, 27.05.08 - 13-бет: Борбор кандай жана каерде болуш керек?...№38, 27.05.08-ж.
  Кетмен-Төбөдө улуттук архитектура менен курулган
жаңы борборду көтөрүүгө бардык шарт бар

Борбор кандай жана каерде болуш керек?
Редакциядан:
Бул макала 2007-жылы
"Кыргыз Туусу" гезитинин 17-19-жана
24-26-июлдагы сандарында "Ортодо курулар ордо шаар тууралуу ой" деген ат менен жарыяланган болчу. Көптөгөн окурмандардын суроолору жана автордун өзгөртүүсү менен башкача аталып, кайра басылып отурат.

Сөз кече жакында "Кыргыз туусу" гезитинин 11-14-майдагы санындагы А.Низамиевдин "Республикабыздын түштүгүндө кандай өзгөрүүлөр талап кылынат?", 18-21-майдагы санындагы И.Токтогуловдун "Токтогулдуктар эмнеден тозгон?" деген макалаларындагы көтөрүлгөн проблемалардын негизинде жүрмөкчү.
Чынында эки макалада эки башка проблема көтөрүлгөн. Мен эки макаланы бириктирген бир маселени айтып коюуну эп көрдүм.


Хандар чыккан өрөөн
Нурбек деген иним экөөбүз 2006-жылы Асанбайдагы бир пивоканада отурдук. Биздин жаныбыздагы столдо катуу кызып калган төрт адам бир нерселерди талкуулап, кызуу сүйлөшүп жатышыптыр. Экөө кыргыз, экөө орус. Аңгыча дагы бир нерсени талашып-тартыша кетишти. 60 жаштардагы албеттүү келген ак чач орус "вы, кыргызы, не знаете свою историю" деди. "Как не знаю? Знаю..." деди кыргыз жигит өйдө боло калып. "Хорошо, скажи, откуда вы кыргызы происходите? Скажи...". "Как откуда происходим мы? Мы происходим от Тагая и Адигине". "Тагая и Адыгине я знаю, они недавно, 500 лет тому назад жили. И между прочим, не все кыргызы происходят от Тагая и Адыгине. Ну, это другой вопрос... Я спрашиваю от тебя о древних корнях кыргызского народа". Ага тигил кыргыз жигит жооп бере алган жок. Чакалып, ар нерсени бир сүйлөп кирди. Ушул учурда мени менен бир столдо отурган Нурбек иним да тигилерге кошулду. Ал тарыхты жакшы билгендиктен, анан анын үстүнө илимий иши да Борбордук Азиянын байыркы тарыхына байланыштуу болгондуктан дароо эле жиреп, ортого аралашты: "Вы хотите знать об енисейских кыргызах что ли?" деп сурады оруска карап. "Ну, об этом кажется вы знаете, но я хотел бы слышать от вас, именно откуда происходят енисейкие кыргызы?". "Я вас понял, вы хотели услышат об арийцах". "О, молодец! Вот он наверное знает" деп, тигил орус киши туруп келип, Нурбектин колун кысты. "Теперь скажи, откуда появилась идея затопить Кетментюбинскую долину?" "Честно сказать об этом я плохо знаю. Может быть даже скажу, что ничего не знаю" деди Нурбек моюнуна алып. Анан тигил орус бир окуяны айтты. Ошол учурда бул киши Түштүк Кыргызстанда кыргыз милициясынын майору, ошол эле убакта Москвадагы КГБнын да кызматкери болуп иштептир. Кыргызстанда саналуу "бир-эки адамды" айтпаганда, Кетмен-Төбө өрөөнүнө байланыштуу Москванын эч ким билбеген сырларын билет экен...
Көрсө Токтогул суу сактагычы адегенде эки тоонун ортосундагы капчыгайда эле болмок экен. Адамды таң калтырган табышмактуу археологиялык эки-үч ачылыш бир топ жылдарга болбой турганда, бул өрөөндүн элинин тагдыры азыркыдай кайгылуу күнгө туш келмек эмес. Суу өрөөндүн бурчун бир аз гана каптап, айылдар ордунда жашай бермек.
Ошол учурдагы археологиялык казуулардан улам бул өрөөн атактуу "хандардын сөөгү " коюлган чөлкөм экени аныкталып, байыркы бир замандарда көчмөн элдердин бир ордосу турган жер экени такталат. Ошондон көп өтпөй эле Москвадан шашылыш уюштурулган комиссия келет. Бир нече күндүк текшерүүдөн кийин, археологиялык казуулар токтотулуп, комиссия Москвага кайра кайтып кетет. Көп өтпөй Токтогул суу сактагычынын мурунку долбоору
кайра каралат. Адегенде Москвада талкууланып, анан Кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси чакырылат. Ошентип, кичинекей суу сактагычтын ордуна бүт өрөөндү каптаган зор суу сактагычты куруу иши пландаштырылат.
"Теперь вы отдельная , независимая страна, вам надо открыть долину. Там вы найдете свою древную, славную историю. Этот ГЭС вам не нужен" деди сөзүнүн аягында тигил ак чач орус. Сураганда атын айткан жок... "Зачем вам мое имя? Я вам открыл государственную тайну. Теперь, дальше это ваше дело..."

Токтогул ГЭСи жөнүндө
Ошондон кийин кызыгып,
Кетментөбө өрөөнү жөнүндөгү бир топ китептерди карадым. Токтогул ГЭСи тууралу материалдарды окудум.
Ошондо элди үгүттөшкөндөр минтип айтышкан: "Турмуш-тиричилигиңерде эч кандай муктаждык болбойт. Арзан таш көмүр отунун жагасыңар. Түтүктөн мөлтүр суу ичип, электр энергиясын бекер пайдаланасыңар. Шаар, айыл-кыштагыңар жашоого ыңгайлуу, кооз курулат. Суу алдында калган жериңердин ордуна кайрак, суусуз талааларга суу чыгарып беребиз. Ал жерлердин кыртышына өзгөчө микроорганизмге бай асыл топурак төктүрүп өздөштүрүлөт. Ошондуктан каршылык кылбай, жаңы конушка тез көчүп чыккыла"(18-21. 05. 2007-ж.).
Дал ошол кезде Токтогул райкомпартиясынын биринчи секретары болуп иштеген Матен Сыдыковдун "Өнүгүү жолунда" деген китебинде да дал эле жогоркудай ойлорду айтып, мындайча улантат: "Ошентип, зор жасалма көлдүн астында мурдагы 5 колхоздун жана 2 совхоздун пайдаланылып жаткан жер аянттары менен кошо 26 элдүү кыштак, шаар тибиндеги райондун борбору - Токтогул поселогу калат. Көл алдында калуучу бул жерлерде райондун жарым калкына жакыны, б.а. 29 миң киши жашаган" (Кыргызстан, Фрунзе, 1975-ж., 19-20-беттер.).
"Бул маанилүү маселени чечүү үчүн Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССР Министрлер Совети тарабынан Атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын составына илимпоздор, айыл чарба адистери, тийиштүү министерстволордун өкүлдөрү, пландоо органдарынын кызматкерлери, курулуш уюмдарынын жана райондун чарба жетекчилери киришкен.
Атайын мамлекеттик комиссия коюлуп отурган жалпы маселени чечүүдө чыгармачылык менен иш жүргүздү. Ал комиссиянын башында Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары жолдош Турдакун Усубалиевич Усубалиев өзү турду"(ошол эле китептин 20-бети.)
***
Китепте айтылган маалымат-
тарга караганда мурунку "26 кыштактын жери" суунун алдында калып, эли жаңы пайда болгон "16 селого" жайгашыптыр. Баарынан да, эл отурган өрөөндү сууга бастырып салган Совет өкмөтүнө райком партиянын биринчи секретарынын ыраазылык билдиргени кызык. Өзү да ушул ишке аралашып, жаңы заманды курууга кошкон үлүшүнө сыймыктанат. Ошол убактагы айтылган сөздөр, берилген убадалар аткарылбай калганын, Токтогул суу сактагычы токтогулдуктардын "түгөнгүс ырыскысы" болбой эле "түгөнгүс кайгысы" болгонун көрүп, эмнени ойлоп, эмнени сезди экен бечара киши?..
***
Нарын дарыясы бүтүндөй
Фергана өрөөнүнүн жашоо булагы болуп эсептелет. Ал Карадарыя менен кошулат да, Өзбекстандын аймагына агып өткөндөн баштап, Сырдарыя деген ат менен жолун улайт.
Мына ушул Нарын деп аталган тоо дарыясынын өзүнө келечекте баары болуп, "22 ГЭС" куруу иштери ошол Совет мезгилинде эле пландаштырылган. Алар негизинен адам жашабаган аска-зоолуу капчыгайлардын ичинде курулушу керек. Ошондо гана ал жерлерде Кетментөбө өрөөнүндөгүдөй кейиштүү көрүнүш жаралбайт.
Эгер мурунтан эле эски дол-боор боюнча иш жүргөндө, бир Токтогул суу сактагычынын ордуна балким, Нарындын ар кайсы жеринде 22 суу сактагычтын беш-алтоосу курулуп калат эле. Бүтүндөй бир асыл өрөөндүн топурагы бузулуп, эли да кыйналмак эмес. Бир канча жылдар өткөндөн кийин "дүйнөлүк практикада" маалым болгондой, Токтогул суу сактагычынын суусун соолтуп, анын алдында калган 33 миң гектар жерди кайрадан асылдандырып, мурдагы калыбына келтирип бергиле..." ("Кыргыз Туусу", И.Токтогулов, 18-21.05.2007ж.) деп эл кайра талап кылбайт эле.
Ырас, өз убагында Токтогул
ГЭСинин кубаттуулугу 1миллион 800 миң киловатка жетип, Орто Азиядагы эң ири суу сактагыч болгон.
Ал Совет мамлекетинин саясый кызыкчылыгына ылайык Орто Азия республикалары менен Казакстандын аймагындагы 800 миң гектар аянтты суу менен камсыз кылып туруу үчүн курулган болчу. Эми суу жөнүндө маселе козголгондо кошуна мамлекеттер өз убагында пайдаланышкан суунун акысын төлөмөк турсун "рахмат" да айтып коюшкан жок. Токтогул суу сактагычы дагы деле биздин 33 миң гектар түз жерди ээлеп, бирок бизге эмес, башкаларга кызмат кылууда. Мына ошондуктан аны дагы кармап туруунун зарылдыгы канча деген суроо туулат? Балким, жергиликтүү эл талап кылып жаткандай, анын суусун азайтып, өрөөндү кайра ачканыбыз туура болор? Түз жерибиз аз экенин айтып, арман кылабыз. Бирок ошол эле убакта миңдеген гектар жерибизди пайдасыз суу алдына таштап коюу канчалык деңгээлде акылга сыярлык иш экенин ойлонуп көрөлү. Токтогул суу сактагычынын курулушу региондун эмес, жалпы Улуттун деңгээлинен караганда да чоң трагедия экени талашсыз. Анда эмне үчүн аны оңдоого аракет кылбайбыз?..
Борборду которуу жөнүндө
Мурунтан эле дүйнөнүн ар кан-
дай улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктардан улам борборду алмаштыруу иштери боло келген. Алсак, Балтика деңизине чыгуу үчүн Петр 1 Москвадан - Петроградка, жаңы мамлекетти чыңдоо максатында Ататүрк Истамбулдан - Анкарага, аймактык бүтүндүктү сактап калыш үчүн Н.Назарбаев Алматыдан - Астанага өз мамлекеттеринин борборлорун көчүрүшкөн. Биз да элибиздин биримдигин жана жерибиздин бүтүндүгүн сактап калыш үчүн акыл калчап, ушул идеяны ишке ашырышыбыз керек.
Борборду түштүккө которуу жөнүндөгү ой жеке регионалдык кызыкчылыктан эмес, жалпы улуттук геосаясый зарылчылыктан улам чыгууга тийиш. Мына ушул көз караштан алганда, ийри отуруп, түз кеңеше турган маселе бар. Бул маселе биринчи жолу коюлуп жаткан жери жок. Айрыкча кийинки мезгилде өзгөчө күч алды.
90-жылдары Ош окуясынан кийин бул олуттуу маселеге андагы ЖКнын депутаты, чыгаан окумуштуу Абыт Ибраимов, кийин депутат Турсунбай Бакир уулу да өз ойлорун бир нече аргументтер менен басма сөз беттерине билдиришкен болчу. Бирок андагы өлкө башчысы А.Акаев аны регионалдык кызыкчылык деп түшүндүбү, же атайылап эле билмексен болуп койдубу, айтор эч үн каткан эмес.
***
Эгер "Кыргыз Туусу" гезитине
А. Низамиевдин "Республикабыздын түштүгүндө кандай өзгөрүүлөр талап кылынат?" деген макаласы чыкпаганда, балким борбор тууралуу айтар ойлорум дагы бир топ жылдар артка сүрүлүп кетмек.
Негизинен А.Низамиевдин көтөргөн маселеси туура. Бул жалпы улуттук маселе. "Келечекте өлкөнүн борборун Ошко которууну карап көрүү зарыл. Мындай маселеде "меники-сеники" деген принцип болбой, жалпы патриоттук сезимге таяналы" деген оюн колдойм. А чынында мамлекеттик деңгээлден караганда - бул жалпы Улуттуку.
Т. а. Түштүк маселеси - ал бир гана Түштүк элинин маселеси эмес, ал жалпы Кыргыз мамлекетинин маселеси. Негизи Кыргыз адамына байланышкан ар кандай маселелер, Кыргыз жерине тиешелүү ар кандай проблемалар - ал Мамлекеттин, жалпы Улуттун деңгээлинде каралууга тийиш. Мына ушул көз караштан алганда, борборду которуу идеясы алда качан өсүп жетилгенине карабай, ушул кезге чейин региондук деңгээлде ой жүгүрткөн саясатчылардын оюнуна айланып келатат.
***
Макаладагы автордун:
"Дүйнөлүк практикада эки эмес, үч борборлуу мамлекеттер бар" деп жазганы жана андай "үч борборлуу" мамлекеттин бири Германия экени мени дагы бир мындай ойго түрттү.
Негизинде биздин эки борбор тең (Бишкек, Ош) улуттук архитектура менен курулган шаарлар эмес. Бул эки шаардан тең биздин улуттук жүзүбүз көрүнбөйт. Ала-Тоо аянтын айтпаганда, Бишкектин европалык шаарлардан эч кандай айырмасы жок. "Ак-Өргө" комплексин айтпаганда Ош дагы кыргыз архитектурасы менен салынган шаар эмес. Бишкек Батыш маданиятына жакын болсо, Ошто Чыгыш маданиятынын элементтери көбүрөөк. Бул бир жагынан Кыргыздын улуттук архитектурасынын жоктугу, же калыптанып бүтө электигин көрсөтүп турса, экинчи жагынан биз али да башка элдердин маданиятынын таасиринен чыга электигибизди айкындайт. Мунун өзү биздин алдыбызда, келечекте улуттук архитектура менен курулган жаңы шаарды жаратуу милдети бар экенин сездирет. Дал мына ошол шаар Мамлекеттик борборго айланууга тийиш. Ал шаар жөн гана административдик борбор эмес, улуттук маданияттын жана илим-билимдин да борбору болушу керек . Келечекте мына ошондой шаарга ылайыктуу жер деп Кетмен-Төбө өрөөнүн айтар элем. Эмне үчүн?
Ал, биринчиден, айлана-тегереги тоолор менен куурчалган, геостратегиялык жактан коопсуз, дээрлик анын бардык талаптарына жооп берет; экинчиден, климаты да абдан жагымдуу, Сарыөзөн Чүй менен Фергана өрөөнү сыяктуу мөмө-чөмөнүн баары бышат; үчүнчүдөн, түндүк менен түштүк кыргыздардын ортосу; төртүнчүдөн, бул өрөөндө жаңы улуттук архитектура менен курулган шаарды көтөрүүгө бардык шарттар бар; бешинчиден, суусу мол, таза суу проблемасы жок; алтынчыдан, борборду карай эки жактан тең жол салынып, коммуникация тармагы боюнча Түндүк да, Түштүк да бирдей өнүгөт; жетинчиден, тарыхый жактан өзгөчөлөнгөн жана байыркы көчмөн элдердин бир борбору жайгашкан жер.
***
Макаланын мурунку жазы-
лышында мен адегенде борборду Ош шаарына көчүрүүгө макул экенимди билдирген элем. Жакында, редакциядан бул макала окурмандардын суроолору боюнча кайра басылганы жатканын кабарлашканда, ушул жерге бир аз өзгөртүү киргизип коюуну өтүндүм. Эмне үчүн?
Биринчиден, борборду Ош шаарына которуу менен эле чегара маселеси ойдогудай чечилбесин түшүндүм. Анткени, борбор түндүктө жайланышканы үчүн биздин Казакстан менен болгон чегара проблемаларыбыз биз каалагандай чечилип калган жери жок. Бул жакта да "чуу" басыла элек экенин баарыбыз билебиз. А чынында, борбор каерде жайланышпасын мамлекет күчтүү болсо, чегарадан чымын учуп өтө албайт. А эгер мамлекет алсыз болсо, анын жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес болсо, борборду чегаранын өзүнө жайгаштырып койсоң да, өтөм деген адам өгүз минип өтүп кетет. Экинчиден, Ош шаары Анжияндан 20 чакырым гана алыс турарын да эстен чыгарбашыбыз керек. Эч ким эртең дагы 90-жылдагыдай кыргыз-өзбек ортосунда кагылыш болбойт деп кепилдик бере албайт. Үчүнчүдөн, бүгүн Элдин биримдиги, Жердин бүтүндүгү эң башкы маселеге айланып турганы талашсыз экенин эске алып, тез арада улуттук аң-сезимди калыптандыруу проблемасынын үстүндө күн-түндөп иштешибиз керек. Ал үчүн Улуттук тил мамлекеттик камкордукка алынууга тийиш. Улуттук тил камкордукка алынышы үчүн Улуттук идеология иштелип чыгышы керек. Ал Улуттук Кайра Жаралуу идеясын көтөрүүсү зарыл. Бул бүткүл дүйнөлүк, айрыкча биз ээрчип бараткан Европа улуттарын бүгүнкү деңгээлге алып чыккан идея. Ошондо, өзөгүндө улуттук тилди көтөргөн Улуттук идеология улуттук аң-сезимди калыптандырат. Улуттук аң-сезими калыптанган элдин улуттук ар-намысы ойгонот. Улуттук ар-намысы ойгонгон эл биригет. Бириккен эл күч-кубатка ээ болот. Күч-кубаттуу элдин жерине эч ким басып кире албайт. Чегара маселеси мына ошондо толук чечилет. Ага чейин ар ким алакандай кагазга өзү чийип алган чиймесин көрсөтүп, "бул жер меники" дей берет.
***
Эгер казактар Астананы 10
жылда курса, биз жаңы борбор шаарды эмне үчүн 15 же 20 жылда кура албайбыз!? Алар
сыяктуу издесек, биз деле инвестиция табабыз. Бирок, биз, башка көчмөн элдердин урпактарына да үлгү боло турган чыныгы улуттук архитектура менен курулган Борбор шаарды жаратуубуз керек. Ошондо ал улуттук максатты актайт. Менин жеке кыялымда, Президент отура турган Акүй, үстүндө үч, же алты кабат ак өргө тигилген сыяктуу формада салынган байыркы шумерлик зиккурат көрүнүшүндөгү "7", же "13" кабаттан турган Аксарай болот.
Жаңы борбор жогоруда кеп кылганыбыздай, жөн гана административдик борбор болбостон, илимий-маданий борбор болууга да тийиш.
Сөзсүз калкты жайгаштырууну башынан эле өтө катуу тартип жана элдин санына чек коюу менен жүргүзүү туура. Келечектеги борбор -" орусташкан " түндүк, " өзбектешкен " түштүк киргиздердин борборлорунан айырмаланып, Мамлекеттик тилде так, таза сүйлөгөн, элдин тарыхын жакшы билген, Кыргыз дүйнө таанымын мыкты өздөштүргөн чыныгы улуттук элитасы бар, билимдүү билги катмар жашаган кыргыз шаары болууга тийиш.
Байас Турал