, 23.05.08 - 11-бет: Кооперативдик чарбалар - єнїгїїнїн негизи ...№37, 23.05.08-ж.
  Аламүдүн районунда айыл чарбасы боюнча
3801 бириккен чарба түзүлгөн

Кооперативдик чарбалар - өнүгүүнүн негизи
Заманга жараша Аламүдүн району да болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү боюнча катардан калбай, өнүгүп-өсүп келүүдө. Райондо негизги тармактардын бири - айыл чарба тармагы. Агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы, акимдин орун басары Талантбек Койлубаевди кепке тартканыбызда, ал буларга токтолду:
- Районубуздун экономикалык туруктуу өнүгүүсү айыл чарбасына тыгыз байланыштуу. Аймактын жагымдуу аба ырайы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүн өстүрүүгө жакшы шарт түзүп турат. 2008-жылдын биринчи кварталына карата 36269 га айдоо аянттары бар. Анын ичинен күздүк себүү 11631 га., жаздык себүү дан эгиндери 4958 га, дандык жүгөрү 2050 га, май чыгаруучу жүгөрү 830 га, картошка 1201 га, жашылча 3190 га жана башка өсүмдүктөр эгилген. Азыр район жазгы айдоо иштерин толук аяктап калган учур. Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Арашан жана башка айыл өкмөттөрүндө быйылкы жазгы талаа жумуштарында 160 техника иштеди, былтыркыга караганда техникабыздын саны бир топ көбөйдү. Жер-агрардык реформанын жүрүшүндө биз майда бытыранды, өз алдынча чарба жүргүзгөн жекече дыйкан-фермерлердин заманга жараша өсүп-өнүгүп кете албай тургандыгына күбө болуудабыз. Өз учурунда чоң-чоң бириккен чарбаларды жекече бөлүп жиберүүнүн кесепетинен малдын саны азайып, айдоо аянттар толук иштетилбей, элдин турмуш деңгээли төмөндөгөнү жашыруун эмес. Район аймагында акыркы эки-үч жылдан бери бириккен дыйкан-фермер чарбаларын түзүүгө көп аракеттер көрүлүүдө. Азыр бизде 3801 бириккен чарбалар түзүлгөн. Алардын катарында 17 ишкана мамлекеттик болуп, 346 жерди иштетүүгө багытталган жамааттар бар. Кооперативдерге биригүү жалпы кызыкчылыктардын, жалпы муктаждыктардын негизинде түзүлүүдө. Мисалы
райондун аймагында илгертен келаткан пайдубалын сактап, жеке-жекеге тарабай калган жамааттар да бар, булардын сабына үлгү катары "Ветка" айыл чарба кооперативин атоого болот. Анын ар жылдык кирешеси 10-16 млн. сомду түзөт. Мындай чарбалар районубузда аз эмес, "Байтик-Ынтымак", "Кадыр-Берди", "Житница" "Эфенди", "Майский" жана башка кооперативдик чарбаларда эмгек өндүрүмдүүлүгү абдан жакшы. Районубузда жогорку сапаттуу үрөн өстүргөн 7 чарба, ири мүйүздүү асыл тукум мал өстүрүүчү 6 чарба, канаттуулардын "родонит" тукумун өстүргөн чарбалар бар. Жер иштетүү багытында да ийгиликтер жок эмес. Октябрь, Лебединовка, Көк-Жар, Ала-Арча, Васильев жана башка айыл өкмөттөрүндө талаачылык иштериндеги эмгек өндүрүмдүүлүгү жыл сайын жогорулап келүүдө. Айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетүүчү ишканалардын саны өсүүдө. 2007-жылда "Шин-Лайн" ЖЧКсы 146362,6 миң сомдук, "Риха" ЖЧКсы 13285,8, "Бектур" 6011,1, "Жашылча" 2189,6 миң сомдук продукция чыгарышкан.
Жыйынтыктап айтканда айыл чарба багытында райондо бүткөрө турган иштер, жетише турган ийгиликтер али алдыда.




Борборубуз Бишкекти Аламүдүн, Ала-Арча, Кашка-Суу капчыгайлары тараткан таза аба, жумшак шапата сергитип, маңдайынан сылап турганын көпчүлүк, балким, сезбесе да керек. Бул капчыгайлар аркылуу кереметтүү Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнө жана Бишкек шаарына тоолордун арасында аң-кыган таза аба агылып кирип, көңүлдү сергитип турат. Демек бул өрөөндөр борбордогу ар бир адам үчүн ыйык жана аёолуу болууга тийиш. Жогоруда аталган капчыгайлар Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан, анда айтылуу бул капчыгайлардан башка да айыл чарбасы, мал чарбасы дегендей, бир катар чарба маселелери да "кайнап" турган чагы. Төмөндө райондун тармактык жетекчи адистери ой бөлүшөт.




  Ветеринардык адистер жетишпейт

Райондун мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын башчысы Осмоналиев Жолдошбек Жуманович аймактагы
мал-жандын абалы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
- 2008-жылда райондо малдын башы ири мүйүздүү мал - 26578 баш, жылкы 3777 баш, кой-эчки - 38604 баш, чочко 8503 баш, канаттуулар (тоок) 247359 баш болуп эсепте турат. Бул малдын башын өстүрүү, ар кандай ылаңдуу оорулардан сактоо үчүн, паразитардык оорулардын алдын ала эмдөө (вакцинация), дегельминтизация өткөрүп келе жатабыз. Бул жумуштарды аткарууда райондун мамлекеттик ветеринардык башкармалыгында 9 вет. адистер жана райондогу 17 айыл өкмөтүндө ар биринде бирден ветеринардык адистер - инспекторлор иштеп жатат. Негизи иштин жүрүшүнө ылайык ар бир 700-800 баш малга бирден адис керектелет. Бизде бир ветврачка 1500-2000 баш мал туура келүүдө, себеби адистер жетишпейт, 3 адис аткара турган ишти 1 ветврач тейлеп жатат. Жумуштун көлөмү көп. Малды эмдөө, операция жасоо, акушердик жардам көрсөтүү иштери сөз менен эмес, түздөн-түз кол менен бүткөрүлөт.
Азыр малдын башы жылдан жылга көбөйүп, өсүп баратат. Элдин негизги тиричилиги мал менен тыгыз байланыштуу, демек мал доктурларга болгон талап да, алардын жумуш көлөмү да өсүүдө. Ветеринардык адистердин орточо курагы 46-47 жаш. Окууну бүткөн жаш адистер жумушка оңой менен келишпейт, себеби айлык маяна аз. Бул көрүнүш жеке эле Аламүдүн районуна эмес, бүткүл республикабызга тиешелүү көйгөй. Ветеринардык тейлөөгө азыртан баштап атайын көңүл бөлүнсө дейбиз. Себеби бүгүнкү күндө эң коркунучтуу болгон: шарп, туберкулез, бруцеллёз, сибир кулгумасы жана башка оорулар малдан адамга жугуп калуу коркунучу бар. Бул ооруларды жайылтпоо үчүн оору чыккан жерде бардык ветеринардык-санитардык чара көрүүгө милдеттүүбүз. Ар бир оорунун өз-өзүнчө инструкция-көрсөтмөсү бар, ошого жетиштүү көлөмдөгү вакцина берилсе, эреженин талабына ылайык дарылоо иштери жүргүзүлсө ошондо гана мал айыгат. Бодо малга жетип-жетпеген вакцина алабыз, вакцина жетпесе, андан кандай жыйынтык болушу мүмкүн? Шарп оорусу чыккандан кийин жалаң бодо мал гана эмес, кой-эчки, чочколор дагы эмдөөдөн өтүшү керек. Дары-дармек, вакциналар жетиштүү болуп, ветеринардык адистердин саны, сапаты жогоруласа, оору менен күрөшүүгө болот. Анан калса Аламүдүн районуна бүткүл республикабыз боюнча мал алынып келет, сатылганы сатылып, союлганы союлуп, айтор районубуз өзүнчө эле "перевалочный" аймак. Ошентсе да малдын таза болушу үчүн пландаштырылган профилактикалык эмдөөлөр жана диагностикалык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Аламүдүн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Арабеков Сүйүнбай
Токтосунович:
"Жер боюнча чатактар басыла элек"
- Район борборго улай жайгашкан. Аламүдүн өрөөнү Бишкек шаарын үч тарабынан: түштүк, чыгыш жана түндүк тарабынан курчап турат. Борборго жакын коңшулук абалыбыз бизге бир топ ыңгайлуулукту түзүп турганы жакшы, бирок акыркы мезгилдерде, же тагыраак айтканда 2004-жылдардан баштап район дал ушул коңшулуктан бир топ жапа чегип келүүдө. Себеби, азыркы кездеги ички миграциянын күчөшүн Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы жер басып алуучулук даана көрсөтүп турат. Алты облустун калкынын бир бөлүгү ар кандай себептерден улам борбор шаарга, анын айланасына шыкала топтолушуп, эптеп үй-жай куруп, отурукташып калуунун амалын көрүүдө. Карапайым элди күнөөлөөдөн алысмын, бул маселени бир-эки райондун деңгээлинде чечүү мүмкүн эмес. Муну мамлекеттик деңгээлде карап, атайын программалардын негизинде жөнгө салбасак болчудай эмес. Оор турмуштун айынан миграцияга туш болгон адамдардын көйгөйүн, алардын турак-жайга жана башка тиричилик багытындагы муктаждыгын бир-эки райондун мойнуна арта салуу туура эмес. Бүгүнкүдөй көрүнүш - жер басып алуу, мыйзамсыз түрдө жеке менчик үйлөрдү салуу, айдоо аянттарына, менчиктеги үлүш жерлерге баскынчылык жасоо токтотулбаса райондун эртеңки келечеги кандай болот? Жер басып алуу илдети мына ушул кезде да жоюла элек. Эң өкүнүчтүүсү үч-төрт жылдан бери эч кандай документтери, эч кандай укуктук негиздери жок эле, керек болсо өздөрүнүн аты-жөнүн атабаган адамдар районубуздун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн аймагында жер басып алуу менен алек. Мисалы, Ленинское айыл өкмөтүнүн аймагында, болгондо да магистралдык газ түтүгү өткөн, атайын корголгон аймакта, атүгүл газ өткөргүчтүн үстүндө да үй куруп жатышат. Мындай кесепет Көк-Жар, Ленинское, Маевка, Төмөнкү-Ала-Арча, Пригородное айыл өкмөттөрүнүн аймактарында кайталанууда. Жеке менчик жер үлүштөрүн басып алышып, чыр-чатактар чечилбей турат. Бул көйгөй маселени туура, адилет чечүү максатында райондун акимчилиги өтө кылдат иш алып барууда, райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрдүн, райондук мамкаттоонун, архитектура бөлүмүнүн,
РИИБнын, райондук прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир нече жолу чыр чыккан жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай эскертүү кагаздарын бергенибизге карабай, райондун аймагында бул чатактар басыла элек. Ушул боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жер басып алуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши да козголгон, тергөө жүрүп жатат. Бул фактылар боюнча республикалык мамлекеттик органдарга, КРнын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигине маалыматтар берилген. Жер басып алуу илдетине мамлекеттик деңгээлден баа берип, катуу чараларды колдонбосок, бул көйгөйдү райондун деңгээлинде жөнгө салуу эч мүмкүн эмес.
Сөздү башка багытка бурсам, райондун инфраструктуралык келечеги кең деп айтсам болот. Өнөр жай, курулуш багытында да, туристтик эс алуу багытында да аткара турган иш-пландарыбыз бар. Чакан өнөр жай ишканаларын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү кичирээк көлөмдөгү өндүрүштүк тармактарды курсак деген тилекте турган чагыбыз. Келечекте Аламүдүн өрөөнүнүн бир тарабы өнөр жайлуу болсо, бир тарабы эс алуучу, туристтик багыттагы аймак болору анык.

Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башчысы
Бейшен Ордобаев:
"Бизде иш кызыган учур"
- Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мекемеси 2000-жылы негизделген, ушул аталыштагы мамлекеттик агенттиктин тармактык бөлүмү болуп эсептелет. Биздин башкармалык негизинен эки чоң бөлүмдөн:
- жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары;
- кыймылсыз мүлктү каттоого даярдоо жана каттоо багытында иш алып барган бөлүмдөрдөн турат.
Район шаарга жакын жайгашкандыктан анда жашаган калктын көпчүлүк бөлүгү борбордун мекеме-уюмдарында, ишканаларында иштешет. Алардын катталуусу, үй-мүлкү биздин райондун эсебинде турат. Демек башка райондорго салыштырмалуу калктын саны, аларга тиешелүү тиричилик маселелери бизде алда канча көбүрөөк. Эрежеде белгиленген штаттык жумуш орундарында турган кызматкерлерибиз башка райондорго салыштырмалуу бир топ эсе көп иш кагаздарын тактап чыгышат. Ишибиздин "кайнап" турганын босогобузду аттаган адам илгиртпей эле байкайт. Мисал иретинде айтсам, мындан 4-5 жыл илгери биздин мекемеге бир күндө 20-30 адам кайрылышса, азыр бир эле күндө 200, же мындан да көп арыздар түшөт. Мекемебизде иш тартиби, аны аткаруунун мөөнөтү эл үчүн ыңгайлуу негизде түзүлгөн. Алар өз иштерин кечиктирбей бүткөрүп, ыраазы болуп кетишерин тартынбай эле айтсам болот. Канчалык иш көп болсо да өз иштерин так бүткөргөн азаматтарыбыз бар, алардын аттарын атасам, жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн Д.Тыныстанова, Э.Султанбаев, Э.Ажабраимов, А.Нурмухамбетова, каттоо бөлүмүнөн М.Орунтаева, Ч.Айдарова, Р.Ыбыкеев, Ж.Абдыкеримова жана башка кызматкерлерибиздин эмгеги мактоого арзыйт. Минтип айтканымдын да толук негизи бар, мындан үч-төрт жыл мурун бир жылда 3 миллион сомдун тегерегинде иш бүткөрсөк, бир-эки жылдан бери биздин аткарган ишибиз 10 млн. сомго жетип барды. Демек, мамлекеттик казынага төккөн каражаттарыбыз да көбөйдү.
Ушул таптагы иштин эң маанилүүсү болуп айыл өкмөттөрүнүн карамагында турган кыймылсыз мүлктөрүн, жер ресурстарын каттоодон өткөрүп, өзүнчө бир нукка салып алуунун үстүндө иштеп жатабыз. Кээ бир айыл өкмөттөрү буга анча маани бербегендиктен улам айткым келет, азыркы замандын талабына жараша бардык нерсе мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.