, 05.05.08 - 7-бет: "Ак Жол" партиясынын 3-курултайы...№32, 05.05.08-ж.
  Кышка даярдык көрүү боюнча тиешелүү
уюмдарга тапшырмалар берилди

"Ак Жол" партиясынын 3-курултайы
29-апрелде А.Малдыбаев атындагы опера жана балет
театрында Президент К.Бакиевдин катышуусу менен "Ак Жол" элдик партиясынын 3-курултайы болуп өттү. Курултайга партиянын саясый кеңешинин төрагасынын орун басары А.Арабаев төрагалык кылды.

Курултайда "Ак Жол" элдик партиясынын өткөн мезгилде аткарган иштери жана өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүүнү тездетүүнүн маселелери, партиянын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө эки маселе каралды.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча партиянын саясый кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Ибраимова баяндама жасады. Ал өз сөзүндө партиянын облустук деңгээлде тогуз комитети, 60 район-шаардык, 600дөн ашык баштапкы уюмдары түзүлүп, мүчөлөрүнүн саны 220 миңден ашкандыгын, партиянын мүчөлөрү Президент К.Бакиевдин ушул жылдын 10-январындагы Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө карата Билдирүүсүн жетектөөчү документ катарында кабыл алып, жаңы экономикалык саясатты жүзөгө ашырууга бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыктарын белгиледи. Өткөн мезгилде Жогорку Кеңеш тарабынан 144 мыйзам долбоору каралып, анын 114ү кабыл алынса, кыркын "Ак Жол" партиясынын фракциясындагы депутаттар сунуш кылышкан.
Баяндама боюнча партиянын Нарын облустук уюмунан Ж.Жакыпов, Ош облустук уюмунан Н.Эргешова, Бишкек шаардык уюмунан А.Айылчиева, Баткен облустук уюмунан А.Пазылов ж.б. чыгып сүйлөшүп, партиянын ишин активдештирүү, экономиканы, социалдык инфраструктураларды өнүктүрүү боюнча ойлорун, сунуштарын айтышты.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча республикабыздын Президенти, партиянын төрагасы Курманбек Бакиев кеңири сөз сүйлөдү.
Курултайда партиянын Уставына өзгөртүүлөр киргизилип, саясый кеңештин президиуму түзүлдү жана Кыргызстандын калкына Кайрылуу кабыл алынды.
Бакай ЧИЛТЕГИН




  Өкмөт менен "Ак Жолдун" ийгилиги бир

"Ак Жол" элдик партиясынын 3-курултайына чакырылган делегаттар менен КРнын Премьер-министринин, бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн Бишкектеги "Достук" мейманканасында жолугушуусу болду.

Алыскы аймактардан келген акжолчуларды электр энергиясы тармагынын учурдагы абалы, тарифтин көтөрүлүшү, жер-жерлердеги электр жарыгын өчүрүү көйгөйү, мугалимдердин эмгек стажысы боюнча мамлекеттин карызы, Токтогул районунун элине электр энергиясы боюнча берилүүчү компенсациялар, өлкөдөгү коррупцияны кыскартуу боюнча иш чаралар сыяктуу ар түрдүү маселелер кызыктырды. Жыйынды "Ак Жол" элдик партиясынын төрагасынын орун басары Эльмира Ибраимова алып барып, министрлердин докладдарынан кийин суроо-жоопторго убакыт бөлүндү. Энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков бир эки айдан кийин электр энергиясынын тарифи көтөрүлүп, ал мурдагы 1 кв.саат үчүн 62,5 тыйындын ордуна 70 тыйынга көбөйтүүгө муктаж экенибизди "сүйүнчүлөдү". Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн "Ак Жол" фракциясы менен Өкмөт мүчөлөрүнүн мамлекеттин орчундуу маселелерин чечүүдө жолугушуулардын болуп турушу адатка айланууда. Ал эми делегаттарды азык-түлүк коопсуздугу, жазгы-талаа жумуштарынын жагдайы, апрель айындагы үшүктүн жүрүшү менен мөмө-жемиштердин тартыштыгы күтүлөрү да жыйында козголду.
Өкмөт башчысы инфляциянын өсүшүнө тынчсызданганын билдирди. Кеңири керектелүүчү товарларга болгон жалпы баанын өсүш деңгээли 1-кварталда 6
пайыздан ашкан. Өкмөт менен Улуттук банк инфляцияга каршы пландык иш чараларды кайра карап чыгуунун үстүндө. Социалдык жактан аз камсыз болгон калкты коргоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Инфляциянын жогорулашына ички жана сырткы фактордун таасири бирдей тийгендигинде талаш жок. Нан, ун, чемичке майы, картөшкө сыяктуу негизги азык-түлүктөрдүн жана мунайзаттардын кошуна Казакстанда, Россияда жана дүйнөдө наркынын көтөрүлүшүнө байланыштуу 1-кварталда баанын жогорулашына алып келди. Ошого карабай мамлекеттик бюджетти толтуруу иши ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Маселен, Бажы комитети үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында өлкө бюджетине 3 млрд. 880 млн. сом же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 100 млн. сом арбын которгон. Ошондой эле салык кызматы да ийгиликтүү иштеп, мамлекеттик бюджетке 3 млрд. 850 млн.сом же былтыркы ушул учурга салыштырганда 1 млрд. 200 млн. сом кирешелегенин Игорь Чудинов кабарлады.
Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы иштей баштаган 10-январдан ушул күнгө чейин Өкмөт сунуштаган 99 мыйзам долбоору каралып, алардын 91и жалпы, 5и биринчи окулушта кабыл алынып, алардын 3ү четке кагылган. Бул 78 күндөгү парламент менен биргеликте иштеген иштин натыйжасы. Тактап айтканда иш жагдай мурдагы жылдарга караганда алда канча натыйжалуу. "Мындай жыйынтыкка "Ак Жол" фракциясынын бардык тараптан колдоосу менен жетиштик", - деп билдирди Өкмөт башчысы.
Назира АЛИЕВА




Чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев "Ар-намыс" саясый партиясынын лидери Феликс Куловду анын суранычы боюнча кабыл алды.
Жолугушуунун башында Ф.Кулов "Ак Жол" элдик партиясынын кечээги съездин ийгиликтүү өткөрүп алышы менен Президентти
куттуктады.

"Съездде жакшы сунуштар жана пландар айтылды. Ушундан улам, республиканын чакан жана орто энергетикасын өнүктүрүү боюнча менин жөндүү сунушум бар. Бул туурасында сизге жөнөтүлгөн тиешелүү катта сөз болгон", - деди Ф.Кулов.
Ф.Кулов Кыргызстандын премьер-министри болуп турганда ар кандай эл аралык инстанцияларга өлкөнүн чакан жана орто энергетикасын өнүктүрүүгө инвестиция жумшоо боюнча сунуштарын жөнөткөндүгүн билдирди. "Биз Кыргызстандагы чакан ГЭСтердин курулушуна жүз миллиондогон долларларды жумшагысы келген немис инвесторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Биз "канчалык начар болсо, ошончолук жакшы болот" деген принципти карманбайбыз. Андыктан, экономика, элибиздин, өлкөбүздүн кызыкчылыгы жөнүндө сөз болуп жатканда жыйынтыгы кыргызстандыктардын пайдасына багыттала турган сунуштарды киргизүүдөн баш тарткан жокпуз", - деди Ф.Кулов.
Ф.Кулов чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна немис инвестицияларын тартуунун конкреттүү жолдорун айтты.
Президент мындай сунушту колдоорун билдирип, мындай демилгелер мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга арзый тургандыгын белгиледи.
"Ак Жол" партиясынын съездинде сүйлөп жатып, мен биздин энергетикалык потенциалыбызга басым жасадым. Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча биздин абдан чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Алардын курулушу жергиликтүү мүнөзгө ээ болуп, ири чыгымдарды талап кылбайт жана электр жарыгын үзгүлтүксүз берип турууга байланышкан бардык маселелерди реалдуу чечүүгө жардам берет. Мындан тышкары, алардын баа өлчөмү да алгылыктуу, керектөөчүлөрү да жанында", - деди К.Бакиев.
Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы өзүнүн администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө бул сунушту ишке ашыруунун планын кылдат иштеп чыгууну жана тиешелүү Жарлыктын долбоорун даярдоону тапшырды.
Д.САНЖАРБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Кышка карата даярдык башталды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов Токтогул суу сактагычына тийиштүү көлөмдөгү сууну топтоо боюнча жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө токтомго кол койду.
Бул документ 2008-2009-жылдарда экономиканын тармактарынын жана калктын электр энергиясы менен күйүүчү майга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, административдик ведомстволорду жана республиканын аймактарын алдыда болуучу от жагуу мезгилине карата өз убагында даярдоо максаттарында кабыл алынды.
Белгилеп кетүүчү нерсе, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары 2007-2008-жылдардын күзгү-кышкы мезгилин декабрь-февраль айларында узакка созулган суук болуп тургандыгына карабастан, канааттандырарлык өткөрүштү. Тилекке каршы, аба ырайынын катаал шарттары, өлкөбүздүн экономикасы менен калкынын отун-энергетикалык ресурстарга болгон керектөөлөрүн иретке келтирбегендик, электрди керектөөнүн режимдерин башкаруунун натыйжалуу механизминин жоктугу, жылуулук менен камсыз кылуунун сапатынын начарлашы жана аймактар боюнча электр энергиясына болгон керектөөлөрдүн белгиленген лимиттеринин сакталбашы өлкөбүздө электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келгендиги анык.
Өткөн жылытуу мезгилинде электр энергиясын колдонуунун өсүшүнө жана Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскаддарынын толугу менен пайдаланылышына байланыштуу Токтогул суу сактагычындагы суунун кору 2008-жылдын апрелине карата эң акыркы чекке - 6,5 млрд. куб.м.ге жеткен. Токтогул суу сактагычындагы түзүлгөн татаал кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономиканын тармактары менен калкты даярдоо боюнча республикалык штаб түздү. Муну менен бирге Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономиканын тармактары менен калкты даярдоо боюнча сунуш кылынган иш чаралардын планы бекитилди.
Бекитилген иш чаралардын планын жүзөгө ашыруу максатында министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин кээ бир органдарына, облустук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, "Көмүр" мамлекеттик ишканасына, Кыргыз турак-жай коммуналдык кошунуна, "Электрстанциялары", "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы", "Түндүк электро", "Ош электро", "Чыгыш электро", "Жалал-Абад электро", "Кыргызмунайгаз" жана "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна тиешелүү тапшырмалар берилди.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жөлөкпул менен камсыздалат
Премьер-министр Игорь Чудинов Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндөгү" жарлыгын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду.

Жарлыкка ылайык КРнын Өкмөтү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алды:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына; 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген, "Ленинградды коргогону үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйлангандарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жерлеринде туткунда болгон мурдагы жаш өспүрүмдөргө - 2000 сом өлчөмүндө бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул төлөнөт.
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга; Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сом өлчөмүндө бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул төлөнөт.
Аталган токтом менен жөлөкпулдарды төлөөнүн тартиби да бекитилди.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жөлөкпулдарды пенсияны кайсыл ведомство берип жаткандыгына карабастан, жарандардын жашаган жериндеги райондук социалдык коргоо органдары аркылуу төлөө жана 2008-жылдын 1-августуна чейин каржы министрлигине жөлөкпулдардын төлөнгөнү жөнүндө отчётту берүүсү тапшырылды.
Жаңы кабыл алынган чечимдерге байланыштуу Өкмөттүн 2000-жылдын 14-мартындагы №134, 2000-жылдын 3-апрелиндеги №179, 2004-жылдын 31-майындагы №409, 2005-жылдын 1-апрелиндеги №148, 2007-жылдын 4-майындагы №149 токтомдору күчүн жоготту деп таанылды.
А.ЭСЕНОВ