, 10.06.08 - 5-бет: Чыгымдар 20 пайызга кыскартылды...№42, 10.06.08-ж.
  Быйыл мектеп окуучуларынын
бүтүрүү кечелери 25-июнда болот

Чыгымдар 20 пайызга кыскартылды
Премьер-министр
Игорь Чудинов Европа Союзунун Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Пьер Моррель менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн маселелерин, инфляцияны токтотуу чараларын, наркотрафикке каршы күрөшүү, Борбордук Азиядагы суу боюнча демилгелерди жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерин талкуулашты.
И. Чудинов Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө таандык проблемаларга - баалардын өсүшүнө, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучтарына дуушар болуп жаткандыгын белгиледи. Өлкөнүн өкмөтү инфляцияны токтотуп калуу боюнча бардык чараларды көрөт. Атап айтканда, министрликтер менен ведомстволордун чыгымдары 20 пайызга кыскартылды. Бул 1,4 млрд. сомго жакын үнөм берет.
Ошону менен өкмөт башчысы кызмат акыларды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу боюнча бардык социалдык милдеттенмелер аткарыла тургандыгын белгиледи.
Наркотрафиктин проблемаларына кайрылып, И.Чудинов чегараларды чыңдоо маселелерин чечүү зарыл экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу премьер-министр Евросоюздан чегара постторун электрондук жабдуулар менен жабдууга жардамдашууну суранды.
П.Моррель наркотрафик - Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн гана эмес, ошондой эле Россия, Евросоюз үчүн да коркунучтуу экенин айтып, ошондуктан бул маселеде биргелешкен күч аракеттердин керек экендигин белгиледи.
П.Морель мырзанын айтымында, аны оогандык наркобарондордун апийимдин ордуна таза героинди тышка чыгарып жатканы тынчсыздандырат, анткени героин сатуудан түшкөн пайда он эсеге көбөйөт, ошондон улам акчага кызыгып, Борбор Азиядагы абалды туруксуздандырууга далалат кылгандар чыгышы мүмкүн.
Наркотрафик да коррупциянын бир тамыры, ошондуктан Евросоюз Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Шанхай кызматташтык уюму менен биригип, ага каршы күрөшүүгө даяр,- деди П.Морель.
А.ЭСЕНОВ,
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




Коррупция менен күрөштөгү ийгилик - өнүгүүгө өбөлгө
Премьер-министр Игорь Чудинов "Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү: проблемалары жана келечеги" аттуу эл аралык конференциянын ишине катышты.

Конференциянын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөгөн И.Чудинов коррупция бардык мамлекеттер үчүн эң оор көрүнүш болгон сыяктуу эле, Кыргызстан үчүн да саясый, экономикалык жана аң-сезимдин өнүгүшү үчүн негизги бөгөттөрдөн болуп жаткандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө коррупция мамлекетке көзөмөлдүк кылуунун элементтеринин биринин ролун аткарууга аракеттенип жаткандыгы айкын. Коррупция мамлекеттик институттарды башкаруу жана жөнгө салуу системасына гана эмес, ошондой эле жарандардын аң-сезимдерине да тескери таасир тийгизүүгө аракеттенүүдө.
Анын айтуусу боюнча 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев тарабынан коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилген. Анын максаты укук коргоо органдары тарабынан чечкиндүү чара көрүлүп, коррупциянын пайда болушунун деңгээлин азайтуу болуп саналат. Мына ошондуктан Кыргыз Республикасы 2005-жылдын августунда КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болуп БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясын ратификациялаган. Улуттук мыйзамда бул эл аралык документтин талаптарын жүзөгө ашыруу улуттук коррупцияга каршы укукту түзүүнүн жолунда зарыл жана маанилүү этаптардан болуп саналат.
И.Чудинов Кыргызстандын жетекчилиги коррупция менен күрөшүү жана мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү боюнча алдыда жасалуучу иштин татаалдыгына жана кенен-кесирилигине объективдүү баа бере тургандыгын белгиледи. Бул иш системалуу негизде жүргүзүлмөкчү.
"Коррупциянын төмөнкү деңгээли өкүм сүргөн өлкөлөрдө жарандык коом коррупцияга каршы башкы күч болуп саналат. Эгерде биз коррупцияны кыскарткыбыз келсе, анда азыркы мыйзамга терең анализ жасап, бул процессти өнүктүрүү жана аны ар тараптан колдоо үчүн укуктук жана материалдык негиз түзүүгө тийишпиз", - деди мамлекет башчысы. Анын айтымында, өлкөнүн жөнгө салуучу системасындагы кемчиликтерди четтетип, мамлекеттик органдардын ишкерлик субъекттеринин ишмерчилигине киришүүсүн азайтуу керек. Буга туруктуу мыйзамдык системаны түзүүнүн эсебинен жетишүүгө болот.
Коррупциянын көрүнүшүн кыскартуу максатында үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Кыргызстанда мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке караштуу мамлекеттик кызматчыларды тестирлөөнүн алгачкы борбору ачылды. Бюджеттик саясатты алып көрө турган болсок, ал мамлекеттик финансыларда ачыктыкка жана жоопкерчиликке жетишүүгө, программалык бюджетти түзүү принциптерине жана анын орундалышына көзөмөлдүк жүргүзүүгө негизделген бюджетти түзүүнүн сапатын жакшыртууга багытталмакчы.
И.Чудиновдун айтымында бүгүнкү күндө республиканын жетекчилиги мурда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирген коррупциялык схеманы түп-тамырынан бери жок кылууга аракеттенүүдө. "Азыр биз көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында өлкөнүн мурдагы жетекчилиги тарабынан бекитилген ири стратегиялык инвестициялык долбоорлор боюнча кырдаалга анализ жүргүзүп жатабыз. Бул иш кээ бир инвесторлорго жакпай жаткандыгы белгилүү. Мурда көптөгөн начар өнүккөн өлкөлөрдө ири эл аралык компаниялар бир катар салыктар жана төлөмдөр боюнча коррупцияланган бийлик менен келишип алып, өз өлкөсүнүн элинин кызыкчылыгына зыян келтиришкендиги жашыруун деле эмес. Мындай көрүнүш биздин мамлекетте деле орун алып келген", - деди Премьер-министр.
И.Чудинов мамлекеттик башкаруу, коррупцияны четтетүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү чөйрөсүндө 2010-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясынын приоритеттерин жүзөгө ашырууга мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана саясый партиялардын, ошондой эле, албетте, жарандык коомдун иш-аракеттерин бириктирүүнүн негизинде гана жетишүүгө боло тургандыгын белгиледи.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




  ХХIХ Олимпиада

Алтын медаль үчүн 150 000 доллар сыйлык берилет
Кыргызстандын спортсмендери олимпиадалык оюндарга даярдануу менен бирге эле, акыркы эки жыл аралыгында ар түрдүү эл аралык мелдештерде 11 алтын, 17 күмүш, 22 коло болуп, жалпысынан 50 медаль алып келишкен. Бул Кытайда өтө турган ХХIХ олимпиадалык оюндарда жогоркудай ийгиликтер жаралып калышына үмүт байлаган көрүнүш.
Өткөн жума күнү Премьер-министр Игорь Чудинов үстүбүздөгү жылдын август айында Пекинде өтө турган ХХIХ олимпиадалык оюндарга карата спортсмендердин даярдыгы боюнча уюштуруу комитетинин ишинин жүрүшүн өкмөттүк жыйында карады. Анда КРнын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия, спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бектур Асанов, Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Александр Воинов, Улуттук телерадио корпорациясына караштуу жарнама-коммерциялык агенттигинин директору М.Конушбаев доклад жасашты. Жыйында Премьер министр Игорь Чудинов: "Пекин олимпиадасына лицензия алган спортсмендерибиз жогорку чектерди багындырып, бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче Кыргызстандын намысын коргоп, жакшы жыйынтыктар менен келишерине үмүтүбүз зор", - деди.
Бүгүнкү күндө олимпиадага лицензия алган кыргызстандык спортсмендер жеке даярдык пландары боюнча чет мамлекеттерде кесиптештери менен бирге машыгуулардан өтүп жатышкан учуру. Спорттун кээ бир түрү боюнча Ысык-Көлдө машыгышууда. Учурда олимпиада оюндарына лицензия алган 18 спортсмен бар. 2004 жылы декабрда дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2004 2008 жылдар аралыгындагы олимпиадалардын алкагында "ХХIХ олимпиадалык оюндарга карата спортсмендердин курама командаларын даярдоо боюнча концепция" кабыл алынган. Ал эми 2005 жылдын 3 февралында КРнын Өкмөтү Пекин шаарында өтө турган ХХIХ олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн
даярдыктан өтүү боюнча токтомун кабыл алган. 2007-жылы жогоруда аталган агенттик аркылуу мамлекеттен Азиялык жана дүйнөлүк мелдештерге катышуу үчүн 20 млн. сомдон ашык каражат сарпталган болчу. Мамлекеттик матрезерв агенттиги менен биргелешип, спортсмендер үчүн белок менен глюкозага бай азык-түлүктөрдү, фармакологиялык жана калыбына келтирүүчү каражаттарды сатып алуу маселеси чечилип, алар
"Неман" ААКнын фирмаларынан Кыргызстандын курама командалары үчүн 704 миң сомго камсыздандырылды. 2008-жылдын беш айында грек-рим күрөшүнө 3 млн. 408 миң сом, эркин күрөшкө 2 млн. 330 миң сом, жеңил атлетикага 2 млн. 262 миң сом, сууда сүзүү түрүнө 2 млн. 286 сом, оор атлетикага 2 млн. 456 миң сом, ошондой эле спорттун жана башка түрлөрү болуп, бардыгы 17 млн. сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Ушунун баарына карабай олимпиадалык оюндардын ийгиликтүү өтүшү үчүн мамлекеттик бюджеттен төртүнчү кварталга каралган каражаттарды экинчи кварталга которуп жумшоо зарылдыгы келип чыгууда. Болжол менен дагы 3 млн. сомдук каражат максаттуу дярдыктар үчүн чегерилип, тоскоолдуктарсыз каржыланышы керек экендигин Өкмөткө караштуу дене тарбия, спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин директору Б.Асанов айтып өттү.
Өкмөт жыйынында спортсмендер менен алардын машыктыруучуларын кубанта турган маселе - Пекинде өтө турган ХХIХ олимпиадалык оюндарга мамлекет тарабынан бир ирет бериле турган акчалай сыйлыктын көлөмү болду. Кыргызстандык спортсмендер жогорку ийгиликтерге жетишип, мекендештерибизди кубанычка бөлөй алышса, аларга төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылары күтүлүүдө:
1-орун - алтын медаль үчүн 150 000 АКШ доллары, башкы жана жеке машыктыруучуларына 75 000 АКШ доллары,
2-орун - күмүш медаль үчүн 100 000 АКШ доллары, башкы жана жеке машыктыруучуларына 50 000 АКШ доллары,
3-орун - коло медаль үчүн 75 000 АКШ доллары, башкы жана жеке машыктыруучуларына 37 500 АКШ доллары,
4-орунга 25 000, 5-орунга 15 000, 6-орунга 13 000, 7-орунга 12 000, 8-орунга 10 000 АКШ доллары ыйгарылып, булардын да спортсменге бериле турган акчалай сыйлыктын көлөмүндөгү сумманын 50 пайызын машыктыруучуларына жекече берилет. Ал эми башкы жана жеке машыктыруучулар акчалай сыйлыкты тең бөлүп алышары каралган.
Андан тышкары министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, бардык деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин олимпиадага лицензия алган спортсмендердин мыкты
даярдыктардан өтүүсүнө шарт түзүү үчүн акчалай колдоо көрсөтүүлөрү милдеттендирилет. Олимпиада оюндарын чагылдыруу боюнча учурда ири басма сөз компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы дайын болду.
Бирок, ушундай учурда спортту өз демилгеси менен колдой турган орчундуу демөөрчүлөр жокко эсе экени өкүндүрөт. Олимпиаданын финалдык оюндарына, спорттун кеңири түрлөрү боюнча беттешүүлөргө билеттерди алуу да кыйынга учурачудай. Албетте, Кыргызстан спорттук ири держава эмес. Ошого карабай мамлекеттин намысын колдон чыгарбоого аракет кылган эр азаматтардан куру эмеспиз. Пекинге спортсмендер менен бир дарыгер, бир журналист жана уюштуруучулар барат. Дүйнөлүк спорт майрамынын ачылышына, жабылышына да билет тартыш экени маалымдалды.
Назира АЛИЕВА,
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)