Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№40, 03.06.08-ж.





  Быйылкы "Айтматов жылына" карата "Жазуучу. Философ. Космополит" деген китеп жарманкеси өткөрүлүүсү күтүлүүдө

Укук тармагында Курмановдордун династиясынын орду
Заман зардабынын далай тар жана тайгак жолдорунан өтүп, элдүүлүгүн сактап келаткан кыргыздардын арасында Курмановдордун ысымдары кылым улап келет. Кыргыз элинен чыккан кыраан уулдар, калкыбыздын каймактары совет доорунун башталышындагы оторчулук саясаттын курмандыгына айлангандыгын кийин тарых далилдеп отурат.
Ошолордун бири Октябрь революциясына чейин дээрлик Түндүк аймагына белгилүү Жумгал өрөөнүндө оозунда сөзү бар, каруусунда күчү бар, акылы тетиктигинен улам эл урматына ээ болгон Курман аттуу манап болгон. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Курман Лепесовду үй-бүлөсү менен кулакка тартып Султан, Зайнидин аттуу уулдары атууга кетип, калгандарын ар кандай мөөнөт менен түрмөгө кесишкен. Курман манап өзү 1926-жылы Украинага сүргүнгө айдалып баратканында каза болуп, сөөгү Украин жеринде калган…
Ал эми биз сөз кыла турган каарманыбыз Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, юридика илимдеринин доктору, профессор Курманов Карпек Шамсединович атактуу манаптын небереси болот. Буларга окшогон далай атактуу адамдарыбыздын урпактары мезгилге, саясый окуяларга аргасыздан баш ийип, ата-тегин айтуудан айбыгып келген учурлар болгон. Ал эми тарых бардыгын өз ордуна койгондон кийин гана илгерки кулакка тартылган бай-манаптар, эл башкарган белгилүү инсандар ошол кездеги кыргыздын чыгаан уулдары экендиги бизге белгилүү болуп отурат.
Карпек Шамсединович да мындай тар жол, тайгак кечүүлөрдү кыйгап өтө алган жок, бирок ошол татаал жолдорду өзүнүн билими, кесипкөйлүгү, тырышчаактыгы менен жеңип келди. К.Курмановдун балалык курагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, ал мектепти 1945-жылы аяктаган соң, кыргызга аттын кашкасындай таанымал юристтер Рафик Тургунбеков, Кудаш Кыдыралиев, Сагынбек Алымкуловдор менен катар Алматадагы Юридикалык институтка келип киришкен. Ал жактан биринчи курсту бүтүргөн соң, СССР Юстиция министрлигинин жолдомосу менен Москва юридикалык институтуна которулуп, ал жакта жатакананын жоктугуна байланыштуу, дароо эле Ленинграддагы М.И.Калинин атындагы юридикалык институтка келип окуп калат. Согуштан кийинки мезгилде блокадада калган Ленинградда башка жактарга салыштырмалуу абал абдан оор эле. Ошого карабастан, азык-түлүктүн тартыштыгын, чет жердеги студенттик турмуштун оор сыноолорун да, кээде поездден жүк түшүрүп келип, чарчадым дебестен илимдин сырларына телмире үңүлүп жүрүп, баштан кечирет. Алгачкы жылдары анын шартына түшүнүү менен мамиле жасап, жакындан жардам берген орус элинин, мамлекет жетекчилеринин ысмын Карпек Шамсединович азыр ыраазы болуу менен эскерип калат.
Экинчи курста окуп жүргөнүндө Орто Азия жана Кыргызстан боюнча белгилүү изилдөөчү-этнограф, профессор С.М.Абрамзон менен таанышып, ага жардамчы, котормочу болуп иштеп, өз билимин гана жогорулатпастан, студенттик кедей капчыгын да толуктап турган. С.М.Абрамзон менен иштешип жүргөнүндө аны менен чогуу Кытайдын Кашгар провинциясында жашаган, 30-жылдары коллективдештирүү учурунда эл-жеринен качууга аргасыз болушкан мекендештери, алардын турмушу, каада-салттары менен таанышып, кыргыздын тарыхын да мыкты өздөштүргөн.
1949-жылы алдыңкы студент катары коммунисттик партиянын катарына кандидаттыкка кабыл алынат. Ал кезде партиянын аброю абдан таасирдүү болгон, ошого жараша ага мүчөлүккө кабыл алуу да оңой болгон эмес. Карпек Шамсединовичтин партиядагы таржымалы ушуну менен гана бүткөн эмес…
1949-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, кыргыз жергесине кайтып келет. Кыргыз ССРинин Прокуратурасынын борбордук аппаратына ички иштер боюнча көзөмөл бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалат. Ал кезде юридикалык жогорку билими бар адистер саналуу гана болгондуктан, жаш кадрлардын дээрлик бардыгы Фрунзедеги юридикалык мектепте сабак беришкен. Карпек Шамсединовичтин педагогикалык эмгек жолу да ушул окуу жайынан башталган.
Арадан үч жыл өтүп-өтпөй өзүн кесипкөй-сабаттуу адис катары көрсөткөн Карпек Шамсединовичти Фрунзе облустук прокуратурасында бөлүм башчылыкка көтөрүшкөн. Бир күнү республиканын ошол кездеги прокурору А.Я.Романов чакырып, К.Курманов манаптын тукумунан чыккан, ушул кезге чейин ата-тегин жашырып келген деген маалыматтар менен тоголок арыз түшкөнүн, ал текшерилип маалыматтардын чындыгы бар экендиги да такталганын айтат… Карпек Шамсединовичке тоголок арызды ким текшергендиги, ичи жаман көралбастар таза текшербей, каралап келгендиги да маалым болот. Ушундай жагдайларга карабастан сабаттуу, тың, ишке берилген баалуу адисти колдон чыгарбоо максатын көздөп, баш прокурор А.Я.Романов К.Курмановго Ош облусуна ушул эле кызматка которууну туура көргөндүгүн айтат. Бирок К.Курманов бул сунушка макул болбой, өз каалоосу менен иштен кетет. Ушуну менен эле бүтүп калбай, алдыда партиялык бюродо да К.Курмановдун иши каралып, 1952-жылы аны партиянын катарынан чыгарышат.
Ошол кезде өлкөбүздө сталиндик репрессиянын эпкини катуу жүрүп тургандыктан, К,Курмановдун юстиция тармагында белдүү кадр экендиги эч жерде эске алынбай, ага укук коргоо тармагында иштөөгө да жол берилбей келген. Республиканын соода министринин жардамчысы болуп ишке орношот. 1953-жылдан адвокаттык кесипти аркалап, 10 жыл чамасында дүңгүрөгөн жазык иштери боюнча адвокаттык кылып, олуттуу сот процесстеринен опол тоодой тажрыйба топтойт.
Арадан 14 жыл өткөн соң, 1963-жылы КМУнун юридикалык факультетинин аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнө кирип, Карпек Шамсединович илимге кайтып келет. Юридика илимдеринин кандидаты, профессор Н.П. Кучерявыйдын жетекчилиги астында "Апийим уурдагандык үчүн жазык жоопкерчилиги" темасында 1964-жылы кандидаттык диссертациясын Алмата шаарында коргойт.
Андан соң 1972-80-жылдары Караганда университетинде кафедра башчысы болуп иштеп, илимий иштерин улантат. Карпек Шемсединовичтин башка юрист окумуштуулардан айырмаланып, ал кезде өтө жашыруун болгон баңгилик темасын тандап алышы, илимий иште өтө кылдаттыкты жана өзгөчө мамилени талап кылган. Бирок мындай сыноолордон өтүү илимге такшалган, практик-юрист катары келген К. Курмановго өтө деле кыйынчылык туудурган эмес. Ал өзүнүн илимий ишиндеги актуалдуу маселелер келечектин орчундуу талабы болоруна ишенген. Ал ошол багыттагы жыйнаган материалдарын топтоп 1989-жылы бир топ тоскоолдуктарга карабастан, 13 басма табак көлөмүндө "Наркомания: уголовно-правовые и криминологические проблемы" ("Баңгилик: жазык-укуктук жана криминалдык проблемалар") аттуу илимий монографиясын басып чыгарууга жетишкен. Ушул эмгегинин негизинде 1991-жылы доктордук диссертациясын коргогон. Карпек Шамсединович мурдагы СССР мамлекетинде эң алгач, жашыруун маселе экендигине карабастан ары татаал, ары жооптуу, ары актуалдуу тема болгон баңгиликке каршы күрөшүү проблемасына кайрылып, окумуштуулардан биринчи болуп кандидаттык жана доктордук диссертациясын коргогон. Бул устатыбыздын мезгил кырдаалын сезгичтигинен жана бет алдына келген кыйынчылыкты туруктуулук менен жеңе алган жана заманбап окумуштуу экендигин айгинелейт.
К.Курманов өз эмгек жолунда жүздөгөн илимий популярдуу монографияларын, окуу китептерин чыгарды. Булардын ичинен азыркы учурдун талабына ылайык мамлекеттик тилде жарык көргөн (К.Курманов, А.Шаршеналиев) "Жазык укугу" (Жалпы жана Өзгөчө бөлүк) окуу китеби студенттер эле эмес, практик-юристтердин арасында да өзгөчө абройлуу эмгек катары таанылып, алар тарабынан мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатат.
Карпек Шамсединович өзүнүн педагогикалык эмгек жолунда ондогон илимдин кандидаттарын даярдады. Ошондой эле укук коргоо тармагындагы белдүү кызматкерлердин дээрлик бардыгы К.Курмановдон билим, таалим-тарбия алган десек жаңылышпайбыз. Мындан сырткары илимпоз агабыз өз үй-бүлөсүнөн да татыктуу юристтерди тарбиялап чыгарган. Алсак, К.Курмановдун улуу уулу Зайнидин Курманов тарых илимдеринин доктору, мамлекетибиздин укук тармагына кошкон салымы да чоң, азыркы учурда депутат, КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеп келет. Ал эми кичүү уулу Айдар Курманов юридика илимдеринин кандидаты, атасынын шакирти катары учурда К.Курмановдун өзү менен бирге иштеп келатат. Кызы Гүлнара Курманова Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья болуп, атасынын жолун жолдоп келет. "Аккан арыктан суу агат" демекчи, айтылуу Курмандын тукумдары өзгөчө укук тармагында үзүлгүс чыйырын салып келет. Мындан сырткары 3 небересинин да жогорку юридикалык билимге ээ болгондугун эске алсак, укук тармагында келечекте Курмановдордун династиясы дагы узарып, алар укуктук мамлекет курууда өз эмгектерин өтөйт деген ишеним чоң.
Быйылкы жылы Карпек Шамсединович 80 жылдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Бул юбилейди алардын үй-бүлөсү, же Юридикалык академиянын жамааты гана эмес, кыргыз коомчулугу да белгилейт деген ойдобуз. Анткени, андай сый-урматка агабыз татыктуу. Мааракенин алдында Карпек Шамсединовичке чың ден соолук, өмүр гана тилейбиз.

К.КЕРЕЗБЕКОВ,
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору, профессор














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan