, 16.05.08 - 7-бет: Социалдык жардамга - байытылган ун...№35, 16.05.08-ж.
  Өкмөттө

Социалдык жардамга - байытылган ун
Вице-премьер-министр Нур уулу Досбол республикабыздын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн байытылган ун менен камсыздоо маселесине арналган кеңешме өткөрдү.
Негизги азык-түлүктөрдүн баасынын кымбатташына байланыштуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине Өкмөттүн 2007-жылдын 9-октябрдагы буйругуна ылайык брондон чыгарылган азыктык ундун эсебинен 25 кг. унду арзан баада берүү каралган. 316058 жакыр үй-бүлөлөргө берилүүчү бир жолку бул социалдык жардамдын жалпы көлөмү 7901 тонна болмокчу. Аймактарга жеткирүүгө чыгымдалуучу жол каражаттарына ылайык 1 кг. ундун баасы 15-17 сомдун тегерегинде белгиленди. Өкмөттүн буйругун ишке ашыруу алкагында калктын, асыресе, балдар менен энелердин темир таңсыктыгындагы анемия оорусунун өсүшүнө байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги унду зарыл минералдар жана витаминдер менен байытуу боюнча сунуш киргизди. Учурда ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү гуманитардык жардам иретинде унду байытууга жумшалуучу темири жана "В" тобундагы төрт витамини бар кошмону берүүгө даяр.

Электрондук өкмөт - мезгил талабы
Өкмөттүн демилгеси менен 19-майдан баштап Бишкекте министрликтердин, республикалык ведомстволордун жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери жана маалыматтык технология боюнча адистер үчүн электрондук өкмөттү киргизүүнү чагылдыруу боюнча иш чаралардын сериялары башталат.
Иш чаранын негизги максаты - мамлекеттик органдардын жетекчилеринин мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жогорулатууга, мамлекеттик - жеке өнөктөштүктү калыптандырууга жардамдашуу, ошондой эле мамлекеттик тейлөө тармагына жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө өкмөттүк эмес секторду тартуу.
20-майда №1 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холунда БУУнун университетинен атайын чакырылган эксперттери министрликтердин жана ведомстволордун башчыларын, ошондой эле парламенттик комитеттердин жетекчилерин электрондук өкмөттүн негизги концепциялары, электрондук өкмөттү киргизүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун стратегиялык пландоолору менен тааныштырат.
21-майда министрликтер жана ведомстволордун башчыларынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын жана Өкмөттүн Аппаратынын бөлүм башчылары менен тренингдер өткөрүлөт. Иш чаранын жыйынтыгында 24-май күнү "Ак-Кеме" мейманканасында кызыкдар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, академиялык чөйрөнүн жана өкмөттүк эмес сектордун (ӨЭУ, бизнес-ассоциациялар) өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек үстөл өтмөкчү.
А.ЭСЕНОВ

ТИМ билдирет
Кытайдагы зилзала
12-май күнү бешим убактысында Кытайдын Сычуань провинциясында күчтүү жер титирөө болду. Кытайдын сейсмологиялык бюросунун маалыматына караганда анын күчү 7,6 балл болгон. Миңдеген адамдар өлүп, он миңдеген адамдар жаракат алышты. Өлкөнүн борбору - Пекинде жер титирөөнүн күчү 3,9 баллга жеткен. Ошондой эле жер титирөөлөр Шанхай, Чженчжоу, Чунцин, Чэнду жана Гонконг шаарларын камтыган.
КЭРдин ТИМинин консулдук департаментинен алынган маалымат боюнча (12.30, Пекин убактысы, 14-май) жер титирөөдө курман болгон же жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Кыргызстандын КЭРдеги элчилиги жер титирөө болгон аймакта жүргөн кыргызстандык жарандар менен байланышты. Чунцин шаарында окуп жаткан эки студент Султан Жумамүдинов жана Алмаз Кулукеев аман-эсен, бул жөнүндө алардын жакындарына кабарланды.

Кыргызстандык студенттердин жеңиши
12-майда Стамбул шаарында Түркия Республикасынын ЖОЖдорунда окуп жатышкан чет өлкөлүк мамлекеттердин студенттеринин ортосунда VIII Билим олимпиадасы өттү.
26 мамлекеттин өкүлдөрү тарых, адабият, маданият таануу, география, жаратылыш таануу, эл аралык катнаштар боюнча билимдерин сынашты. Финалдык турга Кыргызстандын, КЭРдин жана Түркмөнстандын студенттери чыгышып, арбын упай жыйнаган кыргызстандык студенттердин командасы биринчи орунду (акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктарды) жеңип алышты. Алар - Стамбул университетинин студенттери Асылбек Абдрахманов, Курстанбек Маматкулов жана Бафор университетинин студенти Мелис Нурмаматов.

Университет менен алака түзүлдү
13-майда тышкы иштер министри Э.Карабаев Бишкектин беш университети менен эл аралык катнаштар чөйрөсүндө: эл аралык укук, Кыргызстандын тышкы саясый жана тышкы экономикалык ишмердиги, консулдук кызмат, эл аралык маалымат, дипломатиялык протокол ж.б. багыттар боюнча адистерди даярдоо боюнча өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу аземине катышты. Документтерге КМУУ, БГУ, КРСУ, МУК жана Кыргыз-Түрк "Манас" университеттери кол коюшту.
Келишимге ылайык министрлик ЖОЖдорго лекторлорун жиберишет, мамлекеттик экзамендик комиссиянын ишине катышат, студенттердин дипломдук жумуштарына жетекчилик кылышат, студенттерди министрликтин бөлүмдөрүндө өндүрүштүк практикадан өткөрүшөт. Ошондой эле, ТИМ университеттерге чет өлкөлөр менен алака түзүүгө жардамдашат.

Биргелешкен брифинг
13-майда АКШнын коргоо министрлигинин борбордук командачылыгынын өкүлдөрү КРнын тышкы иштер министрлиги менен биргелешип "Ооганстандын провинцияларын калыбына келтирүү боюнча командаларга катышуу" темасында брифинг өткөрдү.
АКШ аскерлеринин өкүлдөрү ТИМдин эксперттерине Ооганстанда коопсуздукту күчөтүү жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жардамдашуу боюнча коалициялык күчтөрдүн аткарып жаткан чаралары жөнүндө айтып беришти. Өз кезегинде министрлик Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүгө Кыргызстандын катышуу концепциясы жөнүндө маалымат берди.

С.ЭСТЕБЕСОВ