, 10.06.08 - 6-бет: Таптакыр унутулган аймак...№42, 10.06.08-ж.
  Эй, жогору жактагылар, төмөн карагылачы

Таптакыр унутулган аймак
Мен ПРООНдун иши боюнча 2007-жылдын жайында республикабызды баштан аяк кыдырып чыктым. Баткенден Аксы
районуна чейин, Талас менен Чүйдөн Ат-Башыга чейин барып, биздин жарандардын кайсы жерде кандай жашап жатышкандыктарын салыштырууга мүмкүнчүлүк алдым. Мына ошондо Жумгал районундагы кырдаал көкүрөгүмдө калды.

Чындыгында ал өлкөбүздүн эң борборунда жайгашкан. Жакында ал районго барып
райондун калкы жана айыл өкмөтүнүн башчылары менен Жогорку Кеңештин "Ак Жол" фракциясынан ал райондун куратору катары жолугушууга мүмкүнчүлүк алдым. Менин баамымча экономикалык жагынан алганда абал бир кыйла оордоп кетиптир. Азыркы учурда Кара-Кече көмүр кенинин бир нече бөлүктөрү, Миң-Куштагы Ак-Булак кени иштебей турат. Натыйжада дагы 1,5 миң адам жумушсуз калган.
Район көз карандысыздык алган жылдардан бери жакырчылыкта өмүр сүрүүдө (кедейчилик 80 пайызды түзөт). Мамлекеттин активдүү жардамысыз район бул оор кырдаалдан чыга албай тургандыгы түшүнүктүү. Райондун жашоочуларынын айтымында, көп жылдар бою Жумгал району кароосуз калган. Мунун себеби парламентте депутаттары жана Өкмөттө министрлери болгон эмес. Алар болгондо мүмкүн жакындан жардам беришмек.
Биринчи жана эң башкы проблема - Ат-Башы-Нарын-Бишкекти байланыштырып турган эл аралык кан жолдон райондун ыраактыгы. Кочкордон баштап Чаек аркылуу Суусамырга чейинки жолдун абалы өтө начар. Эгерде бийлик ээлери бул жолду ремонттоого жардам беришсе, анда жүктөрдүн бир катар бөлүгү бул жол аркылуу тезирээк жана коопсуз түрдө ташылмак. Бул көптөгөн ички проблемалардын чукулунан чечилишине да ыңгайлуу шарттарды түзмөк. Жергиликтүү жетекчилердин да, калктын да ою ушундай. Мына ошондуктан Кочкор-Чаек-Суусамыр жолунун курулушун келерки 2009-жылдын бюджетине киргизүү зарыл.
Экинчи. Райондун мектептеринин, ооруканалардын абалдары өтө начар. Алардын көпчүлүгү 1932-жылы жана 1955-жылы ашар ыкмасы менен жергиликтүү калктын каражаты менен курулган (Кызарт, Дыйкан айылдары). Акыркы жыйырма жылдын ичинде райондо учурдун талабына ылайык бир дагы имарат, мамлекеттин каражатынын эсебинен бир дагы мектеп, бир дагы оорукана курулган эмес. Мурдагы мектептер менен ооруканалардын имараттары эскирип, четинен урай баштаган. Чириктин жыты уруп тургандыктан сабак учурунда балдар менен мугалимдерге өтө кыйын болууда. Мен аларга алардын чоң аталары менен чоң энелери окушкан азыркы мектептин ордуна
жаңысын куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткандыгыбызды айтсам, алар кубанышкандыктан кол чаап жиберишти. Дыйкан айылында мындан жыйырма жыл мурун жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок, анын биринчи кабаты эле курулуп, каражаттын жоктугунан токтоп калган. Кызарт айылына 1932-жылы курулган мектептин ордуна жаңысын куруу зарыл. Ал мектеп жер титирөөдөн жабыр тарткан, бирок райондун мурдагы акиминин шалаакылыгынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуштарынын тизмесине кирбей калган. Мектептин дубалдары топурактан курулгандыктан кулаганы араң эле турат.
Үчүнчү. Миң-Куш шаарчасынын абалы да өтө начар. Ал Чаек айылынан 55 чакырым аралыкта жайгашып, тышкы дүйнөдөн бөлүнүп калган. Өндүрүшү иштебейт. Мындагы эл кедей жашайт. Айыл чарбасы менен алектенгенге айдоо аянттары жок. Мурдагы өнөр жайы өнүккөн аймакта азыр ичүүчү суу да жок. Шаарчада 900дөй адам жумушсуз. Калгандары Бишкек менен Ысык-Көлгө, кээлери Казакстан менен Россияга жумуш издеп кетишкен. Ак-Улак разрезинде көмүрдү казып алууну жандандыруу өтө маанилүү. Калктын кетүүсүн токтотуу үчүн мүмкүн уран казып алууну баштоо зарылдыр. Шаардык инфраструктура бар, бирок ага колдоо керек. Эгерде шаарчаны жоготуп алсак, аны кайрадан калыбына келтирүү бир нече кымбатка турары айкын.
Миң-Куштагы калдыктарды сактоочу жайдын абалы да коркунучтуу. Эгерде кандайдыр бир кырсык болсо борбордук азиялык масштабда экологиялык кыйроого алып келиши, эгерде кырдаалдын алдын албаса анда дарыя Миң-Куштун бардык борбордук бөлүгүн жууп кетиши мүмкүн. Мына ошондуктан чукулунан чара көрбөсө болбойт. Ал түгүл бул маселени Коопсуздук кеңешинин, Өкмөттүн жыйындарына да алып чыгуу зарыл. Мүмкүн "Миң-Куш шаарчасынын өзгөчө статусу жөнүндө" же "Кыргыз Республикасынын деградацияланып жаткан райондору жөнүндө" мыйзамдарды кабыл алуу керектир.
Төртүнчү. Кара-Кече көмүр кенинен көмүр казып алуу иштерин күчөтүү зарыл. Себеби, күзгү-кышкы мезгил жакындап келатат. Жумгалда кыш өтө суук болуп, узакка созулат. Райондун жетекчилиги менен калкы азыртан баштап эле тынчсызданып жатышат, бирок борбор унчукпайт. Көмүрдүн жоктугунан эл тынчсызданып жатат.
Бешинчи . Райондо учурдун талабына ылайык сугат жана дренаждык тармактар жок. Мунун натыйжасында көптөгөн жерлер иштетилбестен бош турат. Бул жергиликтүү калк чечилишин тезинен күтүп жаткан көптөгөн маанилүү проблемалардын бир бөлүгү гана.
Азыркы кезде райондун калкы жаңы бийлик алардын үмүтүн актап, "деградацияны" токтотуп, оор абалды оңдойт деп күтүп жатышат. Салыктардын жалпы жыйымынын 30 пайызга чейинкисин жергиликтүү бюджетке берүү тууралуу каралып жаткан жаңы салык кодексин тезинен кабыл алуу учурдагы маанилүү маселелердин бири.




  Көйгөй

Жашыл шаарыбыз такыр шаарга айланабы?..
Союз учурунда жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулчу эле. Себеби, Бишкек шаарыбыз жашыл борбор шаарлардан болгондуктан, союз боюнча үчүнчү орунду ээлеп турган. Жаз айы башталган март-апрель айларында, анын үстүнө Компартиянын улуу жетекчиси В.И.Лениндин туулган күнүнө карата жыл сайын "Кызыл ишембилик" болуп, 22-апрелде бак-дарак отургузулуп,
шаарыбыз көрктөнүп, жашылдана баштачу.
Жарык дүйнөдө жашап туруп, көчөт-дарак тиксең, алардын элге пайдасы тийсе, мындан өткөн жакшы нерсе жок го. Эгер мөмөлүү дарак болсо жемишин жеп, мөмөсүз болсо күн ысыганда салкын көлөкөсү менен күндөн сактап ыракаттандырганынын өзү кандай сонун. Эми азыр карап турсаң кызыктай. Мисалы, "Эски толчок" районунда Щербаков, Белинский көчөлөрүнө жакын жерде жана азыркы атагы ааламга таанылган "Дордой" базарынын айлана-тегерегиндеги, анын күн чыгыш жагындагы жерлерде жашыл дарактар бир-эки айдын ичинде эле жок болуп, алардын ордуна кичинекей-кичинекей үкөктөй үйлөр курулуп, "Дордой" базарынын айланасы жаңы курулуштарга айланып кетти. Эсиңиздерде болсо керек, ал жерде ар түрдүү жаш бак-дарактар жайкалып, абаны тазалап, көгөрүп өсүп турчу. Бул тартипсиздиктерди өз убагында катуу жазалап, мындайга тыюу салыш керек болчу. Бул иштер экс-президент Аскар Акаевдин кезинде, базар экономикасы кызуу жүрүп жатканда эле башталып, бийлик андай нерселерге көңүл бурбай, а мэрия болсо өз иштери менен гана алек болушкан. Ал кезде "Силер мага тийбегиле, мен силерге тийбейм" деген принцип менен иштеп, ар ким өз билген намазын окуган. Бирок, ошол жаман нерсенин калдыктарын улантып келаткан бүгүнкү шаар башчыларыбыздын байкабастыгы абдан өкүнүчтүү болууда. Мисалга алсак, борбор шаардын "Түштүк дарбазасынан" чыга бергенде, парктын четине "Евростандарт" менен курулган сонун-сонун кооз кафелердин эч кимге байкалбай бат эле тургузулуп калганы кызык.
Кала берсе "Ата-Түрк" паркындагы чоң-чоң бактарды кыйып, анын ордуна эки-үч кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатканы "эптеген эки ашайттын" көрүнүшү. Же өз кызыкчылыгын ойлогон байларга мыйзам жокпу? Айтайын дегеним, жакшынакай болуп,
шаарды жашылдандырып турган бак-дарактарды кыйып, жок кылуунун ордуна ар кимибиз бирден болсо да көчөт тиксек, борбор шаарыбыз мурдагыдай көркүнө чыгып, жашыл шаарга айланат эле деген ой.
А.УМАРОВ,
Бишкек шаары



  Цемент заводунун курулушу жакындадыбы?

Инвесторлор сөзүндө турчудай
Түштүк тарапта үч-төрт ай мурда башталган "Араван районундагы цемент заводунун курулушу кечеңдеп жатат, кытайлык инвесторлор да, алардын өнөктөштөрү да айткан сөздөрүнүн үстүнөн чыккан жок, мында бир сыр бар..." деген сөздөр ушул күнгө дейре уланып келе жатат. Бир топтордун бүйрүн кызыткан мындай "имиш-имиштердин" канчалык даражада чындыгы бар экендигин тактоо максатында Ош облусунунун Араван районундагы А. Анаров атындагы айыл өкмөтүнүн Шорбулак участкасына атайын барып келдик.

Ыйманга камчы чаппай, ачык сөзүбүздү айтышыбыз керек, жаңы барган адам заводдун курулушу кызуу темп менен жүрүп жаткандыгын алыстан эле байкайт. Куруучулардын арасынан жасалган жумуштар менен таанышып жүргөн кыргыз-кытай биргелешкен ишканасынын башкы директору Азамат Арапбаевди жолуктурдук. Аны менен болгон маегибиз заводдун курулушунун кечеңдеш себебин тактоодон башталып, келечекте аткарылчу пландар тууралуу жыйынтыкталды.
- Быйылкы жылы кыштын мындай келишин эч ким күткөн эмес. Катуу суук курулуш иштерин
дээрлик эки айга артка тартты. Бирок, күн жылышы менен эле жумуш дароо жанданды. Завод канчалык эрте пайдаланууга берилсе, элибизге ошончолук жакшы эмеспи. Өткөн жылы бизге өлкө Президенти Курманбек Бакиев өзү келип кеткен. Жакында мамлекет башчысына жолугуп калдык эле, ал биздин заводдун курулушу жөнүндө абдан кызыгып сурады. Ишкана июль айында өзүнүн алгачкы продукциясын берип калат. Азыр курулушта 200дөн ашык адам иштеп жатат. Көпчүлүгү биздин өлкөнүн жарандары. Азыркы күндө ишкананын кубаттуулугун арттырууга түрткү берчү экинчи линиянын жабдуулары да орнотула баштады. Ал пайдаланууга берилип калса, келечекте заводдун кубаттуулугу суткасына 1400 тонна цемент чыгарганга жетет. Жумушчу орундары мындан да көбөйөт.
Заводдун курулуш участкасынын начальниги Алибай Сейитмуратов бизге цемент сырьесун даярдоо процесси, механизм, бышыруучу меш, продукцияны даярдоочу тегирмендер жөнүндө терип-тепчип айтып берүүгө аракеттенди.
- Биздин цемент заводго керектелүүчү сырьенун жакын жайгашкандыгы кошумча керектелүүчү чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Сиздер көрүп турган бийиктиги 23 метр, диаметри 8 метр болгон төрт бункердин экөөсүнө цемент ташы, кийинкилерине топурак толтурулат. Андан кийин атайын механизмдин жардамы менен белгиленген өлчөмдө шихта катары калориясы жогору көмүр, Хайдаркандан алынган флюорит (Са К2), Кадамжайдан алынган үч тектүү темир кычкылтеги (F2 О3) кошумчаланып, булардын баары биригип цементтин компонентин түзөт. Андан кийин бул аралашма майдалоочу тегирменге түшөт. Узундугу 9, диаметри 3 метр болгон эки камералуу тегирмен саатына 28-32 тонна цемент шихтасын даярдоого жөндөмдүү. Ал эми даяр продукцияларды даярдап берүүчү үч камералуу тегирмендин узундугу 13, диаметри 2,6 метр. Экөө тең 1000 киловаттык электр кыймылдаткычтын жана редуктордун жардамы менен кыймылга келет. Ошондуктан тегирмендердин, электр кыймылдаткычтардын таянычтары техникалык талапка жооп берүүгө тийиш. Мындай учурда курулуш эрежелери так аткарылууга тийиш. Эч качан шашканга жол берилбейт. Ар кандай чукул кырдаал пайда болгон учурда өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн күйүүчү май менен иштей турган көмөкчү кыймылдаткычтар орнотулду.
Мындай автоматташтырылган, арзан жана анчалык татаал эмес меш жылуулук энергиясын аз чыгымдайт. Анын ички бети +1450 градус температурага чыдамдуу магнезиттик кыш менен кыналып жатат. Шихта жүргөн процесстин натыйжасында белгилүү мөөнөттө клинкер пайда болот. Ага глиэр жана гипс кошулат. Алар цементтин пайыздык катнашын бирдей сактоого жана анын сапатын жакшыртууга жардам берет. Азыр даяр продукция чыгаруучу кампа да бүтөйүн деп калды. Анын биринчисинде атайын идишке салынат, кийинкисинде атайын техникаларга жүктөлөт.
Заводдун курулуш участкасынын мастери Азизбек Бекташовду да сөзгө тарттык:
- Кудай буйруса,-деди ал,- суткасына 700 тонна цемент чыгарганга эсептелген завод толугу менен ишке киришкенде 500гө жакын жумушчу орун пайда болот. Тоо цехинде, карьерде иштөөчү жардыруучулардын, айдоочулардын, сырьенун жана продукциянын сапатын текшерип туруучу лаборанттардын бригадасы түзүлөт. Биздин заводдун пайдаланууга берилиши менен республикабыздын бир катар өнөр жай ишканалары туруктуу кардарга ээ болгону турат. Цемент заводу Кадамжайдагы, Хайдаркандагы заводдордон тышкары Аравандагы "Ремснаб" АКу (директору М.Мамасаидов) техникалык стандартка жооп берген кысылган кычкылтектин керектөөчүсү. Анын натыйжасында "Ремснаб" ишканасы да өзүнүн өндүрүшүн кеңейтип, жабдууларын жаңыртууга мүмкүнчүлүк алмакчы.
Сапарыбыздын аягында ишкананын аткаруучу директору Данияр Атабаев менен мында иштеп жаткан жумушчулардын жашоо-шарты менен таанышып чыктык. Анын айтуусунда мында куруучулардын өндүрүмдүү эмгектенүүсү үчүн колдон келишинче жакшы шарт түзүлгөн. Өткөн жылдын декабрында эки кабат жатакананын 20 бөлмөсү пайдаланууга берилген. Сууну жылытуучу электр жылыткычтар үзгүлтүксүз иштейт. Жуунуучу жана санитардык-гигиеналык жайлар бар. Куруучуларга күнүнө 3 ирет акысыз жылуу тамак берилет. Маяналары жогору, ал өз учурунда берилет.
***
Шорбулактан узап бара-
тып, бизде "Курулуш мындай темп менен жүрсө инвесторлор сөзүндө турчудай. Цемент заводу жай ортосунда өз продукциясын бергенге үлгүрсө, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандардын сөздөрү арык аттап, суу кечпей калат окшойт" деген ишеним пайда болду.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"