, 06.06.08 - 13-бет: Улуучат ооданындагы кездешїї...№41, 06.06.08-ж.
  Улуучат ооданындагы кездешүү

Учу бир - жазылат,
Түбү бир - кошулат
Ош облусунун губернатору
Аалы Карашев баш болгон расмий өкүлдөр өткөн аптада Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу Кыргыз автономия облусунда жана Кашкар окуругунда төрт күндүк иш сапарда болушту. Облус жетекчиси эки өлкө ортосундагы жана
боордош элдердин достук, соода-экономикалык карым-катнашын дагы да бекемдөө үчүн келишимдерге кол коюу максатында расмий чакыруу алган эле.
Кызылсуу кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаары. Ал эми Улуучат, Акчий, Актоо оодандарындагы (район) 37 айыл-кыштактарда 500 миңдей калк жашаса, көөнө Улуучат элинде 50 миң калк жашап, анын 80 пайызын кыргыздар тузөт экен. Улуучаттагы Зымкана,Чыгын, Былкылдак ж.б. айыл-кыштактардагы эл негизинен мал чарбачылыгы, район борборунда жашаган жергиликтүүлөр соода-сатык менен алектенишип турмуш кечиришери, климаттык шартынын татаалдыгынан дан өсүмдүктөрүнөн арпа гана бышаарын айтышты. Улуучаттыктар өзгөчө гөөдө (күчтүү) кымызы менен мактанышары белгилүү болду.
Облустук Өкмөттүн орун басар катчысы Султан Тайырдын айтымында Кытай Эл Республикасындагы 1млрд 300 миң ханзу элинин (кытай) ар бир 10 миңинин бири гана кыргыз экендигине карабай тектүү кыргыз элине таандык болгон бардык үрп-адаттар, каада-салттар бекем сакталып, ата-бабалар колдонуп келген бир да сөздү колдонуудан чыгарышпайт. Кыргыз мектептеринде араб алфавитин колдонушат. Ошол эле учурда аз сандуу улуттар көп тилдерди билүүгө умтулушат экен.
Улуучаттык комузда кол ойнотуп, сөз берметтерин шурудай тизген белгилүү төкмө акын Бектур Мамбеткурман, кыргыз лирасынын падышасы аталган Рыспай Абдыкадыровдун ырларын дал өзүндөй созолонткон Султан мырза, маркум Рыспай деп боздоп ыр саптарын жазып, ага "жан" киргизген Токтоназар Мамбеттурган баштаган одандык улуттук ыр-бий ансамблинин өнөрпөздөру кыргыз "жыттанган" ыр, бийлерди тартуулашты.
Акыркы мезгилде Кызылсуу кыргыз автоном облусу экономикалык жактан болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүгүп жатканын айгинелеп, аймактагы өнөржай мекемелеринин жана көп кабаттуу турак үйлөрдүн жаңы курулуштары көк асман тиреп, көздүн жоосун алат.
Артыштагы экинчи күнүбүздө "Жамо Урди" дыйкан чарбасынын тез жетилүүчү мөмө-жемиштерди өстүрүүчү парник аянтында болуп, электрдик энергияны пайдаланбай эле күндүн энергиясы менен парникти жылуулап, коон-дарбыз, помидор, бадыраң жана башка жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү усулдары менен тааныштык.
Жыл ичинде ашыкча чыгымсыз үч жолу түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар бир парниктин аянты 8 сотых. Дыйкан чарбадагы мына ушундай 36 парникте болгону 39 адам эмгектенет. Алардын эмгек акысы орточо эсеп менен 7000, 8000 сомду түзүп, бир жолку түшүмдө эле 1000 АКШ доллар киреше алууга болот экен. Дыйкан чарбанын иш тажрыйбасын облустун аймагында жайылтууга толук мүмкүнчүлүк бар экендиги белгиленди.
Расмий топ андан ары табигый газ аркылуу свет, жылуулук чыгаруучу заводдун курулуш иштерине күбө болдук.
Андан соң эт комбинатынын, ошондой эле терини кайра иштетүүчү заводдун иш ыргактарына күбө болдук. Тери Кыргызстандан көбүнчө Торугарт аркылуу келет экен. Завод толук кубаттуулукта иштесе жылына 1млн. уйдун, 1,5 млн. койдун терисин кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Өткөн жылы 300 миң уй, 800 миң кой териси кайра иштетилип, таза киреше 100 млн. юанды түзгөн.
Артыштык туугандар өнөр жай курулуштарынын эле устаты эмес, климаттык шартынын татаалдыгына карабай дыйканчылыктын да сырын өздөштүрүп, "майын" чыгарган багбан экендиктери бизди өзгөчө таң калтырды.
Күндүн экинчи жарымында расмий өкүлдөр менен Кызылсуу облусунун партия секретары, Эл курултай туруктуу комитетинин мүдүрү Ян Фин Шин, Кызылсуу облусунун облус башчысы Паркат Турду, Кызылсуу облустук Парткомдун туруктуу мүчөсү, орунбасар облус башчысы Шие И Пин, облустук саясый кеңештин орунбасар башчысы Жан Диан Жан мырзалардын катышуусунда эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо максатындагы сүйлөшүүлөрү достук жана кызматташтык жылуу маанайда өтүлдү.
Соңку күнү эки облустун расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Карашев менен Кызылсуу облусунун облус башчысы Паркат Турду мырзанын эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча негизги документке кол коюу аземи жогорку деңгээлде өттү.
Ошол эле күнү Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Карашев жетектеген расмий өкүлдөрдү СУАРдын Кашкар вилоятынын (округунун) Өкмөтүнүн төрагасы-губернатор Акбар Гапур кабыл алып, эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Губернатор Акбар Гапур мырза Кыргызстандагы эң чоң облустун губернаторлугуна
дайындалгандыгы менен Аалы Азимовичти кызуу куттуктап, мындан ары эки аймак элинин достук байланышынын дагы бекемделе беришине кызыкдар экендигин айтып, облус жетекчисин жакында өтүлүүчү Эл аралык Кашкар жарманкесине расмий түрдө чакырды.
Ошондой эле "Кашкар-Ош", "Кашкар-Бишкек" авиакаттамдарын ачуу, "Кытай-Кыргызстан" темир жолун куруу иштерин тездетүү, чегарадан өтүү жоболорун жөнөкөйлөштүрүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.
2000-жылдык тарыхы бар айтылуу Кашкар вилоятында 3 млн.800 миң калк жашап, анын 90 пайызын уйгур улуту түзөт. Кашкар ар тараптуу дүркүрөп-өсүү жолуна эбак түшкөн. Туризмди өнүктүрүү аркылуу эле өткөн жылы 2 млн. турист келип, казынага 1 млрд. 200 млн. АКШ доллары киреше түшкөндүгүн маалымдашты.
Экологиялык жактан таза кыргыздын улуттук суусундугу катары республикабыздын чегинен тышкарыга маалым боло баштаган "Максым шоро" Артышта да чыгарылып жатыптыр деген кабарды угуп, атамекендештерибизге дем болуу максатында "Шоро" заводуна бардык. Кыргызстандын желегин желбиретип, боордошторубуздун чаңкоосун кандырууга белсенип жаткан Азамат Абдылдаев жетектеген шорочулардын иши менен тааныштык. Учурда рекламалык багытында кызуу иш алып барып жатышкандыктары туурасында Кытайдагы өндүрүштүк сатык боюнча директору Талант Жумазаев билдирди. "Максым шоро" компаниясынын жетишкендиктерине күбө болуп, алкоого татыктуу иштерине жетине албай кубандык.
Гүлжамал ЖОРОЕВА,
Ош-Артыш-Кашкар-Ош




  Даңкка жараша жүк

Журналист Машакбай Рахманкулов белгилүү инсан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, "СССРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер", Ленинполь районундагы "Бейшеке" колхозунун атактуу чабаны Токтоназар КУРМАНАЛИЕВ жөнүндө даректүү баян
жазып, ал басмадан чыгуу алдында турат. 1-июнь күнү кутман
карыбыз 80 жашка толду. Ардагерди биз да мааракеси
менен куттуктап, төмөнкү баянды
сунуш кылабыз.

Сексендин кырына келген Токтоназар Курманалиев көзүнө жасалган операциядан гана алыс-жакынды анчалык ажырата албай калганы болбосо карагерине өзү минип, айылдагы колдо багылып жаткан торпок-тана, козу-боруктарды, бирин-экин саан уйларды жалгыз төө менен кошуп ар күнү өзү жайытка айдап чыгып, кечинде өзү айдап келүү ага адат. Ортончу баласы Багышаалы деле бар. "Кой, уктай берсин.Айыл башчынын жумушу көп,Бир аз да болсо эс алсын" деп коет. Болбосо анын бой жетип, 16га чыккан баласы Эраалы же 10го толгон баласы Кутболсун бар.Алар деле эч ким минбеген чоң атасынын карагерин минип айдап коюшмак. "Сабагыңардан кечигесиңер" дейт аларды.
Кара-Буура районуна карап калган эски Молотов айылы азыр Кара-Буура деген атка конгон. Чаткалга аша турган ашуунун алкымындагы 150 түтүнгө жетип-жетпеген чакан айыл. Токтоназардын 80 жылдык өмүрү менен тамырлаш, киндиктеш. Жашоонун жан ачыткан кыйынчылыктары да, өмүрдүн көңүл өстүргөн кубаныч-шаттыктары да ушул айыл менен, айылдын эли менен тең орток. Токтоназар кесибинин үзүрүн көрүп, колу оозуна кенен жеткичекти жалаң мээнеттин артынан түштү. Козу салган койго жетим козуну , эгиздин түгөйүнө жалкыны телиди. Анан атак-даңк алып, Кыргызстандын эмгек сересинде төбөсү булут чала баштаганда айыл ичине, эл-журтка кам көрүүгө киришти. Айылга орто мектептин ачылышы, ага өндүрүштүк окуу үчүн деп тракторду алып берүү Токтоназардын колунан гана келе турган иш эле. Бул ишти ал аткарды. ФАП курууну да эч ким чече албай жүрдү эле-аны да алдыңкы чабан райкомго айтып жүрүп бүтүргөн. Райондун борбору Кызыл-Адыр менен, коңшу айыл Чоң Кара-Буура менен байланыштыруучу жалгыз көпүрөнүн көйгөйү да эл үчүн чоң түйшүк эле. Ашардын күчү менен салынган көпүрөнүн устундары менен туура жыгачтарын, тактайлары менен жумуру тирөөчтөрүн ар жылы боло калуучу жазгы сел ташкын ат чабым жерге агызып барып, бадалдардын тамырына кептеп же сел тартылганда жээкке тээп таштачу.Чакан айылды башка дүйнө менен кошкон көпүрөнүн абалы ошондой болчу. Азыркы жаңы көпүрө Токтоназардын шыкак-деми менен салынган, канча жылдан бери кебелбей турат десең, атасы алып берген жеңил машинени зуулдатып жүргөн айылдын азыркы жаштары ишенбейт. Бул алар үчүн жомок, тарых сыяктуу. Ал эми тарыхты жараткан адамдардын бири Токтоназар алардын катарында билинбей быйыл сексенинчи жазды тосту.
Токтоназар Курманалиев 11 жашында энеден, 16 жашында атадан жетим калып, согуш жылдарында өзү теңдүү курбулары Эгемберди, Бөрүбай, Мамытбектер менен кош айдады. Согуш бүткөндөн кийин 1945-жылы 25-марттан баштап аталаш тууганы Акылбек Көчөровдун колуна келип, койчулук таякты кармады. Ошондон баштап 17 жаштагы Токтоназар калган бүт өмүрлүк эмгек жолун кой багууга арнай турган болуп чечти. Балким атасы бир жылча жашап турганда 5-классты жакшы бүттүм эле деп башка окууга же кесипке баш коет беле, ким билет. 1949-жылы мартта агасы Акылбек инисин үйлөнтүп, күздө болсо бир короо козу алып берип, өзүнчө түтүн булаттырып бөлүп койду. Ошондон ушул кезге чейин Токтоназар менен Токтобү эне турмуш күтүүнүн ысык-суугуна бирдей шерик болуп келүүдө. Уул-кыздарынын алды Батышта-Чехияда иштесе, калгандары Кыргызстандын чар тарабына чачырашты. Бардыгынын жашоо турмушу бакубат, сүйгөн иштери бар. Абышка-кемпирге уюлдук телефон алып берип коюшкан. Тигил жагы Прага, бул жагы көпүрөнүн аркы бетиндеги Чоң Кара-Буурада турган кызы Калича машина менен келе койгонго убактылары жок чөнтөк телефонду чырылдата коюп сүйлөшүп турушат. Өздөрү номерди терип чалганды билишпесе да тигилер чалганда керектүү жерин баса коюп алар менен сүйлөшкөндү Токтобу эне да, Токтоназар карыя да билип алышкан.
Сексен жылдык өмүрүндө алар нелерди гана көрбөгөн. Согуш жылдарындагы кош айдоо учурунда үрөндүк буудайдан бригадирге көрсөтпөй оозго сала коюп бүкүлү жутуп жибергендери, согуштан кийинки жылдары үйлөнгөндөн кийин эле өлгөн койлордун этин өкмөткө төгүп, шыйрактарын кайнатып жешкендиги, жайлоого көчкөндө кой-козулардын, жүктөрдүн сууга акканы, катуу суук аяктап бараткан жаз мезгилинде ач карышкырлардын короого чейин кирип келиши не деген окуялар, не деген тобокелчилик. Ушунун баары, анан да айта берсе айтып түгөтө алгыс ак мээнеттин үзүрүн көргөн бактылуу күндөр, салтанаттуу учурлар, уул-кыздардын, неберелердин ийгиликтерине маңдай жарыла кубанган учурлар андан беш бетер көп.
Ушулар жөнүндө сөз кылып олтуруп Апас Жумагуловдун кыраакылыгына ыраазы болгонун эстей салды.Токтоназар СССРдин төмөнтөн жогору карай Ленин орденин кошуп бардык ордендерин алгандан
кийин кыргыз бийлиги аны Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлайт 1986-жылы. ( Ага чейин ыйгарып койсо деле болмок да - М.Р.) Ушул окуяларга тушташ эмгек алдыңкыларына кыргыз өкмөтү жеңил автомашиналарды берет. Токтоназарга жашыл түстөгү УАЗ тиет. Түсү бир аз айыл жерине өөн көрүнгөнү менен буйруганы дешип айдап келип короого киргизип, үстүн жаап коюшат. Ошол учурларда Таласка Апас Жумагулов келип, күзгү куут учуру экен, Токтоназардын БТКнын астындагы сарайына да тизгин буруп калышат. Бабыр-шабыр кеп козголуп отурганча үндүктүн эти да бышып, чай ичилип бүткөндөн кийин сыртка чыгышат. Бастырманын астында үстү жабылып турган УАЗдын капотунун капталы жабылбай, баягы жашыл түс көрүнүп калыптыр. "Эмне, Сизге ушундай түсүнөн берип коюштубу,кайра алпарыңыз, башка түскө ооштуруп берели" деп калат өкмөт башчы. Ошондо Токтоназар ыраазычылыгын айтып, "ушуга да Кудайга шүгүр,бул да болсо балдарымдын ырыскысына туш келди, кеп өңүндө эмес, көңүлдө" деп элди күлдүргөн. Анын ак жолтой короосуна Компартиянын биринчи катчылары Апсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев баш болгон республиканын аттуу-баштуу ондогон инсандары баш багышып, берешен дасторконунан даам сызышкан.80-жылдардын башынан тарта Токтоназар республикадагы көрүнүктүү эмгек алдыңкысы катары республикалык жана союздук ар кыл багыттагы кеңешме, семинар, жыйын, конференция же съезддерге тез-тез катыша баштаган. Током менен көп жыл үзөңгүлөш иштеген тууганы Сыдыгаалы Кенжегулов таамай тамашалагандай, "Током Чаткалга караганда Фрунзе менен Москвага чабалекейдей эле каттап калган".
Токомдун Чырканактагы сарайында союз убагындагыдай эле
тирилик. Койлору кадимки уяң жүндүү. Төл алуу аяктап баратат. Ата жолун улантып жаткан Жолдошаалы "Нивасын" от алдырып койду - бизди тезирээк деп шаштырганы го. Бул жерден Киров суу сактагычы алаканында тургандай көрүнөт.
- Быйыл суу аз го. Жаан да анча жааган жок. Кышка катуу
даярданыш керек.
Башынан далай доорду кечирген карыянын бул сөздөрү уулу Жолдошаалыга эмес, анын журтуна айтылгандай.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ, Кара Буура району,
Кара Буура айылы