, 09.05.08 - 9-бет: Бийлик бийиктигинде кырк жыл...№33, 09.05.08-ж.
  Төрөбай Кулатов Сталиндин кабыл алуусуна үч жолу кирген

Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Төрөбай Кулатовдун 100 жылдыгына карата
Бийлик бийиктигинде кырк жыл
"Бийлик менин колумда деп аша чаап кетсең бир күнү эл-журтуңа уят болосуң, анын жоопкерчилиги өтө күчтүү."
Төрөбай КУЛАТОВ
Кыргызстандын саясый башкаруу бийлигинде дээрлик 40 жыл үзгүлтүксүз эмгектенип, мүлдө кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанылып, аты легендага айланган Төрөбай Кулатовдун өрнөктүү өмүр жолун бардыгы эле биле бербес…
Кыргыз элине кырк жыл кызмат өтөгөн алгачкы Президенттин түйшүктүү, байсалдуу, даңктуу, өрнөктүү өмүр жолуна журналисттик иликтөөдөн жаралган саптарды окурмандардын назарына сунуштайм. Белгилүү мамлекеттик саясый ишмер Төрөбай Кулатов 1908-жылы 10-январда азыркы Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак деген жерде кембагал адамдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген экен. Атасы Кулат Өзбекстандын Мархабат деген жерине барып ижарага жер алып, иштеп жүрүп, уулу Төрөбай беш жашка чыкканда катуу ооруп, каза болуптур. Кайра жерине көчүп келишкенден төрт жылдан кийин энесинен ажырайт. Тогуз жаштагы Төрөбай агасы Атабектин колунда калып, турмуштун кыйноосун тартат. Андан аталаш агасы Маманазардын бала көрбөгөн Үрү деген карындашы багып алат. Он беш жашка чыкканда Кызыл-Кыя, Күү-Алай темир жолуна кара жумушчу болуп кирет. 1927-1928-жылдары көмүр шахтасында жумушчу болот. Ошол жылдары көмүр салынган вагонетканы сүйрөгөн атка кулагынын үстүн тиштетип алат. Эмгекчил жигитти көмүр жүктөгүчтөн забойщик жумушка которушат. Бул 1929-1934-жылдар эле. "Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында" дегендей бирге иштешкен шахтерлор Төрөбайды тамаша-чыны "Биздин совнарком" дешчү экен. Ушундан улам жаштыгынанбы азил-тамашага салып көмүр жүктөлгөн вагонеткалардын бооруна "Кулатов министр" деп жаза берген учурларын замандаштары, байбичеси Салима Ташбекованын эскерген учурлары бар.
Кудайдын буйругунанбы "бак карап кыдыр даарып" дегендей ошентип, 30 жаштагы шахтер Төрөбай Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башына келет. Партия ошол кезде донбасстык Стаханов, Зотов деген шахтерлорду Союз боюнча мыкты деп атап, карапайым элди ошолордун катарына кошулууга үндөгөн. Алардын наамында атайын төш белгилер чыгарылып, эмгек алдыңкыларына "Стахановчу" деген ардактуу наам ыйгарылып турган. Шахтер Төрөбай Кулатов Кыргызстанда биринчилерден болуп "Стахановчу" наамын алган. Ушуга сыймыктанган Төрөбай өкмөт жетекчиси болгондон кийин да "Стахановчу" деген төш белгисин көп жылдарга чейин тагынып жүргөн экен.
Төрөбай Кулатов Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин Председатели болгондон баштап, замандын талабына жараша ишке дилгирленип, жаштык энергия менен иштеп да, билимин көтөрүүгө да тынымсыз аракетин жумшайт. Ошол жылдары республикада Орто Токой суу сактагычын, Чоң Чүй каналын жана автожолдорду куруу иштери кызуу башталган учур эле. Аңгыча Ата Мекендик согуш башталып, Украинадан, Россиядан 30 өнөр жай завод, фабрикалар, ишканалар, 300 миңге чукул аялдар, балдар, кары адамдар Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Алардын барын жайгаштыруу оңойго турган эмес. Иштин көзүн билген өндүрүшчүл Төрөбай Кулатов заводдорду, ишканаларды ишке киргизип, пландуу продукциялардын өндүрүлүшүнө да шарт түзүп турган…
1943-жылдары Чоң Чүй каналынын, Фрунзеден Рыбачьеге чейин темир жолдун курулушу кайрадан башталган. Ошондогу жетекчиликтин мыкты уюштуруучулугу, элдин патриоттуулугу ушундан билинет, өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн ар бир жаран үй-жайын таштап, жалпы элдик жумушка аттанышкан. Советтик Армиянын душмандын мизин майтарып, келген жагына сүрүп бара жатканына шыктанган эл турмуштун начардыгына карабай (анда техника түшкө кирбеген кез) чукулук, күрөк, кетмен менен республикалык улуу курулуштарда бекер иштешкен. Ар бир адамга күндөлүк иш норма берилип, күнүгө жыйынтыкталган. Күндөлүк нормасын 110 пайызга аткарганга жарым литр жарма, 120 пайызга аткарса бир литр жарма, 130 пайыз аткарса бир жарым литр жарма сыйлык берилип турган. Эң мыкты иштегендерге айдын, кварталдын жыйынтыгы менен жоолук, фуфайка, керзовый өтүк берилген.
И.В.Сталиндин жарлыгы менен Т.Кулатов 1945-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы кызматына дайындалат. Республиканын бул жогорку бийлигин 1978-жылга чейин дээрлик 33 жыл жетектеген.
1938-1952-жылдар аралыгында Сталиндин кабыл алуусунда үч жолу болгондугун Төрөбай Кулатовдун өз оозунан ушул саптарды жазып жаткан менин укканым бар. (Калпыңа баракелде дечүлөр болор). Сөзүм чындыгынан бузулбасын.
Атбашы райондук маданият бөлүмүнүн башчысымын. 1977-жылы 1-сентябрь күнү Т.Кулатовду, Маданият министри К.Кондучалованы, Нарын обкомпартиясынын 1-секретары А.Сабитахуновду, Нарын облисполкомунун төрагасы М.Сыдыковду Атбашы айылындагы "Кызыл Бурч" деген мейманканада коноктоп калдым… (Журт атасы - Т.Кулатовду экинчи жолу коноктошум). Бул жолу коноктор Т.Кулатовдун аңгемесине кулак төшөп, жайма-жай олтурушту. Мен конокторду тейлеп жатып эси-дартым аксакалдын ар бир сөзүндө. Жөнөкөй адам экен. Сөзүн анча көркөмдөбөй жылуу-жумшак юморлуу сүйлөйт экен.
…Биринчи жолу Фрунзеден Рыбачьеге чейин темир жол салууга уруксат сурап бардым. Документтеримди мурда тапшырган элем. Түнкү саат 12де кабыл алды. Босогону аттаганымда эле Сталин ордунан туруп, мени көздөй басты. Кол алышып, акыбалды сурады. Жанында олтурган Шверник, Молотов экөөнү тең тургуздум. Сталин мен үчүн туруп атса, тиги кысталактар турбай көрсүнчү…- деп жумшак күлдү.
Үстөлүндөгү менин кагаздарымды карап бүткөн көрүнөт.
- Жолдош Кулатов, темир жол салууга кудуретиңиздер жетеби?
- Жетет. Эл сурап атат, жолдош Сталин.
- Сиздер кандай дейсиздер? - Сталин тигил экөөнү карады.
Шверник:
- Кыргызстанга темир жолдун эмне кереги бар?
Сталин:
- Жолдош Шверник, сиз Кыргызстанда болдуңуз беле?
Шверник:
- Болгон эмесмин. Жолдош Сталин.
Сталин:
- Республиканын шартын, элдин муктаждыгын билбей туруп, кантип бүтүм чыгарып жатасыз? Сталиндин ачуусу бат келет экен. Жүзүнөн эски чечектин тактары көрүнө түштү. Шверник көз айнегин оңдомуш болуп, кирээрге ийин таппай калды.
Сталин;
- Элге ишениш керек. Темир жолду эл курат. - Ошентип Стакеңдин уруксатын алгамын…
- …Экинчисинде элге сыйлык сурап кирдим.
Сталин:
- Тизмеде өзүңүз жок турбайсызбы,- деп тизменин башына жазып койду. Ошентип Ленин орденин берди.
…1948-жылы дагы орден-медаль сурап бардым. Түнкү саат 1де кезегим жетти. Карылыгыбы, же чарчаганбы Сталин саал көңүл кош учурашты. Бирок, тизмеге үн дебей кол койду.
Мейманканада уктап атсам телефон шыңгырайт. Эртең мененки саат 5. Алсам, Кыргызстандын Москвадагы консулу Качыкеев экен.
- Сүйүнчү Төрөбай, Ленин ордени менен сыйландың. Азыр эле радиодон уктум,- дейт. Радиону ача койсом тартиптин күчүн караң, Сталин 3 саат мурда сыйлаган кыргызстандыктардын тизмесин окуп жатыптыр…
Төрөбай Кулатов 1938-жылдын февраль айында Кызыл- Кыя шаардык аткаруу
комитетинин төрагасы, төрт-беш айдан кийин Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы.
1945-жылдан 1978-жылга чейин 33 жыл Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун председатели кызматын аркалаган. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-секретарлары Исхак Раззаков менен 16 жыл, Турдакун Усубалиев менен 25 жыл бирге иштешкен. Беш жолу Ленин ордени менен сыйланган. Тогуз жолу СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Төрөбай Кулатов ардактуу эс алууда жүрүп, 1984-жылы 76 жашында акка моюн сунган.
Кыргыз элинин залкар уулу Төрөбай Кулатов жөнүндө азыноолак сөз козгодук. Албетте, бул өтө аз. Улуу инсан жөнүндө далай көлөмдүү чыгармалар жазылар. Кыргыз эли барда Төрөбай Кулатовдун аты өчпөйт.
Тынчтык СУЛТАНОВ,
Ат-Башы райондук "Кошой ордо"
гезитинин редактору




  Дил маек

УТРКнын башкы директорунун орун басары Анаш
КАДЫРОВА:
"Реформа комплекстүү жаңылануу талап кылат"
- Телерадиого бүткүл өмүрүңүздү берип келе жаткан кыргыздын кымбат кыздарынансыз, башкы директордун орун басарлыгына келгениңизден бери радио тармагында кандай жаңы уктуруулар ачылды?
- Улуттун башын бириктирип, духун көтөргөн патриоттук маанайдагы Мекенди, элди сүйүүгө болгон сезимин ойготуп, жан дүйнөсүн байыткан "Мен кыргызмын" , "Адамзаттын Манасы", "Күндүн темасы" ж.б. бир топ уктурууларды мисал келтирүүгө болот.
- Сиздерге атаандаш ачылган радиоканалдарга мамилеңиздер кандай?
- Жакшы. Атаандаштык болгон жерде өнүп-өсөт, анткени изденүүчүлүк күчтүү болот.
- Алардан сиздердин айрымачылыктар кайсы деп түшүнүүгө болот?
- Башка жеке менчик, коомдук радиостанциялардан айрымаланып, биздин мамлекеттик радио жалпы өлкөнүн элинин кызыкчылыгын, улуттун биримдигин, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн, эркиндигин, теңдигин, тактап айтканда мамлекеттик идеологияны биринчи орунга коёт.
Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев реформа жасоо үчүн бүткүл-күч аракетин, ден-соолугун аябай иштеп жаткан маалда анын эмгегин элге толук жеткирүү, чындыгын баяндап уктуруп туруу аба менен суудай зарыл.
- Кыргыз радиосун реформалоочу пландар дагы барбы?
- Сөзсүз бар. Реформа иши радио менен теледе бүтүндөй комплекстүү жаңыланууну талап кылат. Бул маселеде биз УТРКнын башкы директору Мелис Эшимканов менен макулдашып, кеңешүү менен иш жүргүзүп жатабыз. Материалдык-техникалык базабызды жаңылоодо дагы аракеттер бар. Чыгармачыл, таланттуу жаштарды, радиожурналистиканын спецификалык өзгөчөлүктөрүн жаңы заманбап техника менен айкалыштырып, мыкты кадрлар менен бирдикте реформа иштери колдон келишинче жүргүзүлүүдө. Алып баруучуларды даярдоодо кыргыз телерадиосунда атайын окуу борбору бар. Анда кыргыз искусствосунун залкар таланттары келип дикторлук окуудан сабак беришет.
- Кандай түйүндүү маселелер бар?
- Биздеги эң оор жана чечилбей келе жаткан түйүндүү маселе 1-программадагы (FМ 104,1 жыштыгындагы) мамлекеттик саясатты жүргүзүп, элдин башын бириктире турган ар кандай тармак боюнча даярдалган уктурууларды элге жакшы жеткире албай, радиожурналисттердин жанталашып, чыгармачылык менен иштегендеринин үзүрү талаага кетип жатканы. Анткени, "Би-би-си" дүйнөлүк укту-руусу өзүнүн өткөргүчүн УТРКнын үстүнө коюп койгон. Мунун кесепетинен элге 1-программадагы уктуруулар толук жетпейт. Ал станциялар биздин уктурууларды улам "жулуп" кетип, жакшы угузбайт. Угуучулар бу жагдайында тынчсыздануу менен телефон чалган учурлары көп.
Радио уктурууларды элге жеткирүүдө биз мамлекеттик болуп орусча айтканда РПО РМТР (Республиканское производственное обьединение релейных магистралей телерадио) мекемесине көз карандыбыз. Мына ушулар биздин телерадио уктурууларды элге жеткирет. Тилекке каршы мамлекеттик радионун уктуруулары элге толук жетпейт. Жеткендери болсо жогоруда айтканымдай начар угулуп, улам бир башка жеке менчик радиоканалдар тоскоолдук кылып турушат. Бул маселени өкмөттүн деңгээлинде көзөмөл кылбаса абал кыйын.
- Акыркы жылдары программаны алып барган диджейлердин тегерегинде угармандар тарабынан нараазы болгон пикирлер пайда болууда, буга кандай дейсиз?
- Азыр угармандардан ашкан сынчы жок болгон заман эмеспи. Талап күчтүү. Ошон үчүн биз дагы бул маселеге жакындан көңүл бурабыз. Диджейлердин кыргыз тилин бузуп, текстин жазылышы менен айтылышынын айрымасын билбеген учурларын байкадым, андан арылууга иш-чаралар дагы жүрүүдө. Сөздүн маанисине, мазмунуна көңүл буруп, тыбыштарды туура айтып, тилдин нормасын бузбоого аракет кылуу негизги талап. Айрым алып баруучулар үндөрү аркылуу терс энергия чыгарып кайсы бир улуттардын алып баруучуларын туурап жаңылышып жатышат. үндүн мукамдуулугу жана кооздугу, кырдаалга жараша ар кандай деңгээлде баяндоо-кабарлоо радиоугуучулардын нервдик-психологиялык маанайларына сөзсүз түрдө оң же терс таасирин тийгизет. Адамдарды кубантып, жүрөктөрүн сүйүнтөт, же жандарын кейитип, ачууларын келтирет. Муну билүү өтө зарыл.
- Музыка менен тарбиялоодо дагы радионун орду чоң дегенге болобу? Радиодон кээде сөзгө маани берилбей, угумсуз ырлар да кете баштады...
- Албетте. Бул өзүнчө термин экенин айрымдар түшүнбөй калышы да мүмкүн. Жакшы жазылган ырдын текстине жараша обон чыкса андан да сонун эмеспи. Жеңил-желпи, ырлар жаштарга тескери гана тарбия бериши ыктымал. "Ушинтсе боло берет турбайбы. Радиодон деле ырдап жатпайбы" дешип аны сабак кылып алышы мүмкүн. Мен кесиптештериме музыка менен тарбиялоодо ырдын текстине жараша тандагыла дегим келет. Муну айтканымдын себеби, ушундай жеңил ырларды жеке менчик радиолор ылгабай бере берет.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"