, 10.06.08 - 4-бет: Кечээ Бишкекте Эл аралык аккредитация кїнї белгиленди...№42, 10.06.08-ж.
  Кечээ Бишкекте Эл аралык
аккредитация күнү белгиленди

КМШ Интернет - порталынын бир бөлүгү кыргыз тилинде болот
9-июнда Президент Курманбек Бакиев Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (ММЛУ) ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ирина Халееваны кабыл алды.
Жолугушууда Президент Курманбек Бакиев "XXI кылымдагы КМШдагы тилдердин жана маданияттын диалогу" деген аталышта үстүбүздөгү жылдын 9-13-июнунда Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык форумдун ишине өлкөбүз өзгөчө маани берет деп белгиледи. "Өткөн жумада мен КМШнын формалдуу эмес саммитине жана эл аралык экономикалык XII Петербург форумуна катыштым, анын жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык же саясый кызматташтыктарга гана эмес маданий-гуманитардык тармактардагы да пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Мен Сизге, Сиз аткарып жаткан иштер үчүн, атап айтканда Кыргыз тили жана маданияты борборунун иштеп жатканы жана быйыл турмуш жолуна аттанганы турган кыргыз тилин билген биринчи бүтүрүүчү аймак таануучу-адистерди чыгарып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сизге биздин ЖОЖдор менен активдүү кызматташтыгыңыз үчүн рахмат айтабыз, бул иштин натыйжалуу болоруна мен ишенемин", - деди К. Бакиев.
Ректор Ирина Халеева мурда белгиленген иштеги биргелешкен максаттарды жана тапшырмаларды турмушка ашыруу жаатындагы жакшы ийгиликтерди белгиледи. "Биз бул жакка кесиптик чеберчиликти жана билимди жогорулатуу максатында келдик. Форумду кыргыз жергесинде өткөрүүнүн өзгөчө мааниге ээ болуп жатышынын дагы бир себеби, быйыл Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Форумдун ишине 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышат, КМШ өлкөлөрүнүн тилдеринин эл аралык борборун түзүү боюнча инновациялык билим берүү программасы негизги максат болуп эсептелет", - деди И. Халеева.
И. Халеева КМШ боюнча атайын Интернет-портал түзүлгөнү жатканын, анын бир бөлүгү кыргыз тилине арнала тургандыгын белгиледи. Андан тышкары тиешелүү методикалык материалдары менен "Кыргыз тили КМШ өлкөлөрү үчүн" деген биргелешкен окуу китеби басмага даярдалып жатканын айтты.
Ошондой эле И.Халеева, ММЛУнун Окмуштуулар кеңешинин чечими менен КРнын Президенти Курманбек Бакиевге университеттин Ардактуу доктору наамы ыйгарылгандыгын маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданий-билим берүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алышуулар болуп, кыргыз тилин окутуунун методикасынын маселелери талкууланды.
А.БОЛОТОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Сулайман-Тоо - дүйнөлүк мурас
Президент Курманбек Бакиев 9-июнда "ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн "Сулайман-Тоонун (Ыйык тоо) маданий ландшафты" тарыхый-маданий музей комплексин мамлекеттик колдоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо, коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн "Сулайман-Тоонун (Ыйык тоо) маданий ландшафты" тарыхый-маданий музей комплексин мамлекеттик колдоону камсыз кылуу максатында "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-маданий музей комплексин сактоо, коргоо жана башкаруу боюнча зарыл иш-чаралардын комплексин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары комитетинин сунуштарына ылайык жүргүзүү, анын ичинде - Сулайман-Тоого асма жолун салууга тыюу салуу, ошондой эле мечиттер менен мунараларды курууда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары комитетинин сунуштарын эске алуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2008-жылы Ош шаарынын тарыхый-архитектуралык негизги планын, корголууга тийиш тарыхый борборун жана Ош облусунун Карасуу районунун аймагына танапташ аймактарды шаардын башкы планынын курамында иштеп чыгууну аяктоо жана эстеликтерди коргоо аймагынын чегарасын ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары комитетинин сунуштарын эске алуу менен бекитүү, ошондой эле 2010-жылга чейин Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды.
Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Б.АСЕКОВ




Так, жөнгө салынган саясат зарыл
9-июнда КРнын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу БУУнун Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө фонд менен Кыргызстандын ортосунда демография, калкты жайгаштыруу, жаштар маселелери, ошондой эле алдыда болуучу калкты каттоо тармагында мындан аркы кызматташууга тиешелүү маселелер талкууланды. Фонддун өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча биздин республикада калкты жайгаштыруу чөйрөсүндө так жөнгө салынган мамлекеттик саясатты түзүү зарыл.
Мамлекеттик катчы фонддун өкүлдөрү көтөргөн маселелерди колдоду жана биргелешип аракеттердин планын түзүүнү сунуш кылды. Анын айтуусу боюнча фонддун мүмкүнчүлүгүн пайдалануу зарыл. Ар бир министрликте калкты жайгаштыруу маселелери боюнча өздөрүнүн иш чаралар планы бар. Бирок так координациялоо жетишпейт. Мамлекетте каалоо жана саясый эрк болгондуктан ойлонулган нерсени жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бар.
Б.Бапиев




АКШнын элчиси менен жолугушуу
6-июнда КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы И.Исаков АКШнын КРдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси М.Йованович менен жолукту.
Алар эл аралык "Манас" аэропортунда жайгашкан Ганси авиабазасына, Кыргызстандын энергетикасына жана экономикасына тиешелүү эки тараптуу кызматташуулардын долбоорлорун талкуулашты.
Ошондой эле элчи И. Исаковду КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Өз маалыматыбыз




Баалар бардык жерде өсүүдө
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба маселелери боюнча уюмунун отчётуна ылайык көптөгөн азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалар жыл башталышынан бери акыркы 50 жылдагы эң жогорку чектерге жетти. Андан тышкары азык-түлүккө акыркы үч айдагы баалардын орточо деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53%га жогору.
Эл аралык эксперттер баалардын өсүшүнүн себептери катарында жаратылыш факторлорун, отунга дүйнөлүк баалардын өсүшүн, биоотун тармагынын өнүгүшүн, керектөө структурасынын өзгөрүшүн, финансылык рыноктордун таасирин, мамлекеттик административдик кийлигишүүлөрдү жана валюталык курстардын өзгөрүүсүн аташууда.
Айрым өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аракетинде экспортту чектөө практикасын колдонушууда. Эл аралык эксперттердин пикири боюнча, мындай аракеттер ички рынокто ашыкча суроо талапты гана жаратышы мүмкүн.
Бүткүл Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн экономисти Дамир Эсеналиев жакынкы жылдарда азык-түлүккө баалар өсө бере тургандыгын эскертти. Дүйнөлүк рыноктогу азык-түлүккө баалардын кымбатташынын натыйжасында Кыргызстандагы баалар учурда 31,5%дан ашуунга өскөн. Эксперттердин баалоолору боюнча мурдагы социалисттик блоктун мамлекеттеринин ичинен азык-түлүккө баалар Кыргызстанда эң көп өскөн.
Ал жакынкы он жылда дүйнөдө уй эти менен чочко этине баалардын 20%га, кантка - 30%га, буудайга жана жүгөрүгө - 40-60%га өсүшү мүмкүн экендиги да болжолдонулгандыгын билдирди.
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин мамлекеттик программалар башкармалыгынын начальниги Талантбек Сакишев азык-түлүк кризиси болгон учурда республиканын өкмөтү азык-түлүк продуктыларына бааларды токтотууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Мындай нормалар "Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" мыйзам долбооруна киргизилген. Ал Өкмөттө макулдашуудан өтүп, Жогорку Кеңештин кароосунда жатат.
Т.Сакишев белгилегендей, аталган мыйзамда калктын социалдык аялуу катмарларын коргоо да каралган. Алар үчүн Өкмөт азык-түлүк продукцияларынын негизги түрлөрүнө белгиленген бааларды коюуга, ошондой эле аларды даректери боюнча жеткирип берүүгө ниеттенүүдө.

Даярдаган А.ЧАРГЫНОВ




Бекем достук бузулбайт
Балалык - бул тынчтыктын, ден соолуктун, бакубаттуулуктун, үй-бүлөлүк бакыттын мезгили. Бул шарттардан ажырап калган балдардын тагдырына кайдыгер мамиле жасоого болбойт. Биз баарыбыз балдар ооруканаларынын, мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан күн сайын чечилип жаткан маселелердин маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Балдардын ден соолугун чыңдоо, тарбиялоо, билим берүү - мунун баары чоң финансылык чыгымдарды талап кылат. Албетте, мында жардам берүүсүз жана колдоо көрсөтүүсүз болбойт.
Кыргызстандагы уюлдук байланыштын алгачкы оператору KATEL үчүн балдар үйлөрү менен достук бир жолку акция эмес, күн сайын кездешүүчү чындык. Азык-түлүктөр, канцелярдык товарлар, медикаменттер, сезондук кийим жана бут кийим - ушундай жана башка эң зарыл колдоону KATEL өтүнүчтөргө дароо жооп кайтарып жана өзгөчө себептерди күтүп отурбастан, балдар мекемелерине дайыма көрсөтүп келет. Ал эми майрамдарда компания четте калбастан, өз досторуна сөзсүз жардам берет. KATEL Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө өзгөчө даярданат.
Республиканын балдар мекемелери менен өз ара мамилесин KATEL жеке байланыштар принциптеринде түзөт. Компаниянын өкүлдөрү муктаждыктар жөнүндө алдын-ала билишет, себеби чынында эле зарыл болгон жардамды көрсөтүү маанилүү эмеспи. Мына ошондуктан өзү шефке алган Беловодск мектепке чейинки балдар үйү үчүн майрамдык белек - жылуу жууркандардын партиясы болуп калды, алар эми суук мезгилде жылуулук берүү менен бөбөктөргө көпкө чейин кызмат кылмакчы. Анан, албетте, шефтерден милдеттүү кошумча катары зарыл витаминдер - жер-жемиштер жана жашылчалар болду.
Сокулук айылындагы кароосуз калган, тагдыр таарынткан балдарды өз чатырынын алдына топтогон "Friend of Children" балдар үйүнө KATELдин өкүлдөрү майрам алдында булар өзгөчө муктаж болгон азык-түлүктөрдү алып келишти.
KATELдин Ош Сервис-борбору акциясын аяктады. Эстафетаны алуу менен компаниянын түштүк борбордогу кызматкерлери да өздөрү шефке алган балдар үйүнө зарыл болгон азык-түлүктөрдү, сүт азыктарын, жер-жемиштерди жеткиришти.
Коомдун проблемаларын белгилүү бир даталарда гана байкоо таң каларлык болмок. Калктын социалдык корголбогон катмарларын - балдарды, улгайган курактагы адамдарды, дарылоого муктаж адамдарды колдоо KATELдин ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кайрымдуулук, боорукердик ар кандай мезгилде да түбөлүк баалуулуктар боюнча кала берет. KATEL кайрымдуулуктун жакшы салттарын улантууну өзүнүн милдети деп эсептейт.