Кыргыз гезиттери




Рахман Разыков:
"Бийликте олтургандар куудулдардан айырмаланбайт..."
- Кандай идея болсун жүзөгө ашыруу үчүн колдоочу керек эмеспи, жашырын болбосо, демилгелериңизге дем берген демөөрчүңүз ким?
- Эң башкы демөөрчүм - "Бешилик" театрын негиздеген, чыгармачылыкка башкалардай эмес, башкача мамиле кылган ишкер, бизнесмен жигит Рустам Маманов. Ал келээрки жылы өткөрүлүүчү долбоордун да башкы демөөрчүсү. "Уланып күлкү баяны..." долбоорунда автоунааны "Аюу" компаниясы алып берген. Дагы бир чоң спонсорубуз - "Мээр чөп" фирмасынын жетекчиси Каныбек деген жигит. Бир жерде чай ичип олтурсам, келип таанышып, жардам берейин деп калды. "Эл тараза, эл сынчы..." сынагын экинчи жылы өткөргөндө башкы спонсор болду. Анда 8 888 доллар байге фондун койгом. 8-мартка карата 8 куудул катышкан байге фондуну да ушуга карата койдук.

- Айтсаңыз, сатиралык жанрда иштөө кыйынбы?
- Сатира бул - өтө татаал жанр. Кыргыз киносунун шедеври - Төлөмүш Океев, кийинки муундагы режиссер Геннадий Базаров сыяктуу кино искусствосун жаратуучулардын бирөөсү да кыргыздын толук метраждуу кинокомедиясы деп айтылган бир да кино тартышпаптыр. Мисалы, драма, спектаклди залда эл барбы, жокпу актер эсептешпей эле режиссер койгон образга кирип алып, ойной берет. Эстрадада ырчы ырдай берет. Ал эми бизде азыр айткан сөзүңө азыр жооп алышың үчүн, дайыма жандуу контактта болуп турушуң керек. Мунсуз күлкү - күлкү, сатира - сатира болбойт. Спектакль бүткөндөн кийин көрүүчү ордунан туруп кол чаап овация кылып, баа берет. Бизде андай эмес. Бирдемени көбүртүп, ашыртып жибергенде же жетпей калганда сатира болот. Парадокс, ар кандай нерседен, ар кандай трагедиядан күлкү жаратса болот. Мисалы, менин "Детдом" деген сатирамды алып чыкканымда эл карап олтуруп кадимкидей ыйлаган. Ыйлап олтурат, ошол эле сатирада кайра күлүп олтурат, трагисатира, трагикомедия. Сатиранын күчү, сатиранын туу чокусу - көзүнөн жаш чыгып ыйлап жаткан адамды көзүнөн жаш чыккыча кыска убакта күлдүрө да, ыйлата билүүдө. Спектаклди көрүүчү бүтүндөй бир саат бою карап олтуруп, соңунда жыйынтык чыгара турган болсо, биз он беш мүнөттүн ичинде бардыгын башыбыздан өткөрөбүз. Кабыл алып, реакция жасап, жооп берип. Бул өтө татаал нерсе.

(Уландысы 8-9-беттерде)
- Сиз жазган сатиралардын 90 пайызы саясаттан турат. Эмне себептен?
- Сатира бир күндө жазылбайт. Базарда айталы, бүгүнкү күндө рынок талап кылынган нерсе сатылат. Биздин көрүүчүнүн да ушундай эле талаптары бар. Көрүүчүнүн баары эле пикетке чыгып, баланча кетсин, деп турбайт, ичинде айтайын деген оюн сатира аркылуу көрсө көксөөсү сууп калат. "Ушуну айтайын дедим эле, ушул туура болчу" деп ичинен жыйынтык чыгарат. Сатира адамдардын ички бугун чыгарып ала турган формасы. Японияда атайын бөлмөгө ишкананын жетекчисинин тулку-бою чегилген куурчакты коюп коюшуп, кечке иштеп, уруш угуп, стресс болуп калса, иштен чыккандан кийин барып, мурдуна ургулап, ал ансайын кыйкырып ыйлап, кызматкери жеңилдеп калат экен. Ошондуктан, саясатташкан сатиралар элге керек деп ойлойм. Анын үстүнө элдин кабыл алуу деңгээли, талабы дагы өсүп жатат.

- "Эски сатираны эле коё бересиңер",- дегендерге кандай карайсыз?
- "Жаңы сатира койбойсуңар, эски сатираны коё бересиңер",- деп мурда сындап жүрүшкөн, эми эки жылдан бери ар бир айда 60-70 пайыз жаңыланган сатиралар коюлуп жатат. Бир айда бир концертти жазып, даярдап элге чыгаруунун өзү кыйын. "Эч балаа кылбаган адам жаңылбайт" дегендей, кемчиликтери болсо да, биздин балдар жасап жатышат. Казакстандын, Өзбекстандын биз тааныган куудулдары бир жылда бир эле программа жазат, ушул бир программа менен республика боюнча гастролдоп бир жылда кыдырып бүтпөйт экен. Алар "бир айда кантип жаңы концерт жазып жатасыңар" деп бизге таң калышат. Бизде үч эле шаар бар концерт кое турган, Ошко, Бишкекке, Жалал-Абадга коебуз дейм. Каракол, Талас, Нарынга бир айдын ичинде айланып барып, келип калабыз. "Ош менен Жалал-Абадды да өрттөп ийдик, концерт ал жактарга болбой калды",- деп тамашалап калам.

- Коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз сатирасынын өнүгүү деңгээли сиздин баамыңызда?
- Кыргызстанда сатира жанры эң жогорку деңгээлде. Муну мен айткан жокмун, конкурстардын жыйынтыгынан көрүнүп турат. Алма-Атада Абылай хандын байгеси үчүн деп өткөрүлгөн 20дан ашуун мамлекет катышкан конкурста 1-орунду мен, Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Абдылда, Жамбыл, Манас алтообуз барып алып келгенбиз. Өзбекстандын Балтабай Чопра деген эмгек сиңирген артисти куудулдар театрын камерасы бар журналист менен кошо келип, эртең менентен кечке чейин тартып, кечинде монтаж кылып, Өзбекстандын куудулдары ушундай конкурса катышып жатат деп өздөрүнүн маданий жаңылыктарына жөнөтөт. Ал эми бизди сурап, элге айтып да койгон киши жок. Эң кызык жери - конкурска катышкандардын баарысынын "эмгек сиңирген эл артисти" деген наамдары бар экен, биздин эч балакетибиз жок, ошого карабай биринчи орунду алып, наамыбыз жоктугу үчүн уят болгонбуз. Ошон үчүн биздин сатиранын деңгээли бийик, айрыкча, сөз эркиндиги болгондуктан, ар кандай саясий лиделерди президентке чейин каалаган форматта сындап, ар кандай формада бере алабыз. Казакстанда андай кыла албайт, сөз эркиндиги дегени менен Назарбаевди эч ким туурай албайт, Өзбекстанды, Тажикстанды айтпай эле кой, ал жөнүндө сөз жок.

- Кандай дейсиз, Кыргызстанда сөз эркиндиги өтө эле эркин болуп кеткен эмеспи?
- Ушуну эми байкай баштадык, өтө эле эркин болуп кетиптирбиз. Сөз эркиндиги, демократия - чоң жоопкерчилик. Баардык нерсени кылса болот, бирок, ошол кылган нерсең үчүн жооп беришиң керек деп түшүнүшүбүз керек. Ал эми бизде баарын кыла берем, бирок, эч балээге жооп бербейм деген түшүнүк бар. Ошон үчүн бизде азыркыдай нерсе болуп жатат.
Жамбыл досум "Ак үйдүн астына курал көтөрүп келгендерди атууга уруксатпы, уруксат эмеспи" деп референдум өткөрөлү деп сунуш кылып жатат. Эгер эл "Ак үйгө курал көтөрүп баргандарды атыш керек" дегенге макул дей турган болсо, анда Бакиев туура кылган окшойт, ал эми "атканга уруксат эмес, курал көтөрүп барса бара берсин, Ак үйдү басып ала берсин" деп эл чече турган болсо, анда расписание түзүп бул айда таластыктар, бул айда Жалал-Абаддыктар, бул айда оштуктар, көлдүктөр басып алат деп жазып коюш керек. Курал көтөрүп барып, Ак үйдү басып алдык, Бакиевди кубалап жибердик, канча балдар ошол жерден шейит кетишти. Андан бир айдан кийин эле булар "Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевди бийликти басып алам деп аракет кылды" деп үй камагына камап койду. Өздөрү бийликти басып алган, дагы бийликти басып алганга аракет жасашты деп башкаларга күнөө тагышты. Кыскасы, демократиянын арты менен ушундай кызык нерселерге күбө болуп турабыз да.

- Бийликте олтургандарды "куудул" деп айтса жараша турган болуп калгандай.
- Ананчы. Бизди эл шайлады, элдин атынан бардык деп Ак үйгө барып олтуруп алышты эле, парламенттик шайлоодо анда эмнеге "Ата-Журт" биринчи орунду алып калды? Демек, алардын "бизди эл шайлады" деп аткандарды жалган экен да. Текебаев айтып жүрдү, "мен эки президентти утуп алгам, Бакиев маалында менин добуштарымды шайлоодо уурдап алышка"н деп. Утпаптыр го, өзү бийликте олтуруп ута албай калды го, эмнеге, мына ушулардын баарын көрүп туруп, сатира жазгың келет.

- Сиз сатирачы болбосоңуз, кайсыл кесипти аркаламаксыз?
- Бирөө сурайт дейт: "Мына сен пожарниксиң, кечке уктайсың, эч иш кылбайсың, эгерде пожарник болбой калсаң, эмне иш кылат элең десе, "прапорщик болот элем" дейт имиш. "Болуптур, ал да эч балаа кылбайт, эгерде прапорщик болбой калсаңчы?" десе, "Эмне асылып калдың, баары бир иштебейт элем" дептир. Эгерде сатирик болбой калсам, мен дыйкан болот элем. Себеби, кесибим - агроном. Атам мугалим эле, кийин пенсияга чыкканда дыйканчылык кылчу. Бир акылман айткан экен, эгерде убакытты токтоткуң келсе, дыйкан бол деп. Көрсө, бир кичинекей урукту жерге олтургузуп, суу куюп, аны күндө барып карап, чыктыбы, чыкпадыбы деп, анын өсүп, чоңоюп жатканын көрүп адам убакытты токтотот экен. Азыр бутубуз жерде турган менен башыбыз, акылыбыз башка жерде жүрөт. Ошон үчүн убакыт ушунчалык тез өтүп жаткандай сезилет. Менден жаман эмес дыйкан чыкса керек.

- Элди көп аралап, жашоо-турмушун көрүп жүрөсүз, сиз аябай түйшөлгөн, кейиген учурлар болобу?
- Түштүк Сахалинге бардым. Ал жерде 20 миңден ашык кыргыз иштейт экен. Үч-төрт күн концерт коюп калдык. Концертте билинбейт, эл келди, концерт көрдү, кол чапты. Бирок, экинчи жагы да бар да. "Бизди сыйлап коелу" деп кафеге чакырышты эле. Түнкү клуб деп коюшат экен, ээси кыргыз, башка улуттагылар кирбейт, эшик тоскон күзөтчүсүнөн баштап бардык кызматкерлерине чейин кыргыздар. Бирок, карап олтурсаң, ичкен, тамеки тартып жаткан кыздар-балдар, Чынгыз Айтматовдун маңкурту болуп калайын деп калгандар. Эч кандай улууга урмат деген жок. "Мен мобуларды көрүп алып коркуп атам" дедим. "Рахман байке, эч нерсе кыла албайбыз дейт. Айылдан келип, стройкага кирди, акчаны көбүрөөк төлөйт экен, айына өмүрүндө көрбөгөн миң долларды алып койду, болгону ичет, тигил жакта эмне бар, каяктан келди унутту" дейт. Кыргыздын салты, улуу аксакалга салам бериш керек, сөгүнүп сүйлөбөйүн деген түшүнүк жок, өздөрүнүн кыргыз сойкулары, атайын рэкеттери бар экен, баарысы кыргыздар, кыскасы, бүт структурасы бар экен. Бир бала кыйкырып-сөгүнүп олтурат, карап олтурдук, уят деп эки жолу барып айтышты, анан барып, сыртка чыгарып келишти, эмне кылышты билбейм, кайра келип, биз кеткенче кыймылдабай олтурду. "Ушинтип калдык, булардан кандай үй-бүлө чыгып, кандай балдарды тарбиялап өстүрүшөт, билбейбиз. Күндө ушул акыбал кайталанат" дешет улуулар.
Москвада 160 бала жетимдер үйүндө чоңоюп жатат. Атасы да, энеси да кыргыз, ата-энелери баш тарткан балдар. Булар кыргызча тилди билбейт, эртеңки тагдыры эмне болот, ойлогон адам жок. Коомдук уюмдарга айтып чарчадым, жок дегенде кыргыз болуп чоңойсун. Биздин бир кошуна бала скинхеддердин колунан өлүп, сөөгүн алып келгени бардык. Балабыздын өлүгүн 2 500 доллар төлөп, же элчиликтин алдындагы ритуалдык кызмат кийлигишсе, миң долларга сатып алат экенбиз. Алдырып келаткан бир тууган эжеси Россиянын жарандыгын алган экен, боюнда бар болгондуктан, билет бербей койду, бала "Россияда төрөлүшү керек, сен кетип калсаң, кайра келбей калат" деп. Биз кыргыздар төрөлгөн балдарыбызды алып келе албай жатабыз. Ушундай трагедия. Бир келин биз менен Россияга поезд менен кошо кетти, колунда баласы бар, "баланы ким багат" десек, "бара көрөм да" дейт. Кайда баратабыз, ушундай нерселер көз алдымдан өтүп, ырга жаздым.
Жүлүн бошоп айтылган бул арманбы?
Улуу Манас урпактары экенибиз жалганбы?
Келбедикпи кыргыз болуп кылымдарды карытып,
Кыйын кезде Манас руху жолубузду жарытып.

Акылмандар сүйлөгүлө, кимиңерди угабыз
Бүгүн неге бир ууч кыргыз бириге албай турабыз?
Эгер күнөө элде болсо, жашырбастан айткыла,
Туңгуюктан жол көрсөтүп, туура жолду тапкыла.

Түштүксүңбү, түндүксүңбү кел, бийликке бийлегин.
Акты ак деп, көктү көк деп калыс боло билгиниң
Балдарыңа, үй-бүлөңө, жердешиңе жан тартып
Бир мекенди бир кыргызды эки бөлүп ийбегин.

- Чыгармачылыкта сизди сатып кеткен адамдар барбы?
- Чыгармачылыкта бардыгы бирин-бири сатып кетет, "сатып кетпеди" дегенди уга элекмин. Мен ушуга таң кала берем, ошол эле Абдылда, Жамбыл досторум "сен душмандарды даярдап эмне кыласың? Сахнада өзүбүз эле жүрбөйбүзбү, бизге эмне кереги бар? Ушулардан бирдеме чыгабы?" деп тамаша-чыны айтып калышчу. Ошентип, мен көпчүлүк учурда жаш балдарды сахнага алып келип алып, жаман көрүнөм. Аларга "биз карыйбыз, муун аламашыш керек" деп жооп берем. "Бешилик" театры айта кетсек, Кыргызстанда концерт коюу боюнча рекордду койгон. Ош драма театрында бир ай - 31 күн, күндө, кээ бир күндөрү эки сеанстан, жалпы 57 сеанс концерт койгон. Ыраматылык, Чубак буга чейин 22 күн Филармонияда жатып иштеп, күндө аншлаг менен концерт өткөргөн. Биздин бир айлык 57 жолу концерт коюу боюнча рекордду азыр эч ким кайталай элек. Ушул балдар ийгиликтерге жетишкенде "чыгат экен го бирдеме" десем, "кайдан билиптирбиз" деп күлүп жатышпайбы.

- Чындыгында, жаш муундарды кесипке даярдап жатасыз, ушундан сизге пайда түшөбү?
- Элдин артында калып же алдыга озуп кеткен жокмун. Бары-жогу менен эл катары келе жатам.

- Өзүңүздү бай адам катары эсептейсизби?
- Эмнеге мен бай эмесмин? Мен руханий дүйнөсү өтө бай адаммын. Себеби, чыгарган сатираларым, жараткан чыгармаларым элдин оозунда. Тарбиялаган шакирттерим кайсыл жерде жүрсө, кайсыл жерге барса, дайыма сыймыктанышат. "Ушул агайдын колунан чыкканмын",- деп айтат. Талант Анарбаев деген балам азыр кытайлык кыргыздарга концерт берип, күндө эл алдына чыкканда "сахнага "Бешилик" театрынан чыкканмын" деп айтат. Анан мен бай болгондо ким бай болот.

- Демек, чыгармачылыктын апогейин багындыра алдыңызбы?
- Абдылда бир тамашалап айтты эле. Андан бирөө: "сиз өзүңүздү Мирбек Атабековдун деңгээлине жеттим деп ойлойсузбу?" деп сурайт имиш. "Мен кайсыл деңгээлге жеткенимди билбейм, бирок, түшүп эле келе жатканымды точно билем" дептир. Анын сыңарындай, мен буерге жеттим дегенде чыгармачылык токтойт болуш керек. Бул түгөнбөй турган, бүтпөй турган нерсе. Рысбай Абдыкадыров минтип айтты эле. Бирөө: "Рысбай ака, бир жүз канча обон жазып сизге жетейин деп калдым окшойт" деп, анда Рысбай аке: "Эй, сен кандай деген немесиң, өзү, мен өзүмө өзүм жетпей жүрөм" деп. Чыгармачылык ырахатпы же түйшүкпү билбейсиң.

- Чыгармаларыңыздын канчасы китеп болуп жарыкка чыкты?
- "Чоң куудулдун чөнтөк китеби" көлөмү чакан, көтөрүп жүргөнгө ыңгайлуу кылып басылды, 5 миң даана менен чыккан, баары тарап кетти. Азыр 2-бөлүмү даяр болуп, басмага берилгени турат. "Бешилик" китебинин да кол жазмасы даяр. "Манас досума кат" деген аталышта Манас Бердибековго арнап поэма жаздым эле, ушуну өзүнчө китеп кылып чыгарам. "Кылым карыткан кыргыз күлкүлөрү" сатиралар жыйнагы келээрки жылы китеп болуп басылат. Кыскасы, бештен кем эмес китеп жазуу планымда бар.

- Маегиңизге чоң ырахмат! Арыбаңыз.



C.C.C.Р.
Редакциядан: Өкмөт тарабынан "эмгеги сиңген эл артисти" наамын албаса да, сиңирген эмгеги кыргыз эли үчүн аттын кашкасындай белгилүү, атпай журтка аты таанылган, айтылуу куудул, сатирик-акын агайыбыз Рахман Разыков быйыл 55 жашта жана анын чыгармачылыгынын быйыл 35 жылдыгы. Рахман агай жөн гана куудул жана сатирик акын эмес, ал таланттуу, турмуштун терс көрүнүштөрүн сөз менен чукугандай сайып көрсөткөн, адилеттикти таамай айтуудан тайсалдабаган, кимдир бирөөлөрдөн корунуп-коркпой, жашырып-жаппай, чындыкты сүйлөгөн, калыстыктан тайбай, кыргыз элинин келечегине күйүп, жамандыгына кейип, жакшылыгына сүйүнгөн, ар убакта айкөл мүнөзүнөн жазбаган, ары жөнөкөй, ары залкар инсан десек жаңылыштык эмес. Айрыкча, анын саясий сатиралары, коомдун күңгөй-тескей көрүнүштөрүн чагылдырган курч тамсил, пародиялары күйөрмандын жүрөгүнөн түнөк таап, эч убакта кайдыгер калтырбайт.
"Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, Рахман Разыковдун өзү теңдүү, чыгармачылыкка бирге багыт алып, сапар тартып бараткан кесиптеш замандаштарынан айырмасы - ал жеке эле өзүнүн кудай даарыган жөндөм-талантын өрчүтүп, өз бетинче арабасын кылдыратып тим болбостон, артындагы жаш муундарга изги өрнөк көрсөтүп, куудулдук мектепти негиздеп, заманбап жолго салып, бүгүнкү күндүн тили менен айтканда, өнөрлүү жаш таланттарга продюссерлик кылып, уюштура алгандыгында. Шакирттеринин алды өз алдынча өнөр нугуна түшүп, эл оозуна алынып калышса да, устаттын эмгегин унутта калтырбай, дамамат кеңеш сурап, чыгармачылыктарын эриш-аркак улантып келишет.
Айтмакчы, агайдын дагы бир баса көрсөтө кетүүчү, мактоо да, даңктоо да жарашкан күчү - күлүк ойлор менен жарышып, сөз берметинин асылын иргеп, жүрөктүн тереңинен булактай сызылып чыккан ырларында. Анын калеминен жаралган ыр саптарында сатиралык чыгармаларындай эле чындык менен жалгандын, ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын күрөшү орун алып, олуттуу ойго салбай койбойт.
Рахман агай, мааракеңиз куттуу болсун! Өнөрүңүзгө баракелде, ар дайым эли-журтуңуздун кашында бар болуп, узак жашаңыз!

Маектештин таржымалынан:
Рахман Разыков Ош аймагындагы Кара-Суу районунун Савай айылында 1955-жылдын 12-майында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Оштогу айыл чарба техникумунун агрономдук бөлүмүн аяктап, эмгек жолун 1975-жылы Алай элдик театрында, андан соң 1980-жылы Кара-Суу районундагы "Мурас" эстрадалык ансамблинде иштеп баштаган. 1986-жылы Манас Бердибеков, Жамбыл Камчиев менен биргеликте легендарлуу "Аралаш" куудулдар театрын ачкан. Ал эми 2000-жылы Кыргызстанда куудулдарды даярдаган мектеп жоктугуна байланыштуу, жаш муундардын өкүлдөрү үчүн куудулдар театрын негиздеп, мунун негизинде "Бешилик", андан соң 2001-жылы "Беш айры", 2002-жылы "Беш тапан" топторун уюштуруп, эл алдына тааныта алган. Ал эми үстүбүздөгү жылы "Беш абышка", "Беш кемпир" топторун ачып, аталган долбоордун негизинде чыгармачылык изденүү менен ийгиликтүү иш алып барууда. Жүздөгөн сатиралардын автору Рахман Разыков кыргыз шоу-бизнесинин новатору катары байге фонддору айтаарлык бир нече белгилүү шоу-долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келет.


Разыковдун фирмалык үлгүсү - "беш"
же "бештиктер" тууралуу...
Бул "беш" тууралуу агайына арнап "Жоролор" тобунун куудулу Жылдызбек мындай деп жазган:
"Беш" деген санды эп көргөн,
Беш ача жолду көп көргөн,
Беш бармак койсоң алдына,
Беш колун салып жеп көргөн,
Беш күндүк жалган өмүрдү,
Беш аял менен өткөргөн,
Беш манжа түзгөн, беш колдун,
Беш топко түзгөн эш болдуң,
Беш жылда кудай буюрса,
Беш китеп жазам деп койдуң.
Беш менен кылган ишиңе,
Беш койдум, агай, беш койдум.

"Бешиликтен" бешөө: Рысбек Жантөрөев, Талант Анарбаев, Санжар Бердибеков, Тынар Курбаналиев, Эрнис Бөрүбаев. "Булардын ийгилигин кыргыз эли өтө чоң жаңылык, болуп көрбөгөндөй кызыгуу менен кабыл алды. Бир гана окуяны айтса түшүнүктүү болот,"- деп эскерет "Бешилик" тобу тууралуу жетекчиси Рахман Разыков:
- Караколго барып биринчи концерт койгонубузда беш жүздөй адам сыртта батпай калган. Эң кызыгы концерт бүткөндөн кийин көрүүчүлөр ордуларынан туруп, бир топко тынбай кол чаап турушкан. Мен Кыргызстанда канча жыл сахнада жүргөн болсом, элдин мындай бийик кабыл алганын, ушунчалык овация болгонун ушул кезге чейин көрө элекмин. Ошол убактагы театрдын директору Токтобек агай: "Отуз жылдан бери иштеп жүрүп, мен да элдин ушундай болгонун көргөн эмесмин" деди. "Биздин көрүүчүлөр начар" деп калышат, көрүүчүлөр начар эмес, концерт коюунун деңгээлин, маданиятын билбеген өзүбүз начарбыз. Купулуна толгон программа болсо, эл ар убакта татыктуу кабыл алат.
Ушундан кийин "бизди да тарбиялаңыз" деп жаш балдар агылып келе баштады. 2001-жылы Багдарбек, Кален Раев, Каныбек Мамбетов деген балдарды чогултуп, "Беш айры" тобун, 2002-жылы "Беш тапан" деген топту түзүдүм. Азыр "Беш абышка" деген бир топту, "Беш кемпир" деген бир топту сахнага даярдап жатам. Беш топ түзүүнү 2000-жылы эле пландаштырып койгон элем.
- Эмне үчүн беш болуп калды?
- Атайын деле изилдеген жокмун. Театрдык топтун эң оптималдуу саны - бешөө. Үчөө болушу үчүн бизге окшогон 20-30 жыл сахнада жүргөн адамдар болушу керек. Буга чейин "Чалкан", "Тикенек", "Чаян" деген сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөрдү сайып көрсөткөн журналдар бар эле, "кыйын сүйлөгөн бешөө" деген мааниден улам туура келип калып калды. Кийин "беш" деген сөздү фирмалык марка катары сактап калдык. Анын үстүнө өзүм 55-жылы бешинчи айда туулгам. Бир балам 5-июнда туулган. Кыскасы, бир нерсе болуп эле бештин тегерегине келип кала берет. Буюрса, "Беш абышка", "Беш кемпир" эмдиги жылы ар бир айдын бешинде деп бир жылда он эки концерт беребиз. "Жоролор" тобу, "Беш тапан" тобу, дагы бир фольклордук топ, жалпысы 25 бала бир жылдык долбоордо иш алып барабыз.







кыргыз тилиндеги гезит "CCCP"




Яндекс.Метрика