, 20.05.08 - 13-бет: Баўгилик балдардын кєзї менен...№36, 20.05.08-ж.
  Кыргызстанда 20 айылда электр жарыгы жок,
а 19 айыл Өзбекстан менен Казакстандан алат

Баңгилик балдардын көзү менен
Акыркы учурда баңги заттарын колдонгондор, аларды сатуу менен шугулдангандар көбөйүп баратат. Мындай мыйзамсыз иштер менен алектенгендердин 70-80 пайызы жаштар. Алардын ичинде окуучулар да бар экендиги изилдөөлөрдө анык болгон. Учурда мамлекетибизде каттоодон өткөн баңги заттарын колдонгондордун саны 8 миңдин тегерегинде делет. Ал эми эксперттер мындан 15 эсе көп дешүүдө. Демек, бизде баңги торуна чалдыккандардын саны 120 миңге чукулдап баратат деп белгилешет. Апийим, героин ж.б. ийне менен сайынып жаткан адамдардын 90 пайызы ВИЧ/СПИД менен оорушканы аныкталган. Ал эми жыл сайын 9 жаштан 17 жашка
чейинки балдардын ичинен республикалык наркологиялык борбордон дарылангандары бар. Баңгиликтин торунан чыга албай окуудан калган балдар да аз эмес. Ошондуктан, баңгиликке каршы күрөшүүнү балдардан тартып карыларга чейин жапа тырмак жүргүзүшүбүз керек. Муну түшүнүү менен айрым мектептерде олуттуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Алсак, Бишкектеги №66 орто мектепте жакында Айша Айткееванын "Ачуу чындык" деген жаштар үчүн жазылган пьесасын он биринчи класстын окуучулары коюшту. Пьеса окуучуларды баңги заттарын колдонбоого жана сатууга катышпоого чакырат. Ошондой эле баңги затынын балдарга жана адамзатка тийгизген кесепети жөнүндө ачык-айкын айтылат, көрсөтүлөт.
Пьесаны мектептин окуучулары жана мугалимдери кызыгуу менен көрүштү. Анын автору Айша Айт-
кеева да буфетчинин, врачтын ролун аткарып берди. Спектаклдин
соңунда ал мектептин директору М.Якуповага, тарбия иши боюнча орун басары В.Жумабековага, артист болгон окуучуларга, көрүүчүлөргө пьесаны сценага алып чыгууда жасаган чоң эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Акырында директор М.Якупова сүйлөп: "Баңги заттарын колдонгон балдар кандай абалга учурап, ден соолугунан ажырап, адам санынан чыгып каларын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Келечегиңерге балта чапкан бул кесепеттен алыс болгула, башка балдарга да бул жөнүндө айтып түшүндүргүлө",-деди. Көрүп отурган балдар орундарынан туруп, шатырата кол
чаап,"Биз баңгиликке барбайбыз!" деп бир нече ирет кыйкырышты.
"Силердин бул убадаңарды биз дайыма көзөмөлдөп турабыз!" - деди мектептин директору.
А.КАСМАЛИЕВА




Вич спиддин алдын-алуу үчүн ырааттуу саясат зарыл
ВИЧ/СПИД оорусу эң биринчи катталган күндөн бери чейрек кылымдан ашык убакыт өттү. Ушул мезгилдин ичинде адамзатта жаңы пайда болгон бул оору бүт жер жүзүнө тарап, 25 миллион адамдын өмүрүн кыйып, азыр дагы күн сайын 8 миң адамдын өмүрүн алып жатат. Ошол кезде СПИД накта медициналык маселенин алкагынан чыгып, бүтүндөй мамлекеттердин экономикалык, со-циалдык жана саясый өнүгүшүнө, жалпы эле адамзатка таасир тийгизген өтө чоң масштабдагы коркунучтуу көйгөйгө айланарын ким билиптир. Мына ушунусу менен СПИД азыркы дүйнөгө бүлүк салган маселенин маселеси болуп отурат. ПРООНдун СПИД боюнча аткаруучу директору Питер Пиот "СПИД пандемиясын биздин келечектеги өсүшүбүзгө жана туруктуулукка ядролук курал же аба ырайынын глобалдуу өзгөрүшүнө тең келе тургандай өтө олуттуу коркунуч деп
таануу зарыл",-деп эсептейт.
Өз кезегинде бул коркунучтуу жугуштуу ооруга карата адамдардын көз карашы жана мамилеси да өзгөрүүгө учурады. СПИД маселеси бир эле медициналык мүнөзгө ээ эмес экенин, анын мындан аркы таралышына каршы туруу үчүн саясый, каржылык жана техникалык ресурстарды жумшоодон сырткары ВИЧ/СПИД менен жашагандардын, андан жабыр тарткандардын укугун коргоону камсыз кылуу керектигин түшүнүү мезгили келди. Эмне үчүн? Анткени, ВИЧ-аялуу топторго карата басмырлоо мамилеси, ар кандай куугунтуктоо "ооруну түпкүргө айдап", анын көзөмөлдөн чыгышына алып келерин турмуш көрсөтүүдө. Анын үстүнө мындай мамиле көптөгөн жаман көрүнүштөрдү, маселен, паракорчулукту, коррупцияны жаратат экен. Өзүнүн жүрүш-турушу менен ооруну жайылтууга алып келип жаткандарга коомдо пайда болгон терс мамиле тескерисинче эпидемиянын андан да күчөп жайылышына өбөлгө түзөрүн көрсөткөн. Ал эми бул жугуштуу оору жалпы адамзатка коркунуч туудурары эске алынуу менен ага чалдыккандардын мыйзамдуу укугун сактоону камсыз кылуу өзүнүн жемишин берерин дүйнөлүк практика далилдөөдө. Ошол себептен ВИЧ/СПИД жараткан көп маселелерди чечүү үчүн анын ар тарабын, коркунучун ж.б. жактарын тыкыр изилдөө зарылдыгы чыгып жатат.
Азыркы учурда ВИЧ/СПИД дүйнөдө адамдарды мерт кылып жаткан бардык оорулардын ичинде төртүнчү орунду ээлейт. Мына ушул көрсөткүчтүн өзү эле сестенте турган факт. Андан дагы бул оорунун таралышы укмуштай тез өсүп, камтыган аймагы кеңейгендин гана үстүндө. UNAIDSтин маалыматы боюнча 2007-жылы ВИЧ/СПИДден 2,1 млн. адам каза таап, 2,5 млн. адам аны жуктуруп алган. Ушу тапта ВИЧке кабылган адамдардын жалпы саны 33,2 млн. адамга жетти. Кээ бир жерде, айталы Африканын Сахарадан түштүгүрөөк өлкөлөрүндө адамдардын өлүмүнүн негизги себеби ушул оору болууда. А айрым өлкөлөрдө адамдардын жашынын узактыгы 10 жылга кыскарып кетти. Мындан да жүрөк үшүн алып турган нерсе 2010-жылы кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги 126 өлкөдө 45 млн. адам ВИЧти жуктуруп алат деген болжолдоо бар. Эгерде ВИЧтин алдын-алуу боюнча бүткүл дүйнөдө абдан натыйжалуу жана кеңири масштабдагы иш жүргүзүлбөсө абдан кыйын болору эмитен эле белгилүү болуп калды.
Кыргызстанда абал кандай? 2008-жылдын 1-апрелине алганда "СПИД" республикалык бирикмесинин маалыматы боюнча ВИЧ-инфекциясы, анын ичинде СПИД менен 1584 адам катталган. А ушул эле жылдын март айында бул көрсөткүч 1535 эле. Бул кабырга кайыштырган көрүнүшкө Ош облусундагы балдарга массалык жугуу болгонун кошсок санаа онго бөлүнгөндөй. Татынакай 41 бала өз милдетине кош көңүл мамиленин, жеткен кайдыгерликтин курмандыгы болуп калышты. Жакында ВИЧке чалдыккан балдарга материалдык колдоо көрсөтүү максатында Президент резервдик фондунан 510 000 сом бөлдү.
Эмне себептен ВИЧ/СПИД тез жайылып жатат? Мунун башкы себеби Кыргызстан наркотрафикке айланганы жана баңги заттарды ийне менен сайынгандардын өсүшү десек болот. Албетте, тышкы миграциянын күчөшү, элдин турмуш деңгээлин төмөндөткөн экономикалык жана социалдык кыйынчылыктардын таасири бар. Бул кесепеттүү ооруга кимдер көбүрөөк чалдыгып жатканына көз жүгүртсөк көп нерсе түшүнүктүү боло түшөт. Баңги заттарын ийне сайынып колдонгондор, сойкулар, эркектер менен секске барган эркектер ж.б. Андыктан, коомдо мындай адамдар эч кандай жардамга жана коргоого татыксыз деген пикир бекем орун алган. Мындай айып тагуунун арты басмырлоого алып барып, а басмырлоодон чүнчүгөндөр оорусун жашырып-жаап, анын жайылышына өбөлгө түзүп жатканын жогоруда айттык. Ал турсун республикабызда медициналык кызматкердин ВИЧ-инфекциялуу оорулуу жөнүндө сырды сактабай жарыя кылганынын натыйжасында ал адам бул жарык дүйнө менен коштошууга аргасыз болгону тууралуу кайгылуу мисал да бар.
ВИЧ/СПИДге байланыштуу дагы бир маселе калк арасында маалымат берип, агартуучулук иштерди жүргүзүү, ток этер жерин айтканда алдын-алуучулук иштер жок же начар деп эле так кесе айтса болот. Ошол эле кезде калктын басымдуусу укуктук жактан сабатсыз болуп, өзүнүн укуктарын билишпегендиктен, укугун мыйзамдуу түрдө коргой алышпайт. Ошондуктан, ар кандай басмырлоодон, жазалоолордон коркушат. А бул ВИЧ/СПИД коркунучтуу оорусунун жолун бөгөп, каршы турууга тоскоол болуп жатат. Көп учурда репрессиялык чараларга калктын аялуу топтору, жумушсуздар, жарды адамдар тушугушат. Калктын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасында укуктук мада-нияттын деңгээлинин төмөндүгү, укук коргоо чөйрөсүндө коррупциянын жогорулугу, алар ишмердигинде репрессияга ык коюп турганы, ал турсун айрым укук коргоо кызматкерлеринин наркотрафикке өздөрүнүн катышып жатканы ВИЧ/СПИДге каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун аксатып жатканы жалганбы?
Жалпысынан алганда Кыргызстанда кылмыш жаза саясатын гумандаштыруу, адам жана жаран укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында жүргүзүлгөн реформалар акырында өз кайтарымын берип, бул аталган ооруну азайтууга өбөлгө түзүүдө. ВИЧ-инфекциясынын жайылышына каршы туруу тутумун калыптандыруу процесси улуттук мыйзамдарга эл аралык укуктун нормаларын киргизүү жана ушул ооруга каршы күрөшүүнү жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү жолу аркылуу жүргүзүлүүдө. Ушул жааттан алганда мамлекетке өзгөчө озуйпа таандык, ал - коркунучтуу илдетке каршы күрөшүүдө ырааттуу саясат жүргүзүү. Ансыз миң сандаган адамдардын өмүрүнө балта чапкан ВИЧ/СПИДди алдын-алуу мүмкүн эмес.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Жаныбек Казы жана басмачылар кыймылы

Жакында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Ата-Манас салонунда гуманитардык факультеттин "Орто Азия тарыхы" клубу тарабынан уюштурулган "Жаныбек Казы жана басмачылар кыймылы" аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга профессорлор Сулайман Кайыпов, Аблабек Асанканов, КТМУ гуманитардык факультетинин ага окутуучусу Роза Абдыкулова, Зуура Алтымышев, Айдын Идил жана башкалар катышты.
Басмачылар кыймылы таптык тарыхнааманын өкүлдөрү тарабынан реакциячыл кыймыл катары сүрөттөлүп келген. Жылдар өтүп мамлекет эгемендүүлүгүн алган соң, басмачылык кыймыл тууралуу илимий көз караштар бир топ өзгөрдү. Ошол кездеги кыргыздын тарыхый инсандарынын бири Жаныбек Казы тууралуу да жаңылыш пикирлер айтылып келген.
Эл кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон инсандардын катарына Жаныбек Казыны кошууга болот. Анын өмүр таржымалы, баскан жолдору бай окуяларга толгон. Кыргызстандан чыгып, Кытай, Пакистанда да жашап калган Жаныбек Казы тууралуу бир эле мамлекетибизде эмес, жогоруда аты аталган өлкөлөрдө жана Түркияда эл оозунда ал тууралуу көптөгөн аңыздар айтылат. Жаныбек Казы кыргыздын тарыхый инсаны катары таанылып, анын өмүр таржымалы, тарыхта алган орду иликтенүүгө
тийиш.
Мына ушул жана башка маселелер тууралуу аталган илимий
жыйында кең-кесири сөз болду.




Ишкердикке илимий көз караш
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экономика жана башкаруу факультети Жал кампусунда
Эл аралык ишкердүүлүк конгрессин өткөрдү.
Конгресске КР Президентинин Администрациясынын Экономика жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат Дикамбаев, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапар Балкыбеков, Экономика жана соода министринин орун басары Азиз Алиев, Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев катышып, Кыргызстандын экономикасы, социалдык жана энергетика саясаты жана алардын келечегине байланышкан маселелер тууралуу айтышты.
Түркиядан Стамбул соода жана өнөр жай палатасынын мүчөсү Абдуллах Чынар, Адана өнөр жай палатасынын жетекчиси Үмит Өзгүмүш жетекчилигинде ар түрдүү секторлордон 30га жакын ишкерлер келип катышты. "Кока-Кола" фирмасынын Орто Азия аймагы боюнча жетекчиси Кристофер У.Ж. Граунт, Бишкек өнөр жай жана соода палатасы, Кыргызстан ишкерлер клубу, Кыргызстан ишкерлер бирдиги IBS жана KITIAD өкүлдөрү да колдоо көрсөтүп катышты.
II Эл аралык ишкердүүлүк конгрессин өткөрүүнүн негизги максаты - түрк тилдүү мамлекеттердеги ишкердүүлүктү өнүктүрүү, бул жааттагы маанилүү проблемаларды илимпоздор, азыркы жана болочоктогу ишкерлер менен өз ара мамилелерди жакшыртуу менен бирге чечүү, ошондой эле инвесторлорду тартуу шарттарын түзүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу "Ишкердик долбоорун иштеп чыгуу" конкурсу өткөрүлгөн болучу, анын жыйынтыгы ушул конгрессте жарыяланып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Конгресс кыргыз жана түрк ишкерлеринин бетме-бет баарлашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Илимпоздордун жана ишкерлердин арасында теориялык жактан тартыш маселелердин иш жүзүндөгү орду каралып, ийгиликтүү ишкер болуунун сырлары, жаш ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар тууралу кеп-кеңештер айтылды.
Алымкан ЖАНЧАРОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты




Россия вновь преподнесла всем урок
Как гражданин Кыргызстана хочу выразить свою искреннюю признательность экс-президенту Российской Федерации Владимиру Путину. За восемь лет его президентства Россия по существу полностью возродилась, преодолев свою былую немощь и упадок, как в экономике, так и политике, вызванные распадом СССР и последовавшими вслед за этим событиями десятилетиями хаоса и стагнации производства, а также демонтажем командно-административной системы управления.
Путин во всех отношениях проявил себя как сильный и образцовый президент, способный быстро навести порядок и преодолеть кризис и разруху в общественной жизни, разброд и шатания в душах. Для него органически не свойственны были такие негативные и уродливые явления, как семейное управление и коррупция, от чего, как известно, столь сильно страдают другие лидеры постсоветских республик. Да что там говорить, многие из нас даже не знают, как выглядит супруга Путина и его близкие и это большой плюс экс-президента. Поскольку, не появляясь на публике со своими близкими, а тем более не выступая с ними по телевизору, Путин тем самым еще раз подчеркивал, что для президента общегосударственные дела, принципиальность и честность должны всегда стоять на первом месте.
Но самое главное, это то, что Путин, несмотря на поистине всенародную и даже всеэсенговскую любовь и уважение и на многократные просьбы народа о том, чтобы остаться президентом еще на один срок - не сделал этого, проявив глубокое уважение к закону и Конституции России, в отличие от многих других лидеров СНГ, для которых смена власти всегда превращается в исключительно болезненную и трудно разрешимую проблему. Говоря проще, все хотят править до конца своей жизни, попирая законы и Конституцию, даже если большинство народа не желает этого.
Я считаю, то, что сделал Путин, передоверив власть в России своему преемнику Д.Медведеву, является настоящим подвигом. И для меня теперь нет сомнения, что Путин останется в истории России наравне со своими великими предшественниками, спасавшими Россию в разные века. Это Александр Невский, Иван Грозный, Петр Первый, Владимир Ленин, Иосиф Сталин. Владимир Путин займет свое достойное место в этом великом ряду.
Хочу также поздравить всех россиян с избранием нового президента Дмитрия Медведева и очень надеюсь, что наши общие дела в СНГ станут при нем развиваться еще интенсивнее, и вместе с возрождением России будут подниматься и все остальные республики бывшего СССР.
Анарбек Усупбаев,
президент общественного фонда "Манас Ордо"