, 03.06.08 - 14-бет: Туризмди канткенде ойдогудай єнїктїрє алабыз?....№40, 03.06.08-ж.
  Учурда туризм ишмердүүлүгүн жамынган
ишканалар челнокчуларды ташышат

Туризмди канткенде ойдогудай өнүктүрө алабыз?
Туризмдин келечекте өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдө абдан чоң роль ойной турган тармактардан экендиги шексиз. Ал үчүн өкмөттүн өзүнчө өзгөчө узак мөөнөткө өлчөнгөн иш планы түзүлүш керек, бул иш планы этап-этапка, жер-жерлерге бөлүнүп, анын аткарууга кетчү каражаттары аныкталып, ал ишке жооптуу адамдар бекилип, каражат бере турган демөөрчүлөр изделиши керек.
Өткөн он жети жылдын ичинде туризм тармагында көп жумуштарды аткарса болот эле, тилекке каршы аткарылган жок. Кыргызстандын бактысына, пешенесине Ысык-Көлүбүз бар экен, жакшы СССР убагында чоң-чоң дем алуучу жайлар, андан башка да майда жайлар курулуп калган. Ошолордун жардамы менен бизге келген туристтер көбүнчө Ысык-Көлдүн тегерегинде жүрүүдө. Анча-мынчалары Чүй өрөөнүндөгү жана да Ысык-Көлдүн жээгиндеги кооз жерлерге барууда. Ал эми өтө аз сандагылары мергенчилик туризм менен келип, Кыргызстандын башка жерлеринде да болушууда.
Биздин Кыргызстанда туристтерди келтирүү багытында көптөгөн ишканалар ачылган, бирок алардын көбү туризм деген аталышты жамынып алышып,башка иштер менен алек болушат. Алсак, алар көбүнчө өзүбүздүн республикага керектелүүчү же коңшу өлкөлөргө сатуучу буюмдарды алып келүү, челнокчуларды чет мамлекеттерге алып барып, кайра алып келүү менен алек, чынында бул да керек. Бирок азыркы мезгилде алардын иш тармактарын карап, чыныгы туризм менен иштегендерге өкмөт тарабынан көңүл бурулуп көптөгөн жеңилдиктер берилиши зарыл. Ал эми керек-жарак, буюмдарын ташуучу ишканалар өз нугунда иштей беришсин.
Азыр туризм деген сөз чыкса эле биз Ысык-Көлдү түшүнөбүз, бирок андай болуш керек эмес. Ырас, негизги орчундуу элдин көп келүүчү жайы, байлыктын көп түшүшү азыркы күндө Ысык-Көл менен жана андагы түзүлгөн шарттарга байланыштуу. Ысык-Көлдү сөз кылып, иш өлчөмүн да ал жакка буруп турсак, биздин жасаган иштерибиз да бир жактуу болот. Ошондуктан өкмөттүн планы республикабызды толук өзүнө камтып, ошого жараша иш жүргүзүлүшү керек. Биздегидей кооз жерлер эч жерде жок. Ысык-Көлдүн тегерегиндеги токойлуу жылгалар, Жыргалаңдын ичи, Жети-Өгүздүн ичи, Кара-Саз жайлоосу, Эки-Нарындын, Ат-Башынын ичи, Чоң-Алайдын кырка-кырка тоолору, мейкиндиктери, Кара-Кулжанын ичиндеги адам көрбөгөн көлдөр, Сары-Челек, Чычкандын ичи, Чаткал өрөөнүнүн ичи, Алай, Ноокат, Баткен, Лейлек райондорунун керемет жерлери... Ушул жерлердин бардыгы бири-биринен айырмаланып турат, кокту-колоттору, асман мелжиген ак кар баскан муздуу чокулары, кууш келген капчыгайлары, мөмө-жемиштүү жана да жүздөгөн жылдар бою адам аралабаган карагайлуу, арчалуу, бадалдуу токойлору, тоолордун ортосунда жайланышкан көз мончоктой болгон, адамды өзүнө тартып суктандырган көлдөрү, эчки-теке, кулжа, аркарлары, уккулуктуу үнү менен өзүнө чакырган уларлары, кыргоолдору, кекиликтери, күнү-түнү, кышы-жайы тынчыбаган бадалдардын гана арасы эмес, жолдорду тепчип өткөн коендору, түлкүлөрү, элдин да, малдын да тынчын кетирген, мергенчилерди суй жыгылткан карышкырлары, ак кар басып жаткан адырлуу мейкиндиктери, жылгадан жылгага өтүп, булактардан топтолуп, тоолорду буйгап, көптөгөн капчыгайларды тепчип түз мейкиндиктерге буркан-шаркан түшүп, шашылып агып келген көптөгөн дарыяларды, бийиктиктен көз чаптырып шаңшып учуп жүргөн бүркүттөрдү көрүү, булардын баарына суктануу, буларды сүрөткө түшүрүү жана да тартуу, булардын ичинде аралашып жүрүү, бул тирүү жанга бейиштин ичинде жүрүү менен барабар. Бул жогорудагы байлыктарды, чет жактардан келүүчү меймандарга биринчи жарнамалар аркылуу тааныштырыш зарыл. Ал эми келгендерине чыныгы кыргыздын илгертен бери келе жаткан меймандостугун көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү баарыбыздын милдетибиз, келечегибизди ойлоп, азыркы анча-мынча кыйынчылыкка да чыдашыбыз керек. Бул тармактагы ишке ыкчам киришпесек кечигип баратабыз.
Туризмге багытталган адистерди даярдап чыгуу пландары менен иштеп жана жаштарды окутуп, даярдап жаткан жогорку окуу жайлары да Кыргызстанда жетиштүү. Бирок, тилекке каршы, саны көп, сапаты жок. Себеби, даярдалган жаш адистер өздөрүнүн университеттеринен башка эч нерсени көрүшкөн жок, көргөндөрү болсо да алар өтө аз санда, ага каражаттын жоктугу, пландашылган иштердин жоктугу, университеттеги жетекчилердин кош көңүл, кайдыгер мамилеси, коңшу өлкөлөрдөгү ушул тармактагы ишкерлер менен байланыштын начарлыгы. Ушул иштерди жандандырууга багытталган чаралар өкмөттүн күндөлүк көз алдында болушу зарыл.
Эң эле негизгиси, туризм багытында иштеген жогорку жана жергиликтүү бийликтеги жетекчилер өз жерин, өз элин өтө жогорку деңгээлде урматтаган, алар менен сыймыктанган аң-сезими жогорку деңгээлдеги инсан болушу зарыл. Ошондо ишибиз алга жылат.

А.АМАТОВ, Ош шаары




 "Чыгышэлектро" ААКнын

(мамлекеттик пакетинин) акцияларынын
баалоо наркынын 80,49 пайызын аныктоо үчүн баалоочу уюмдардын арасында жүргүзүлгөн
тендерге катышуу үчүн

ЧАКЫРУУ
1. Дареги: 720017, Бишкек шаары Москва көчөсү 151, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитети чектелбеген катышуучуларды "Чыгышэлектро" ААКнын (мамлекеттик пакетинин) акцияларынан турган наркы 80,49 пайызын аныктоо үчүн баалоочу уюмдардын арасында жүргүзүлүүчү тендерге катышууга өздөрүнүн тендердик өтүнмөсүн кызмат көрсөтүү үчүн берүүгө чакырат.
2. Келишим түзүлгөн күндөн баштап, сапаттуу жана ишенимдүү кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу өз мөөнөтүндө аткарылышы керек.
3. Кызыкдар болгон тиешелүү укугу бар катышуучулар кошумча маалыматты арыз жазуу жолу менен кайтарымсыз 1 000 сом өлчөмүндөгү акчаны дареги 720017, Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн 151 номурунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитетине төлөгөндөн кийин, тендер үчүн даярдалган толук документтерди сатып алганга жана таанышканга ала алышат. Сурап-билүү телефондору: 61-40-76.
4.Тендерге катышууну каалаган бардык атаандаштар мамлекеттик жана расмий тилде тендерге катышуу үчүн арыздарын жазып, аны менен бирге, кепилдик үчүн 10 000 (он миң) сомду КРнын Маммүлккомитетинин эсеп коруна же кассасына 2008-жылдын 16-июлунда 15.00 чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) төлөнүшү керек. Дареги: 720017, Бишкек шаары Москва көчөсү 151, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитети, №309-кабинет. Тендердик арыздын аракети эки жумадан кем эмес мөөнөттөн өткөнгө чейин тендердик арыздын кепилдик камсыздоо мөөнөтү болушу керек. Бардык тендер арыздары белгиленген убакыттан кеч берилсе, кайтарылат жана конверти ачылбастан катышуучунун өз колуна тапшырылат.
Маммүлккомитетинин сом түрүндөгү эсеп кору:
КРнын Маммүлккомитети.
Биринчи май РОК-2
Эсеп кору: 1290522380020194/202802429
Банк: ААК ЭСКнын Бишкек филиалы.
БИК: 129052
ИНН: 00405200110158
Биринчи май МСИ;
5. Тендерге келип түшкөн арыздар 2008-жылдын 16-июлунда 15.00 дө (жергиликтүү убакыт боюнча) дареги: 720017, Бишкек шаары Москва көчөсү 151, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик комитетинин жыйындар залында тендер башталган кезде атаандаш катышуучулардын көзүнчө ачылат.
6. Бардык баалоочу уюмдар кайсы өлкөдөн келбестигине карабастан сатыкка катышууга уруксат берилет.




"Чыгышэлектро" ААКнын мамлекеттик пакетинин акцияларын
баалоо наркын аныктоо үчүн баалоочу уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн тандап алуу
шарттары жана критерийлери:
- баалоочу уюм (баалоочу) профессионалдык жана техникалык жактан компетенттүү, иш-тажрыйбалуу, кадыр-баркка ээ, каржы ресурстары, жабдуулары бар материалдык мүмкүнчүлүктөрү болуп, сатып алуу келишимин аткарууда керек тендердик документтердин талабына ылайык;
- баалоочу уюм (баалоочу) төлөө жагынан алсыз болбой, банкрот болбой, анын мүлктөрү соттун көзөмөлүндө болбой, алардын мүлктөрү боюнча сот органдары же сот дайындаган адамдар үстөмдүк кылбай, коммерциялык ишмердиги токтобой, иштери соттук процесстерде турбаган, иши жүрүп турган;
- баалоочу уюмдун (баалоочу) салык төлөм милдеттери жана башка Кыргыз Республикасынын атайын төлөмдөрү толук аткарылган;
- баалоочу уюм (баалоочу) жана алардын жетекчи кызматкерлери алдыдагы башталган сатып алуу процедурасына чейин, үч жыл аралыктын ичинде сатып алуу келишимин түзүү үчүн, алдын ала жалган маалыматтарды берген, фактыларды бурмалаган, квалификациялык ишмердиги тууралуу адаштырган маалыматтарды берүү жөнүндө эч байланыштыгы жок;
- баалоочу уюм (баалоочу) сатып алуу жөнүндө келишимди түзүүдө юридикалык жактан укуктуу болушу керек;
- алдын ала жалган маалыматты, өзүнүн квалификациялык жөндөмдүүлүгү тууралуу жана баалоочу уюмдун (баалоочу) квалификациялык талаптары канааттандырылгыс болсо анда тендердик комиссия сатып алуу процедурасына катышууга баалоочу уюмду (баалоочу) четтетип катыштырбайт;
- тендердик арыздын негизги мааниси такыр өзгөртүлбөйт, тендердик комиссия менен атаандаштын ортосундагы сүйлөшүүлөр, тендердик арызды көрсөтүү же бааны өзгөртүүгө жол берилбейт;
- тендерик арыздын жеңүүчүсү деп, тендердик документтердин талабына туура келген жана эң төмөнкү бааланган наркты берген тендердик арыз болуп эсептелинет;
- баалоочу уюм (баалоочу) тендер документтерин колго алгандан баштап, атаандаш статусуна ээ болот. Атаандаштын статусу бардык даярдык стадиясында тендер арыздын кепилдиги болбогондо жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын же өзүнө белгилүү болгон соода-сатыктын шарттарын бузганда жана өзүнүн каалоосу боюнча гана күчүн жоготот;
Тендер комиссиясы тендер арызын төмөнкү учурда кайтарып берет:
- документте көрсөтүлгөндөй, тендер арызын кепилдик менен камсыз кылуу мөөнөтү өтүп кетсе;
- бул келишимдердин аткарылышын камсыз кылууда, камсыздоо кепилдиги берилгенде жана сатып алуу келишимин түзгөндө;
- тендердик арызды көрсөтүүнүн акыркы мөөнөтү өтө электе, тендердик арызын чакырып алганда;
- сатып алуу келишими түзүлбөстөн, сатуу процедурасы токтотулганда:
- эгерде келишимди, тендердик арызында көрсөтүлгөн шарттары боюнча кол коюудан баш тартса, келишимдин аткарылышын кепилдөө камсыздыгынан баш тартса жана атаандаш тендердик арызын ачкандан кийин анын аракет мөөнөтү өтсө, анда атаандаш кепилдик камсыздоо төлөмүн кайтарып алуу укугун жоготот.