, 23.05.08 - 4-бет: Жыйын - интеграциялык процесстердин тереўдешине єбєлгє...№37, 23.05.08-ж.
  Өлкөбүздүн тышкы соода жүгүртүүсү
44,7%га өсүп, 700 млн. долларды түздү

Жыйын - интеграциялык процесстердин тереңдешине өбөлгө
22-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Кеңешинин XXIV жыйынынын делегация башчылары менен жолугушту.
Жолугушууга КРнын Президентинин Администрация жетекчиси Медет Садыркулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов, КРнын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Марат Кошоев катышты.
Баштап саламдашуу сөзүндө Президент Курманбек Бакиев армиянын генералдары Николай Платонович Патрушев менен Александр Васильевич Бортниковду Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана РФнын Федеративдик коопсуздук кызматынын (ФКК) директору жогорку жана жооптуу кызматтарга дайындалгандыктары менен куттуктап, алардын бул даражадагы алгачкы сапарларын Кыргызстандан баштагандыктарына ыраазылыгын билдирди.
Мамлекет башчысы, мындай жолугушуулар такай өткөрүлүп турса, жыйналган тажрыйбаларды алмашып, мүмкүнчүлүктөргө жараша азыркы учурдун кеңири тамырлаган коркунучтарына каршы кызматташтыкта иш алып баруу менен шериктеш өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери чоң натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзө тургандыгына ишенээрин айтты.
Президент, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилер Кеңешинин отуруму терроризм менен экстремизмдин алдын алуунун ишенимдүү эл аралык механизмдерин түзүүгө жана токтотууга, ошондой эле аларды каржылоо каналдарын табуу жана тосуу аракеттери боюнча биргеликте иш алып барууну иштеп чыгуу, бул багыттагы КМШдагы интеграциялык процесстердин тереңдешине өбөлгө болот деп баса белгиледи.
Жолугушууга, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилер Кеңешинин төрагасы Патрушев Николай Платонович; Кыргыз Республикасынын УКК төрагасы Суталинов Мурат Абдыбекович; Азербайжан Республикасынын Улуттук коопсуздук министринин орун басары, генерал-майор Нагиев Али Наги оглы; Армения Республикасынын УКК директору, генерал-лейтенант Акопян Горик Гургенович; Беларус Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, полковник Смоленский Николай Зиновьевич; Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал-майор Шаяхметов Адиль Шаяхметович; Молдова Республикасынын Коопсуздук кызматынын директору Решетников Артур Валентинович; Россиянын Федеративдик коопсуздук кызматынын директору, армиянын генералы Бортников Александр Васильевич; Тажикстан Республикасынын УКК төрагасы генерал-палковник Абдурахимов Хайриддин Саидович; Түркмөнстан Республикасынын Улуттук коопсуздук министри Гараев Аман Алланурович; Өзбекстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, генерал-майор Мухамедов Рахматулла Исмаилович; Украинанын Коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, юстициянын генерал-майору Герасименко Николай Михайлович; КМШнын Антитеррордук борборунун жетекчиси, милициянын генерал-полковниги Новиков Андрей Петрович; Россиянын Федеративдик коопсуздук кызматынын эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги - кызматтын жетекчисинин орун басары, генерал-полковник Кузюра Алексей Федорович; Россиянын СВРнын директорунун биринчи орун басары, генерал-полковник Завершинский Владимир Ивановичтер катышты.
Маалымат: Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилер Кеңеши (КАКК), КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими менен 1997-жылдын 28-мартында, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын эл аралык мүнөздөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы жана макулдашылган башка тармактарда биргеликте иш алып барууларын жана аракеттерин координациялоо максатында түзүлгөн.
КАКК КМШнын мамлекет башчылар Кеңешинин Шериктеш мамлекеттердин атайын кызматтарынын ишмердүүлүгүнө кирген маселелер боюнча түзүлгөн орган болуп эсептелет.
КАККка Кеңешти түзүү чечимине башчылары кол койгон 10 мамлекеттин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери мүчө болушат. Анын ишине Түркмөнстан менен Өзбекстан байкоочу катарында катышат.

Д.ЧОЛПОНБАЕВ
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




  Коррупцияны жоюуга көңүл буруу зарыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КР ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги Абдыкапар Мавляновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө А.Мавлянов мамлекет башчысына Академиянын ишмердүүлүгү, ошондой эле республиканын укук коргоо органдары үчүн кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.
А.Мавляновдун айтымында, Академиянын окумуштуулар кеңешинде бул жогорку окуу жайын өнүктүрүү Концепциясы иштелип чыгып бекитилген. Анын негизинде иштеп аткан 16 кафедрада типтүү жана ченемдик жоболор жаңыланып, кызматкерлердин функционалдык милдеттери кайра бөлүштүрүлгөн.
Академиянын начальниги ошондой эле Президент Курманбек Бакиев тарабынан бул кызматка дайындалганда анын алдына үч милдет: билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, тартипти күчөтүү жана академиядагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу милдети коюлганын белгиледи. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана курсанттардын сабакты өздөштүрүүсүн жакшыртуу максатында курсанттардын билим берүүчү материалды жакшыраак өздөштүрүүсүнө мүмкүндүк берүүчү кошумча сабактар менен алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Академиядагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында бул жогорку окуу жайынын 1300 курсантынын арасында жашыруун сурап-билүү жүргүзүлүп, анын натыйжасы мындай көрүнүштөр чындап эле орун алганын көргөздү. Анын жыйынтыгы боюнча окутуучулардын жана курсанттардын бүткүл контингентинин катышуусунда чогулуш өткөрүлүп, өздөрү тартиптин жана мыйзамдуулуктун сакчылыгында турууга тийиш болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында коррупцияга жол берилбеши керек деген катуу талап коюлду.
Академияга курсанттарды кабыл алуу маселесине токтолуп, А.Мавлянов ушул жылдан тарта республиканын алыскы райондорунан келген абитуриенттерге, ошондой эле калктын социалдык жактан начар камсыз болгон катмарларынын билимдүү өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Президент академиянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берип, бул окуу жайы республиканын укук коргоо органдары үчүн кадрларды даярдоонун борбору болуп эсептелерин белгиледи. "Мамлекет тарабынан укук коргоо органдарын өнүктүрүүгө жылдан жылга улам көбүрөөк көңүл бурулууда. Кызматкерлердин айлык акылары жогорулап, материалдык -техникалык база жакшырууда. Биздин милиционерлердин сырткы көрүнүшү гана эмес, жүрүм-туруму, өз милдетине болгон мамилеси да кыйла өзгөрдү. Кылмыштардын алдын алуу, ачуу жагы да жакшырууда. Укук коргоо органдары үчүн кадрларды даярдоодо академиянын ролу эбегейсиз, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу бүт системанын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет",- деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы мындан бир нече жыл мурда жүргүзүлүп, өлкөнүн ЖОЖдорунда коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөө максатын алдыга койгон "Академиялык адилеттүүлүк" долбоорунун сурап-билүүсүнүн жыйынтыктарын эскерди. "Эртең мыйзамдуулуктун сакчылыгында туруп, паракорлук жана коррупция менен күрөшүүгө тийиш болгон юридикалык факультеттин студенти өзү акчанын жардамы менен окуп атканы парадокс эмеспи. Дипломду акчанын жардамы менен алып, зарыл билимге ээ болбогон укук коргоо органынын кызматкеринен эмнени күтсө болот? Ошондуктан, Академиялык тазалыкты камсыз кылуу маселесине жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга өзгөчө көңүл буруу зарыл",- деди К.Бакиев.

Д.САНЖАРБЕКОВ




  КМШнын атайын кызматтарынын ХХIV жыйыны өткөрүлдү

Кечээ мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн коопсуздук жана атайын кызматтар органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ХХIV отуруму болуп өттү.
Ага шериктештикке кирген мамлекеттерден Грузиянын атайын кызматынан башка бардык өкүлдөр, ошондой эле Франция, Германия, Испания, Италия сыяктуу мамлекеттердин атайын кызматтарынын өкүлдөрү, КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы борборунун жетекчилери, адистери катышышты.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин жетекчиси М.Суталинов ачып, өкүлдөрдүн курамдары менен тааныштырды.
Россия Федерациясынын коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Н.П.Патрушев Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалгандыгына байланыштуу анын ордуна келген А.В.Бортников КМШга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук жана атайын кызматтар органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Жыйында бардыгы болуп онго жакын маселе каралды. Алар жөнүндөгү материал менен гезитибиздин келерки санынан кеңири тааныша аласыздар.
П.ЭРГЕШОВ




  Жер соорусу
Суусамырга сапар

Өлкөнүн Президентинин тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө иш сапары менен болду.
Иш сапардын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Суусамыр өрөөнүндөгү чарбалардагы жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү, дыйкан чарбаларынын шарттары менен таанышып, борбордук айылдык ооруканада болуп, оорулууларды дарылоонун абалын көрүп чыкты. Ошондой эле ал ушул күнү бир нече айылдык мектептерде, өрөөндүн бир катар социалдык-маданий мекемелеринде болуп, айыл жергесиндеги орто билим берүүнүн абалын, мугалимдер менен социалдык кызматкерлердин иштөө, жашоо шарттары менен кеңири таанышып чыкты.
Мындан тышкары Искендербек Айдаралиев Суусамыр айылында жергиликтүү калк менен жолугушту. Жолугушууда Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары жергиликтүү калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу, медициналык жактан тейлөө, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча абал менен жакындан таанышты. Жолугушууда белгиленгендей, азыркы мезгилде Суусамыр айыл өкмөтүндө 6600дөн ашуун калк жашайт, 5 мектеп, бир оорукана иштейт, ар бир айылда айылдык фельдшердик-акушердик пункттар бар. 597 дыйкан чарбасы 3500 гектардан ашуун айдоо аянттарды иштетишет.
Өрөөндүн жашоочуларынын негизги бөлүгү мал чарбасы менен алектенишип, кой, эчки, уй жана жылкы кармашат. Бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча өрөөндүн калкында 30 миңден ашуун кой-эчки, 7 миңден ашуун кара мал бар. Жергиликтүү калк талаачылыкта да алектенишип, картошка, арпа жана көп жылдык чөп өстүрүшөт. Айылдык жашоочулардын планында эки кабаттуу оорукананын имаратын куруу, эс алуучу туристтик базаны жана балык чарбасын уюштуруу бар. Бул максатта быйылкы жылы балыкты көбөйтүү үчүн 10 миң майда балыктар көлмөлөргө кое берилген.
"Биздин максатыбыз - маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө сиздерге жардам берүү. Бирок сиздер да бекер карап турбастан, өрөөндө болуп жаткан проблемаларды чечүүгө активдүү катышууңуздар керек. Мурдагыдай жогорку жакты күтүп олтура бербестен, өзүңүздөр демилге көтөрүүңүздөр зарыл. Сиздердин өрөөн мал чарбасын өнүктүрүү үчүн абдан ыңгайлуу. Мына ошондуктан, биз биргелешип, мал чарба азык-түлүктөрүн жана өрөөндө эт-сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча линияларды коюу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча долбоорлор тууралуу ойлонууга тийишпиз", - деди Искендербек Айдаралиев сөзүнүн акырында.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




  Кулатовдун элесине арналат

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Нур уулу Досболдун төрагалыгында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.
Негизги салтанаттуу иш чараларды 2008-жылдын 29-майында мамлекеттик тарых музейинде өткөрүү белгиленүүдө. Эртең мененки саат 9.30да өлкөнүн жетекчилигинин катышуусу менен Төрөбай Кулатовдун эстелигине гүлчамбарлар коюлат.
Жыйында иш чараларды өткөрүүнүн планы кылдат каралып чыкты. "Бул иш чараны жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүү үчүн болгон күч-аракетти жумшап, ага даярдык көрүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек", - деди Нур уулу Досбол.

Р.ЖЕТИГЕНОВ