Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Добушу бийик долбоорлор
1. "Бир тууган элдер бирдей күлүшөт"

Орто Азия жана Казакстан элдерин чакырып, эл аралык эл достугу фестивалын өткөргөн. Ушул үч боордош эл тең бири бирибиздин сатираларыбызды котормочусу жок эле жакшы түшүнүшөбүз. Ошондуктан, жогоркудай аталган. Өзбекстандын эң чоң куудулу Абыт Асанов, Тажикстандын эл артисти Хажибай Тажибаев, Казакстандан Жогорку Кеңештин депутаты Кудайберген Султанбаевдер баш болуп катышышкан. Президенттер "эл достугу" деп үстүртөн айта бергени менен эле достук болуп калбайт. Фестивалдын негизинде Ошто стадиондо футбол уюштурулган. Бул сыяктуу эл аралык достукту бекемдеген иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлсө, Оштогу окуя чыкпайт беле деген ой кетет.

2. "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар менен аялы"

2003-2004-жылдары 8-мартка карата үч жыл удаа уюштурулган. Жалпысы 12 куудул аялдары менен катышкан. Байге фондусу эң көп болгон. Биринчи орунга коюлган микроавтобусту көрүүчүлөрдүн добушу менен Абдылда Иманкулов жеңип алган. Экинчи орунга эки камералуу муздаткыч, эки түстүү телевизор, көрүүчүлөргө беш түстүү телевизор берилген.

3. "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы"

2006-2007-жылдары сегиз ырчы, сегиз куудул катышкан бул сынакта бирден ырчы, бирден куудул жуп болуп, ырдоо, интермедия аткаруу, бийлөө этаптары боюнча үчтөн номер аткарышкан. Айтмакчы, жандуу оркестрди 70 миң сомго жалдап келишкен. Сынакка бир ай даярданып, эл алдына чыгышкан. Биринчи жылы байгеге коюлган "Мазда" машинасын Күмөндөр Абылов алды. Ал эми кийинки жылы бир "Ауди", бир "Мерседес" машиналары байгеге коюлуп, бирөөсүн жюрилик топтун жабык добушу менен Борончу Кудайбергенов жеңип алса, экинчисине көрүүчүлөрдүн добушу боюнча Тынар Курбаналиев ээ болгон. Эң кызыгы, урнадагы добуштарды эсептегенде Тынар Курбаналиевге көрүүчүлөр Борончу Кудайбергеновдон 15 добушка гана көбүрөөк добуш бергендиги белгилүү болгон. Кыскасы, 15 добуш кошумчаланса, экинчи автоунаага дагы Борончу Кудайбергенов ээлик кылып калмак эле.






кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика