, 10.06.08 - 7-бет: Мекенди коргоо - ыйык милдет...№42, 10.06.08-ж.
  Мекенди коргоо - ыйык милдет

Камкордукту сезип жатабыз
Мурда армияга жасалган көңүл кош мамиленин кесепетинен, коргоо министрлигине бөлүнгөн каражаттарды кыскартууга жасалган аракеттерден улам абалыбыз кыйын болчу.
Армияда кызмат өтөгөн жоокерлердин чала тоют болгондугу, жыртык кийим менен жүргөндүгү чындык эле. Бирок, кийинки жылдарда мамлекет тарабынан аскер бөлүктөрүнүн материалдык базасын чыңдоого, жоокерлердин жана офицерлердин жашоо-турмушун жакшыртууга олуттуу көңүл бөлүнүп жатат.
Андай мамилени, жылыштарды алыскы Алай районундагы Гүлчө айылында жайгашкан 92843-аскер бөлүгүндө кызмат кылган аскер адамдары да сезип жатабиз. Бир топ жылдардан бери кароосуз калган объектилердин материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Техникалык паркка ремонт жасалды. Мурда жүрмөк турсун, көптөн бери бир орунда туруп, түбү чирий баштаган аскердик машиналар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, азыр баары күжүрмөн сапта тизилип турат. Кийинки жылдардын ичинде эле бөлүктө кызмат өтөгөн жоокерлердин жана офицерлердин жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эң негизгиси, биздин жарандардын кыргыз армиясына болгон мурдагы көз карашы өзгөрүлүп, армияга өз каалоосу менен келип жаткан уландарыбыздын саны арбып жатат.
Акыркы убактарда армияда кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жылга кыскаргандыктан, мекен коргоочулар бул мезгилдин ичинде толук кандуу дене тарбия жана күжүрмөн даярдыктан өтүүгө тийиш. Жоокерлер дене тарбиялык жана күжүрмөн, ошондой эле тактикалык жактан талаптагыдай машыгуудан өтүү үчүн шарттар түзүлүп жатат. Аларды майда-чүйдө чарбалык иштер менен алаксытпоо үчүн ашкана жана кир жуучу кызматтарга аскердик эмес жарандар тартылган. Жоокерлер үчүн курулган 90 орундуу казарма, анын санитардык түйүндөрү, эс алуучу жана жуунуучу бөлмөлөрү евростандарт стилинде курулду. Клубдун жана спорт залдын курулушу кызуу жүрүп жатат. Ал сентябрга чейин пайдаланууга берилмекчи. Биздин офицерлер үй-бүлөсү менен жашаганга турак-жай жетиштүү. Мындай шарт, мындай мамиле аскер кызматкерлеринин өз ишине кесиптик жагдайда мамиле жасашына түрткү берип, өзүн мамлекетке керек адам экендигине ынандырат.
Айдар ТОКТОГУЛОВ,
Коргоо
министрлигинин
№ 92843 аскер бөлүгүнүн командири, полковник




 10 млн. доллар грант

Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанга АКШнын 10 миллион доллары өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп берүүгө ниеттенүүдө.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын каржы министри Тажикан Калимбетова жакында Испаниянын ордо калаасы Мадридде болгон Азия өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жыл сайын болуучу жолугушуусуна катышып келген эле. Ошол жолугушуу учурунда, биздин министр айым Бүткүл дүйнөлүк банктын вице-президенти Шиего Катсу мырзага кайрылып, Кыргызстандын экономикасына инфляциялык процесстердин таасирин азайтуу үчүн жана ошондой эле, калкты арзан эгин менен камсыз кылуу максатында азык-түлүк буудайын сатып алууга Кыргыз Өкмөтүнө гранттык жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.
Бул өтүнүчкө жооп иретинде, Катсу мырза, Өнүктүрүүнүн эл аралык ассоциациясын толуктоонун алкагында Кыргыз Республикасына жардамды көбөйтүү каралып жаткандыгын белгиледи жана Бүткүл Дүйнөлүк банк бул багытта Кыргыз Республикасына ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө министрди ишендирди.
Жакында Бүткүл Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык өкүлү Аннет Диксон айым Бишкекте болуп, Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүү учурунда биздин өлкөгө аталган банк АКШнын 10 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп берүүгө даяр экендигин маалымдады.
Белгилей кетүүчү нерсе, анын алдында, каржы министри Тажикан Калимбетова Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы башчысы Роджер Робинсон менен жолугушуп, сүйлөшүү учурунда да, Кыргызстанга 10 миллион доллар гранттык каражат бөлүп берүү маселеси талкууланган. Тажикан Калимбетова, аталган банк бөлүп бере турган каражатты пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Улуттук банкта ачыла турган бирдиктүү эсепке бириктирүү зарылдыгын белгиледи. "Ал каражаттар Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталат. Тактап айтканда, ал каражатка үрөн, минералдык жер семирткич жана эгин сатылып алынат да, калкка арзан баада сатылат. Андан келип түшкөн каражат кайрадан атайын эсепке кайтарылып берилет жана
каражаттарды мындай жүгүртүү жыл сайын жүргүзүлөт", - деп белгиледи министр.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




Туристтердин коопсуздугу камсыздалат
Республиканын Ички иштер министрлиги 2008-жылдын туристтик сезонунун ачылышына карата 8-апрелде "Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар жөнүндө" буйрук чыгарган, ушул эле буйрук менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы бекитилген болучу. Ага ылайык, туристтер көп келген жерлерде тажрыйбалуу тергөөчүлөрдүн, кылмыш иликтөөнүн оперуполномочендеринин, милициянын участкалык инспекторлорунун, окуя болгон жерге тез жетип баруу үчүн криминалист-эксперттердин ичинен такай иштөөчү тергөөчү оперативдүү топ түзүлдү.
Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандарга карата укук бузуулар болгон учурда керек болуучу документтердин үлгүсү чагылдырылган такталарды орнотуу менен нөөмөттүк бөлүктөрдө жарандарды кабыл алууга тийиштүү шарттар түзүлдү.
Т.САРБАГЫШЕВ




  Маанилүү маек

Айыл чарбасы мамлекеттик колдоого муктаж
Канткенде айыл чарбасын көтөрөбүз, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун кантип камсыз кылабыз? - деген көйгөйлүү маселе атайын кабарчыбыз менен К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агроинженерия институтунун директору, профессор, айыл чарба илимдеринин доктору Нурудин Карабаевдин маегиндеги ойдун чордонун түздү.

- Нурудин Абылаевич, өлкөбүздөгү агрардык реформанын жүрүшүнө кандай баа бере аласыз?
- Эгемендүү Кыргызстанды куруунун мезгилинде айыл чарбабыз өткөөл мезгилдин татаал процессине кабылып, чоң кыйынчылыктарга кириптер болду. Так ойлонулган концепцияны иштеп чыкпай туруп эле реформа жасоо, мурдагы колхоздор менен совхоздорду шашылыш түрдө таратып жок кылуу, кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын баш-аламан менчиктештирүү көп сандаган проблемаларды жаратты. Алсак ири агрочарбалар үчүн ылайыкташтырылып түзүлгөн чоң айдоо талаалары өтө майдаланып дыйкандардын үлүшүнө бөлүндү. Кичине аянттардан турган дыйкандардын майда талааларына чектерди, арыктарды, жолдорду салуунун кесепетинен мурдагы чоң та-
лаанын пайдалуу аянты 25 - 30 пайызга кыскарды.
Бүгүнкү күндө республикабызда өндүрүлүп жаткан айыл чарба продукцияларынын 2,7 пайызын мамлекеттик жана жамааттык чарба, 59,4 пайызын фермердик дыйкан чарбалары,36,6 пайызын өздүк жеке чарбалар өндүрүп жатат. Мына ушул сандар агрардык сектордогу негизги өндүрүштүн жеке менчиктештирилгендигин, айыл чарбасында майда товар өндүрүүчүлөр өтө басымдуу орунду ээлерин көрсөтүп турат.
Айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү алып таштоо аркылуу агрардык реформа жүзөгө ашырылды. Бул айыл чарба өндүрүшүндөгү ыңгайлуулуктардын жана абалдын кескин начарлашына алып келди. Азыркы учурда түзүлгөн кырдаал республикабыздын агроөнөр жай комплексинин терең кризисте экендигин, жүргүзүлгөн реформалар, анын ичинде жер реформасы өз максатына жетпей калгандыгын тастыктап турат. Жерди жөн эле бөлүштүрүп коюу, аны жеке менчикке берүү айыл чарба жумуштарын жүргүзүүнүн калыптанган системасын кыйратып жок кылды. Эми аны алмаштыруучу, натыйжалуу, ыргактуу иштей турган жаңы механизм түзүлө элек.
- Экономикабызда өсүштөр байкала баштады. Айыл чарбасындагы абал кандай?
- 2007-жылы мурдагы жылдарга караганда айдалып себилбеген жерлер жалпы республика боюнча 4 миң гектарга көбөйүп кеткен. Азыркы учурда 106,8 миң га. сугат жердин мелиоративдик абалы барган сайын начарлагандан начарлап бара жатат. Аны калыбына келтирүү үчүн жыл сайын 160 млн. сом жумшап туруу керек.
Айыл чарба техникаларынын өтө тартыштыгынын кесепетинен ар жыл сайын талаа жумуштары менен оруп-жыюу иштерин аткаруу
кыйындагандан кыйындоодо. Бүгүнкү күндө дыйкандар менен фермерлер техникалар менен 60 - 70 пайызга гана камсыздалган. Азыркы пайдаланылып жаткан тракторлордун, комбайндардын, жүк ташуучу автомашиналардын 95
пайызы 15 жылдан ашуун пайдаланылып келгендиктен эскирди. Ушул жылдын 23-январына карата республикабыздагы 24735 трактордун 61,6 %ы, 7013 соконун 62,5 %ы, 2896 сеялканын 60,6 %ы гана оң абалда болгон. Эскирген техникаларды оңдоо барган сайын кыйындап баратат. Өлкөбүздө техникаларды оңдоочу атайын адистешкен устакана жок. Айыл чарба техникаларынын бааларынын өтө жогорулугунун, агрардык өндүрүштүн рентабелдүүлүгүнүн абдан төмөндүгүнүн кесепетинен дыйкандар менен фермерлер айыл чарбасын техникалык жактан кайра жабдый албай жатышат. Бул процессти мамлекеттик колдоо аркылуу гана жүзөгө ашырса болот. Эгерде жогорку деңгээлдеги мамлекеттик колдоо болбосо анда агроөнөр жайыбызда эч кандай кескин жылыштар болбойт.
Буга жүйөө келтирейин. Айыл чарба өндүрүшүн мамлекеттик колдоо өтө төмөн болуп жаткандыгына байланыштуу агроөнөр жай комплексине коюлган тапшырмалар аткарылбай жатат. 2007-жылы айыл чарба ички дүң продукциясынын өсүш арымын 4 пайызга жеткирүү милдети алдыга коюлган эле. Бул 1,5 пайызга гана аткарылды. Себеби, техникалык жактан начар жабдылган, жалпы репродукциядагы үрөндөрдү колдонгон, жер семирткичтерди пайдаланбаган, которуп себүү сыяктуу агротехникалык эрежелерсиз, ыкмаларсыз иш кылган дыйкан менен фермерлер мындай жогорулатылган тапшырмаларды аткарууга жөндөмсүз болуп саналат.
Мына быйыл жазгы-талаа иштерине орчундуу мамлекеттик колдоо жасалды. Бюджеттик каражаттан минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 30 млн. сом, арпа менен буудайдын сорттуу үрөндөрүн сатып алууга 20 млн. сом бөлүндү. 10 миң тонна дизелдик күйүүчү май литри 20,5 сомдон (базардагы баадан 4 - 5 сомго арзан) чарбалык субъекттерге накталай акчага сатылды. Ушул мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө эки кемчилик таасын байкалды. Биринчиси, үрөндөр, жер семирткичтер, күйүүчү майлар аймактарга кеч ташылып жеткирилди. Мунун айынан жазгы талаачылык жумуштарын кыска мөөнөттө, ыкчам бүткөрүү создуктурууга туш болду. Экинчиси, мамлекеттик материалдык колдоону акыйкат бөлүштүрүүнүн так механизми иштелип чыга электигин турмуш көрсөттү. Айылдагы жакыр адамдардын катмарлары каражаттарынын жоктугунан улам дизелдик майды, үрөндү сатып алууга кудуреттери жетпей, дагы эле мурдагыдай болуп жерлерин айдап, себе албай калышты. Демек бош жаткан жерлердин саны, көлөмү кескин кыскарды деп айтууга болбойт.
- Экономикабыздын агрардык тармагын өнүктүрүү үчүн кандай иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарыл?
- Республикабыздын агроөнөр жай комплексин кризистен алып чыгуунун терең ойлонулган программасын түзүү зарыл. Анда эске алынуучу олуттуу бир катар маселелерге гана токтолоюн. Кубаттуу колхоз, совхоздордун ордуна майда товар өндүрүүчү 280 миң дыйкан чарбалары түзүлдү. Буларды кооперативдерге бириктирүү мамлекеттин агрардык саясатынын негизги өзөгүн түзүшү керек деген ынанымдамын. Кооперативдик кыймылды өнүктүрүүгө түрткү берүүчү сынамык чарбаларды уюштурууну кечиктирбей баштоо зарылдыгы жаралды. Кооперативдерди түзүү күч менен эмес, ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылышы керек.
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө кредит берүүнүн деңгээлин жогорулатуу айыл чарбасын өнүктүрүүдө өтө чоң роль ойнойт. Азыркы учурда айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө кредит берген республикабыздагы бардык мекемелер тарабынан өлкөбүздүн дыйкандарынын бардык өндүрүштүк чыгымдарынын 10 - 11 пайызы гана каржыланууда. Мониторинг көрсөткөндөй, айылдык товар өндүрүүчү эң кыйын болуп кеткен учурда өзүнүн жылдык чыгымынын 60 пайызын өзү каржылай алат экен. Ал эми чыгымдардын калган 40 пайызы кредиттердин негизинде каржыланууга муктаж. Бул болжол менен алганда 5,8 миллиард сомду түзөт. Азыркы учурда кредиттик мекемелер менен банктар тарабынан ушул сандын 35 пайызы же болбосо 2,6 миллиард сом кредит берилүүдө. 3,2 миллиард сомдук кредиттик ресурс жетишпей турат. Өкмөт мына ушул маселени тез арада чечип, жетпей жаткан каражаттарды таап, үстөк пайызы арзандатылган, узак мөөнөттүү кредиттерди дыйкандарга берсе, анда айыл чарбасында кескин бурулуштар болор эле.
Өлкөбүз өзүн өзү ун, нан азыктары менен камсыз кыла албай тургандай кырдаалга туш болду. Азык-түлүк коопсуздугун чечүү максатында республикабызда
1 млн. тонна буудай өндүрүүгө жетишишибиз керек. Биз 300 -400 миң тонна буудайды Казакстандан, Россиядан сатып алуу аркылуу чет элдик товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүп жатабыз. Биз эмне үчүн өзүбүздүн товар өндүрүүчүлөрдөн буудайды сатып албай жатабыз? Эгерде бюджеттен 3,5 - 4 млрд. сом бөлүнсө, ага республикабыздын товар өндүрүүчүлөрү өндүргөн 250 - 300 миң тонна буудайдын ар бир килограммы 12 сомдон кем эмес баада ар жыл сайын сатылып алынса дыйкандарга демөөр, түрткү, өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүлөт болчу.
Аңгемелешкен
Рахимбек БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"