, 13.06.08 - 4-бет: АЙТМАТОВ Чы?гыз Тєрєкулович...№43, 13.06.08-ж.
  Ч.Айтматовдун китептери 170тен ашык тилге которулуп,
60 миллиондон ашык нуска менен басылган

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов
Дүйнөлүк маданият, азыркы адабият, Кыргыз Республикасы жана анын эли орду толгус чоң жоготууга учурады. 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.
Ч.Т.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Карабуура районундагы Шекер айылында репрессияга туш болгон мамлекеттик ишмердин үй-бүлөсүндө туулган. 1948-жылы ал ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1956-1958-жылдары жогор-ку адабий курстарды (Москва) аяктаган. Андан кийин журналист, "Литературный Киргизстан" журналында редактор болуп иштеген. СССРдин ири адабий басылмалары - "Новый мир" жана "Литературная газетанын" редколлегиясынын мүчөсү, "Инос-транная литература" журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган, ал эми 90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
1952-жылдан баштап анын "Ашым", "Газетчи Дзюо", "Кайракта", "Сыпайчы", "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аңгемелери жарык көрө баштаган. Ч.Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган "Жамийла" повести дүйнөлүк атак-даңк алып келген. 1963-жылы "Тоолор жана талаалар баяны" жыйнагы үчүн Айтматов Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Жазуучунун чыгармалары, анын 60-80-жылдардагы "Бетме-бет", "Кызыл жоолук жалжалым", "Бото көз", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жаныбарым, Гүлсары!", "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повесттери, "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат", "Кассан-дра тамгасы","Тоолор кулаганда"("Түбөлүк колукту") романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду ХХ жүз жылдыктын акырындагы XXI жүз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен жаңы типтеги сүрөткер катары таанытты.
Чыңгыз Айтматов кылымдардын тогошкон азыркы доордун чыгармалары эң көп окулган жазуучуларынын бири. Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо
процессинин ажыралгыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары
боюнча жаралган кинофильмдер жана спектаклдер көп улуттуу кинематографиянын жана театрдын тарыхында өзүнчө бир жаркын барак болгон: "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Фуд-
зиямадагы кадыр түн", "Кылым карыткан бир күн", "Кыямат" Стамбулдун, Софиянын, Улан-Батордун, Варшаванын, Бухаресттин, Праганын, Лондондун, Токионун, Москванын, Санкт-Петербургдун, Бишкектин жана дүйнөнүн башка көп өлкөлөрүнүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп, сахналарында коюлуп келе жатат.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, дүйнөлүк көркөм сүрөт академиясынын, Европа илим, тарых жана адабият академиясынын, Германиянын көркөм өнөр академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, башка академиялардын ардактуу мүчөсү, дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу доктору, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Ысыккөл Форумунун президенти, Рим клубунун мүчөсү, Лениндик жана СССРдин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, Герма-ниянын, Индиянын, Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Франциянын, Япониянын эларалык сыйлыктарынын лауреаты, Ленин, Октябрь революциясы, Эл достугу, Эмгек Кызыл Туу, I даражадагы "Манас" орденинин, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Ч.Т.Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, гуманисттик салттарды сактоого, коомдун адеп-ахлактык түркүктөрүн коргоого, саясый системаларды интеграция-лоого баа жеткис салым кошкон.
Улуу замандашыбыз - дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, кыргыз элинин улуу адамы арабыздан кетти. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн окурмандары анын ар бир жаңы чыгармасынын пайда болушун кунт коюу менен байкап турушчу. Сынчылар Айтматовдон адамды бардык социалдык факторлор жана дүйнөлүк тарыхтын агымы менен өз ара байланышта караган, акыр-аягында акыл-эс жана жакшылык жеңип чыга тургандыгына ишенген, ар кандай көркөм системаларды чыгармачыл жактан бириктирген "контрасттардын сүрөткерин" көрүшкөн. Ч.Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгы дүйнөлүк прозадагы жаңы багытты белгилеп, ХХ кылымдын социалдык реализмине элдик даанышмандык, философиялык күч жана психологиялык тереңдик берди.
Анын чыгармаларында улуттук колорит, азыркы учурдун актуалдуу маселелери, адамдын руханий жана адептик маңызы, акыйкаттыкты эңсөө жана адилеттикти орнотууга чечкиндүүлүк, адамда абийирди, кайратмандыкты, адамкерчиликтүүлүктү ойготууга умтулуу өзгөчө байкалат.
ХХ кылымдын улуу жазуучусу, маданияттын сактоочусу жана гуманизмдин чечкиндүү коргоочусу болуу менен ал дүйнөлүк адабиятты арттырып жана биздин мекенибиз - Кыргызстандын образын адамзаттын руханий кенчине айландырган, дүйнөдө биринчилерден болуп маданий дөөлөттөрдү сактап калуунун жана кыргыз тилин жана өз маданиятын кайра жаратуунун зарылдыгы жөнүндө айтып чыккан.
Өзүнүн залкар уулунун дүйнөлүк адабиятты, көркөм өнөрдү жана маданиятты өнүктүрүү ишиндеги сиңирген эмгегине мекенинин урмат көрсөтүшү катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун Жылы деп жарыяланган, бул белгилүү маарекени татыктуу майрамдоо боюнча иш-чаралар белгиленген.
Кыргызстандын залкар уулу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү жаркын элес кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат жана анын чыгармачылык мурасы дүйнө элдеринин жалпы адамзаттык маданиятына баа жеткис салым болот.

Бакиев К.С., Тагаев А.С., Чудинов И.В., Сыдыкова С.К., Алиева Ж.С., Досбол Нур уулу, Садыркулов М.Ч., Исаков И.И., Мамытов Т.Б., Сыдыков У.С., Узакбаев Э.У., Бекбоев З.И., Баекова Ч.Т., Турсунбаев А.А., Исабеков К.С., Усубалиев Т., Кошоев Т.К., Акназаров К., Кондучалова К., Жумагулов А., Айтматов И., Айтматова Р., Рахманов Т., Миррахимов М., Садыков Т., Эралиев С., Жусуев С., Касымбеков Т., Мамакеев М., Жумакматов А., Сыдыков Т., Айдаралиев И.Р., Ибраимова Э.С., Исмаилов М.А., Сатыбеков М.С., Раев С.А., Суталинов М.А., Карабаев Э.О., Калыев Б.Т., Конгантиев М.Т., Кайыпов М.Т., Калимбетова Т.Б., Жапаров А.У., Ногоев А.И., Сулайманов Н.Ч., Ташиев К.К., Болжурова И.С., Мамбетов М.А.,
Абдуллаева У.А., Балкибеков С.Э., Рыскулова А.М., Турдумамбетов Т.О., Курманбеков Т.Б., Акматов Н.О., Сатыбалдиев Э.Р., Султанов М.А., Эшимканов М.А., Темирбаев К.Т., Жоробекова Ш.Ж., Гайпкулов И.Т., Абдыкалыков О., Нарбаев К.Ж., Асанов Б.А., Осмоналиев К.О., Мамашов Т.Ч., Давлеткельдиев А.А., Бөрүбаев А.А., Жекшеев Ж.Ж., Турганбаев Н.Т., Султанов А.А., Турсунбек Акун, Муйбиллаев А.М., Тойчубеков Ю.Ж., Үсөнов Д.Т., Жумабеков М., Масиров К., Исаев К., Сувана-
лиев О.И., Карашев А.А., Болотбеков Б., Сыйданов К., Эшалиев С., Медетбе-
ков Э., Султанов О.С., Садыков Ж., Байжиев М.Т., Акматов К., Жакиев Б., Шаповалов В.И., Рудов М.А., Плоских В.М., Акматалиев А., Каракеев К., Токтосартов А., Сартбаева К., Акималиев Ж., Шамшиев Б.Т., Базаров Г.Б., Бапанов Т.Д., Алка-
нов Р., Сыдыков Б., Өмүрканов Р., Каипов С.Т., Нифадьев В.М., Шадыбеков Д., Нарбеков О., Юлдашев А., Рахманалиев Р., Бегалиев М., Мирзоев А.




Дүйнө окурмандары талантына таазим этишет
Улуу жазуучунун чыгармачылыгы аркылуу аалам кыргыз элинин рухий дүйнөсү, анын бай маданий мурасы менен таанышууга мүмкүндүк алды
2008-жылы 10-июлда узакка созулган катуу оорудан кийин 80 жашка караган курагында кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, доорубуздун улуу жазуучусу, дүйнөлүк масштабдагы белгилүү коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук Акаде-
миясынын академиги, Бүткүл дүйнөлүк илимдердин жана искусствонунун академиги, Лениндик, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, Эл аралык Джавахарлал Неру жана "Этрурия" сыйлыктарынын лауреаты, дүйнө өлкөлөрүнүн көптөгөн орден-медалдарынын ээси, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, "Ысык-Көл форумунун" президенти Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданияттын өнүгүүсүнө, дүйнө элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого баа жеткис салым кошту. Анын ысымы чыгармаларын окурмандардын бир нече мууну окуп, тарбияланган дүйнөлүк адабияттын классиктери менен бир катарда турат.
Улуу жазуучунун чыгармачылыгы аркылуу аалам кыргыз элинин рухий дүйнөсү, анын бай маданий мурасы менен таанышууга мүмкүндүк алды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адам өнүгүүсүнүн жалпы дүйнөлүк процесстерине, азыркы дүйнөдөгү личносттун калыптануусуна таасирин тийгизди. Атамекендик жана дүйнөлүк басма сөз жазуучунун чыгармаларын дүйнөлүк көркөм адабияттын жогорку жетишкендиги катары баалайт.
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов дүйнөдөгү эң окумдуу жазуучулардын бири болуп эсептелет. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын окуу программаларына киргизилип, 170тен ашуун тилге которулган, чет элде жалпы тиражы 60 миллиондон ашуун нуска менен басылган. Жазуучу-гуманист тынчтык жана гуманизм идеяларын жан үрөп жактаган. Өз чыгармачылыгында жана ар тараптуу коомдук ишмердүүлүгүндө дүйнөлүк маданият менен адабияттын улуулугун ынанымдуу далилдеген. Дүйнөдөгү бардык окурмандары анын талантына, "Айтматов феноменине" таазим этишет.
1960-1980-жылдары жазуучу жогорку мамлекеттик органдардын депутаты, көптөгөн өкүлчүлүктүү форумдардын жана конгресстердин делегаты болгон. Чыңгыз Айтматов "Новый мир" журналынынын жана "Литературная газетанын" редколлегиясына кирген. Өзүнүн чыгармалары үчүн Айтматов үч жолу - 1968-, 1980-, 1983- жылдарда СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
Чыңгыз Айтматов 1986-жылы аскерий, экологиялык, экономикалык катаклизмдердин алдын алууга жөндөмдүү жаңы планеталык ой жүгүртүүнү калыптандырууга кызыкдар ЮНЕСКОнун , футурологдордун, жазуучулардын жана сүрөтчүлөрдүн өкүлдөрүнүн башын кошкон Ысык-Көл форумун уюштуруунун демилгечиси болгон.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин улуттук жана дүйнөлүк маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымын, ошондой эле көп кырдуу коомдук-саясый жемиштүү ишмердүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен 2008-жыл Чыңгыз Айтматов Жылы деп жарыяланган.
Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу КР Президентинин жарлыгы менен 2008-жылдын 14- июну Кыргыз Республикасында Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргыз элинин чыгаан уулу менен коштошуу 14-июнда саат 9.30дан 11.30га чейин Улуттук филармониянын имаратында болот.
Чыңгыз Айтматов "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат.