, 16.05.08 - 2-бет: Президенттин иш сапары...№35, 16.05.08-ж.
  Президенттин иш сапары

Экономиканын өнүгүүсүндөгү мааниси баа жеткис
15-майда, күндүн биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна келди.
Мамлекет башчысы жумушчу сапарын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан цемент заводун көрүүдөн баштады.
Ал курулуш аянтында болуп, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун
координатору, Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов жана долбоордун жетекчиси Ян Фишер мамлекет башчысына курулуш процесстеринин жүрүшү, этаптары жана жалпы технологиялык процесстер жөнүндө айтып беришти.
Алардын сөзүнө караганда, завод ишке кириши менен цементтин сапаттуу - 400, 500, 600 маркалары жана гидрокурулуштар үчүн цементтин атайын түрлөрү чыгарылмакчы.
Заводдун көмүргө болгон керектөөсү Бешбурхан (Кызыл-Кыя) кенинен казылган көмүр менен камсыздалат. Бул максатта узундугу 11 км болгон конвейер курулат. Ошондой эле Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Сүлүктү кендеринин көмүр казуу көлөмү жогорулап, ошол жактан да көмүр ташыла баштайт. Жумуш эки нөөмөттө жүрүп жатат, эмгек акынын көлөмү 8 миң сомдон 20 миң сомго чейин.
Бул жерде мамлекет башчысы куруучулар менен жолугуп, алар менен аңгемелешти. Жолугушуунун катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент Кыргызстан быйылкы жылы биринчи жолу Камбар-Ата-2 ГЭСи жана Кызыл-Кыя цемент заводу сыяктуу ири курулуштарды баштагандыгын белгилөө менен жумушчуларды курулуштагы техникалык, технологиялык процесстерди бекем сактап, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. "Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүндөгү бул заводдун мааниси баа жеткис. Жумуш курулуш аянттарында эле кызуу жүрбөстөн, кендерде көмүр казуунун көлөмү да өсөт. Сиздердин өз колуңуздар менен эбегейсиз зор объектини куруп жаткандыгыңар үчүн сыймыктанууга укугуңар бар. Мен сиздерди биримдикте жана ынтымакта иштөөгө чакырам", - деп айтты.
2009-жылдын мартында продукциянын биринчи партиясын чыгаруу пландалууда. "Эгер биз өткөн жылы саясый ызы-чуулар менен алаксыбай иштегенибизде, анда бул завод азыркы күндө продукция чыгарып баштамак. Бизге туруктуулук жана тынчтык керек. Ошондо биздин бардык аракеттерибиз экономиканы көтөрүүгө жумшалат. Саясатчылар муну жакшы түшүнөт деп үмүттөнөм", - деп айтты К. Бакиев.
Президент долбоордун координатору, Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновго, долбоордун жетекчиси Ян Фишерге, Баткен облусунун губернатору Муратбек Жумабековго, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абдирасул Анарбаевге ыраазычылыгын билдирди.
Долбоордун жетекчиси Ян Фишер мамлекет башчысына долбоордун жетекчилиги менен курулушчулардын жамааты бир күндүк эмгек акысын Кытайдагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге көмөк берүү фондуна чегерүүнү чечишкендиктерин айтты. Мамлекет башчысы бул чечимди колдоду.




Ишмерчиликке жана бийик адамгерчиликке эгедер
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев өзүнүн Ош жана Баткен облустарына болгон жумушчу сапарында, күндүн экинчи жарымында Ош облусунун Ноокат районундагы көрүнүктүү коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун ысмын алып жүргөн айылга келип, Т. Кулатовдун эстелигине гүл койду. Андан соң Президенттин райондун активи жана калкы менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун катышуучулары менен саламдашкан мамлекет башчысы алар менен Кыргызстанда 100 жылдык мааракеси белгиленип жаткан кыргыздын даңктуу уулу Төрөбай Кулатовдун киндик каны тамган уюткулуу жерде жолугушуп жатканына кубанычта экендигин белгиледи. Президент Төрөбай Кулатовдун эң улуу, суктана турган касиеттерге - жөнөкөйлүккө жана бийик адамгерчиликке эгедер адам болгондугун айтты.
Мамлекет башчысы Т.Кулатовдун өмүр баянына кыскача токтолуп, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүндө зор орду бар - Чоң Чүй каналынын, Быстровка-Балыкчы темир жолунун, Айдаркен, Кадамжай, Актүз заводдорунун, Ош-Бишкек жолунун жана Орто-Токой суу сактагычынын ж. б. ири долбоорлордун ишке ашырылышында Т. Кулатовдун үлүшү өзгөчө зор экендигин белгиледи.
Андан соң Президент азыркы күндө өлкөдөгү саясый абал туруктуу экендигин жана бул экономиканын өсүшүн шарттап тургандыгын айтты. Мамлекеттик бюджеттин көлөмүн эки эсеге өстүрүү менен бюджеттен айлык алган кызматкерлердин эмгек акылары кыйла көтөрүлдү. Социалдык объектилерди, көпүрөлөрдү, автомобиль жолдорду курууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өз каражатыбызга Камбар-Ата-2 ГЭСи курулууда. Бийликтин жергиликтүү органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында аларга кызматтык автомашина, компьютердик техникалар бөлүнүп берилүүдө.
Сөзүн аяктап жатып, Президент экономикалык өсүүнү камсыз кылууга багытталган жаңы экономикалык саясатты ишке ашыруу башталгандыгын, өкмөткө өлкөнүн энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чукул чараларды көрүүгө тапшырма бергендигин белгиледи. Президент айыл өкмөтүнүн башчысына жаңы кызматтык автомашинанын ачкычын жана Т.Кулатовдун музейине компьютердик техника комплектин тапшырды.


Биримдик болсо - бардык кыйынчылыктарды жеңебиз
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Ноокат районундагы Кулатов айылындагы эл менен жолугушуудагы сөзү
Урматтуу мекендештер, кадырман эл-журтум!
Улуу инсан, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун кичи мекени, киндик каны тамган айылына келип, анын жердештери менен жолугуп жатканыма мен абдан кубанычтуумун.
Ушул кыргыздын мыкты адамынын элесин берип турган айкелдин алдында бир нерсени өзгөчө басым жасап белгилеп кетким келет. Төрөбай агабыздын өрнөктүү өмүрү - бул тирүү пендедеги эң улуу, суктана турган касиет - жөнөкөйлүк экендигинин зор үлгүсү.
Адамзаттын тарыхы нечендеген даанышмандарды, падышаларды жана жетекчилерди билет. Бирок элдин, урпактардын эс-тутумунда биринчи кезекте дал ушул бийик адамгерчиликти туу туткан адамдар калат.
Төрөбай Кулатов дал ошондой адамдардан болгон. Экинчи бир айта турган нерсе бар. Кырк жыл бою эң жогорку кызматтарда - Кыргызстандын Эл комиссарлар Советинин төрагасы, Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы болуп иштегендин өзү биздин өлкөдө, мурдагы Советтер Союзунда гана эмес, дүйнө жүзүндө чанда боло турган уникалдуу окуя.
Төрөбай Кулатов СССРдин Жогорку Советине 9 жолу депутат болуп шайланган. Бул да өзүнчө рекорд. Ошондой эле республикабыздын Жогорку Советинин да 9 жолку чакырылышынын депутаты болгон.
Аны менен катар 1946-жылдан 1978-жылга чейин Төрөбай агабыз СССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Төрөбай Кулатовдун эмгеги жогору бааланып, 5 Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, 4 Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Элибиздин тарыхындагы көрүнүктүү окуялардын дээрлик бардыгы Төрөбай Кулатов агабыздын катышуусу менен болгон. Орто-Токой суу сактагычы жана Чоң Чүй каналы, Быстровка-Балыкчы темир жолу, Айдаркен, Кадамжай, Актүз заводдору, Ош-Бишкек жолу жана көптөгөн башка объекттер биздин экономиканын бекем пайдубалын түзгөн.
Мына бул чакан эстеликтин алдында туруп бир нерсени айтып кетким келет. Жогорудагы бардык курулуштар да ар бири өзүнчө тарыхтын алтын барагына жазганга татыктуу.




Кароол чоку казылбайт
Кыргыз улуттук "Манас ордо" комплексинде Талас өрөөнүнүн үч муунунун жолугушуусу өткөрүлүп, ага 200гө жакын өкүл катышты. Жыйындын катышуучулары биримдик, ынтымак, ыйман, өлкөнүн бүтүндүгү жөнүндө кеп козгошту. Ошондой эле экинчи маселе Кароол чокуну казуу иштерин улантуу керекпи же токтотуу керекпи деген маселенин тегерегинде сөз жүрдү. Чыгып сүйлөгөн адамдардын дээрлик бардыгы Кароол чокуну казууга каршы пикирлерин билдиришти. Алар ыйык жайды эч кандай далилсиз казуу мыйзамсыз экендигин баса белгилешти.
Республиканын мамлекеттик архив башкармалыгы-
нын директору Чолпонбек Абыкеев, Бакай-Ата
районундагы эмгек ардагер Абдыкадыр Кенесариев гана казуу иштерин улантуу керек, 4000 тонна алтын кенч табылып калса, өлкөнүн экономикасына чоң пайдасы тиет деген ойлорун айтышты. Жогорудагы эки адам 3 грузинге казуу иштерине бир аз мүмкүнчүлүк берилсе кенчтин бар же жок экендиги тастыкталып, бул маселеге чекит коюлат дешти.
Жыйындын катышуучуларын алардын пикири ынандырган жок. ХХI кылымда илимий-техникалык прогресстин заманында мистикалык гана ишеним менен ыйык жайды казуу ыймандык жана мыйзамдык жактан туура келбейт дешти.
Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков эл биримдигин арттырган форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, Ка-роол чокуну казуу иштерин токтотуу сунушун колдоду. Маселени ар тараптуу карап, илимпоз окумуштуулардын, адистердин илимий тыянактарысыз казуу иштерин жүргүзүү негизсиз деген пикирди айтты.
Жыйында өлкөдө биримдикти, ийгиликти арттыруу боюнча жалпы кыргыз журтчулугуна Кайрылуу кабыл алынды.
Жыйындан соң түлөөканада айкөлдүн арбагына багышталып куран окулуп, даам сызылды.
Козубек ИМАНКУЛОВ




Пейил оңолсо иш оңолот
2008-жылдын 14-май күнү "Манас Ордодо" өткөн үч муундардын өкүлдөрүнүн жыйынында калк арасында биримдикти чыңдоо жана ыйман, ызаат менен пейилди оңдоо туурасында талкууланган маселелер боюнча жыйындын катышуучуларынын
кыргыз журтчулугуна карата Кайрылуусу

Кутмандуу калайык!
Ак-карага тегиз караган, "кара кылды как жарган" калыс журт! Биз, үч муундун өкүлдөрүнүн касиеттүү Манас атанын ордосунда өткөн жыйынында талкууланган маселелер боюнча сиздерге кайрылабыз.
Жаңы, эгемендүү заманыбыз - жаңы журт, жашыл конушка ээ болгондо, "эки тизгин бир чылбыр" колго тийип, теңир алдында эркин эл болуп, укуктук мамлекетти куруп жатабыз.
Бул түпкү ата-бабаларыбыздын көксөгөн көйгөйү, тилеген тилеги эле. Атабыз Манас да ушул күндү эңсеп, "курама жыйып журт кылып, кулаалы таптап куш кылган" кыргыз элин түптөп, өмүрүн арнаган.
Буга ириде элдин биримдиги, ынтымак менен ызааты, жакшылыкка койгон тилеги, ак дили, актай тунук пейили, келечекти көрө билген көрөгөчтүгү, "кара кылды как жарган калыстыгы" менен
боорукердиги, бирин-бири кадыр туткан ызааты өбөлгө болгон.
Ошондон улам ата-бабаларыбыз "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" деген мааниси терең накыл кепти бийик туткан. Жакшылыкка жан үрөп кол кабыш кылышкан, улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, жамандыкты тең көтөрүшкөн. Улуулугуна дил төшөп, биримдикте болушкан. Булардын баары ата-бабадан нарк-насил катары жашап келген улуу дөөлөт. Бизге калтырган таберик. Укум-тукумга калар көрөңгө.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө ири бурулуштар болууда, кайсыл тармакта болбосун жылыштар бар. Маданият, социалдык чөйрө жакшырууда. Айлык маяналар, пенсиялар жыл сайын көбөйүүдө. Турак-жайлар курулуп, жолдор оңдолуп, жакшылыктын жышааны айкын сезилүүдө.
Бирок, эркиндикке жеткен заманда аталардан калган бийик сапаттар өз деңгээлинде болбой турганы жан кейитет. Кудайга шүгүр, жылдан-жылга турмуш тиричилик оңолуп баратат. "Көч бара-бара түзөлөт" - дегендей бүгүнкүдөн эртеңкиси жакшырууда. Антсе да, пейлибиз оңолбой жаткандай. Бири-бирибизге болгон мамилелерибиз начарлап, тууган-тууганына, бала-атасына, кыз-энесине карабай калган адамгерчиликке жат көрүнүштөр бар. Аны жашырууга болбос.
"Пейил оңолсо - иш оңолот" деген бабалар. Биздин маданияттуулугубуз, ийкемдүүлүгүбүз, ыйманыбыз жакшылыкка тилектештигибиз ушуга байланыштуу. "Ыркы жок элден ырыс качат" деген накыл кеп туура көрүнөт. Бөөдө сөздүүлүк, көралбастык, ичи тардык элдин тынчын кетирип жер тепкилеп, ызы-чууга түшүрүп, көчөлөрдү тосуу, пикетке чыгуу, жөө жүрүштөрдү уюштура коюу, массалык баш аламандыктар биримдигибизге жик салып, келечегибизге балта чаап жаткандай сезилет.
Карыларда касиет, жаштарда ыйман, кыз-келиндерде ызаат, энелерде мээрим болсо, биримдик, ынтымак уялап, кылым карыткан калкыбыз түпкүлүктүү, түбөлүктүү болоору шексиз. Бөлүнүп-жарылбай эгемендүү мамлекетибизди чыңдап, анын кубаттуу болушуна, өсүп-өнүгүшүнө ар бирибиз салымыбызды кошуубуз атуулдук парз.
Ыйык боордоштор! Биз сиздерди сабырдуулукка, көрөгөчтүккө, ыйман-ызааттуулукка, жакшылыкка бел болууга, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө дем болууга чакырабыз.
Биримдикти ыйык тутуп, бар бололу, бир бололу,
боордоштор!