, 10.06.08 - 12-бет: Ойлолнулбай алынган чечим...№42, 10.06.08-ж.
  Кайрадан "Кыргыз тилинин орфографиясынын
жаңы редакциясы" жөнүндө

Ойлолнулбай алынган чечим
баарынын башын оорутмай болду
Алардын демилгечилери кимдер экенин эч тактай албай койдум, бирок Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясын "ойлоп таап" сунуш кылган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ошол кездеги курамы жана аны 2002-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекиткен парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын ошол кездеги депутаттары, мен окумуштуу, коомдук ишмер катары абдан сыйлаган төрага Абдыганы Эркебаев кыргыз элине анча-мынча душманы да кылбай турган жаман ишти жасады десем, таарынышпасын.
Арга кеткенден ушуну айтып отурам жана мындай пикирдегилер жалгыз мен гана эмес. Анткени алар совет өкмөтү орнотулгандан кийинки караманча караңгы кыргызды туташ сабаттуу кылуу үчүн таптакыр жок жерден кыргыз тилинин орфографиясын түзүп, жазма тилин жаратып, аны башка өнүккөн тилдерден кем эмес өтө ыңгайлуу жана жөнөкөйлөтүлгөн, башка тилдерден терминдерди интеграциялоого жөндөмдүү, демек, тилдин жүздөгөн жылдар алдыдагы өнүгүшүнө алдын ала өбөлгө түзгөн биздин алгачкы гений агартуучуларыбыздын атан төө көтөргүс эмгегин кандайдыр-бир тар кызыкчылыктардан уламбы, же жаңы орфографиянын авторлору катары тарыхта калгысы келишкенден уламбы, эч кандай зарылчылыгы жок туруп таш-талканын чыгарышты.
Азыр элибиз жаңы орфографияны жактоочулар жана аны тааныгысы келбеген - эски орфография боюнча жазууну жактагандар болуп бири-бирине антагонисттик эки топко бөлүнүп алышты. Илгертеден дегеле бөлүнгөндү жакшы көргөн кыргыздын бул ого бетер колтугуна суу бүркүп, жок жерден коомдо дагы бир бүтпөгөн талаштарга жем таштап берди. Бул
боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын беттериндеги талаш-тартыштар күбөлөп турат. Бирок акыркы мезгилде жаңы орфография менен орустар айтмакчы "далай отундарды жарып" таштаганыбызды кечигип болсо да түшүнгөн окумуштуулар, кыргыз тилчи мугалимдер эски орфографиялык эрежелерге кайтуу маселесин кайра-кайра көтөрүшүүдө. Анткени алар күндөлүк практикалык турмуштан улам проблемаларга күн сайын туш келишүүдө.
Чынын айтсам, азыр мектеп мугалимдери кыргыз тилинен сочинениелердин, жат жазуулардын каталарын кантип текшерип, кандайча баа коюп жатканын билбейт экем. А кокус, бизге окшоп эски эрежелер менен билим алган адамдарды мектептин башталгыч класстарынын деңгээлиндеги тексттер менен жат жазуу жаздырса, "экиден" ашкан бааны бир дагы кесиптешим албай тургандыгына толук ишенем. Анткени жаңы эрежелер кабыл алынып, аны колдонууга киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтому чыккандан бери жети жылга аяк басса да азырга чейин бир калыпка түшпөй келет. Башкасын айтпаганда да, биздин эле "Кыргыз Туусу" гезитиндеги макалаларда "Ысык-Көл", "Ысыккөл" жана "Ысыкөл", "Жалал-Абад", "Жалалабад" жана "Жалалабат" деген сыяктуу ар башка жазуулардан кутула албай келебиз. Ал эми жеке менчик гезиттерди айтпай эле коёлу. Демек, элибиздин совет доорунда 2002-жылга чейин билим алган адамдарын кыргыз тилинин азыркы орфография эрежелери дээрлик сабатсыз кылып таштады.
Эми коомчулуктун да пикирин, жөн гана пикир эмес жан ачыган кыйкырыгын угуп көрөлү.
"Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен "2008-жыл эне тилинин жылы" деп жарыяланган. Ыйык эне тилибизге баш аламандык, чалкештик алып келген, эч талкууланбаган, эки ирет элге токтомдор менен таңууланган "Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы" тезинен жокко чыгарылып, 1953-жылдагы орфография кайтарылсын..."-дешет редакцияга жөнөткөн катында Аксы районунун Ак-Суу айылынан А. Чомонов, А. Чонтаев, К. Шадыбеков, К. Добулбеков, Т. Бекмуратов,
Ө. Тажибаев, М. Суранбаев.
Буга чейин да биздин гезитте "Эски эрежелерди жактоо эскичилик эмес!" деген ат менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2006-жылдын 22-сентябрында болуп өткөн "Кыргыз орфографиясынын көйгөйлүү маселелери" аттуу илимий-практикалык конференциянын катышуучуларынын атынан сунуш кылынган, жумушчу топтун мүчөлөрү, прфессорлор: С. Үсөналиев, Б. Өмүралиев, Т.Маразыков жана башкалар кол койгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы М. Султановго жана КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Т. Жумагуловго кайрылуусу ("КТ" 20. 10. 2006-ж.), ар кайсы университеттердин тилчи 12 профессору жана 2 ректору, 12 илимдердин кандидаты, ар кайсы региондордон 18 кыргыз тил мугалимдери (окутуучулары) кол койгон ачык кат ("КТ" 06.06.2006-ж.) жарыяланып, аларда жаңы орфографиянын жарамсыз экени далилдүү жазылган. Ошол эле учурда ачык катта жаңы эрежелер дээрлик колдонулбай жаткандыгы айтылат.
"Орто мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларда азыр 80-жылдардан берки эски орфографиялык эрежелер менен жазылган мурунку "Кыргыз тили" окуу китептерин пайдаланып жатышат, -деп жазылат ачык катта. - Окуучулар, студенттер, мугалимдер, илимий кызматкерлер жаңы эрежелерге анчалык кызыгышпайт. Эски орфографиялык эрежелерди гана жетекчиликке алышат".
Мындан башка да аргу-
менттер толтура. Мына
жакында Президент өткөргөн жумушчу кеңешмеде
К. Бакиев жалпы билим берүүчү мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча билим жана илим министри И. Болжурованын маалыматын укту. Анда министр
И. Болжурова кыргыз мектептери 39%га гана окуу китептери менен камсыз болгонун, кыргыз тилиндеги 4 миллиондой окуу китептери жетишпегендигин билдирди. Президент бул кенемтенин ордун толтуруу милдетин талап кылууда. Эми ошончо китеп коомчулук тарабынан кабыл алынбай азырга чейин талаш туудуруп келе жаткан орфографиялык эрежелерге ылайык басылып чыгып кеткенин ойлоп көрүңүзчү! Бул деген канча миллион сомдук ашыкча чыгымдар!
Ырас, айрым учурда анын кесепетин көрө билүүгө мүмкүн болбогон нерселер болот. Бирок, кимдир-бирөөлөрдүн жеке амбицияларынан же түркөйлүгүнөн улам гана мамлекетти ушундай моралдык жана каржылык чыгымдарга кириптер кылууну актоого болобу!
Эми мынча болду ошол "гениалдуу жаңы редакциянын" өзүнө токтоло кетели. Титулдук бетинде эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик комиссиясы (алдын сызган мен - М. Т. ) деп турат. Ошол эле учурда китептин кириш сөзүндө комисия (алдын сызган мен - М. Т. ) деп "өздөштүрүлгөн сөздөрдүн айрымдарын эне тилдин айтылыш ыргагына жараша жазуу" керектиги көрсөтүлгөн. Эми "баланс" дегенди "баланса", космонавт" дегенди "космонав" деп жаза коюп эле чечендик өнөрдү "өркүндөтөт" экенбиз. Аргумент болбосоң коё кал! Анчалык болду, анда "начальник" дегенди "ачендик", "автомашинаны" "көнкө", "кооперативди" "кеперетип", "параграфты" "бараграп", "воспаление легких" дегенди "осмонаалы лөөкүй" деп кайрадан кыргыз орусту жаңы көрүп, сөздөрүн айта албай бурмалап жүргөн Октябрь революциясына чейинки таз кейпибизге баралы.
Ушундай "акылдуу" сунуш киргизгендер азыр кайсы заман экендигин ойлоп коюшпайбы. Азыркы айрым кыргыз улан-кыздары орус эмес, англис, немец, француз, кытай, япон, корей тилдерин алардын өздөрүнөн кем калбай акцентсиз сүйлөп, алардын түшүн жоруп жатканда биз алды жакты карабай, тээ өткөн кылымдын 20 - 30-жылдары ата-бабаларыбыз тили келбегенден улам бурмалап сүйлөгөндөй кылып кежир абыш-кача кетенчиктеп, атайылап азыркы жаштарды да артка тартып, бурмалап сүйлөгөнгө мажбурлашыбыз керекпи. Бул деген "илгери ата-бабаларыбыз мончосу жок эле жашаган" деп Тазбайматтын азыр мончого жуунбай койгонундай эле түркөйлүк эмеспи!
Анан да китептин кириш сөзүндө "Алгачкы мезгилде "Эрежелердин..." жаңыртылган вариантына көнүгүү кыйла машакатты пайда кылышы мүмкүн, бирок өлкөбүздөгү тилчи-адистердин, мугалим жана калемгерлердин дээрлик бардыгы жогорку билимдүү болгондуктан, эрежеде сунушталган жаңылыктарга көнүгүп кетүү узак убакытты талап кылбайт деп ишенебиз" деп коюшканын кантесиң! Дал мына ушул аталгандар жогорку билимди эски эрежелер менен алышкандыктан алар азыркы сленг менен айтканда "суперноваторлордун" ойдон чыгарган нерселерин кабылдабай жатышпайбы. Кайрылуулар менен ачык каттарга да ушул жогорку билимдүү тилчи адистер кол коюшуп, маселени көтөрүшүп, жандары кашайып кимди айыптоону билбей аргаларын таппай жатышат.
"Эрежелердин..." 34, 35, 36, 37,38, 39-параграфтарында айтылган жоболордо эч кандай логика жок экенин бул макалада узак түшүндүрүп отурбайлы. Окуган адам орто билими бар болсо да эч кандай логика жок экенин түшүнөт. А мүмкүн жаңы орфографияны ойлоп табуучулар орус элинде тамаша-чындан айтылган "Логиканын жоктугу да логика" деген принципти тутунушканбы?
63-параграфтагы "ранг" дегенди "ранга", "танк" дегенди "танка", "асбест" (баса китепте "азбест") дегенди "азбес", "артист" дегенди "артис" деп жазалы дегендери да ушундай "новаторлук" окшойт.
Эми бул эрежелер жөнүндө
айта берсе сөздүн аягы
жоктой. Аны иштеп чыккандардын мындай көйгөйлөрдү уга турганы да күмөн. Бирок узак да болсо ушул "Эрежелердин..." кириш сөзүндөгү бир цитатаны келтире кетсек, ошол иштеп чыгуучулардын деңгээли айкын болот.
"3. Өткөн 70 жылдык турмушубузда жашоонун бардык тармактары ашыкча саясатташтырылып, бир эле идеологиянын чегинде каралып жана бааланып, улут аралык байланышта өзүбүздүн тарыхый, рухий жана маданий дөөлөттөрүбүз кемсинтилип, бизге тийгизген сырткы таасирлер болсо бир жактуу көкөлөтүлүп, ашыра баалануунун натыйжасында башка тилдерден кирген (болгондо да эң алды орус тилинен кирген) сөздөрдү тилдин ички тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө баш ийдирип жазуу маселесине өтө эле чек коюлгандыктан алардын бардыгы дээрлик жердигинде кандай болсо, ошондой жазыла берип, тилибиздин сөз байлыгы ошондой сөздөрдүн эсебинен ыгы жок арбып, эне тилиндеги төл сөздөрдүн арасынан аларга маанилеш шайкеш сөздөргө "жаңы өмүр берүүдөн" ышынуу дартына дуушар болдук. Натыйжада жазма адабий тилдин ыргагына доо кете баштап, жалпы сабаттуулукка байланыштуу бул процесс оозеки сүйлөө кебине күчтүү таасир кылып, ар бир кыргыздын оозеки тили сенек, угумсуз колдонула берүүнүн натыйжасында аралашма жаргонго айланып бара жатат.
Мындай стилдик негизде келечекте эч убакта чечендик өнөрдү өркүндөтүүгө болбойт".
А бул кандай логика? Анысына да макул дейли, 2002-жылы жаңы эрежелер кабыл алынгандан улам эле чечендик өнөр өзүнөн-өзү өнүгүп кетти деп бирөө айта алабы? Орфографиянын эрежелери оозеки тилди кантип "сенектиктен, угумсуздуктан" арылтып, "жаргон" болуудан сактай алат?! Эмне, көчөдөгү ар бир сүйлөгөн адамдын алдына "Эрежелерди..." жая салып отурабызбы?!
"Эрежелерден..." дагы бир цитата: "4. ... Булар боюнча келип чыккан каталар мугалим, окуучу, калемгерлер үчүн көп эле кыйынчылыктарды туудуруп келген. Ал эрежелерди түзүүдө орус тилинин орфографиялык эрежелеринин негиздерине ыксыз ашыкча таянып компелляциялоодон ( туурасы компиляциялоо - М. Т.) келип чыккан болучу. Эрежелердин жаңы вариантында бул маселедеги мүчүлүштүктөрдү четтетүү боюнча кыйла аракеттер жасалды" деген өздөрүн ашыкча мактагандык кезиккени менен жыйынтыгында мындай "компелляциялоонун" натыйжасы "артык кылам деп тыртык кылыптыр" дегендей эле болгонун жогорудагы каттар да айгинелеп турат.
Мына ушундай эле аша
чабуулар азыркы учур-
да терминком тарабынан орус тили аркылуу чет тилдерден кирген терминдерди ашкере которууда да кезигүүдө. Ушул жогорку билимдүү эле айрым адамдар турмуш космостук ылдамдык менен өнүгүп жатканын, азыр дүйнөдө экономикалык гана эмес тилдик да интеграция жүрүп жатканын, ага нигилистенип каршы турбастан, өз эне тилибизди байытуу үчүн пайдаланышыбыз керектигин түшүнүшпөйт. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, эл аралык бир топ терминдерди кыргыз тилине которбостон кабыл алууга аргасызбыз. Аны жогоруда сөз кылган "компиляция" (түбүндө "тоноо" деген латын сөзү - башка чыгармаларды пайдаланууга же башка изилдөөлөрдөн бардык маалыматтарды көчүрүп алууга негизделген өз алдынча эмес иш) термини эң сонун далилдеп турат. Демек, жок жерден жаңы сөз таба бербей, тескерисинче ыктууларын оригиналында пайдалана берүү туура.
Өткөндө бир макаламда
келтирген мисалды
дагы кайталап келтире кетейин. Анткени ал биздин өз эне тилибизге кол жоолуктай жеңил ойлуу мамилебизди, ашкере котормочу болууну жана ар кимибиз эле анын кесепетин ойлонбой туруп өзүм билемдикке бара берүүнү жакшы көрө тургандыгыбызды эң сонун далилдеп турат. Реклама жөнүндө мыйзамыбыздын кыргызчасы алгач "Жарнама жөнүндө" деп аталып "жарнама" деген термин элге сиңип, эл оозуна алынып кеткен. Биздин гезит, дагы бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары азыр да ошол бойдон жазып жүрүшөт. Бирок, дагы бир "көсөмдүн" сунушу боюнча элге сиңип калган "жарнама" термини мыйзамда "жарнак" терминине алмаштырылды. А мунун бир олуттуу жүйөөсү бар окшойт деп, маркум К. Юдахиндин азырынча эң абройлуу кыргызча-орусча сөздүгүн колго алдым. Анда: "Жарнак - 1. ист. часть, доля в краденном, захваченном. 2. уставной пай; жарнак капиталы - паевой капитал". "Жарнама - кирг. - ир. - устный приказ, правительственное объявление" деп турат. Эми биз телевизордон, радиодон, гезит беттеринен жана көчөдөгү такталардан уурдалган, тартылып алынган нерсенин үлүшү же пайлык капитал жөнүндө күнүнө жүз маал сөз жүрүп жатат деп түшүнөбүзбү? Ага караганда жарнама өкмөттүк болсо да жарыя деп жакындашып турбайбы! Баса ушул жөнүндө мамлекеттик тил комиссиясында иштеген бир жооптуу кызматкер менен сүйлөшүп калсам, ал мындай болушун "көрнөк" ("вывеска") деген сөзгө уйкаштырылып "жарнак" алынды деген аргумент айтты. Аргумент болбосоң коё кал!
Мына ушундай баш аламандыктардан улам биз олуттуу бир документти да кыргызча жаза албай калдык. Президенттин жарлыгы чыккан 2005-жылдын 30-декабрынан бери эки мамлекеттик катчы жетектеген комиссия өткөн жылы "Биримдик аркылуу өнүгүү" аттуу Кыргызстандын жалпы улуттук идеясын иштеп чыгышты. Мен бул макалада ал концепциянын мазмуну жөнүндө ой айткым келген жок. Бир мисал гана анын орус тилинде жазылып кыргызча котормосун комиссия мүчөлөрүнүн эч кимиси карабаганын далилдеп турат. Китепченин 15-бетинде "Мамлекет эл үчүн, Эл мамлекет үчүн! Бул жалпы улуттук идеянын башкы урааны" деп теңирден тескери жазылган (?). Окурман чоочубай эле койсун орус тилиндегисинде бул сүйлөм "Не народ для государства, а государства для народа! Это - главный лозунг национальной идеи" деп жакшынакай эле жазылып турат. Эгерде мамлекетибиздин алдыдагы өнүгүүсү үчүн караңгы түндө шам чырактай жол көрсөтүүчү эң маанилүү деген документибизге ушундай мамиле болсо... а калганы жөнүндө ооз ачпай эле койгонубуз, башка элдердин алдында унчукпай туруп бергенибиз оң. Маанилүү документтер тургай, мыйзамдардын да маанисин бузган алешем котормолор жөнүндө мага окшогондор жаза беришсе да орустардын ылакабында айтылгандай "А Васька кулак салып коюп жей берет" дегениндей мамиле жасалууда.
Ошондуктан ушунча жылдан бери талаш-тартыштар токтобой келе жатат. Мүмкүн бул жолу спикери журналист А. Мадумаров болгон парламентибиз бул маселеге акыркы чекитти коюп, миллиондогон бюджеттик акчалар жумшалып, кыргызча сабатсыз китептер басылып кете электе кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясын бекиткен "Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы №830-II токтомун жокко чыгарып берер. Анан да терминдерди которууга олуттуу мамиле жасалар...
Мырзакат Тыналиев,
"Кыргыз Туусу"