, 20.05.08 - 8-бет: "Жер титирєєдєн жабыркагандарга жакындан жардам берилїїдє"...№36, 20.05.08-ж.
  Биринчи кварталда Ош облусунда 148,7 млн. сомдук
өнөр жай продукциялары өндүрүлдү

Ош облусунун губернатору
Аалы Карашев:
"Жер титирөөдөн жабыркагандарга жакындан жардам берилүүдө"
- Аалы Азимович, губернатор болуп дайындалгандан бери кандай иштерди бүткөрүүгө үлгүрдүңүз?
- Губернатор катары ишке киришкен дээрлик үч ай облусубуздун аймагында болуп өткөн табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга каршы күрөшүү менен өттү. Албетте, убактыбыздын көбү табигый кырсыктын кесепетин жоюуга багытталгандыгы анык. Анткен менен облусубузда аткарууга алынуучу маселелерди көңүлдөн сырт калтырууга мүмкүн эмес эле.
Биринчи кварталдын жыйынтыгы менен облустун өнөр жай продукциясын өндүрүү 148,7 млн. сомду түздү. Бул 2007-жылга караганда 23 млн. сомго көп.
Өнөр жайын өнүктүрмөйүн облусубузду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө мүмкүн эмес. Бул максатта облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан ишкерлер менен биргеликте 2008-жылы көптөгөн обьекттерди ишке киргизүү жагы пландаштырылууда.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн "Карьер" участкасында долбоордук кубаттуулугу жылына 210 миң тонна цемент чыгаруучу Кыргыз-Кытай биргелешкен заводу пайдаланууга берилмекчи. Аталган заводдун дол-
боордук-сметалык баасы 500 миллион сомго барабар. Ошондой эле Өзгөн районунда долбоордук кубаттуулугу жылына 15 млн. даана курулуш кирпичин чыгаруучу ири завод ишке кирмекчи. Өзгөн жана Ноокат райондорунда көмүр кендери чыккан жерлерди иштеп чыгуу пландаштырылган. Стратегиялык максаттарда жаңы жумушчу орундарды түзүү, жумушсуздукту жылына 3,7 пайызга төмөндөтүү, калктын кирешелерин көбөйтүү, орточо айлык эмгек акысын жылына 15 пайызга көтөрүүгө жетишүү сыяктуу көрсөткүчтөр негизги индикаторлор болуп саналат.
- Быйылкы кыш Ош облусу үчүн жеңил болгон жок. Кыштын кы-раан чилдесинде жер титиреп, көпчүлүгү үйсүз калышты. Жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалы кантип жатат? Гуманитардык жардамдар келип жатканынан кабарыбыз бар, кандай жардамдар уюштурулду? Быйыл күзгө чейин үйсүз калгандардын үйлөрү бүтөт деп ойлойсузбу?
- Негиздүү суроо бердиңиз. Кырсык болгон алгачкы эле күнү облустук мамлекеттик администрацияда табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча облустук штаб, жабыр тарткан атуулдарды колдоо үчүн атайын фонд түзүлдү. Баары ачык-айкын болсун деген максатта фонддун эсеп-счету Бишкекте борбордук казынада ачылды. Ал эми сырттан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алып, аны адилеттүү, даректүү бөлүштүрүүнү эң жөнөкөй жол менен уюштурдук. Жергиликтүү тургундардын өздөрүнүн тандоосу менен жер-жерлерде аксакалдар, аялдар, жаштар, таасирдүү адамдардан турган элдик комиссияларды түздүк.
Мамлекет башчыбыз Курманбек Салиевич кырсык болгон биринчи эле күндөн эл башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүү максатында жеке өздүк фондунан 1000тн. көмүргө акча каражатын бөлдүрүп берди. Жабыр тарткан айыл тургундары кыш чилдесинде көмүргө өтө муктаж эле. Ошондой эле мамлекет башчыбыздын демилгеси менен 3-4- даражадагы жабыр таткан ар бир үй-бүлөгө бир мешоктон ун бекер таратылып берилди. Президентибиздин бул жардамдарын жергиликтүү калк өтө канааттануу менен кабыл алышып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз ыраазычылыктарын билдиришкен.
Мына ушундай эле жардамдар чет өлкөлөрдөн, эл аралык коомдук уюмдардан келип түшүүдө. 15-майга карата борбордук эсеп-счетко 20 400 145 сом акча түштү. Анын ичинен жабыр тарткандардын өтүнүчү менен көмүр, ун сатылып алынып, аны жеткирүү үчүн жол чыгымдарын кошкондо 5 716 628 сом жумшалды.
Кышында берилген убадалар иш жүзүнө ашып, айтылгандай 1-апрелге жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан ссудалар белгиленип, арзан наркта курулуш материалдары менен камсыз болушту. Апрель айынын башынан тарта 3-4-категорияда жабыр тарткандарга ссуда каралгандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды. Учурда курулуш материалдары жетиштүү түрдө камсыздалып, Карасуу районунун Кашкаркыштак айыл өкмөтүндөгү борбордук кампада турат. "Кыргызресурсу" мамлекеттик мекемеси тарабынан учурда күнүнө 150 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Тийиштүү документтердин негизинде келип, бөлүнгөн шифер, цементтерин алып кетишсе болот.
Бул мезгилге чейин 1728 тонна цемент, 50820 даана шифер келген. Турак жайы 3-категорияда жабыр тарткан 434 үй ээсине цемент, 429 үй ээсине шифер таратылса, 4-категорияда жабыр тарткан 215 адамга цемент, 237 үй ээсине шифер, жалпысынан 1512 тонна цемент, 24700 даана шифер таркатылып берилди.
Цемент, шифердин наркы Кант цемент-шифер комбинатынын баасы менен сатылмакчы. Тактап айтканда 1 тонна цементтин баасы - 3849сом 60
тыйын, 1 даана шифердин баасы - 159 сом 60 тыйынга туура келет.
Ал эми Канттан Ошко жеткирилген жол чыгымдарын мамлекет өз карамагына алган. Ошондой эле жабыр тарткан жергиликтүү тургундардын түйшүгүн жеңилдетүү максатында борбордук кампанын өзүндө "АТФ Банкынын" филиалы ачылып, эсептешүүлөр жеринде жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү адистер тарабынан аныкталып, Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилген тизмеге кирген үйлөрү 4-категорияда жабыр тарткандарга турак жайын тикелөө үчүн 3 тонна цемент, 50 даана шифер, ал эми үйлөрү 3-категорияда жабыр тарткандарга турак жайын тикелөө үчүн 2 тонна цемент, 30 даана шифер берилет.
Турак жайлары 3-, 4-категорияда
жабыр тарткандыгы жөнүндө тийиштүү адистер тарабынан тастыкталган жана облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилген тизмеге кирген үй ээлеринин баары бул арзандатылган курулуш материалдарын сатып алуу укугуна ээ экендигин айта кетмекчимин.
Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, баштагыдай социалдык объектилерди "Ашар" ыкмасы менен куруу эми токтотулат. Мындан ары келечектүү, курулуш-архитектуралык стандарттын талабына жооп бере турган курулуштарга өтүшүбүз керек. Өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жогоруда айтылгандай элдик демилге менен курулган мектептерибиз көп жабыр тартты. Натыйжада республикалык бюджеттин эсебинен облус боюнча 10 мектепти жаңыдан куруубуз керек. 8 мектеп жаңы окуу жылына, ал эми 2 мектеп келерки жылы пайдаланууга берилмекчи. Мындан сырткары, 13 кошумча класстарды куруу, 28 мектепти, 1 кесиптик-техникалык окуу жайын, 2 мектептин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү жана Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылына сметалык баасы 18420,2 миң сомдук оорукананын, ошондой эле курулушу мурунку жылдары башталган 16 билим берүү мекемелеринин курулушун бүткөрүү зарылдыгы турат.
- Ош облусунун тургундары негизинен айыл чарбачылыгы менен жан багат эмеспи, жазгы-талаа иштеринин абалы тууралуу өз оозуңуздан уксак…
- Азык-түлүк тартыштыктарын эске алуу менен 2008-жылдын түшүмү үчүн облус боюнча 60332 гектар жерге күздүк дан эгиндери себилген, баса белгилеп кетүүчү жагдай -өткөн сезонго караганда кылкандуу дан эгиндери 2951 гектарга ашык себилген. Үстүбүздөгү жылдын эгиндерин себүү, эгүүнүн жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 22000 гектар аянтка тоңдурма айдалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3819 гектарга көп.
Ал эми жаздык катары кылкандуу дан эгиндерин 18647 гектарга, тактап айтканда, буудайды 13147га, тамекини 4948 га, пахтаны 12027 га, май өсүмдүктөрүн 24808га, картошканы 9277 га, жашылчаны 6644 гектарга эгүү пландаштырылган. Мурунку жылга караганда алардын аянттары көп экендигин да айта кетүүм керек.
Облус картошканын, май жана бакча өсүмдүктөрүнүн, жашылчанын, шалынын, тамекинин үрөн, көчөттөрү менен жетиштүү камсыз болгон.
Учурда 2008-жылдын айыл чарба эгиндеринин түшүмү үчүн эгилген 60322 гектар күздүк кылкандуу дан эгиндер толугу менен кошумча азыктандыруудан өткөрүлдү. Кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу үчүн 27350 тонна азоттук минералдык жер семирткич керек болсо, учурда 22394 тоннасы даярдалды, бул керектөөнүн 82 пайызын түзөт. Ал эми жазгы талаачылык жумуштарын ойдогудай аткаруу үчүн облус боюнча 6386 тонна дизелдик күйүүчү май керектелет. Учурда дыйкандар үчүн күйүүчү- майлоочу майлар жер-жерлерде май куюучу станцияларда жетишээрлик өлчөмдө бар. Айыл чарба кооперативдеринде, үрөнчүлүк чарбаларында жана башка чарба субъектеринде да күйүүчү майлар жетиштүү. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 1600мЗ көлөмүндөгү дизелдик күйүүчү майдан чарба субъектилери арзандатылган баада 1 литрин 20 сом 50 тыйынга дыйкан-фермерлерибиз облустун борборундагы нефтебазасынан сатып алып жатышат.
- Облусу жетектегениңизге аз гана мезгил болгонуна карабастан дарегиңизге айтылган жылуу пикирлер аз эмес. Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
- Ош облусу боюнча 2008-жылдын биринчи чейрегинде 148,7 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, жумуштар жана тейлөөлөр жүзөгө ашырылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда айыл чарба продукциясын өндүрүүдө 101,3 пайызга, соода, автомобилдерди жана үйдө колдонуучу буюмдарды ондоонун жүгүртүүсү 101,7 пайызга, мейманкана жана ресторандардын тейлөөлөрү 101,0 пайызга, жүк ташуу 101,3
пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуу 104,0 пайызга аткарылды. Облус боюнча 32,3 млн. сомдук салык топтолуп, божомолдуу пландын аткарылышы 102 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын акырына
чейин облустун өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн 104,9 пайызга, айыл чарба тармагынын өстүрүүнүн көлөмүн 103,1 пайызга, чекене товар жүгүртүүнү өстүрүүнүн көлөмүн 103 пайызга, калкка акы төлөп кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн 108 пайызга жеткирүүгө аракет жасап жатабыз. Ал чектерге жетүү үчүн айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүнү, текстиль жана тигүү тармактарын, мунай жана газ алууну өстүрүү аракеттери көрүлүп жатат.
- Облуста буудай эрте бышат,жылда коңшу мамлекеттер арзан, дүңү менен сатып кетишүүдө. Анан буудайды быйыл өзүбүз коңшу мамлекеттерден кымбат баада сатып алдык. Ушул жагдайды жөнгө салууга болобу?
- Жакында облустук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын, райондук агрардык өнүгүү департаменттеринин башчыларынын катышуусунда облустун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде 2008-жылы өндүрүлө турган айыл чарба продукцияларынын болжолдуу пландары талкууга алынып, Ош чегара аскер кызматынын ыкчам бөлүгүнө, Ош жана Баткен облустары боюнча финансылык полиция башкармалыгына, "Түштүк" бажыканасына 1 килограмм ун же буудай облустан сырткары чыкпоосуна көзөмөлдү күчөтүү жагы табышталып, азык - түлүк коопсуздугун сактоо үчүн облустун калкынын керектөө талабын канааттандыруу багытында иштиктүү аракеттерди көрүү зарылчылыгы белгиленди. Мындан сырткары, облустук статистика башкармалыгы тарабынан жылына бир адамга буудайдын жана ундун керектелинүүчү физиологиялык нормасы такталып, азык-түлүк коопсуздугун сактоо багытында ар бир айылда, айыл өкмөттө, райондордо комплекстүү иш-аракеттер көрүлүп жатат.
- Саясатка кандай көз караштасыз, саясатчылардан кимдерди баалайсыз?
- Ар бир аң-сезимдүү адам өзү жашаган коомдогу болуп жаткан окуяларга, саясатка кайдыгер карабашы анык. Көпчүлүк мекенчил инсандар сыяктуу саясатка түз көз караштамын. Бирок, мен саясатка караганда экономикага көбүрөөк ыктап, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүнүн ички, тышкы рычагдарын иликтөөгө баш катырганды эп көрөм. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тарта аткаруу, башкаруу органында эмгектенген жетекчилер бир гана саясатка- элибиздин жашоо деңгээлин көтөрүү, мамлекетибиздин экономикасын өстүрүүгө баш оорутса Кыргызстандын келечеги кең, эл аралык аброю бийик болот.
Жыпар Акунова,
"Кыргыз Туусу"