, 16.05.08 - 11-бет: Їч районго ысымдары ыйгарылса...№35, 16.05.08-ж.
  Окурмандар "Эмгектин баатыры"
деген наам киргизилсе дешет

Үч районго ысымдары ыйгарылса...
Өлкө жетекчилеринен Искак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев улуу инсандардан. Дүйнө окурмандары Ала-Тоодой талантына таазим эткен Чыңгыз Айтматовдун ааламды дүңгүрөтүп турган ооматына сөз жок.
И.Раззаковдун адамдык дүйнөтаанымы, кыргыз өлкөсүнүн өсүшүнө кошкон салымы, кылчоку адамгерчилиги, кыргыз эли-жери үчүн түбөлүк күйүп турган жалын экендиги, ошол өмүр отунун табы бүгүн калкыбыздын "эл" деген эрендеринин жүрөгүнө тамызгы от коюп, республиканы камкордугуна бүгүн да ороп тургандыгы кийинки муундарды сыймыктандырат, намыстандырат, арына келтирет, курчутат.
Турдакун Усубалиев терең
деңиздей, бардыгын жууп-чайып тазартып турган таза суудай, уюштуруучулукту, жаза кетирбес кылдаттыкты, эл жүрөгүндө жашап калуучу түбөлүктүүлүктү өз колунан жасаган чебер устат. Өңгөсүн айтпасак да, кийин эле депутат кезинде Акталаада ар бир айылга келип, элге жолугуп, бардыгын билип, ошого жараша жардамын берип, баштагы калыбынан бир жазбаганы эмне деген жөнөкөйлүк, эмне деген бийиктик!
Ошондой жолугушуулардын биринде жүргөндө жубайы дүйнө салганы да шайлоочулардын эсинде. Ак-Талаада гезиттин редакциясына кирип, ахвалды атайын сураганы, кызматкерлердин жашоо-шарты менен кеңири таанышканы, материал бергени, райгезитке өкмөт сөзсүз көңүл бөлүүсү зарылдыгын, ансыз Президенттин саясаты элге жетпей тургандыгын, райгезитти баштагыдай бюджетке өткөрбөсө, кызматкерлерин мамлекеттик кызматчы катары тааныбаса, мамлекет жергиликтүү гезитти партиянын тушундагыдай колдобосо болбой тургандыгын өкүнүү менен айткан. Бишкекке барганда тартынбай кирип тур деген. Бирок, ал кишинин райгезиттерге камкордук көрүү жөнүндөгү идеясы кабыл алынбай, ушу кезге чейин күн тартибиндеги маселе бойдон болууда.
Бул киши республиканын жетекчилигинде турганда өлкө өсүүнүн И.Раззаков баштаган, үмүттөнгөн бийиктик чегине чейин өсүп жетти десек болот. Экинчи Сибирь аталган Ак-Талаанын кыштоолоруна чейин Ильич шамы жеткен. Кыш заводу, асфальт заводу, Ала-Бука насостук станциясы ишке киришти, райондук чоң автобаза элге кызмат кылды. Жаман-Дабан суу сактагычынын курулушунун көбү бүтүп, каналы курулуп, талааларга суу чыккан. Республикада Токтогул ГЭСинин бүткөрүлүшү элибиздин жеңишине айланды. Соң-Көлдүн сакталып калышы эмне деген эрдик!
Ийгиликти илгерилетип, учун улап, түптөлгөн түбүн дагы бекемдөөдө А.Масалиев Кыргызстандын тарыхында калды жаркырап. Негизи, жакшыны жакшы гана улайт. Апсамат аганын адамдык, жетекчилик үлгүсү, эң жөнөкөйлүгү, иштермандыгы, калыстыгы, эң эле тактыгы - терең, туура ойлогон адамды сөзсүз тазартат, кагынтат-силкинтет, жакшылык жолго түшүүгө чакырат, оң сапарга салат. Кийин да республиканы А.Масалиев башкарып, Президент болуп калганда, азыркы биздин турмуш мындан жүз эсе жогору турмакпы...
Көптөн бери өлкөнүн урунттуу маселелерин козгоп жүргөн мыкты журналист Папан Дүйшөнбаевдин "Кыргыз Туусуна" жазган Биринчи май, Свердлов райондорунун атын Т.Усубалиев менен Ч.Айтматовдун атына которуу жөнүндөгү пикири элдин чыныгы оюндагы маселе. Албетте, Киев көчөсүнө Масалиевдин атын коюу туурасындагы маселеге деле жок дебейбиз. Бирок, эл башындагы адамды тайга мингизип, анан эл аралатып коё берсе кандай болот? Ленин менен Октябрь маанисин терең карасак, бир эле Ленинди туюндурат. Ошондуктан, Ленинди калтырып эле, Октябрдын ордуна "Апсамат Масалиев атындагы район" десек эч ким каршы чыкпайт.
Ал эми 1-май менен Свердлов эч качан Т.Усубалиев менен Ч.Айтматовдон кымбат эмес. Журналист ушул жаатта түшүнөөрлүк, жетишээрлик фактыларды колдонгон. Айта берсек, коңшу республикаларда эле эмес, дүйнөлүк масштабда салыштырмалуу мисалдар көп. Сөздүн ток этээр жери, шаардын мэриясы кылчактабай туруп үч районду Усубалиев, Айтматов, Масалиев району атап, шаардык чөйрөдө салтанат күнүн белгилеп, ошол куттуу күндө республиканын бурч-бурчунан өкүлдөр катышкан тарыхый эсте калаарлык азем жасоо керек. Бул ибарат кийинки муундарга тазалык, эмгек жасоо, өлкөнү, улуттуу өнүктүрүү, өз элин, жерин, адамзатты сүйүү, өмүрдөн ашык урматтоо деген эмне экенин так, айкын түшүндүрмөкчү.
Өмүрбек ДӨЛӨЕВ, акын,
"Ак-Талаа-Эл" коомунун
вице-президенти,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, персоналдык пенсионер,
Акталаа району, Баетов айылы




  Адам эмгеги туура бааланса...

(Башталышы 1-бетте)
Кийинки мезгилде наамдар сатылып жатат деген сөздөрдү да угуп жүрөбүз.
Эл арасында туура эмес берилип жаткан наамдар жөнүндө да сөз болуп жүрөт. Мисалы - "Эл баатыры" деген наамдын акын-жазуучу, ар-
тисттерге берилиши. Негизи баатыр деген наам баатырлык кылгандарга берилсе. Бир куплет ырын эч ким жатка айтпаган акындар эл баатыры болуп жүрүшсө жарашпай эле турат экен. "Эмгектин баатыры" деген наам киргизилсе туура болмок.
Район, шаар, көчөлөрдү атоо да бүгүнкү күндүн талылуу маселелеринин бири. Апсамат Масалиевдин ысымы Бишкектин бир чоң көчөсүндө коюлса туура болот. Ал кишинин
сиңирген эмгеги, тазалыгы кийинки чоңдорго үлгү, сабак болууга тийиш.
Бишкек шаарында, мисалы, "Патрис Лумумба", "Мессарош" көчөлөрүнө өзүбүздүн элге эмгеги сиңген, эл урматтаган адамдардын аттарын койсок. Сырттан келген эл да бул Кыргызстан экендигин сезишмек. Борбор шаарыбыздын төрт районунун аттарын өзгөртүп Искак Раззаков, Турдакун Усуба-лиев, Төрөкул Айтматов, Төрөбай Кулатов деп коёлу.
Соотбек ТОКТОГАЗИЕВ,
"Муңбаскөл"
жоопкерчилиги
чектелген коомдун башкы директору
Шабдан ОРОЗАЛИЕВ,
эмгектин ардагери,
милициянын полковниги,
Талас шаары




  А мен каршымын

Атын калтыралы дебей, эмгегин баалайлы...
Кесиптешим, белгилүү журналист Папан Дүйшөнбаевдин "Биринчи май, Свердлов бизге Т. Усубалиев менен Ч. Айтматовдон да кымбатпы?" деген макаласында көтөрүлгөн проблема чынында эл арасында бир беткей пикирге ээ болбогон маселелердин бири. Атүгүл бул кыргыз элинин канчалык деңгээлде өнүккөн-өскөн эл экендигинин да белгиси. Анткени ар бир өнүккөн-өскөн эл өзүнүн тарыхына, өткөнүнө абай, олуттуу, ойлонулган мамиле жасайт эмеспи. Башкысы - мында тарых бул ар ким өзү каалагандай ченеп-быча коё турган, же өзгөртө бере турган кол жоолук болбошу керек.
Азыр биздин айрым ура-патриоттор каалайбы-каалабайбы, бирок расмий алганда 1863-жылы кыргыз эли (Орто Азиядагы кошуна элдер сыяктуу) Россия империясынын курамына киргенибиз тарых. Аны биз тана албайбыз. Падышалык Россиянын колонизаторлук саясатынан улам жергебиздеги айыл чарбасына, өзгөчө дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерибиз, стратегиялык аймактар орус көчмөндөрү (переселенцы) тарабынан өздөштүрүлүп, кыштактар салынганы, демек, алардын алгачкы аталыштары орусча болгондугу, кийин алардын бир тобу бара-бара шаарларга айланганы да чындык. Биринчи дүйнөлүк согуш чыгып, анда падышалык Россия адам ресурстарына да муктаж болуп, анан материалдык салыктардан тышкары эмгек армиясы деп аталган жумушчулар батальондоруна мандикерлерди ала баштаганына нараазы болгон эл каршылык көрсөтүп, ошондон улам аны басуу аракети кыргыз элинин айрым региондорунда каршылык жаратып, анан орус карателдик отряддары тарабынан массалык кыргын башталган. Ал 1916-жылы кыргыз элинин тагдырындагы эң трагедиялуу окуяга - Улуу Үркүнгө алып келген.
Албетте, тарыхта "эгерде андай болбой мындай болгондо..." деген нерсе жок. Бул тагдырдын маңдайыңа жазганы сыяктуу. Ошентсе да эгерде 1917-жылы Октябрь революциясынан улам кыргыз жергесине да совет бийлиги орнобогондо... Анда биздин элдин тагдыры кандай болмогун элестетүү кыйын. Канчалаган ашуу-белдерде, андан аман ашып өткөндөрү ачкачылыктан кырылып, же Кытайдагы уйгур-дунгандарга малайлыкка жалданып, өлбөстүн оокатын көрүүгө аргасыз болгон ата-бабаларыбыз кайтып мекенине келери күмөн болчу. Өз алдынча мамлекеттүүлүк аларыбыз андан да бетер күмөн. Алган күндө да азыркы Ооганстандай болуп уруу-уруулар чабышкан, сабатсыз жана ар кандай ири державалар арасында алар ойногон шахмат оюнундагы пешканын тагдыры башыбызга түшмөгүн накта коммунисттер Клара Ажибекова менен Исхак Масалиев сыяктуулар гана эмес, совет мезгилин көрүп, совет тарыхын окуп калган, калыс ой жүгүрткөн ар бир кыргыз да айтат.
Анан да, баарыбыз тарых китебинен окугандай, 1913-жылыбы, падышалык Россиянын бир чиновниги кыргыздардын сабаттуулугун жоюу үчүн 4 миң жыл керек болот деп жазганы да тарых чындыгы эмей эмне? Эгерде кыргыздардын сабаттуулугун жоюу ошол падышалык Россия мезгилиндегидей ылдамдыкта жана ошол мезгилдегидей системада өнүгүп отурса, ошол чиновниктин жазганындай эле болмок.
Мына өз алдынча мамлекеттүүлүк алганыбызга 17 жылга аяк басса да биз совет бийлигинин жылдарындагы алган билимибизден улам өз алдынча мамлекет катары калыптана алдык. Же мына ошол совет мезгилинде курулган инфраструктуралар - ГЭСтер, ТЭЦтер, жолдор, темир жолдор, көпүрөлөр, айыл чарба жана башка техникалар, шаймандар негизинен экономикабызды таптакыр кыйроодон сактап калып, дагы да кызмат кылып жатканы жалганбы?
Мына ошондуктан, менин пикирим боюнча, совет мезгилинде коюлган энчилүү аттарды эми ойлонбостон туруп өзгөртө берүүгө киришүү, же алар менен "тап күрөшүн уюштуруу" бери эле болгондо өткөн тарыхыбызга, кыргыз элине зор жетишкендиктерди алып келген, атүгүл СССР кыйрагандан кийин эч кандай жоготууларсыз өз алдынча мамлекет болуп жашап кетүүбүзгө шарт түзгөн мезгилге балта чабуу болот. Бул биздин жакшылыкты билип, аны баалай албаганыбыз катары кабылданат. Эмне, кыргыз элинин эс тутуму ушунчалык эле кыскабы?
Ал аталыштарды калтыруу алардын ысымдарына сыйынуу эмес, өз тарыхыбызга аяр мамиле катары кабылданышы керек. Биз эмне болочок муундарыбыз бизди дүйнөдөгү алдынкы цивилизацияланган улуттардын катарына кошкон совет бийлиги жөнүндө кийинки урпактарыбыз билбешин каалап жатабызбы?
Негизи биз өз алдынча мамлекет болгондон кийин ансыз да "балалык оорудан" арыла албай, жөн эле жерден бир катар энчилүү аттарды кайра өзгөртүп жибердик. Мезгил көрсөткөндөй, аныбыздан майда болсо да зыяндан башка пайда боло элек. Алыс барбай Бишкектин мисалын алалы. Сырттан жаңы көчүп келгендерди айтпай койгондо да, көп жылдан бери жашап келген бишкектиктердин канча пайызы жаңылбай туруп Тыналиев, Бакаев, Жунусалиев, Малабаев, Медеров, Жумабек, Таабалдиев, Юнусалиев, Шабдан Баатыр, Абай жана башкалар сыяктуу кайра аталган көчөлөрдү таап бере алат? Көпчүлүк эл аларды баягы эски аталыштары менен аташат. Кийинки которулгандарды айтпай эле коёюн, эң алгачкылардан болуп аталган, биздин гезиттин редакциясы жайгашкан Абдумомунов көчөсүн, күнүгө маршруттук такси менен келип жүрүп өзүм эң жакшы билгендей, эч ким азыркы аты менен атабайт. Кыргыздар "Кирова көчөсү" (дал мына ошондой орусча аталышы боюнча) деп гана аташат. Мен 3 жылдан бери "Абдымомунов көчөсүнөн токтотуп коюңуз" деп айткандан тажабайм, ал эми айдоочулар менен башка жүргүнчүлөрдүн баары "Кирова көчөсүнөнбү?" деп кайталап, тактап сурагандан баш тартпай келишет.
Андан да кызыгы ошол көчөлөр кайра аталганда шаардын бюджетинде каражат жоктугунан улам мэрия ал көчөлөрдөгү табличкаларды жаңыртканды ошол кайра атоого демилге көтөргөндөргө жүктөп коёт. Анан алардын айрымдары акчасын аяшып, көчөнүн башындагы бир-эки, аягындагы бир-эки үйгө табличка илүү менен чектелишет. Ишенбегендер ошол кайра аталган көчөлөрдү баштан-аяк кыдырып көрсө болот. Мына ушундай кайра атоолор шаардын картасы, планы сыяктуу ар кандай керектүү документтерди түзүүдө канчалык кошумча чыгымдарды гана эмес, ыңгайсыздыктарды да жаратканын айтпай эле коёлу!
Экинчиден, көчөлөрдүн, айылдардын аттарын өзгөртүүдөгү максат эмне? Албетте, П. Дүйшөнбаев жогоруда аталган макаласында айткандай - биздеги элге, республикага эмгеги сиңген адамдарыбыздын атын кийинки урпактар билип, унутпай жүрүшү. А биз аттарын коюп койгондо эле кийинки "марс", "сниккерс" жеп, "Кока-Кола", "Фанта" ичип, "Гарри Поттерди" окуп, туулган күндө "Хэппи бөөздей ту юу" деп куттуктап жүргөн жаштарыбыз аларды эстеп калышабы? Менде буга чоң күмөн бар.
Мисалы, азыр көпчүлүк Медеров көчөсүн - Медерова, Малабаевди - Малабаева, Токтогулду - Токтогула, Акиевди - Акиева, Бөкөнбаевди - Бөкөнбаева, атүгүл, Бөкөнбайка деп атап жүрүшпөйбү. Эми ошолор А. Масалиевди - Масалиева, Т. Усубалиевди - Усубалиева деп аялдарга айландырып атап албай тургандыгына, районго аты коюлса эле аларды эстеп, өмүр баянын окууга кирише тургандыгына ким кепилдик берет? Ошентип сүйлөп жаткандардан кыргыз мамлекетинин калыптанышына эмгек сиңиргендер жөнүндө сурап болобу? Же алардын ким болгонун эстеп, алардын эмгегин урматтайт деп айта алабызбы?
Андан да коркунучтуусу - бизде бир нерсе башталса эле ал өнөктүккө айланып кетмейи бар. Азыр айылдардагы мектептерди, көчөлөрдү бала-чакалары тыйындуу болуп алышкан көзү өткөн инсандардын аттары менен атай башташты. Атүгүл, ушундан улам эки тарап болуп чатакташып жатышкандар да бар. Эми аттарын коюп жатканда тигил региондогу атактуу кишилердин ысымдары коюлуп, бул региондогу алардан кем эмес адамдардын ысымдары эмне үчүн коюлбайт деген маанидеги талаштар да чыгып кетиши толук мүмкүн. Кыргызда "Берип жаман көрүнгөнчө бербей жаман көрүн" деген акылман сөз бар. Мында да баланча ишмердин аты чоң көчөгө коюлуп, андан кем эмес эмгек сиңирген түкүнчө ишмердин аты четки көчөгө коюлуп калыптыр деген маанидеги дооматтар чыкпай турганына ким кепилдик бере алат? Эң башкысы мына ошондой прецедент түзүүгө жол бербөө керек.
Менин оюмча биздеги өлкөгө эмгеги сиңгендердин аттарын тарыхта калтыруу аракеттери туура. Бирок, ал үчүн мамлекет өзү каржылоо менен алар жөнүндө китептерди, эскерүүлөрдү, архивдик документтерди ар кандай формаларда - китеп, альбом, брошюра түрүндө массалык нуска менен басып чыгарып, документалдуу фильмдерди тартып, аларды мектептердин, атайын жана жогорку окуу жайларынын китепканаларына бекер таратып, музейлерин уюштурса туура болмок. Анан да ат коюу ушунчалык зарыл болсо, азыр жаңы түптөлүп жаткан кичирайондорго, жаңы конуштарга, алардагы көчөлөргө коюу эстүүлүк да, логикага ылайык да болмок.
Мырзакат Тыналиев,
"Кыргыз Туусу"