, 20.05.08 - 5-бет: Т.Їмєталиевдин 100 жылдыгына даярдык талкууланды...№36, 20.05.08-ж.
  Аксуу кыштагындагы музыкалык мектепке обончу,
аткаруучу Мукан Рыскулбековдун ысмы берилди

19-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Улуттук илимдер Академиясынын (УИА) мүчө-корреспонденти, искусство таануунун доктору, профессор, УИАнын философия институтунун манастаануу жана көркөм маданият бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Үмөталиеваны кабыл алды.
Т.Үмөталиевдин 100 жылдыгына даярдык талкууланды
Жолугушуунун жүрүшүндө, өлкөдө маданият менен искусствону өнүктүрүү, ЖОЖдорду философия жана искусствотаануу боюнча окуу китептери менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Президент республиканын маданияты менен искусствосунун өнүгүшүндөгү Ж. Үмөталиеванын эмгегин жогору баалады. "Сиз техникалык университеттин философия кафедрасын 28 жыл ийгиликтүү жетектедиңиз. Өзүңүздүн чаалыкпас эмгегиңиз менен өлкөнүн маданият жана искусство боюнча илимине, ошондой эле республикадагы эң ири ЖОЖдордун биринде адистерди даярдоо ишинде өзгөчө салым коштуңуз", - деп айтты К. Бакиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле, Жаңыл Үмөталиеванын атасы -Кыргыз Эл акыны Темиркул Үмөталиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата
даярдыктын жүрүшү талкууланды.
Д.САНЖАРБЕКОВ




Чыңгыз Айтматов Германияда дарыланууда
16-майда Россия Федерациясындагы Кыргызстандын ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси Р.Аттокуров Казань шаарына Чыңгыз Айтматовдун абалын суроо үчүн барды. Мындай максаттагы тапшырма Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин өтүнүчү менен берилген. Натыйжада 17-май күнү Ч.Айтматовдун кабыл алуусунда болуп, элчи Р.Аттокуров залкар жазуучунун ден соолугу мурдагыдан жакшы болуп калгандыгын билдирди.
Быйыл 80 жылдыгы белгиленүүгө дүйнөлүк деңгээлде көңүл бурулуп жаткан алп жазуучу Чыңгыз Айтматов Казань шаарына чакыруу менен барган эле. Анткени анын чыгармасы боюнча даярдалган "Кылым карытаар бир бир күн" аттуу даректүү кино тасманын тартылышына автор катышмак. Бирок ден соолугуна байланыштуу ооруп калып, учурда Казань шаарындагы республикалык ооруканада комплекстүү дарыланууда. Улуу жазуучуну Татарстандын улукман дарыгерлери жана Москвадан келген атайын адистер кароодо. Чыңгыз ага өзүнө келип, ден соолугу жакшырып калганы эң алгач уулу Элдарды кабыл алып, жолугушууну уюштургандардан кечирим сурап коюну өтүндү.
***
Ч.Айтматов 18-майдан 19-майга караган түнү атайын медициналык жабдуулар менен жабдылган самолет менен Германиянын белгилүү клиникаларынын бирине жеткирилди.
Германияга дарылоого жиберүү Татарстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.Фаррахов башында турган врачтардын консилиумунда чечилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси М.Садыркулов Татарстандын саламаттык сактоо министри менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда А.Фаррахов консилиумдун жүрүшүндө кабыл алынган врачтардын чечими тууралуу билдирди.
18-май күнү түштөн кийин Татарстан Республикасынын Президенти М.Шаймиев Ч.Айтматов дарыланып жаткан шаардык ооруканага барып, аны менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө Татарстан Республикасынын башчысы М.Шаймиев Айтматовго тезинен айыгып кетүүнү каалап, кандай гана проблема болбосун ар тараптан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле Ч.Айтматов менен Татарстан Республикасынын маданият министри З.Валиева да жолугушкан.
Б.БУЗУРМАНКУЛОВА,
М.АЛАГУШЕВ




Иш сапары - Польшага, Латвияга
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов үстүбүздөгү жылдын 20-майынан тартып, 22-майга чейин Польша жана Латвия өлкөлөрүнө расмий иш сапары менен барат.
Иш сапардын жүрүшүндө
Өкмөт башчысы Польша менен Латвиянын парламенттеринин мүчөлөрү менен жолугушуп, ошондой эле Польша Республикасынын Премьер-министри Догальд Туск жана Латвия Республикасынын Премьер-министри Иварс Годманис менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугу-шуулардын жүрүшүндө И.Чудинов өзүнүн кесиптештери менен эки тараптуу мамилелер боюнча маселелерди талкууламакчы.
Ошондой эле Латвиянын борбору Ригада Латвиянын Президенти Валдис Затлерс менен Кыргызстандын Премьер-министринин жолугушуусу пландаштырылган.
Польшага жана Латвияга болгон расмий иш сапарынан кийин И.Чудинов Минскиде өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.
Д.ЖЕТИГЕНОВ




Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында
Кечээ Бишкекте Бүткүлкытайлык эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Хань Цидэ баштаган парламенттик делегациянын расмий иш сапары башталды.
К ытайлык кесиптештерин КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Адахан Мадумаров кабыл алып, ага спикердин орун басары Чолпон Баекова жана кыргыз парламентарийлеринин тобу катышты. Төрага Кытайдагы катуу жер титирөөдөн каза болгондорго көңүл айтуу менен ага Кыргызстан тарап достук жардамын бере турганын кабарлады. Жакында эки вагон менен 120 тонна гуманитардык жардам жиберилет. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкка зор маани берип, меймандардын Бишкекке келиши чоң көңүл бурууну жаратарын белгилеп өттү. Төрага кыргыз парламентинин төртүнчү чакырылышынын мурдагыларынан айрымаланып, биринчи ирет өлкө тарыхында 100 пайыз партиялык тизме менен шайланганына токтолуп, учурда "Ак жол" элдик партиясы, Кыргызстан социал демократиялык партиясы жана Кыргызстан коммунисттер партиясы жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдын алкагында бирдиктүү иштеп жатканына токтоло кетти.
Кыргызстан тараптын ШКУга кирген мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясын түзүү сунушун уюм мүчөлөрү кеңири колдоого алып жатат. Анын биринчи жыйыны үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын биринчи жарымында өтүүсү күтүлүүдө.
Кытай парламентарийлерин бүгүн КРнын Президенти Курманбек Бакиевдин кабыл алуусу күтүлүүдө.
Назира АЛИЕВА




Улут келечеги үчүн күрөш
АКИпресс агенттигинде Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын "Улут келечеги үчүн күрөш" китебинин бет ачаары болду. Ага ЖМКнын жана Кыргыз Республикасынын "СПИД" бирикмеси жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун өкүлдөрү катышышты.
Аталган китептин мазмунунда акыркы жылдарда калк ичинде, өзгөчө өлкөбүздүн келечеги болгон жаштар, эртеңки күндө эне болуучу жаш айымдар арасында айыкпас дарттын таралышына бөгөт коюу тууралуу баяндалып, тактап айтканда, алдын алуу негизги багытты көздөйт. Ал максатта жалпы коомчулук, ар түрдүү социалдык топтордун күч-аракетинде дем берип, демилгелүү иш-аракеттерин жандантып, бириктирүү жаатында Кыргызстан аялдар Конгресси жүргүзүп жаткан иштердин чоо-жайы алаканга салгандай даана көрүнөт. "Улут келечеги үчүн күрөш" китеби негизинен үч бөлүмдөн турат. Анда учурдун адам үрөйүн учурган көйгөйү-АИВ-ВИЧ ЖИКС-СПИДге бөгөт коюу, тез тарашынын алдын алуу, бул багытта Кыргызстан аялдар Конгресси, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын "СПИД" бирикмеси жана СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд менен тыгыз иш-чараларды жүргүзгөндүгү баяндалган.
Миргүл ДОСМАТОВА
"Кыргыз Туусунун"
практиканты.




  Ырдап жүр

Үч Камчыбектин бири
Турмушта окшош тагдырлар сейрек кездешет. Кыргыз обончуларынын ичинде үч Камчыбек бар. Үчөө тең 80-жылдардын муунунан, аккордеон менен чыгышкан, үчөө тең мурутчан. Алар Букалаев, Турсункулов, Жусупов.
Жакында 21-22-майда
Камчыбек Жусуповдун "Ырдап жүр" аттуу чоң программадагы концерти Кыргыз мамлекеттик циркинде өткөнү турат. Жаңы ырлары менен коштолуп, 80-жылдардагы муундун өкүлдөрүнүн сагынычына айланган ырлары оболомокчу. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкова баштаган таланттуу ырчылар Динара Акулова, Майрам Дүйшекеева, Токтобүбү Черикчиева, Гүлзат Байзакова, Стамгүл Турдалиева, Султан Каримов концертте Камчыбек Жусуповдун ырларын элге тартуулашат.
Камчыбек Жусупов алыскы Ат-Башынын Бирлик айылынын кулуну. Учурда Нарын шаарында музыка мугалими болуп эмгектенүүдө. Обончулук өнөрдө Кудай берген шыгы менен буга чейин далай мукам ырларды жаратып, элге аты таанымал. Ага "Өмүр жөнүндө толгонуу" (сөзү К.Артыкбаев), "Эне тилеги" (сөзү Т.Койчуманова), "Ак жолтой келин бол" (сөзү Ө.Кулумбаев), "Өмүрлөш болсом сизге мен" (сөзү А.Дөөлөтказиева), "Мүмкүн болсо" (сөзү Ж.Садыков), "Бийикте тоом" (сөзү А.Сыдыкбеков), "Издедим" (сө-
зү Н.Жүндүбаева), "Үмүт" (сө-
зү О.Султанов), "Суктанышсын көргөндөр өзүңөргө" (сөзү Д.Юсупов), "Кошуңуз, агай, кошуңуз" (сөзү Г.Шакирова) ж.б. ырларды мисалга келтирүүгө болот.
Чыгармачылыгынын 40 жыл толушуна арналган бул концертте Камчыбек Жусупов өз угармандарын да сагынгандыгын жашырбайт. Ошондуктан күйөрмандарын концертине келүүнү өтүнүч кылат. Албетте, бул концертте жалаң К.Жусуповдун ырлары ырдалат.
Б. БУЗУРМАНКУЛОВА




  Мукан Рыскулбековдун аты өчпөйт

Кыргыз эстрадасында качантан обондору жаңырып, элибиздин сүймөнчүлүгүнө айланган таанымал обончуларыбыздын катарында Мукан Рыскулбековдун орду өзгөчө. Анын "Келген жок", "Эсте, энелер!" деген граждандык, патриоттук пафоско толгон ырлары Ата-Журтубуздун жашоо-тагдырына арналган ар бир салтанатында, асыресе 9-майда өзгөчө бир жигер менен жаңырат.
Ал эми анын изги
сүйүүгө, жаратылыш сулуулугуна, достукка арналган ырларычы?.. "Издеп жүрөм", "Уйкусуз гитара", "Лилия", "Көл вальсы", "Суусамыр" деген обондору жүрөктү толкунга бөлөп, бир зырп эттирип алат.
Жакында таланттуу обончунун жаркын элесине арналган кече Москва районунун борбору Ак-Суу кыштагында өттү. Мукандын ысмы райондогу жападан-жалгыз музыкалык мектепке ыйгарылып, асемге район тургай, Бишкектен, Жайыл, Сокулук, Панфилов райондорунан белгилүү адамдар, өнөрпоздор катышышты.
Мектепке ысым ыйгаруунун жүз ачарында тасманы райондун акими Аринов Даукен жана маданият жана маалымат министрлигинин кадрлар жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Өзбеков Муктасар кесип, сөз сүйлөштү.
Музыкалык сынактын жана эскерүү кечесинин өтүшүндө Кыргыз эл акын-жазуучулары Сүйүнбай Эралиев, Өскөн Даникеев, Токтосун Самудинов, Төлөгөн Мамеев журтубуздун музыкалык кенч-казынасына чоң салым кошкон бул адамдын баалуу мурасына жогору баа беришти. Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов кыргызча керемет ырдаган орус улутундагы балдар-кыздарга атайын акчалай сыйлыгын ыйгарды. Мындан тышкары отузга жакын өнөрпоздорго Мукандын ырларын мыкты аткаргандыктары үчүн обончунун уулу Улан жана бир тууган карындашы, "Нуска" китеп дүкөнүнүн башчысы Анаркан Рыскулбекова акчалай сыйлыктарды, белек-бечкектерди, дипломдорду тапшырышты. Мектеп администрациясы болсо алардын мектепке тартуулаган компьютердик комплектиси, пианиносу жана башка эмерек буюмдары үчүн зор ыраазычылыгын билдирди.
Бакай ЧИЛТЕГИН