, 30.05.08 - 2-бет: Кылкылдап поезд баратса...№39, 30.05.08-ж.
 1-июнь - Балдарды коргоонун
эл аралык күнү

Кылкылдап поезд баратса...
Кечээ Президент Курманбек Бакиев Бишкекке келишкен КМШ, Литва, Латвия, Эстония, Болгария жана Финляндия мамлекеттеринин темир жол уюмдарынын жетекчилери, темир жол транспорту боюнча Кеңештин мүчөлөрү катышкан Кеңештин кезектеги отурумунун катышуучулары менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов, Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов, "Улуттук компания "Кыргыз темир жолу" МИнин башкы директору Нариман Түлеев катышты.
Жолугушуунун катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент транспорттук инфраструктура, анын ичинде темир жол Кыргызстандын экономикасын стимулдаштырган жана өсүшүн камсыздаган зор фактор экендигин белгиледи. "Биздин мамлекеттердин транспорттук комплексинде темир жол транспорту алдыңкы орунда турат. Экономикалык өнүгүүнүн бирдиктүү мейкиндигин өнүктүрүп, транспорттук инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу менен гана товар жүгүртүүнү тездетүүгө жетише алабыз. Бул багытта кытай-кыргыз-өзбек темир жолун куруу боюнча долбоордун планы территориясынан ал жол өткөн өлкөлөргө эле эмес, жалпы аймак үчүн өзгөчө мааниси бар", - деп айтты К. Бакиев.
Мамлекет башчысы административдик тоскоолдуктарды жана транспорттук системаны өнүктүрүүдө мамлекеттер аралык диспропорция маселелерин жоюу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, темир жол транспорту боюнча Кеңештин түзүлүшү, ага мүчө мамлекеттердин темир жол тармагында макулдашылган жана координацияланган саясат жүргүзүүсүн шарттады деп белгиледи.
Мамлекет башчысы Кеңештин КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мүчө-мамлекеттеринин ортосунда экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана темир жол транспортунун атаандаштык жарамдуулугун арттырууга оң таасири болорун айтты. "Кеңештин макулдашылган чечимдерди кабыл алуудагы жана иштеп чыгуудагы иштеринин мааниси аябай зор, темир жол транспортунун өнүгүшүнө оң таасир тийгизүү менен жыйынтыгында мүчө-мамлекеттердин экономикалык көрсөткүчтөрүн чагылдырат. Бул иш темир жол транспортунун ишмердүүлүгүндө эларалык укуктук негиздердин түзүлүшүнөн жана бул багыттагы улуттук укуктук нормаларды айкалыштыруу максатында алып караганда зор мааниси бар", - деп айтты К. Бакиев.
Президент Кыргызстан быйыл КМШнын төрагасы экендигин айтуу менен кызматташтыктагы пайдалуу арекеттердин башкы багыты транспорт тармагында болору аныкталгандыгын билдирди. Ошондой эле, бул багыттагы белгиленген тапшырмалардын аткарылышына темир жолчулардын Кеңеши өзүнүн айтарлык салымын кошоруна ишене тургандыгын айтты.
Мамлекет башчысы ошондой эле темир жол тармагынын жетекчилеринин азыркы жолугушуусу Кеңештин ишине катышкан темир жол администрацияларынын ортосунда шериктештик бекем мамилелердин жаралышына жана мамлекеттер аралык байланыштын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгиледи. "Талкуулоо процессинен жаралган идеялар жана сунуштар Европа менен Азиянын транспорттук байланыштарынын мындан аркы өнүгүүсүнө жана бекемделишине алып келээрине ишенем. Жыйынтыгында мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө, социалдык жыргалчылыгына жана Евразиялык экономикалык кызматташтыктын чегинде пайдалуу интеграцияга жетишебиз. Бардыгыңыздарга көңүлдүү маанай жана келечектүү жаңы долбоорлорду жана ачылыштарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалаймын", - деп сөзүн жыйынтыктады Президент.
Андан ары сөз сураган "Россия темир жолдору" ААКнын Президенти Владимир Якунин жолугушууга катышкандыгы үчүн Президент Курманбек Бакиевге жана КМШ, Литва, Латвия, Эстония, Болгария жана Финляндия мамлекеттеринин темир жол транспорту боюнча Кеңештин-мүчөлөрүнүн 48-отурумун уюштургандыгы үчүн - кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. "Биз Кеңештин иши натыйжалуу жүрүүдө деп эсептейбиз. Анын отурумдарында биздин өлкөлөргө керектүү чечимдер кабыл алынат. Темир жол инфраструктурасынын өнүгүүсү болмоюнча, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө сөз кылууга болбойт. Биз Кеңештин ичинде түзүлгөн мамилелерди баалайбыз жана аны мындан ары бекемдөө менен отурумдарыбызда жакшы жыйынтыктарга жетишүүгө бардык аракеттерди жумшоого аракеттенебиз", - деп айтты В. Якунин.
Жолугушуунун аягында Президент Курманбек Бакиевге Россия темир жолунун "Ардактуу темир жолчусу" деген төш белги жана локомотивдин макетинин көрүнүшүндөгү эстелик белек тапшырылды.
Жолугушууга Россиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Грузиянын, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Украинанын, Болгариянын, Латвиянын, Литванын, Финляндиянын, Эстониянын темир жол башкармалыгынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




  Эл аралык жыйын

Темир жолго артыкчылык берилет
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов кечээ Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШнын катышуучу мамлекеттеринин, Балтика, Болгария жана Финляндия өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин 49-жыйынына катышты.
Жыйындын башталышында И.Чудинов жогоруда аталган темир жол транспорту боюнча кеңештин жыйынынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасы бүтүндөй аймак сыяктуу эле тез темп менен өнүгүүдө. Мына ошондуктан темир жолунун ролу күндөн-күнгө өсүүдө. Мына ушуга байланыштуу темир жол транспортун өнүктүрүү мамлекеттик маанилүү саясат болуп саналат.
"Бүгүнкү күндө темир жол тармагы өзүнүн алдына бир катар маанилүү милдеттерди коюуда. Алардын бири КЭР-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын курулушу боюнча долбоор болуп саналат. Тынч океандын портторун Перси булуңу менен байланыштыруучу трансконтиненталдык Евроазия темир жол магистралын түзүү Кыргызстан үчүн дайыма өзгөчө маанилүү болуп келгендиги анык", - деди Премьер-министр. Бир дагы темир жолу өзүнүн аймагында гана өнүкпөйт эмеспи. Мына ошондуктан аймактын транзиттик мүмкүнчүлүгүн толук түрдө жүзөгө ашырылуучу ыңгайлуу жолдорду издөө зарыл.
Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү, товарларды ташууну тездетүү, транспорттордун кармалып калуусун төмөндөтүү транспорттук инфраструктураны натыйжалуу өркүндөткөнгө жараша болору белгилүү. Мында административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруу керек. "Бүгүнкү күндө дүйнөлүк практикада биздин уюмдун мааниси зор. Бул 17 көз карандысыз мамлекеттердин бирдиктүү транспорттук жана экономикалык мейкиндигин камсыз кылуунун өзгөчөлөнгөн маанилүү аспабы болуп саналат. Мына ушуга байланыштуу темир жол транспортун өнүктүрүү жаатында темир жол транспорту боюнча кеңештин ролу өзгөчөлүү. Темир жол транспортун өнүктүрүү сөзсүз түрдө мамлекеттердин экономикалык көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугуна оң таасир тийгизери бышык", - деди Өкмөт башчысы.
Азыркы мезгилде дал ушул кеңеш КМШнын катышуучу мамлекеттеринин, Латвиянын, Литванын, Эстониянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого зор салым кошуп жатат. "Ошондуктан биз акыркы жылдарда Кыргызстан бул кеңештин эң активдүү катышуучуларынын биринен болуп калгандыгына сыймыктанабыз", - деп билдирди Премьер-министр. Анын айтымында быйылкы жылдын күзүндө Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өлкөбүздүн соода-экономикалык мүмкүнчүлүгүн иш жүзүнө ашыруу боюнча иш-аракеттерди андан ары активдештирүү маселеси талкууланмакчы. Албетте, анда транспорттук коммуникацияларга өзгөчө орун берилери анык. Бул жалпы ишке Шериктештиктин темир жолчуларынын кеңеши өзүнүн зор салымын кошору бышык.

Д.ЖУСУПОВ




  Кызматташуу өркүндөөдө

Президент Курманбек Бакиев Түркия Республикасынын курчап турган чөйрө жана токой чарба министри Вейсель Эроглуну кабыл алды.
Жолугушуунун башталышында Вейсель Эроглу Түркиянын президенти Абдуллах Гюль менен Премьер-министри Тайип Эрдогандын жылуу каалоолорун айтып, келерки жылдын мартында Стамбулда Бүткүл дүйнөлүк суу форумун эл аралык деңгээлде өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Ал жыйында учурдагы башкы проблемалардын бири - ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланмакчы.
Вейсель Эроглунун айтымында Кыргызстанда 400 түркиялык фирма иштеп, инвестициялардын жалпы көлөмү 300 миллион долларды түзүүдө. Азыркы мезгилде Түркияда кыргызстандык жаштардын 985 өкүлү, ал эми Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде Түркиянын 1200 жараны окуп жатышат.
Президент Курманбек Бакиев ичүүчү таза суу маселесине арналган Бүткүл дүйнөлүк форумду өткөрүү демилгесин кызуу колдоду жана бир катар багыттар боюнча Түркия менен Кыргызстандын натыйжалуу кызматташып жаткандыгын белгиледи. Президенттин айтымында Кыргызстанда инвестицияларды тартуу жана бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жакын арада салык кодексинин жаңы редакциясы каралып, өлкөдө ыңгайлуу инвестициялык климатты түзөрү шексиз.
Жолугушуунун акырында Президент Түркиянын Президенти Абдуллах Гюль менен Премьер-министри Тайип Эрдоганга өзүнүн жакшынакай каалоолорун билдирди.

Н.ЖЭЭНБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




 "Ак жолчулардын" кайрымдуулугу

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Ак жол" партиясынын жаштар канатынын демилгеси менен кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү.
Партиянын жаштар комитетинин мүчөсү Азамат Сыргаев жетектеген бир нече "акжолчулар" Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө дельтоплан, сууда жүрүүчү мотоцикл, кросстук мотоцикл, квадрацикл сыяктуу техникаларды алып барышып, алар менен балдар үйүнүн тарбиялануучуларын тааныштырышты.
Акциянын ачылышында "Рассвет" айыл чарба кооперативинин жетекчиси Е.А.Быцко чыгып сүйлөп, балдар үйүнүн муктаждыктарын чечүүгө кооператив тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп тура тургандыгын билдирди.
- Биздин балдар үйүбүздө азыр 114 тарбиялануучу бар, - дейт балдар үйүнүн директору Аскар Масылов. Башкалар да минтип балдар үйүнө көңүл буруп турушса, окутуу, тарбиялоо иштерине оң таасирин гана тийгизет.
"Ак жолчулардын" бир жолку акция менен чектелбестен балдар үйүн шефке алганы жатышкандыктары мактоого татыктуу.

Бакай ЧИЛТЕГИН




  Түбөлүк элдин эсинде

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чаранын алдында, Мамлекеттик катчы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин аллеясындагы Т.Кулатовдун эстелигине гүлдесте койду.
Бул иш-чарада сөз сүйлөгөн Нур уулу Досбол Төрөбай Кулатовдун үй-бүлөсүнө, салтанаттын катышуучуларына мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиевдин кызуу куттуктоосун жана жакшы каалоолорун айтты. Мамкатчы белгилегендей, бул иш-чарага Президенттин катышуусу пландаштырылган экен. Ошондой болсо да Куралдуу күчтөрүбүздүн майрам күнүнө байланыштуу республиканын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы катары, өзүнүн графигин өзгөртүүгө аргасыз болгон.
Өз сөзүндө Мамкатчы Төрөбай Кулатовдун карапайымдыгын, адамгерчиликтүүлүгүн, кайталангыс талантын жана башка жакшы сапаттарын баса белгиледи. Нур уулу Досбол айткандай, Төрөбай Кулатов Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешин 32 жыл башкарган. Отуз жашында ал өлкөнүн өкмөтүн жетектөөгө жетишкен. Ошол учур, эң эле кыйын мезгил - согуш учуру эле.
Мааракелик салтанатта Т.Кулатовдун замандаштары О.Дүйшеев, К.Тажибаев, Ү.Сыдыков жана башкалар аны эскерип сөз сүйлөштү.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"