, 13.06.08 - 3-бет: Укук коргоо жана аскер кызматкерлерине шарттар тїзїлїт...№43, 13.06.08-ж.
  Акыркы 3 жылда күч жана укук коргоодо
500 кызматкер турак жай аянтын алышты

Укук коргоо жана аскер кызматкерлерине шарттар түзүлөт
Өткөн шаршембиде Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев ички иштер органынын кызматкерлери үчүн курулган 45 квартиралуу турак үйдүн пайдаланууга берилишине, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу иш чарага катышты.
Иш чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы, күч жана укук коргоо структураларынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык-техникалык, социалдык-чарбалык шарттарын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин белгиледи. "Биз бардыгыбыз погончон кишилердин алдына коюлган тапшырмалардын ийгиликтүү аткарылышы көп жагынан аларга түзүлгөн социалдык шарттардан көз каранды экендигин билип жүрүшүбүз керек", - деди К.Бакиев.
Мамлекет тарабынан бул багытта көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, Президент акыркы үч жыл ичинде күч жана укук коргоо структураларынын 500 кызматкери турак жай аянттарына ээ болгондугун, анын ичинде бардык шарттары бар квартиралар менен 300 дөн ашык, жатакана бөлмөлөрү менен 138 киши камсыз болгондугун белгиледи.
Кызмат учурунда курман болгон 12 аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү турак жай аянты менен камсыз болушту. Бүгүн да курман болгон 6 милиция кызматкеринин үйбүлөсү ушул үйдөн квартиралардын ачкычтарын алышат.
Андан тышкары, аскер жана укук коргоо кызматкерлерине үй куруу үчүн ар бири 5-6 сотыхтан болгон 150 жер участогу бөлүнүп берилген. 20 жана андан ашык жыл ушул тармакта иштеп, пенсияга чыккан Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо кызматкерлери үчүн, мурда алар өздөрү жашап келген 300 дөн ашык кызматтык квартираларын менчиктештирүүгө мыйзамдуу мүмкүнчүлүк берилди.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде европалык талаптагы 280 орундуу, Улуттук гвардияда 475 орундуу жоокер казармаларынын курулушу бүткөрүлгөн. 39 аскер кызматкери кызматтык квартиралар менен камсыз болгон.
Ички иштер министрлиги тарабынан акыркы үч жыл ичинде көп квартиралуу үч үй курулуп бүткөрүлүп, 130 квартира ички иштер органынын кызматкерлерине же курман болгон милиционерлердин үй-бүлөөлөрүнө бөлүнүп берилген.
Жалпысынан 2006-2008-жылдарда курулуп пайдаланууга бериле турган турак жай үйлөрдөн 1021 квартира мамлекеттин же жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат.
Эмдиги жылы 670 квартира бюджет тармагында иштеген кызматкерлер үчүн ипотекалык кредиттин негизинде берилмекчи. Жыйынтыгында, жалпысынан Кыргызстан боюнча 1691 квартира социалдык турак жай катары пайдаланууга тапшырылат.
Чүй облустук ИИБнин 45 кызматкери үчүн Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн аймагынан үй курганга жер участоктору бөлүнүп берилди. Сүлүктү шаардык администрациясы тарабынан 16 квартиралуу турак үй бөлүнүп берилген. Баткен облусунда 25 квартиралуу эки үйдүн курулушу башталган.
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн 56 бөлмөлүү чакан үй-бүлөөлүк жатакананын имараты жаңыланып даярдалууда. Көк-Жар айылынын аймагында укук коргоо кызматкерлери үчүн "Полицейлер шаарчасына" 400 турак үй куруу үчүн жер бөлүнгөн.
Кийинки үч жылдын ичинде ички иштер органынын кызматкерлеринин айлык маяналары эки жолу жогорулатылды. 2007-2008-жылдары баңгизатты көзөмөлдөө боюнча Агенттиктин ошондой эле, күч жана укук коргоо структураларынын кызматкерлеринин айлык маяналары жогорулатылган. Азыркы учурда Өкмөткө бардык аскер кызматкерлеринин жана аларга теңдештирилген кызматкерлердин азык-түлүк пайлары үчүн берилүүчү акчалай компенсациянын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндөгү маселени карап чыгууга тапшырма берилген.
Ушул мезгил ичинде ички иштер органы жалпы суммасы 170 млн. сомдон ашыкты түзгөн, 435 автомашина жана 35 мотоцикл алышты.
Андан ары Президент, аскер, укук коргоо жана күч структураларынын кызматкерлери үчүн жакынкы мезгилде бир нече көп кабатуу үйлөрдүн курулушун баштоо пландалып жаткандыгын билдирди. Атап айтканда, азыркы учурда Мамлекеттик бажы кызматкерлери үчүн Бишкек шаарынын "Тунгуч" кичи районунда 112 квартиралуу турак үйдүн курулушу башталды.
"Жал" кичи районунда чегара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн 72 квартиралуу турак үйдүн курулушу пландаштырылган. Ички иштер, коргоо жана башка күч органдарынын имараттары жана кошумча курулуш объектери капиталдык оңдоолордон өткөрүлөт. "Бул иштин башталышы гана. Биз мындан ары мамлекет тарабынан аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу үчүн көптөгөн чараларды иштеп чыгып, аны ишке ашырабыз. Мамлекеттин коопсуздугун жана тартибин камсыз кылган ар бир укук коргоо жана аскер кызматкери кызматындагы социалдык-чарбалык шарттар үчүн кабатырланбашы керек. Бул - шарттарды камсыз кылуу мамлекеттин милдети", - деди К. Бакиев.
Акыркы мезгилде укук коргоо жана аскер кызматкерлери үчүн турак жай курулуштары негизинен Бишкек шаарында курулуп жаткандыгына токтолгон мамлекет башчысы, турак жай жана административдик курулуштардын аймактарда курулушуна көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Бул жерде Президент көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасалышы керектигин баса белгиледи.
Сөзүнүн жыйынтыгында Президент, укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин социалдык коргоо жана алардын үй бүлөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу жана тиричилик шарттарын жакшыртуу иштери улантыла бере тургандыгын айтты. Жаңы квартиралардын ээлерине аманчылык каалады.
Сөз сүйлөп бүткөндөн кийин мамлекет башчысы, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болушкан милиционерлердин, үй-бүлөлөрүнө квартиранын ачкычтарын тапшырды. Ошондой эле Бишкек жана Чүй областарынын ИИБнин жетекчилерине квартиралардын символикалуу ачкычтарды тапшырды. Жаңы үйдөн ошондой эле шаардык сот, прокуратура, УККнын башкармалыгы жана финансы полициясы бирден квартира алышты.
Аягында Президент кызматтык милдеттерин аткарууда курман болушкан милиция кызматкерлеринин үйбүлөлөрү жана Бишкек, Чүй ИИБлеринин кызматкерлери менен пикир алышып, аларды мамлекет тарабынан социалдык колдоолор мындан ары жогорулай бере тургандыгына ишендирди.
Андан кийин Президент Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылышына арналган салтанатка катышты. Президент милиционерлерди жаңы административдик имараттын курулушунун бүтүшү менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчысы тергөө иш чараларын өткөрүүгө арналган кызматтык кабинеттерди карап чыгып, ИИБнин тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен аңгемелешти.
Президент ошондой эле ИИБ үчүн 10 жаңы кызматтык автомашинанын ачкычын тапшырды.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




ЭСИИнин абалы кандай?
11-июнда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчысы Исмаил Исаков Кыргыз Республикасынын алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөө институтуна (ЭСИИ) барды.
И. Исаков Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-сентябрында Кыргызстан элине жасаган кайрылуусунда 2035-жылга чейинки мезгилди камтыган изилдөө иштеринин чегиндеги институттун социалдык-экономикалык тармактагы тобокелчилик жана коркунучтардын стратегиясын аныктоого багытталган иш пландары менен таанышып чыкты.
И. Исаков ошондой эле, институттун жетекчилигине иштеринде ийгиликтерди каалоо менен республиканын жетекчилиги оперативдүү чечимдерди иштеп чыгуусу үчүн ЭСИИ Коопсуздук кеңешин системалуу түрдө эксперттик-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылып туруусун тапшырды.
И. Исаков институттун материалдык-техникалык жабдылышынын начардыгын жана жогорку квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгиледи.

Д.ЧОЛПОНБАЕВ




Дайындоо, бошотуу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу
К.С.Молдокасымов жөнүндө

МОЛДОКАСЫМОВ Кыяс Сатарович "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.ЧУДИНОВ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 10-июну

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин буйругу
Ж.И.Саалаев жөнүндө

СААЛАЕВ Жедигер Ибраимович башка ишке өткөнүнө байланыштуу "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директорунун-башкы редакторунун кызматынан бошотулсун.
Премьер-министр И.ЧУДИНОВ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 10-июну

Агенттикте жаңы директор
12-июнда Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Асанов Бектур Жантөрөевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Директорунун кызматынан бошотулду.
Президенттин башка буйругу менен бул кызматка Воинов Александр Хусаинович дайындалды.