, 05.05.08 - 4-бет: Кечеўдетїї кедергисин тийгизет...№32, 05.05.08-ж.
  Сугат иштеринин сапаттуу өткөрүлүшүнө
көзөмөлдүк жүргүзүүгө тапшырма берилди

Кечеңдетүү кедергисин тийгизет
2-майда Президент К.Бакиев Премьер-министр И.Чудиновду кабыл алды. Жолугушууда канадалык "Камеко" корпорациясы жана "Центерра Голд Инк." менен "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуу түзүү, ошондой эле жазгы-талаа иштеринин жүрүшү маселеси талкууланды.

И.Чудинов "Ак Жол" фракциясынын депутаттары "Кумтөр" боюнча макулдашууну кароо учурунда бир катар маселелерди көтөрүшкөнүн билдирди. Парламенттин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети өзүнүн чечими менен Өкмөткө казылып алынган алтындын өздүк наркы, сатылуу баасы, күтүлгөн божомол, геологиялык запастар, "Центерра Голд Инк." компаниясынын активдерин көз карандысыз баалоо, компаниянын акционерлеринин реестри, эмиссиялар жана башка юридикалык жактары боюнча кошумча маалымат берүүнү тапшырган. 30-мартта өкмөттүк-депутаттык биргелешкен комиссия түзүлүп, ал 30-апрелге карата корутунду берүүгө тийиш болгон. Комиссиянын мүчөлөрү Монголияда жана АКШда жайгашкан алтын кендеринде болуп келишти. Бул пландаштырылгандан көбүрөөк убакытты талап кылгандыктан, комиссиянын ишин 30-майга
чейин узартуу, ошондой эле макулдашуунун акыркы долбоорун парламенттин кароосуна 29-майда киргизүү чечими кабыл алынган.
Президент К.Бакиев бул процессти андан ары созууга жол бербей, көрсөтүлгөн мөөнөттө аяктоо зарылдыгын белгиледи. Бул кендеги иштердин натыйжалуулугуна, ошондой эле өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир этмекчи. Ошондуктан маселени создуктурууга болбойт.
Президент Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы сугаттын уюштурулушу менен таанышып чыгууну адистерге тапшыргандыгын, алынган маалыматтар боюнча сугат иштери начар жүрүп жаткандыгын айтты. Мына ошондуктан ал Премьер-министрге сугат иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө талаптагыдай көзөмөл жүргүзүүнү жана губернаторлорго тийиштүү тапшырмаларды берүүнү тапшырды.
Т.ИСКАКОВ
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




Конституциянын
15 жылдыгына арналган салтанат
5-майда Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш болот.
Салтанаттуу чогулуштун жүрүшүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Чогулушка КР ЖКнын 12-чакырылышынын депутаттары, КР ЖК депутаттары, Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле ЖОЖдордун, академиялык чөйрөлөрдүн, коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.
Чогулуштан кийин майрамдык концерт болот.
Д.АЛТЫНБЕКОВ



Маараке күздө
Жакында вице-премьер-министр Нур уулу Досболдун төрагалыгы астында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отуруму өттү.
Мында салтанаттуу иш-чаралар-
дын негизгилери үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өтөрү белгилүү болду. Ошондой эле Эл жазуучубуздун 80 жылдыгын майрамдоо боюнча мааракелик иш-чараларды өткөрүү планы биротоло бекитилди.
Б.МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"



Дайындоо
Президент Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык Сагынбаев Бакытбек Эсенбаевич Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды.



Евгений Ваккерге колдоо көрсөтүлдү
2-майда Президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен Азиянын эки жолку чемпиону Евгений Ваккерге жеке өзүнө атайын спорттук велосипед жасоого 7083 евро суммасында акча которулду.
Бул велосипедде Евгений Ваккер Пекинде өтүүчү олимпиада оюндарында велоспорт боюнча мелдештерге катышат. Ал олимпиадага барууга лицензия алган болчу.
Өз маалыматыбыз



Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга камкордук
Вице-премьер-министр Нур уулу Досбол Швеция эл аралык өнүгүү жана кызматташтык башкармалыгы каржылаган Кыргыз Республикасындагы "тобокелдүү топторго" кирген балдарды колдоо боюнча долбоордун жетекчиси Барбро Зиммерлинг Сван менен жолугушту.
Кыргызстандын Өкмөтү менен Швеция королевствосунун ортосундагы атайын макулдашууга ылайык бул долбоор 2004-жылдын ноябрынан тарта ишке ашырылып келатат. Ал эми долбоордун негизги максаты социалдык иштерди кесиптик өнүктүрүүнү колдоо жолу менен "тобокелдүү топторго" кирген балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын абалын жакшыртуу болуп саналат.
Жолугушуу учурунда социалдык чөйрөдө тажрыйба алмашуу боюнча кыргыз делегациясынын Швецияга алдыда болчу окуу сапарына байланыштуу маселелер жана милдеттер талкууланды. Окуу үстүбүздөгү жылдын 10 -майынан 18-майына чейинки убакытты камтыйт. Мында бул долбоорду 2012-жылга чейин узар-туунун жол-жоболору жөнүндө да сүйлөшүлдү. Эгерде ал ишке ашып калса, анда бул долбоор республиканын бүткүл аймагына жайылтылып, жогорудагыдай балдар менен иштеген 35 сынамык борборду түзүүгө мүмүкүнчүлүк ачылат.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Статс-катчы менен аппарат жетекчисинин жүгү жеңил эмес
"Экономикалык реформаларды ийгиликтүү алга жылдыруу үчүн бизге ыкчам жана ыңгайлуу мамлекеттик аппарат керек. Ошондуктан быйылкы жылы бул мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону улантышыбыз жана анын ишмердигин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны өнүктүрүшүбүз зарыл", - деди Премьер-министр Игорь Чудинов мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын аппарат жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынын угуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө. Бул иште борборлоштурулган мамлекеттик башкаруу менен борбордон ажыратылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин айкалыштыруу аркылуу административдик-аймактык түзүмдү реформалоо артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. И.Чудинов аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак жана орто мөөнөттөгү пландарын иштеп чыгуу маселелеринде курстун угуучуларынын ролу зор экендигин, мамлекеттик аппараттар күндөлүк майда-барат иштер менен алаксып, көп жагдайда узак мөөнөттөгү олуттуу иштерге камылга көрүүнү унутуп коёрун белгилеп өттү.
Премьер-министрдин айтымында, жакында талкуудан өткөн Аймактарды өнүктүрүү программаларында олуттуу бир кемчиликтин бар экенин көрсөткөн. Аларда адам фактору жок. Натыйжада бул стратегиялар экономикалык долбоорлордун жансыз тизмегине айланган, негизгиси максат бирөө гана - калктын бакыбат турмушун камсыздоо. Стратегиялык документтерди түзүүдө кедейликти кыскартуу, калкты жумуш менен камсыздоо, ички жана тышкы миграциянын деңгээлин төмөндөтүү көңүл чордонунда болушу керек.
"Өлкөбүздүн Президентинин кийинки кайрылууларында коюлган тапшырмаларды жергиликтүү калктын демилгесисиз, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамадминистрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын максаттуу ишмердигисиз ишке ашыруу кыйын. Бул күрдөөлдүү маселелерди чечүү статс-катчылар институтунун жана жергиликтүү мамадминистрациялардын аппараттарынын жетекчилеринин жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу. Мамлекеттик органдардын алдына коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жоопкерчилик жана катуу тартип талап кылынат.
Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмаларынын аткарылышынын абалын тез арада комплекстүү изилдеп, аткарылбаган учурда себебин аныктап, күнөөлүү кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу зарыл", - деди Өкмөт башчысы.
И.Чудинов аппарат жетекчилеринен аймактарда электр энергиясын өчүрүүнүн графигин так сактоого көзөмөл жасоону талап кылды. "Графикти бузган энергетика компанияларынын кызматкерлери жазаланышы керек", - деп билдирди Өкмөт башчысы.
Ошондой эле, Премьер-министр жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө берилүүчү маалыматтардын акыйкат болушуна көңүл бурду.
Жолугушуунун аягында И.Чудинов кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунун угуучуларына сертификаттарды тапшырды.
Н.БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу",
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




 7-май - Байланыш кызматкерлеринин күнү

"Кыргыз почтасында"
жаңы жетекчи
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи келди. Ал журтчулугубузга эмгектик жана коомдук ишкердиги менен кеңири таанымал адис.
Экономика илимдеринин кандидаты Иманкадыр РЫСАЛИЕВ өз кесиби боюнча адегенде Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда окутуучу, доцент болуп эмгек жолун баштап, кийинчерээк гуманитардык демилгелер фондусунда, мамлекеттик банкта, ишкерликти өнүктүрүү фондусунда үзүрлүү эмгектенип, эмгек жана социалдык коргоо министрине чейинки жолду басып өткөн.
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорлугуна дайындалганга чейин монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамагенттиктин директору болгон.
Байланыш тармагынын жаңы жетекчиси Иманкадыр Зарлыковичке жаңы ишинде албан ийгиликтерди каалап, бүрсүгүнү болуучу байланыш кызматкерлеринин майрамы менен куттуктап кетмекчибиз.
"Кыргыз Туусу"
гезитинин жамааты




24 кызматкер Монтанада бир ай окушат
Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүрүү банкы каржылаган "Билим берүүнүн экинчи долбоорун" ишке ашыруунун алкагында АКШнын Монтана штатында 1 айлык тренинг-программа өткөрүү каралган эле.
Эми ал ишке ашып, Кыргыз
стандан мугалимдер, мектептердин директорлору, мето-дисттер, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, мындайча айтканда республиканын орто билим берүү тутумунун 24 кызматкери 4-майда Америкага жөнөп кетишти. Бул программанын максаты башка өлкөлөрдө пайдаланылып жаткан бул жааттагы эң мыкты нерселерди үйрөтүү, мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу болуп саналат. Тренинг-программанын катышуучулары ал жактан кайтып келгенден кийин алган тажрыйбасын Кыргызстанда билим берүүнүн модернизацияланган тутумун иштеп чыгууда колдонушмакчы.
Б.МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"