, 09.05.08 - 8-бет: Улуу Жеўишке - 63 жыл...№33, 09.05.08-ж.
  Улуу Жеңишке - 63 жыл

Эрдик муундан муунга өтөт
9-май Улуу Жеңиштин 63 жылдыгына карата Ак-Талаа райондук мамлекеттик адми-нистрациясынын башчысы, аким А.О.Кулматовдун демилгеси менен Ооганстанда, Чернобыль апаатында, Баткен окуясына катышкандардын урматына эстелик катары, кийинки өсүп келе жаткан
муунга патриоттуулук духта тарбия берүү максатында "Эрдик муундан муунга өтөт" китеби жергиликтүү басмаканадан 150 нускада жарык көрдү.
Бул китепте күлгүндөй жаш курактарында Мекени, эли үчүн жанын тобокелге салып, атуулдук милдеттерин абийирдүүлүк менен өтөп келишкен эр-азаматтардын көрсөткөн эрдиктери жана башынан кечирген окуялар жөнүндө эскерүүлөр чагылдырылган.
А.ЖАНЧАРОВА




Бакир ЧОДОБАЕВ - 1942-жылы Тоң районунан согушка аттанган. Калинин, Вольхов, Ленинград майдандарында германдык фашисттерге каршы салгылашкан. Буттан, далыдан жарат алып, бир нече жолу контузия болгон. Эрдиги үчүн согуштук ордендер, медалдар менен сыйланган. Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, республикага эмгек сиңирген геолог, "Манас" орденинин ээси. Азыр ал Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылда иштеген ардагерлердин республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы болуп иштеп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо чоң иштерди жасап жатат.
Карегиңдей сактагын!..
Фашисттер мекениме салды бүлүк,
Шаарлар урап, жер, деңиз, асман күйүп!
Жашоонун дубалдары кыйрап жатты,
Кыяматтын отун кечтик отто жүрүп!
Бомба, снаряд жердин бетин тыткылап,
Албуут ажал туш тараптан ышкырат!

Окоптордо белден курду чечпедик,
Ажал отун канча жолу кечпедик,
Чабуулдарда курман болгон эрлерди
Урпактары унутпайлы, эскерип!
Майрамдардын эң улуусу - жеңиш күн!
Майдангерден бизге калган эстелик!
Эске салып кан дайрадай акканын,
Канча жоокер жер алдында жатканын,
Жаркыраган, жалындаган өмүргө
Согуш оту соолтуп балта чапканын.
Бейпил күндө тирүүлөргө кайрылам:
Тынчтык - кымбат, карегиңдей сактагын!

Изим жатат Ала Тоонун боорунда,
Тоо ичинде, алтын кендин койнунда.
Жаш денемден аккан кандар чубуруп
Калды кандуу Улуу Жеңиш жолунда.
Оо мекеним! Түбөлүк сага карызмын!
Аны актоо тирүүлүктө мойнумда.




Ардагерлерди ардактаган майрамдык кече
"Кыргызстандан 300 миңден ашуун жоокер германдык фашизмге каршы согушуу үчүн аттанып, алардын 154 миңи окко учуп, туулуп өскөн Ала Тоосуна келбей калды. Ал эми согуштан аман кайтып келген аталарыбыз менен апаларыбыздын саны жылдан жылга азайып бара жатат.
Кан төгүлгөн алааматтын отун кечип, мекенин душманга тепсетпеш үчүн салгылашкан жоокерлер Улуу Жеңиш, жер жүзүнө тынчтыкты бекем орнотуу, жаш муундардын жаркын, бактылуу келечеги үчүн кандарын төгүшкөн, окторго төштөрүн тосушкан. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына даңк!" - деген жалындуу сөздөр Бишкектеги "Ысык Көл" мейманканасында өткөн салтанатта айтылды. Жусупбек Бакиев атындагы фонд уюштурган бул майрамдык кечеге келген согуштун ардагерлери менен оорукта иштегендер тээ алыскы согуш күндөрүндөгү душмандар менен болгон салгылашууда каза болгон жоокерлерди, майдандаш жолдоштору менен досторун бир мүнөт унчукпай тике туруу аркылуу эскеришти.
Жусупбек Бакиев атындагы фонддун төрагасы, генерал-майор Жаныбек Бакиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын, оорукта иштеген ардагерлерди 9-май - Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга узун өмүр каалады. Асел Турдалиева баш болгон ырчылар аскердик, патриоттук, Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы ырларды ырдашып, ардагер ата, апаларыбызга Жеңиштин кубанычын, майрамдык маанайды тартуулашты. Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов, согуштун катышуучулары Бакирдин Чодобаев, Сопунияз Худайбергенов Жусупбек Бакиев атындагы фондго, анын жетекчисине чоң ыраазычылыктарын билдиришти.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"




 "Кыргыз Туусунун" басма сөз борборунда

Жогорку Кеңеш "Бүткүл элдик күжүрмөн курулуш!" демилгесин көтөрүүдө
(Башталышы 1-бетте)
- 2009 жылдын декабрь айында Камбар Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегатын колдонууга беребиз деп жатабыз. Бул жүз
пайыз ишке ашат, деп билдирди төрага. - Жогорку Кеңеш ушул курулуштун башкы демөөрчүсү болот. Жакында ал жакка Россиядан 50гө жакын студенттик курулуш
отряддарын алып келели деген максат бар.
Ошол эле учурда Кыргызстандан мына ушундай эле студенттердин курулуш отряддарын Сочиге жиберүү программасы жеке төраганын демилгеси менен иштелип чыккан. Муну Россия менен Кыргызстандын мамлекеттер аралык байланышынын чыңдалышынын символикалык көрүнүшү катары бааласа болот. 2014 жылы ал жактагы олимпиадалык оюндар өтөрү күтүлүп жаткан кылым курулушун кыргызстандык жаштар көрүп, үйрөнүп келүүлөрү кажет.
Былтыр "Ысык Көл 2007" аталыштагы мектеп окуучуларынын "Зарница" оюну өткөрүлгөн болсо, быйыл "Ысык Көл 2008" иш чарасы андан да масштабдуу дең-гээлде өткөрүлөрү күтүлүп жатат. Ага былтыр 2 млн.800 миң сомдун тегерегинде бюджеттен каражат бөлүнгөн. Быйылкы жылы ага Россия мамлекети жалгыз эле 6,5 млн. рубль бөлүп берүүнү көздөөдө. Мындай иш чаралар жаш муундарды мекенди сүйүүчүлүк, пат-риоттук сезимдерге тарбиялайт. Мындай жакшы жөрөлгөлөрдүн демилгечиси Кыргызстан болуп эсептелет. 16 жылда Кыргызстан алгачкы жолу 11 КМШ мамлекеттеринин ичинде мүчөлүк акысын Президенттин тапшырмасы менен 114 пайызга төлөп койду. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюнун көтөрүлүшүнө өбөлгө. 2009 жылы "Кыргыз Туусу" гезитинин уюшулганына 85 жыл толот. Ал эми Кыргыз парламентинин жашы да 85ке толот. Ушул иштерге олуттуу даярдыктар көрүлөт. Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттен гезиттерге 2 млн. 90 миң сом каражат каралган. Анда Ата Мекендик согуштун катышуучуларын мамлекеттин эсебинен бекер гезит менен камсыз кылуу максаты коюлган. Кийинки жылдары оорукта иштеп, сыйлыктарга ээ болгон карыяларыбызга, андан кийин Баатыр энелерге жогоркудай маалыматтык колдоо көргөзүшүбүз керек.
Камбар Ата - 2 ГЭСинин курулушуна кайрылып, парламентте эки токтомдун долбоору даярдалып жаткандыгын билдирди. Биринчиси, аны "Бүткүл элдик күжүрмөн курулуш!" - деп жарыялоо боюнча КРнын Президенти Курманбек Ба-киевге кайрылуу жасалат. Экинчи токтом менен Жогорку Кеңештин депутаттары бир жумалык, аппарат кызматкерлери бир күндүк айлык акыларын которуп берүү менен демилгени өз колдоруна алышмай болушту. Бул 640 миң сомдун тегерегиндеги акчалай каражат аталган курулушка которулмакчы. Ал жактагы иштеп жаткан жаштарды спорттук каражаттар, музыкалык аспаптар, китептер менен камсыздоо колго алынат. Андан тышкары Жогорку Кеңешке караган пансионаттан 150 керебетти да гидрокуруучуларга жеткирүү пландаштырылууда. Төраганын пикири боюнча Жогорку Кеңеш мына ушундай элдин рухун көтөргөн демилгени баштаса, Өкмөт жана анын мүчөлөрү да карап турушпаса керек. Республикадагы башка ишкана, мекемелер да колдоп кетерине шек жок. Бул эң ириде мамлекеттин ар намысына барабар иш. Төрага А. Мадумаров кошуна мамлекеттер кыргыздар өз күчү менен бул курулушту бүтүрө алабы же жокпу деп карап турушканына токтоло кетти.
"Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизгенде Кыргызстандын өзү өндүргөн 320 млн. сомдун тегерегинде буудайларды сатып алуусу боюнча кошумча акча каражатын карайбыз. Кийинки жылга каралган1 млрд. 200 млн. сомду 2009 жылдын эсебинен 2008 жылга которобуз. Себеби, Санкт Петербургдун "Электропила" заводунан Камбар Ата 2 ГЭСи үчүн даяр болуп калган агрегатты алдын ала төлөп, быйыл эле жеткирип алабыз деген план коюлуп жатат. Курулуштун темпи ушундай.
Бүгүнкү күндө шайланганына 100 күндөн бир аз ашкан төртүнчү чакырылыштагы парламент 144 мыйзам кабыл алган. Адахан Кимсанбаевич учурда Президент, Өкмөт жана парламент бир муштумга бириктирилгендей максаттуу иштеп жатканына токтоло кетти. Спикер өз сөзүндө парламент тарабынан "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери тууралуу" жаңы кошумча мыйзам кабыл алынганын эскерте кетти. Аны менен стратегиялык объектилер эч кандай жеке менчикке берилбестиги биротоло бекемделди.
Жолугушууда журналисттер өздөрүн түйшөлткөн бир катар суроолорду беришти. Анда Токтогул ГЭСиндеги суунун азайышы
боюнча тынчсыздануу, айрыкча Баткен, Ош облусунун чегара аймактарындагы бош калган айылдардын абалы, мамлекеттик тилдин көйгөйү, мамлекеттик сыйлыктардын берилишиндеги оош кыйыштуу көрүнүштөр сыяктуу суроолорго так жооптор алынды.

Жакынкы эки жылда "Кыргыз Туусу" гезити бери дегенде 50 миң нускада чыгарылат. Жакынкы төрт беш жылда 100 миң нускага жеткен гезит болушу абзел. Мамлекеттин идеологиясын, саясатын, пикирин чагылдыра турган басылмалар болушу керек. Республика аймагындагы маалыматты атуулдарга түз жеткирген басылмалардын кадыры көтөрүлөт. Май айынын ортосунда такталган мамлекеттик бюджеттин долбоору парламентке бекитүүгө келет. Ошондо "Кыргыз Туусу", "Эркинтоо", "Слово Кыргызстана" гезиттеринин ар бирине 7 млн. сомдук жардам көрсөтүлүшү күтүлүүдө. Бул жогоруда аталган категорияга кирген адамдарды ушул гезиттер менен бекер камсыздоо аркылуу ишке ашмакчы.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Майрамга бай май айында

"Эне жана бала" "Табияттын табышмактуу дүйнөсүндө"
Майрамга бай май айын тосуу кандай жакшы. Мына ушундай жакшы күндөрдүн урматына арналган жакшылыктын жөрөлгөсү катары жакында Т.Садыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасында кандидаттык иштерди коргоонун отуруму болду. Анда жаш скульптор Жумагүл Эшенкулова менен көркөм керамика боюнча чебер Клара Абдыраеванын кандидаттык иштери каралып, ийгиликтүү корголду.
Клара Абдыраева алыскы
Ат-Башынын кызы. Керамика өнөрүндө билимин өркүндөтүү менен бир нече жолку конкурстардын жеңүүчүсү. Анын кандидаттык иши "Табияттын табышмактуу дүйнөсү" деп аталат. Адамзат менен табияттын ортосундагы бир бүтүндүксүз жа-
шоону элестетүүгө мүмкүн эмес. Бул өзү дүйнөлүк проблема. Мына ушуну өзүнүн чебер колу аркылуу жүрөгүнөн өткөргөн Клара Абдыраеванын талант кудурети алкоого татырлык.
Ал эми кыргыз кыздарынын ичинен скульптура өнөрүнө бел байлаган Жумагүл Эшенкулова ордолуу Ош облусунун Жданов айылында туулуп өскөн. Даңазалуу Тургунбай Садыковдой залкар скульптордун шакирти катары ал аталган окуу жайды бүтүргөн. Өзүнүн алдына чыгармачылыкта түбөлүктүү "Эне" темасын тандап алганы жакшы жөрөлгө катары жолун ачты десе болот. Бүгүнкү скульптуралык композициясы "Эне жана бала" аталат. Адамзаттын жашоосундагы бул теманын өлбөстүгү, урпактардын уланышы менен коом өсүп турушу турмуштун мыйзам ченемдүү көрүнүшүн шарттайт.
Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясы республикадагы жападан жалгыз мамлекеттин бюджетине караган окуу жай. Анткени таланттуу балдардын ордосу катары кыргыз искусствосунун келечегине астейдил кызмат өтөп келет. Бүгүнкү базар экономикасынын тушунда дагы эл ичиндеги таланттарды тандап, бюджеттин эсебинен окутуп, өстүрүү өтө кыйын шартты талап кылат. Тургунбай Садыковдун эмгеги мына ушунда. Окуу жайдан мыкты скульпторлор, керамика, графика, живопись ж.б. өнөр ээлери билим алып чыгышат. Алардын арасында республикабыздын түрдүү тармактарында жана чет өлкөлөргө
чейин чакыруу менен иштеп жаткандар бар. Алар кыргыз искусствосунун эртеңки келечеги.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрдө: Жумагүл Эшенкулова кандидаттык ишин коргоодо.