, 23.05.08 - 13-бет: Келгиле, классташтар жолугалы!...№37, 23.05.08-ж.
  Келгиле, классташтар жолугалы!

Ош облусунун Ноокат районундагы Б.Атишев атындагы орто мектептин 1987-1988-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үстүбүздөгү жылдын 26-майында мектепти бүтүргөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилейт. Уюштуруу тобу ушул мааракеге классташтарын жана аларды окуткан мугалимдерин чакырат.

Бачымыраак классташтар табышалы,
Бир олтуруп черибизди жазышалы.
Баёо сезим, ууз дүйнө балалыкка,
Биз кайрадан бир кайрылып батышалы!

Уюштуруу тобу
Ага-эжейлердин эмгегине таазим
Ош облусунун Ноокат районундагы Б.Атишов атындагы орто мектептин 1987-1988-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү Эмил Исмаилов, Эген Календаров, Абдимитал Боронбаев, Каныбек Байматов, Сабыр Капаров, Абдырасул Маликов, Жусуп Молдобаев, Төрөбек Жусупов, Кыздаркан Шараева, Айдар Ормонов, Райма Бакишова, Зардалкан Абсатарова, Гуля Токторова, Ырыскүл Исакова жана маркумдар: Гүлнара Мажитова, Акбар Абилов, Абибилла Алмаматов сыяктуу башталгыч жана жогорку класста окуткан жана таалим- тарбия берген ага-эжейлеринин эмгегине баш ийип таазим кылышат.
Ошондой эле азыркы учурда эмгектенип жаткан Г.Токторова, С.Рысбаева, А.Бахриева, М.Апсатарова, З.Кожоева, Б.Шералиева, З.Орозбаева, З.Абдиева, Д.Шарипов ж.б.у.с. мугалимдердин ишинде чыгармачылык ийгилик, бекем ден-соолук каалашат.

Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү тарабынан Чакыев Латимдин Өзгөн району Ак Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы турак жайына карата экинчи жолку эл астында өткөрүлүүчү аукцион өткөрүлөт. Сатык (аукцион) 2008-жылдын 26-июнунда саат 10.00дө Өзгөн райондук сотунун имаратында №3 кабинетинде өткөрүлөт. Турак жайдын баштапкы старттык баасы 127980 сом.
Мүлктүн параметрлери: жалпы жер аянты 1946,46 кв.м., пайдалануу аянты 44,16 кв.м. Сатыкка катышуучулар турак жайдын баштапкы баасынан 5% алдын ала сатык күнгө чейин төлөп катышат. Сатып алуучу 5 күн ичинде сатып алган сумманы толугу менен төлөп берүүсү зарыл.
Соттук аткаруучу Э.Каныбек уулуна кайрылсаңыздар болот. Тел.: (3233) 21870 (0555)104814.
ГЖ-2205

ИНН Код. 3-05-12-1003-0468. Сузак районунун Ташбулак айылынын, А.Икрамов көчөсүндөгү 34 а. деген турак үйдү Шашалимова Дилдора Усманходжаевнага Шашалимов Усманходжанын белекке берүү жөнүндөгү келишими жараксыз деп табылсын. Үйдүн тех. паспорту 21.11. 2007. алынган. Мамл. акт №121912. Белекке берүү келишими №614. 21.11. 2007.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык сотунун 2008-жылдын 25-мартында, курамында төрага - С.Атакулов, катчысы - А.Сартов, жактоочулар - С.Каныбаев, А.Досматов жана тараптар болгон кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 197-ст. жана 197-201, ст. ст. жетекчиликке алуу менен чечими чыккан.
Кв-17

Бишкек шаарынын мэриясынын
Биринчи май
райондук администрациясы

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү аймактык башкармалыктардагы, ошондой эле, райондук администрация аппаратындагы жана жергиликтүү коомдук кеңештин ишмердүүлүгүн координациялоо секторундагы муниципалдык кызматкерлердин кызматтык бош орундарын толтурууга сынак жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
- жогорку билимдүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес болуусу керек;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу сабаттуулугу;
- уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
- компьютер программалары боюнча сабаттуулугу.

Суроолор боюнча төмөнкү телефондорго
кайрылсаңыздар болот: 622506, 660593
С-385

Ош облусунун Араван райондук Мамлекеттик каттоо тарабынан 018240 номерлүү Ахмедов Бахтиярдын атына 1998-жылы 18-июнда берилген жерди пайдалануу укугуна карата мамлекеттик акт жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.
ТА-2205

Национальный центр охраны материнства и детства объявляет тендер на закупку
Лот №1 "Приобретение медицинского оборудования". Метод закупок: "Торги с неограниченным участием". Стоимость тендерной документации 160 сом. Окончательный срок подачи заявок "18" июня 2008 г. 14.00. Место, время и дата вскрытия: г.Бишкек, ул.Ахунбаева 190. "18" июня 2008 г. 15.00. По всем вопросам обращаться по тел: 49-15-70.
П-422

ОсОО "Электролиндом" обявляет о своем закрытии. Претензии принимаются в течение 2-х месяцев со дня публикации по адресу: г.Нарын, ул.Бейшеналиева, 85.
П-471

КНУ им.Ж.Баласагына обявляет тендер на установку волоконно-оптической сети между учебными корпусами. Вскрытие тендерных документов состоится 16 июня 2008 г. в 15-00 час. Справки по тел. 62-00-95.
С-392

"Кыргыз Туусу" гезитинин эмгек жамааты Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин басма сөз кафедрасынын мугалими, белгилүү фотожурналист Осмонов Кубатбекке эжеси
ОСМОНОВА Рапиянын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Баткен облусу боюнча өз кабарчы Бозулан Ысаковго атасы
ЫСАКОВ Талиптин
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
С-383

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректораты жана жалпы эмгек жамааты коммуникация факультетинин ага окутуучусу Орунбеков Бакытка бир тууган иниси
АЙБЕКтин
катуу оорудан дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жамааты министрликтин агрардык саясат жана инвестиция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Тынаев Сапарбек Мамбетовичке бир тууган агасы
ЖАКШЫЛЫКтын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
П-474