, 13.05.08 - 12-бет: "Ысык-Кєл" форумунун алгачкы жыйынына 12 єлкєдєн 17 єкїл катышкан...№34, 13.05.08-ж.
 "Ысык-Көл" форумунун алгачкы жыйынына
12 өлкөдөн 17 өкүл катышкан

"Ысык-Көл" форумунун гуманисттик идеяларды жаңы калыптандыруудагы ролу
(Башталышы гезиттин №19 санында)
Ага чейин жазуучунун андай аракеттери бери болгондо эле ээнбаштык, космополиттик көрүнүш катарында каралып, тийиштүү органдардын шектенүүлөрүн, ашыкча кийлигишүүлөрүн пайда кылбай коймок эмес.
Дүйнөлүк интеллектуалдардын мыкты өкүлдөрүнүн коомдук турмушубузга "Ысык-Көл форуму" деген ат менен кирип калган шерине-жыйынынын мааниси маданий руханий чөйрө менен гана чектелбестен, жаңыланууга, өзүн-өзү жалпы адамзатка таандык
баалуулуктарга индентификациялоого негиз, ал үчүн интеллектуалдардан жөлөк издеп турган партиянын ички, тышкы саясаттарына да чоң таасирин тийгизди. Же жазуучунун ошол мезгилде жарыялана баштаган "Кыямат" романы социалдык терс көрүнүштөргө коомчулуктун көңүлдөрүн бурдуруп, азыраак гана козголо баштабаса, негизинен летаргиялык уйкуда жаткан коомдук аң-сезимди ойготууда кандай катализатордук милдетти аткарса, форумдун өзүнүн өткөрүлүш фактысынын, анын жыйынтыктарынын саясатка, жалпы рухий чөйрөнү жандандырууга тийгизген таасири андан кем болгон эмес. Тилекке каршы, "Ысык-Көл форумунун" бул багыттагы мааниси өз учурунда, же андан кийинки убакыттарда жетишерлик ачылып берилген жок. Алсак, Рим клубу жөнүндө ондогон эмгектер жарыяланып, клубдун ишкердиги, анда козголгон маселелер, дүйнөлүк процесстерге тийгизген таасири ар тараптан талдоого алынган. Ошондой масштабда сөз козгоо ашкере болсо да, "Ысык-Көл форумун" кайра куруунун, жаңыча ой жүгүртүүнүн контексттеринен карап, анын тарыхтагы, коомдук турмуштагы ордун ачып берүү талап кылынат.
Форумдун 1986-жылдын 13-октябрынан 16-октябрына чейин адегенде Бишкектен жогорудагы Ала-Арча капчыгайындагы резиденциялардын биринде башталып, анан Ысык-Көлдүн жээгинде аяктаган алгачкы жыйынына 12 өлкөдөн дүйнөлүк интеллектуалдардын кандай уюму, жыйыны болбосун аброй, салмак кошорлук, ар кимисинин өз чөйрөсүндө бекем ордулары, айрымдарынын өкмөттүк эмес уюмдарда иштөөдө да чоң тажрыйбалары бар Рим клубунун президенти Александр Кинг, Эфиопиялык дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Афеворк Текле, Франциялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон, Америкалык футуролог-окумуштуу Олвин Тоффлер, Англиялык жазуучу жана киноактёр Питер Устинов, Америкалык драматург Артур Миллер, Испаниялык окумуштуу жана коомдук ишмер, кийинчерээк ЮНЕСКОнун башкы секретары болуп шайланган Федерико Майор сыяктуу 17 өкүл чогулушкан.
Ч.Айтматовдун сунушу боюнча алгачкы жыйындагы маектешүүлөргө, дикуссияларга "Чыгармачылык аркылуу аман калуу" деген шарттуу тема девиз кылынып алынган. Мында, албетте, жазуучу эмне үчүн ошол мезгилдердеги "Коом жана сүрөткер", "Маданият - достуктун көпүрөсү" деген сыяктуу популярдуу, көпчүлүккө жеткиликтүү темалардын бирин сунуш кылбастан түшүнүүгө татаал, калктын көпчүлүгүн кызыктырбай да турган философиялык футуристтик темага токтолгон? - деген суроо пайда болбой койбойт. Аман калуу деген негизинен тирүүлүк деген сөздүн синоними. Орусчасынын деле уңгусу бир "выживание" "жить" деген сөздөн келип чыгат. Деги анда чыгармачылыктын биологиялык категорияга кандай тиешеси бар?
Форумдун алгачкы жыйынынын материалдары, өзгөчө Ч.Айтматовдун андагы кириш сөзү менен таанышкан адам, жазуучу: адам руху - чыгармачылыктын жыйынтыгы, жемиши. Адамзатты, жалпы тирүү нерселерди ядролук, экологиялык алааматтардан сактоо үчүн акыл-эсти моралдык, нравалык жана материалдык жактардан өркүндөтүп, анда учурдун императивине адекваттуу жаңы баалуулуктарды, көз караштарды жана социалдык этологияны калыптандыруу керек деген парадигманы сунуш кылгандыгын көрөт. Же Ч.Айтматов "чыгармачылык аркылуу аман калуу" деген тема аркылуу Рим клубунун алгачкы негиздөөчүсү А.Печчеинин "адамдык сапатты жакшыртуу" деген түшүнүгү менен, А.Швейцер менен М.Гандинин "тирүүлүктү аздектөө" тууралуу окууларын синтездештирген. Жазуучунун көз карашы боюнча алдына гуманисттик максаттарды милдет кылган чыгармачылык - кандай учурда болбосун, мейли саясаттабы, же экономикалык, социалдык чечимдердеби, же маданий, руханий турмуштабы, айтор, бардык жерде жалпы адамзаттык баалуулуктарга, жалпы тирүүлүктүн кызыкчылыктарына приоритет берүү болуп саналат. Мындан биз автордун 70-жылдардын башталышынан бери кайталап келген "Планетардык ой жүгүртүү" жөнүндөгү көз карашынын "жаңы-
ча ой жүгүртүү" деген түшүнүккө трансформациялангандыгын көрөбүз.
"Тиричиликти улам демитип, кысып келе жаткан коркунучтун алдында тунук аң-сезим касташуунун жана жек көрүшүүнүн сокур инстинктинин, эгоцентризмдин бардык - коллективдүү жана жекече жийиркеничтүү көрүнүштөрүнүн үстүнөн артыкчылык кылат деп ишенип, биз, бардыгыбыз акыл-эске таянуудабыз, - деген ал форумдун жыйынын ачып жаткандагы кириш сөзүндө.




  Чоңташтагы Атабейит шейиттерине - 70 жыл

Кожокан Шооруков
Атабейиттен түбөлүккө жай тапкан чыгаан
Кыргызстанда массалык репрессияны ырбатууда партиянын басма сөз органы "Правданын" ашкерелөөчү макалалары айгак болуп, ал макалалар далай адамдардын тамырына балта чапты, тагдырына түн түшүрүп, кырчындай өмүрүн кыйды. 1937-жылы "Правда" гезитине жарыяланган макалалардан кийин репрессиянын жаңы толкуну каптады. "Правдага" 31-августта "Буржуазиялык улутчулдар", 13-сентябрда "Кыргызстан КП БКнын чирик саясаты", 20-сентябрда "Райондук партиялык уюмдар Кыргызстан КП (б) БКны сынга алууда" деген макалалар жарыяланды.
Кыргызстан боюнча "Правданын" кабарчысы В.Овчаров БКнын экинчи пленумунун материалдарын телеграф аркылуу жөнөтүп, макаласын да жарыялады. Ал макалада: "Саламаттык сактоо эл комиссары Кожокан Шооруков улутчул Жусуп Абдракмановдун оң колу. Абдракмановдун бети ачылганга чейин Кожокан Шооруков эки ай үйүндө жашырып багып, ага жардам көрсөтүп турган. Кожокан Шооруков ошого карабай эл комиссарлыгына көтөрүлгөн. Кыргызстанда аны өзүн-өзү сындоону кысымга алган керсейген чиновник, ашкан бюрократ деп билишет. Массадан ажыраган бюрократтар Темирбеков менен Шооруковду жашырып-жаап, Кыргызстандагы партиялык жана советтик уюмдар эмнени жетекчиликке алганы түшүнүксүз. Коммунисттердин билдирген кабарларына, партиялык активдин талабына Борбордук Комитет эмне үчүн тынчсызданбаганы андан бетер түшүнүксүз" деп жазган.
Ошондон төрт күн өткөндөн кийин 1937-жылы 8-августта Кыргызстан КП (б) БКнын бюросу токтом кабыл алды: "Контрреволюциячыл жана буржуазиялык-улутчул Жусуп Абдракманов жана башкалар менен байланышта болгону үчүн саламаттык сактоо эл комиссары Кожокан Шооруков кызматынан алынсын. Анын партияда болушун карап чыгуу Фрунзе шааркомуна тапшырылсын". Кожокан ошол эле айда партиядан чыгарылып, камакка алынды. Аны тергөөчү Хрусталев суракка алды.

ХРУСТАЛЕВ: - Сиз саламаттык сактоо комиссариатында саботаждыкка жол берип, советтик системаны бүлүндүрүүгө аракет кылгансыз. Сиз менен бирге иштешкендер ушундай деп көрсөтмө берип жатышат. Кимдер экенин жакшы билесиң.
ШООРУКОВ: - Биз адамдарды ар кандай илдеттен айыктырып келсек, а силер куландан соо адамдарды тепкилеп, кыйнап, ооруга чалдыктырып, майып кылып жатасыңар.
ХРУСТАЛЕВ: - Майып кылмак тургай, майкандайбыз! Айт, келжиребей, совет өкмөтүн кулатууга ниеттенген кайсы партияда тургансың?
ШООРУКОВ: - Большевиктер партиясында!
ХРУСТАЛЕВ: - Ал партиядан чыккансың! Азыр Туран партиясындасың. Жусуп Абдракманов менен бирге Түркстан мамлекетин курмаксыңар. Бирок сасык амалыңар жүзөгө ашпай калды. Силердей жыландарды революциянын солдаттары моминтип жанчат!
Тергөөчү тапанчанын туткасы менен Кожокан Шооруковду кулак түпкө согот. Кулагынан кан түтүктөп, Кожокан сөзгө келбей кулайт. Кийинки суракта жаагы сынып, ылжайып ачылган жаак эттерин түрмөнүн врачы каршы-терши тигип салат. Кожокан эчтеке укпай да, жалдырап унчукпай да калат. Суракка алган тергөөчүлөр алмашып турган. Кезектеги тергөөнү тройканын башчысы Савельев жүргүзөт. Жарадарларга жык толгон камеранын оор эшиги кыйч этип ачылат.
НАДЗИРАТЕЛЬ: - Шооруков!.. Сыртка!..
Кожокан чакырыкты укпай, бүтүк терезени тиктеген бойдон ордунан кыймылдабайт.
НАДЗИРАТЕЛЬ: - Шооруков, эмне деп жатам? Сыртка чык!
Камалгандардын бирөө Кожоканды ийинге кагат. Ал таңкала кылчайып, кол жаңсап күтүп турган надзирателди көрөт.
НАДЗИРАТЕЛЬ: - Шооруков, буюмдарыңды алып, чык!
КАМАКТАГЫ: - Бул дүлөй. Башка койгулашкан экен, кулагы такыр укпай калды.
Кожокан буюм-тайымдарын баштыкка салып, эшикти карай жөнөйт. Анан шарт токтоп, камерадагыларга кол булгалап коштошот. Надзиратель оор ачкычтар менен капталга согот. Шооруков ийиле түшүп, надзирателдин айдоосунда чыгып кетет. Надзиратель далистин түпкүрүндөгү бир бөлмөгө киргизет. Анда "эл душмандарына" өкүм чыгара турган "үчилтик-тройка" отурган. Жакасында кош ромбусу бар портупеячан энкаведэ офицери тартмадан бир кагаз алып окуйт. Кожокан алаканын кулагына тосуп, алдыга жүткүнөт. Савельев өкүмдү окуп бүтүп, Шооруковду теше тиктеп, кыска гана бир сөз айтат.
САВЕЛЬЕВ: - Атуу!!!
ШООРУКОВ: - Түшүнбөй калдым, катуурак айтсаңыз экен.
САВЕЛЬЕВ: - (чаңырып). Атуу!!!
ШООРУКОВ: - Качуу?..
САВЕЛЬЕВ: - Атаңдын башы, "качуу"?.. Алып чыккыла!
Ошол замат ийнине салмактуу бирөөнүн колу тиет. Шооруков кыйкырып жиберет. Артындагы олбурлуу конвоир Шооруковду желкеден апчып, күч менен бөлмөдөн алып кетет.
КОНВОИР: - Атуу!..
ШООРУКОВ: - Эмне?..
К ОНВОИР: - Атаңдын башы!..
Конвоир атыла турган жертөлөгө түртүп киргизет. Короого мотоциклди дүрүлдөтүп, энкаведэ желдеттери кезектеги курмандыктарын тарсылдатып ата башташат.
Кыргызстандын ички иштер комиссары П.И.Лоцманов "Жыйырма жыл күжүрмөн кызматта" деген макаласында мындай деп жазган:
"Жолдош Ежовдун жетекчилиги астында эл душмандарын ойрондоо Кыргызстанда да ийгиликтүү жүрүп жатат. Узак жылдар бою бул аймакта троцкийчилер, белоцкийчилер, стамблерлер, чистяковдор жана башка оңчул бухаринчи салпаяктар - щербаковдор, шахрайлар, прохоровдор, буржуазиялык улутчулдар, чет өлкөлүк чалгындын шпиондору: аммосовдор, абдракмановдор, исакеевдер, орозбековдор, шооруковдор, камбаровдор тымызын караниеттик иштерин жүргүзүп келишкен. Алардын аракеттери текке кетти, бардыгынын бети ачылды. Ф.Э.Дзержинский, Н.И.Ежов тарбиялаган чекисттер эл ишенимин актоо үчүн кас душмандарды тыптыйпыл талкалоо үчүн бүт күч-кубатын жумшайт. Эл душмандары канчалык тереңге кирип, бекем жерге жашырынбасын, НКВДнын жазалоочуларынын темир чеңгелинен кутула алышпайт".
Жазыксыз комиссарлардын канына завып болгон башкесерлердин маршалы Ежовду кызыл ураандан көзү ачылбаган, ашкере идеячы акын мындай деп даңазалаган:
Душман сүрүн жок кыла
алды, жапырды,
Толкунданып ырдайм Ежов
баатырды.
Ийниндеги жыландарды
тазалап,
Ким турду эле душмандарга
сүр болуп,
Өлкөбүздүн бейкуттугу
корголуп?!.
Өкүм эки тараптын катышуусуз угулган, кассациялык даттануулар, арыздар кабыл алынбаган, ырайым кылуу өтүнүчтөрүнө мунаажат болбогон. Өкүм Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун атынан окулган: "СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясы айыпкерди эң жогорку жазага - атууга өкүм кылат..." Ушундан соң өкүм дароо аткарылган. Жаралуу, араңжан комиссарларды атууга кандай алып барганы - колтуктап, түртүп, бурап, толгоп, замбилге салып же сүйрөп барып атканы азыр айтпаса да түшүнүктүү. Мына, мунун баарын Атабейиттеги комиссарлардын октон тешилген башсөөктөрү, кабырга, жиликтери, атууга өкүм болгон Төрөкул Айтматовдун чөнтөгүнөн чыккан 138 шейиттин тизмеси ашкерелеп койду. (Тизмедегилердин баары эле комиссар эмес, аларга рецидивисттерди, контрабандисттерди, баканооздорду атайы аралаштырып, кошуп атканы белгилүү).