, 03.06.08 - 2-бет: Балдар - башкы кенч, жашоонун маўызы...№40, 03.06.08-ж.
  Учурда электр энергиясынан 28 миңден ашуун, жылуулук энергиясынан 21 миңге жакын адам жеңилдиктер менен пайдаланат

Балдар - башкы кенч, жашоонун маңызы
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин балдарды коргоонун Эларалык күнү менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу балдар!
Балдарды коргоонун эларалык күнү 1950-жылдан тартып бүткүл дүйнөдө белгиленип келүүдө, бул жылы Бириккен Улуттар Уюму балдардын укуктарын, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири деп жарыялаган.
1-июнда дээрлик бардык өлкөлөрдө балдарды коргоонун эларалык күнү белгиленет, бул балдар үчүн эң кубанычтуу майрамдардын бири гана болбостон, балдар чоң кишилердин туруктуу камкордугуна жана коргоосуна муктаж жана улуу кишилер алар үчүн ар дайым жооптуу экендиги жөнүндө улуулардын эсине салуу болуп саналат, анткени балдар - планетабыздын келечеги.
Биздин үмүт-тилектерибиз, биз баштаган асыл иштер, мээримибиз жана кубанычыбыз - ушулардын бардыгын балдар туюндурат. Биз Кыргыз Республикасынын дени сак, акыл-эстүү, ар тараптан өнүккөн, татыктуу, эң жаңы билимдерге ээ болгон жана өз Мекенинин жыргалчылыгы үчүн асыл иштерге даяр жарандарын тарбиялоого таламдашпыз.
Республикада балдардын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган ар кыл программалар иштеп жатат. Үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун чыңдоо, социалдык проблемалардын курчтугун жеңилдетүү, өзгөчө социалдык коргоого муктаж балдарга зарыл жардам көрсөтүүчү адистешкен мекемелерди түзүү боюнча чаралардын комплекси өркүндөтүлүүдө. Бул иш мамлекетибиздин социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп келген жана болуп кала берет.
Биз, чоң кишилер үчүн балдар - башкы кенч, жашоонун максаты жана маңызы. Алар келечекте биздин татыктуу түркүгүбүз болуп калат. Дал ошондуктан өсүп келаткан муун жөнүндө камкордук көрүү - өтө маанилүү, стратегиялык милдет.
Бул проблемаларды чечүү үчүн чоң кишилер жасагандардын бардыгы, эң ириде, конкреттүү баланын турмушун жана бүтүндөй алганда балдардын коомдогу абалын реалдуу жакшыртууга багытталышын каалагым келет.
Ылайым балдардын көз жашын жана таарынычын көрбөйлү, ылайым ар бир бала өзүнүн айланасындагы чоң кишилердин камкордугуна жана мээримине бөлөнсүн.
Баарыңыздарды ушул мыкты, жаркын майрамыңар менен куттуктайм! Баарыңыздарга чың денсоолук, үйбүлөңүздөргө молчулукту жана өзара түшүнүшүүнү, турмуштагы зор ийгиликтерди каалайм!




  Президент К.Бакиев:

"Депутаттарды өз жана жат деп бөлбөш көрек"
30-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алды.
Президент Төраганы бул жогорку кызматка шайланышы менен куттуктады жана анын регламент боюнча иштөө менен бардык депутаттарга бирдей мамиледе болуу аракетин кубаттады. "Депутаттарды өз жана жат деп фракциялар боюнча бөлбөш керек. Төрага катары, Сиз бардык депутаттар жана фракциялар менен иштешишиңиз жана аларга бирдей мамиледе болушуңуз керек", - деп айтты К. Бакиев.
Айтибай Тагаевдин жетекчи кызматтардагы тажрыйбасы жетишерлик экендигин белгилеп, Президент ал жаңы кызмат ордун тез эле өздөштүрүп кетээрине ишенгендигин айтты. Мамлекет башчысы ошондой эле, Өкмөт тарабынан даярдалган кээ бир мыйзам долбоорлору Парламентке чийки абалында барган учурлар кездешерин, мындай учурда төрага мыйзам долбоорун кайра кайтарганга шашпастан, аны даярдаган тарап менен биргеликте парламенттин тиешелүү комитеттеринде толуктап даярдоого чакырды.
Андан тышкары Президент, Кыргызстанда бүгүнкү күндө да өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жолтоо болгон мыйзамдар бар экендигин баса белгиледи. "Мындай учурда Жогорку Кеңеш мыйзамдарга иликтөө жана мониторинг жүргүзүшү керек. Экономиканын өсүшүнө шарт түзүүгө жолтоо болгон кереги жок мыйзамдарды жокко чыгарышы керек", - деп белгиледи К. Бакиев.
Жогорку Кеңештин төрагасы А.Тагаев мамлекет башчысына көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. "Мен Сизге, "Ак жол" партиясынын лидери катары көрсөткөн бийик ишенимиңиз үчүн да ыраазычылык билдиргим келет. Парламенттен да, коллегаларымдын дээрлик жүз пайыздык колдоосун алдым. Мен бардык фракциялар менен макулдашып иштөөгө аракеттенем, Жогорку Кеңештин эл алдында беделин көтөрүү үчүн бардык аракетимди жумшаймын", - деп айтты А. Тагаев.
Төрага ошондой эле, Өкмөт менен тыгыз байланышта иштөө менен экономиканын өсүшү жана кыргызстандыктардын жыргалчылыгы үчүн мыйзам долбоорлорун алып чыгууга аракет кыларын айтты. "Жайкы каникулга чейин бизге катуу иштөөгө туура келет, биз бир нече ошондой мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек", - деп белгиледи Төрага.
Жолугушууда мыйзам чыгаруу процессине, ошондой эле бийликтин мыйзам чыгаруу жана башка бутактарынын биргеликте аракеттенүүсүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

А.БОЛОТОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Электр кымбаттаса, калктын жакыр катмарына колдоо көрсөтүлөт
Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында өткөн өкмөттүн жыйынында, электр жана жылуулук энергиясынын тарифтери кымбаттаган шартта, республиканын жарандарынын айрым категорияларын социалдык жактан коргоо иш-чаралары жөнүндө маселе каралды.
Бул маселе боюнча кыскача доклад жасаган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Өктөмкан Абдуллаеванын маалыматы боюнча, учурда электр энергиясына жеңилдиктен 28 миңден ашуун абонент ал эми жылуулук энергиясына жеңилдиктен 21 миңге жакын абонент пайдаланат.
Ошондуктан үстүбүздөгү жылдын бюджетинде Республиканын жарандарынын айрым категорияларына мыйзам аркылуу бекемделген жеңилдик берүү максатында атайын каражат каралган. Алсак, электр энергиясына 210 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Ал эми, электр энергиясына 1 киловатт-саатынын баасы 0,70 сом болгон шартта, 2008-жылдын бюджетине дагы кошумча 13 миллион сомго жакын каражат керек.
Ошондой эле, жылуулук энергиясына 29 миллион сомдон ашуун каражат каралган болсо, жылуулуктун 1 гкалы 560 сом, ысык суунун баасы ар бир кишиге 130 сомдон ашкан шартта, бюджетке дагы кошумча 10 миллион сомго жакын каражат табуу керек.
Ушундай жагдайдан улам, жалпысынан алганда, республиканын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2008-жылдагы бюджетине кошумча түрдө 22 миллион сомго жакын каражат кароо зарыл. Ал мыйзам аркылуу бекемделип, электр жана жылуулук энергиясы үчүн калктын тийиштүү катмарын коргоого жумшалмакчы.
Бул маселе боюнча Өкмөттүн токтомунун долбоору тийиштүү министрликтер жана ведомстволуктар менен макулдашылган. Ал ошондой эле, Өкмөт аппаратынын тийиштүү бөлүмүнөн экспертизадан өткөн.
Айта кетүүчү нерсе, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сунушу боюнча, жеңилдиктер пенсиясынын өлчөмү 1500 сомго чейинки пенсионерлерге берилиши керек эле. Ошондой болсо да, Президенттин администрациясынын пикирине ылайык, жеңилдиктер 1800 сомго чейин пенсия алгандарга берилиши керек деген маалымат да айтылды өкмөттүн жыйынында. Кымбатчылык күн санап өсүп бара жаткан шартта, бул албетте, калктын аялуу катмарына көрүлгөн камкордук экендиги талашсыз. Бирок, мындай болгон шартта, бюджетке дагы кошумча каражат издеп табууга туура келет.
Күн тартибинин экинчи маселеси Салык кодексинин жаңы редакциясы тууралуу болду. Бул боюнча доклад жасаган салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын орун басары, салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөсү Адылбек Касымалиевдин айтымында, салык салуунун кыйла курч проблемаларын жеңилдетүүгө басым жасалган.
Атап айтканда, кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы 12%га чейин сатып өткөрүүдөн түшкөн салык 2%га чейин төмөндөтүлгөн. Бул болсо, орто жана ири бизнестин өнүгүшүнө шарт түзөт.
Ошондой эле, натыйжасы аз, тактап айтканда, таштандыларды тазалоо, автомобилдерди токтоткон жерден алынуучу салык алынып салынган. Чындыгында эле, мындай салыктардын көпчүлүгү жыйналып алынбай келатканы жашыруун эмес.
Кыскартып айтканда аталган кодекстин жаңы редакциясында кыйла эле жакшы жактар бар экен. Бирок, кемчиликтери жок эмес. Мисалы, аскер кызматчыларынын эмгек акысынан мурда киреше салыгы алынбай келсе, жаңы кодексте алардан да киреше салыгы алынары айтылган. Анткени, мыйзам бардыгына бирдей болушу керек. Чындыгында эле, алардан алда канча аз эмгек акы алып жатышкан мугалимдер, медициналык кызматкерлер да киреше салыгын төлөп жүрүшпөйбү.
Ошондой болсо да, бул маселе кызуу талкууланды, жактагандар да, каршы чыккандар да болду. Ошону менен бирге, өкмөттүн жыйынында айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн берген сунуштары жаңы кодекске кирбей калгандыгы да айтылды,. Аталган кодекстин жаңы редакциясында булардан тышкары да, кыйла кайчы пикир жараткан жагдайлар бар. Андыктан, аны дагы бир сыйра карап чыгып, ийине жеткире иштеп чыгуу, бардык тараптарды канааттандыргандай вариантты жаратуу зарылдыгы бардай.
Жыйынды жыйынтыктап, "Менин оюмча, эгерде салык кодексинин жаңы редакциясы үстүбүздөгү жылда кабыл алынса, Президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын элине кайрылуусунда айтылгандай, өлкөбүздөгү иштиктүү активдүүлүктүн тез өсүшүнө жетише алабыз",- деп билдирди Өкмөт башчысы Игорь Чудинов.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Швейцария менен алака артууда

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев соода-сатык жана экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-швейцар комиссиясынын швейцариялык бөлүгүнүн тең төрайымы Моника Руль Борци менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Искендербек Айдаралиев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо ишинде биргелешкен кыргыз-швейцар комиссиясынын аткарып жаткан ишинин зор маанисин белгиледи. "Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтык көп жылдардан бери өнүгүп келаткандыгы мен үчүн өтө жагымдуу. Ошондуктан демократиялык кайра өзгөртүүлөрдү жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү ишинде Кыргызстанга көрсөтүп жаткан туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн Швейцарияга ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Сиздердин өлкө биздин активдүү донорлордун биринен болуп, айыл чарбасын жана токой тармагын өнүктүрүүгө, энергетика, чакан жана орто бизнес, билим берүү жана саламаттык сактоо секторуна көп пландуу жардам берип келатат. Өзгөчө тоолуу райондорду өнүктүрүүгө Швейцариянын кошкон салымы баа жеткис. Бул иш 2010-жылга чейин улантыла берилмекчи. Швейцария глобалдуу тоо өнөктөштүгүнүн алкагында маселелерди чечүүдө негизги ролду ойногондуктан, швейцар тарабын 2009-жылы Бишкек шаарында экинчи глобалдуу тоо саммитин өткөрүүгө активдүү катышууга чакырып кетким келет", - деди биринчи вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Швейцария өкмөтүнүн өкүлү эки тараптуу кызматташтыктын ыргагынын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирди. "Соода-сатык жана экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-швейцар комиссиясынын экинчи жыйынынын жыйынтыктары боюнча бул органдын ишинин натыйжалуулугун мындан да арттыруунун зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алдык. Бул үчүн биз кеп-кеңешке тез-тез чогулуп, ар кандай тармактарга арбын сандагы эксперттерди тартууга аракеттене бермекчибиз. Иштин мындай ыкмасы эки тараптуу кызматташтыктын ыргагын бир кыйла өркүндөтүүгө шарт түзөрү шексиз", - деди Моника Руль Борци.
Жолугушуу учурунда белгиленгендей, Швейцария менен болгон товар жүгүртүү өлкөбүздүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 6,1 пайызын, экспорттоо 20 пайызды, импорттоо 0,4 пайызды түзөт. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 238,6 миллион долларды түзгөн. Бул 2006-жылга салыштырганда 11,4 пайызга арбын. Товарларды экспорттоо 226,1 миллион долларды түзүп, алтынды экспорттоонун эсебинен 8,8 пайызга көбөйгөн. Импорттун көлөмү болсо 92,3 пайызга көбөйгөн. Негизинен Швейцариядан фармацевтикалык продукция, порфюмериялык-косметикалык буюмдар, медициналык аспаптар, ар түрдүү тамак-аш кошулмалары жана азык-түлүктөр импорттолот.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын көздөгөн бир катар маанилүү маселелер талкууланды.
Д.ӨМҮРЖАНОВ