, 30.05.08 - 9-бет: Сессия кїндєлїгї...№39, 30.05.08-ж.
  Сессия күндөлүгү

Парламентте жаңы төрага
Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын төрагасы Адахан Мадумаровдун депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө жасаган өтө үстөмчүл, элементардык этикадан тышкары терс мамилеси үчүн кызматынан кол жууганга аргасыз болду деген пикир тарап жатканы белгилүү.

Айтибай Султанович Тагаев 1958 жылы 30 апрелде Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эски
Ноокат айылында төрөлгөн. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү.1981 жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.1993 1994 жылдары Кызыл Кыя шаарындагы "Нур КМ" АКсынын директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары болуп эмгектенген.1998 2005
жылдары ошол эле "Нур КМ" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, директорлор кеңешинин төрагасынын жардамчысы жана директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2003 жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005 2007 жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин үчүнчү чакырылышынын депутаты, парламенттин экономика, бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Андан тышкары контрабан-
далык жол менен кармалып, мамлекеттин карамагына небак өтүп кеткен жаңгак уюлда-
рын парламенттин имаратынын ички ремонтун жасатканга пайдалануу, ЖКга караштуу 52 млн. сом акчалай каражаттын эсебинен анын 85 жылдыгына карата оңдотуп түздөтүүнүн тегерегиндеги
чуулгандуу окуя ушуга алып барды дешүүдө. Эми мунун тагыраагын Адахан Мадумаровдун тегерегиндеги мындан кийинки окуялар көрсөтөр... Биз анын отставкасы менен жаңы төраганын шайланышы тууралуу парламенттеги акыркы эки күн ичиндеги саясый окуялардын хроникасынан маалымат берүү парзыбызды аткаралы дедик.
Шаршемби күнү Мадумаровдун маселесин "Ак жол" элдик партиясы жабык эшик артында караган. Төрага өз ыктыяры менен кетээрин билдирип арызын жазган болчу. Кечээ күнкү сессия алданемедей болуп, анын төрагалыгы менен башталды... Күн тартибинде республиканын чар тарабынан келген жарым сааттык ар кандай көйгөй маселелер турган. Депутаттар Дооронбек Садыр-
баевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу бир мүнөттүк туруп эскерүү менен сессияны башташты. Депутаттардын ичинен "төраганын арызын кароо маанилүү, ар кандай маселелерди жөн эле коёлу" дегени, "арызды баарыбызга тегиз тараткыла", "өз арызы каралып жатканда сессия жыйынын анын орун басарларынын бирөө алып барсын" деген сыяктуу ар кыл пикирлер айтылды. Акыры жыйынды спикердин орун басары Кубанычбек Исабеков алып барууга милдеттендирилди. "Ак жол" фракциясынын мүчөсү Сергей Ибрагимов бул маселени журналисттердин катышуусусуз жабык эшик артында өткөрүү сунушун билдирип, дагы бир акжолчу Бегалы Наргозуев "кечээки фракция жыйыны чатаксыз, нормалдуу өттү. Коомчулуктан жашыра турган эч нерсе деле жок" деген оюн билдирип, бир нечеси ага кошулду. Бирок, акыры ар бир үч фракция өз өзүнчө талкуулап, бир сааттан ашык жабык эшик артында жыйын өткөрүүгө добуш берилген соң, төраганын талапкерлиги белгилүү болду. Мамлекет башчысынын сунушу менен "Ак жол" элдик партиясынан Айтибай Тагаевдин талапкерлиги көрсөтүлүптүр. Сессияны алып барып жаткан Кубанычбек Исабеков фракциялардан төрага болчу талапкерди көрсөтүүнү сунуштады. Акжолчулар А.Тагаевдин гана жалгыз талапкерлигин көрсөтүшүп, коммунисттер аны колдоп кетишти. Соцдемчилердин атынан Бакыт Бешимов бир ооз гана "бизден талапкер жок" деп жооп берди. Айтор жабык эшик артындагы жыйында Айтибай Тагаев үч фракциянын тең бирдей макулдугун алганы белгилүү болду. Ошентип, жаңы төраганы шайлоо үчүн адаттагыдай 9 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлдү.
Жыйынтыгында жашыруун добуш берүүгө катышкан 79 кесиптеши 77 макул, 2 каршы болуп, Айтибай Тагаев парламент төрагалыгына шайланды. Айтып койчу жагдай, парламентке такай аккредитацияланган журналисттер Айтибай Султановичти ал үчүнчү чакырылыштын депутаты болгондон бери жана азыр деле өтө сейрек сүйлөгөн, же "унчукпас" депутат катары билишет. Ал добуш берүү жол жобосунун алдында депутаттарга кайрылып, кыскача сөз сүйлөгөндө аны араң эсине түшүргөндөр да болду. Аны А.Тагаев өзү деле мойнуна алган таризде депутаттарга мындай деди: "Биринчиден, мен үчүн бул күтүүсүз окуя десем жаңылбаймын. Сиздердин алдыңарда бир чоң маселе чечилгени турат. Менин оюм ушундай, биз - 90 депутат баарыбыз бир атанын балдарындай биримдикте болушубуз керек. Мен үчүн үч фракция бирдейсиздер. Баарыңыздар менен чогуу иштеймин. Менин тажрыйбам чынында бул жаатында өтө аз. Мына, ичибизде бир топ тажрыйбалуу депутаттар отурушат. "Ак жол" элдик партиясынын лидери, Президентибиз Курманбек Бакиев, партиянын саясый кеңеши өз ишенимдерин көрсөтүп жатат. Эгер сиздер колдоп бере турган болсоңуздар, алдыбызда элибизге, мамлекетибизге керектүү экономикалык мыйзамдар турат. Эгер биз чогуу иштей турган болсок, элибизге бир топ жардам берген болобуз".
Ал эми Адахан Мадумаров ушул эле күнү журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, депутаттык мандатын таштар таштабасын ачык билдирген жок. Оппозицияга да өтпөй тургандыгы анык болду. Жалпы элден кечирим сурап, бул турмушта баары күтүлөрүн купуя айтты. Ал эми парламенттин имараты боюнча мурдагы позициясынан жанбай, согуш учурунда деле курулуштардын токтобогондугуна басым жасады.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
С.ДОСАЛИЕВ (фото),Кабар





Президент К.С.Бакиевге
Кыргызстандын
аксакалдарынын атынан
Кайрылуу
Урматтуу
Курманбек Салиевич!
Бүгүнкү күнү коомчулук арасында, басма сөз беттеринде белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбековдун камакта отургузулушу жөнүндө кызуу талаш-тартыштар болуп жаткандыгынан улам Сизге кайрылуу менен чыгууну туура көрдүк.
"Эр жигиттин башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет", элине төбөсү көрүнгөн жигиттин бүгүнкү аянычтуу абалын билип, көрүп туруп биз аксакалдар сыртта байкоочу болуп турганыбыз болбос. Жаштарга насаат иретинде карыялык кеп-кеңешибизди айтып коюу парз деп эсептейбиз.
Арийне, Ишенбай Кадырбеков кыргыз элине аздыр-көптүр эмгеги сиңген адам. Бардыгын айтпаганда да, 4-5 жыл илгери Нарын жергесинен 17-18 жаштагы багар-көрөрү жок жетимиш жетим кызга жумуш орундарын таап, аларды окутуп, чоң турмушка узатуудагы эмгеги али да элдин эсинде.
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Ишенбай Кадырбеков экөөңүздөр замандаш курбу гана эмес, кыргыздын эртеңки жаркын келечеги үчүн 24-март элдик революциянын оор күндөрү башыңарды тобокелге сайган эр-азаматтардансыңар.
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт сыңары, жаңылыштык Ишенбайдан кетсе мыйзам алдында жооп берери анык.
Сиз элдин эгеси катары жеке көзөмөлүңүзгө алып, айкөлдүктү, акыйкаттыктын зор үлгүсүн көрсөтөрүңүзгө ак дилден ишенебиз.
Элибизде "колу менен жасаганын мойну менен тартсын" деген калыс кеп айтылып, эл баккан эрлер аны аткаруудан тайган эмес. Ишенбай Кадырбековдун иши кандай өөрчүрүн убакыт көрсөтөт.
Ошондуктан эл оозуна алынып, далай жолу элдик депутаттык ишти аркалап, жооптуу кызматтарда иштеген инсанды сот амалдары аяктаганча баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алууну анын жүрүм-турумун чектөө менен алмаштырууга көмөк көрсөтүүңүздү кепилдик катары суранабыз.


Сизди терең урматтоо менен,
Т.КАСЫМБЕКОВ - Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл жазуучусу; К.МОЛДОБАЕВ - мамлекеттик жана коомдук ишмер; И.АБДУРАЗАКОВ - мамлекеттик жана коомдук ишмер; Ш.МАМБЕТОВ - геология-минерология илимдеринин доктору; Г.ДУЛАТОВА - Кыргыз Республикасынын эл артисти; К.ЖУСУПОВ - кыргыз эл жазуучусу; Ж.ТОКТОНА-
ЛИЕВ - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу.




Ишкерлер үчүн - интернет-портал
КРнын Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министри Мурат Исмаилов Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Лан Ву менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Лан Ву банктын Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган кластер түрүндөгү бир нече долбоорду даярдаганын айтты. "Долбоорлор бизнести өнүктүрүүгө жолтоо болгон административдик жана башка тоскоолдуктарды четтетүүгө негизделген. Биз иштеп чыгууга ниеттенген интернет-порталда бизнес жүргүзүүнү тариздеген нормативдик-укуктук актылар жайгаштырылат. Андан ишкерлер эң соңку маалыматтарды тез таап алышат. Ошондой эле кредиттик ресурстар менен камсыздоо механизмдери, "кредиттик таржымал" банкы түзүлүп, ишкерлер бизнесин кеңейтүүгө мүмкүндүк алышат", - деди Лан Ву мырза.
М.Исмаилов Өкмөт кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн олуттуу кадамдар жасап жатканын, юридикалык жактарды каттоо үчүн "Бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү чечими кабыл алынганына АӨБдүн өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду.
С.ОРОЗОБЕКОВ




Осмонкул Бөлөбалаевдин 120 жылдыгына даярдык
Кыргыз Республикасынын эл акыны Осмонкул Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында Премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон Өкмөттүн 24-майдагы токтому менен уюштуруу комитети түзүлдү. Уюштуруу комитетинин төрагалыгына КРнын вице-премьер-министри Нур уулу Досбол (азыркы мамкатчы), орун басарлары болуп маданият жана маалымат министри С.Раев жана Чүй облмамадминистрациясынын башчысы К.Сыйданов бекитилген. Юбилейлик иш чаралар демөөрчүлүк каражаттардын күчү менен өткөрүлөт.

"Кыргыз эл акыны Осмонкул Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн
120 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругунун долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз элинин төкмө акындарынын эң
көрүнүктүүлөрүнүн бири Бөлөбалаев Осмонкул 1888-жылы Ысык-Ата районундагы Чоңдалы айылында төрөлгөн. Жаш кезинен тартып эле эл алдына чыгып ырдап, калайык-калкка тааныла баштайт. Бирок төкмө акындын чыгармачыл ажары Октябрь революциясынан кийин чындап ачылган. Ага ак таңдай ырчы К.Акиевдин таасири өтө чоң болгондугу да белгилүү.
О.Бөлөбалаев 1931-жылдан тартып Кыргыз драма театрында, ал эми 1936-жылдан 1954-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Төкмө акындын "Ашымжан", "Баатырдын баяны", "Чыныбай мерген", "Гүлнар", "Сапарбек", "Баатырбек" аттуу поэмалары, "Менин өмүрүм" эскермеси өз мезгилиндеги баалуу чыгармалардан болгон.
Кыргыз элинин кашкөй таланты, кыргыздын кыйырына белгилүү болгон төкмө акын О.Бөлөбалаев СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү (1940), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1942) наамына татыктуу болгон. Акындын эмгеги адал бааланып, ал Ленин жана эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордени, "1941-1945-жж. Улуу Атамекендик согуш учурунда сиңирген эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин грамоталары, көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган. Көптөгөн чыгармалары өз алдынча да, тандалма топтомдор түрүндө да кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн.
Айтылуу төкмө акындын ысымы, көркөм чыгармалары али да элибиздин эсинде жана жаштарды улуттун көркөм адабиятына, оозеки чыгармачылыгы, акындык кесиптин бай булагына умтулган жаш акындарга тийгизген таасири жагынан да баа жеткис мурас. Ошондой эле адеп-ахлактык, нравалык жана гуманисттик багытта тарбиялоодо али да күчүндө.
Андыктан алп талант О.Бөлөбалаевдин атажурт алдындагы сиңирген эмгегин эске алып, анын 120 жылдык юбилейин республикалык деңгээлде өткөрүү маанилүү иш деп эсептейбиз.
Маданият жана маалымат
министри С.РАЕВ




Бүтүрүүчүлөргө ак жол
Кара-Балта шаарындагы №12 орто мектеп мамлекеттик тилдеги жападан жалгыз кыргыз мектеби болуп саналат. Ал 1993-жылы март айында ачылган. Ал ачылган күндөн баштап жүздөн ашык окуучуларга терең билим, жеткилең тарбия берип, учурда анын бүтүрүүчүлөрү мекеме-ишканаларда иштеп жана жогорку окуу жайларда окууда. Учурда жашоонун кыйынчылыгына, айлык акылардын аздыгына карабай эртеден кеч окуучуларга билим, тарбия берген мектептин педагогикалык жамаатынын зор эмгектерин белгилеп кетүү ашыктык кылбас. Бирок ага карабастан, мектепте билим берүүнүн сапаты 40 пайызды түзөт. Албетте, ал мектептин директору А.К.Алыкуловдун жана педагогика жамаатынын окуу-тарбиялык иш-аракеттеринин натыйжасы.
Жакында болгон акыркы коңгуроо салтанатында мектептин директору Абдулазис Казакович окуудагы эң жакшы жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүш-турушу үчүн 1-8-класстын 97 жана 9-10-класстын 14 эң жакшы окуган окуучуларына мактоо баракчасын тапшырды. Салтанаттын аягында бүтүрүүчүлөр мугалим-эжелерге арнашкан өздөрүнүн ыр саптарын тартуулап, жеңил музыканын ыргагында коштошуу вальсын бийлешип, ак көгүчкөндөрдү асманга учурушту.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"