
Токтоболот АБДУМОМУНОВ: "Айтматовдун ийгилиги анын турмушту сонун билгендигинен, эң укмуштуу көркөмдүк жана коомдук сергектигинен келип чыкты".
* * *
Чыңгыз Айтматов Ысык-Көлдөгү ушул жолугушууга бизди чакырган учурда азыркы күндө биздин алдыбызда турган адамзаттын бир кыйла маанилүү проблемаларын чечүү үчүн биздин ыр жаза тургандыгыбыз жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Айтматов мындай деди: түзүүчү чыгармачылык адамзаттын жашоосун сактап калуунун жолу болушу мүмкүн. Биз бул пикирге кошулабыз. Мисалы, сиздин азыркы иштеп жаткан ишиңиз түзүүчү чыгармачылык иши болот, менин жана тигинин азыр жасап жаткан иштери да түзүүчүлүк иш болот.

Федерико МАЙОР,Испания
(Ысык-Көл форумунан кийинки каттардан)
* * *
Биздин досубуз жана коллегабыз Чыңгыз Айтматовго достук каалоолорду жиберебиз. Биздин Советтик досторубуз сыяктуу эле искусствонун, атап айтканда театр искусствосунун жардамы менен ишке ашырылуучу дипломатия дипломатиянын өзүнүн искусствосуна караматиянын өзүнүн искусствосуна караганда кыйла таасирдүү боло тургандыгын биз билебиз.

Джером ЛОУРЕНС, Роберт ЛИ (АКШ)
(Ысык-Көл форумунан кийинки каттардан)




  Тоо куланды

(Чыңгыз Айтматовду эскерип)

Бул күн өзү түшүмбү же өңүмбү?
Уккан кабар чындыкпы, же төгүнбү?
Чыңгыз деген тоо куланды кыргызда,
Кармап калуу кыйын тура өмүрдү?!

Келбесине кетти беле жан учуп,
Кайдан келди жаман кабар жарышып?
Чыңгыз деген тоо куланды кыргызда,
Кайгырабыз кабыргабыз карышып.

Чаалыктыбы өмүр аттуу кер жоргоң,
Кезиң бүтүп кыйын чакта бел болгон.
Ким сооротот кыргызыңды бул күндө,
Ким сооротот эл-журтуңду дел болгон.

Чайпалдыбы эл-журтумдун руху,
Кыйын чакта турган кезде улуту.
Кайран Чыкем көктү челген тоо сыңар,
Кыргызыма тирек болуп туруучу.

Жетимсирейт каран күндө эл-жерим,
Улуу мурас жаратмандык эмгегиң.
Кыраан чыгып улуу Манас бабаңдай,
Кыргыздарды дүйнө элине теңдедиң.

Маркабай ААМАТОВ,
КР маданиятына эмгек
сиңирген ишмер,
Кыргызстан жаштар
сыйлыгынын лауреаты